Сеййид Амир Кулал


Сеййид Амир Кулал хазреттери Силсиле-и алиййанын он төртүнчүсү. Хазрети Хусейиндин урпактарынан болот. Олуялардын улууларынан болгон Мухаммед Баба Саммасидин шакирти жана Бахауддин Бухари хазреттеринин устазы. Карапачы болгондуктан "Кулал” ысымы менен таанымал болгон.

Ар бир убактысын Исламга ылайык өткөргөн, көптөгөн кишилер анын сухбатында жана сабактарында кемелге жеткен. Энеси мындай деп айтат: "Амир Кулал боюмда болгон кезимде күмөндүү бир нерсе жесем ичим ооруп калчу. Ал тамакты курсагыман чыгарып салмайынча ич оорусунан кутула алчу эмесмин. Мындай абалга үч жолу туш болдум. Анан кайырлуу бир перзент боюмда болгонун түшүндүм. Мындан ары жеп жаткан тамактарыма көңүл буруп, аяр мамиле жасадым.”

Салих заттардын бири кайтыш болгондо жаназа намазын Амир Кулал хазреттеринин окуусун керез кылган болчу. Бирок, Амир Кулал хазреттери узак бир жерде сапарда болчу. Салих зат кайтыш болгондо ошол жердин аалымдары чогулушту. Амир Кулал хазреттерин чакырып келүү үчүн бир кишини жиберүүгө чечим чыгарышты. Ошондо ошол жерде болгон Шейх Суфи: "Кабарчынын кереги жок. Бул окуялар ага маалым болду”, – деди. Эмне болгондо дагы эки киши кабар берүү үчүн жолго чыккан болчу. Жолго чыгайын деп турушканда Амир Кулал хазреттери алардын жанында капыстан пайда болду. Келип кайтыш болгон кишинин жаназа намазын окутту. Ал жердеги аалымдар бул окуянын ага кантип маалым болгонун сурашты. Амир Кулал хазреттери төмөндөгү хадиси шарифти айтты:

"Жүрөк жүрөккө чагылат.”

"Момун момундун күзгүсү.”

"Идиштин ичинде эмне болсо ошол чыгат.”

Андан керемет тууралуу сурашты. Айтты: Олуянын керемети чындык. Керемет акыл жагынан да, накыл жагынан да жаиз. Бул маселе тууралуу көптөгөн накылдар бар. Сулайман алейхиссаламдын вазирлери Асаф Балкыстын тактысын заматта Санадан Кудуска алып келгени тууралуу окуя мына ушуга мисал. Дагы бир башка мисал: Бир күнү Хазрети Омар Мединада хутба окуп жатканда Ирандагы Ислам кошуунун көрүп, кошуундун кол башчысына: "Эй, Сарийя, тоо тарапка жакын бар, тоо тарапка!” – деди. Узакта болушуна карабастан Сарийя жана анын аскерлери анын үнүн угуп, тоо тарапка жакын барышты. Ошентип душмандын кооптуу чабуулунан коргонушту. Олуяда көрүнө турган керемет Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын мужизасынан улам.”

Кайтыш болооруна жакын ооруп жаткан кезинде шакирттерине ушундай керез кылды:

"Илим үйрөнүп, Мухаммед алейхиссаламдын жолуна моюн сунуудан эч качан айрылбагыла! Бул момун үчүн бардык бактылуулуктардын каражаты. Ар бир мусулман эркек жана аялдын өзүнө кажет болгон диний илимдерди үйрөнүүсү фарз. Булар кезеги менен мына ушулар: Ыйман, намаз, орозо, бай болсо зекет жана ажылык, эне-атасына карата милдеттерин үйрөнүү.

Аллаху тааланын ыраазы болуусун каалаган адам эне-атасын ыраазы кылсын. Расулуллах алейхиссалам: "Аллаху тааланын ыраазычылыгы эне-атанын ыраазычылыгын алуу аркылуу колго тийет”, – деп айткан. Ошондуктан, эне-атанын акыларын сактоо өтө маанилүү. Сыла-и рахм (тууган-уруктарды зыярат кылуу), кошунанын акыларын сактоо, керек болгон соода-сатык маселелерин, халал-харам илимин үйрөнүү зарыл!”

Дагы мындай деп айткан болчу:

"Ыкыластуу болгула. Ар бир ишти Аллах ыраазычылыгы үчүн кылсаңар кутуласыңар. Ыкылассыз кылынган амал үстүндө падышанын мөөрү болбогон жасалма акча сыяктуу. Өтпөй турган акчаны эч ким албайт. Үстүндө мөөрү болгон акчаны болсо баары алат. Ыкылас менен кылынган аз амал Аллахтын алдында көп сыяктуу. Ыкылассыз кылынган көп амалдын болсо Аллаху тааланын алдында кымындай да баркы жок. Кылып жаткан ар бир ибадат менен амалыңарды ыкылас менен кылгыла. Мына ушунда гана Аллаху тааланын ыраазычылыгын тапкандардан болосуңар!”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш