Сеййид Мухаммед Бахауддин Бухари


Сеййид Мухаммед Бахауддин Бухари хазреттери Силсиле-и алиййанын он бешинчиси. Аллаху тааланын махабатын жүрөктөргө оймо кылгандыктан Накшбанд деп дагы аталат.

1318-жылы Бухарага жакын болгон Касри Арифан деген жерде туулду. Ислам аалымдарынын эң улууларынан болуп, тасаввуфта эң жогору жаражаларга жетти. Доорунда жана кийинки кылымдарда анын себеби менен көптөгөн адамдар хидаятка, туура жолго жетишти. 1389-жылы Касри Арифанда кайтыш болду. Кабыры ошол жерде.

Доорунун улуу олуяларынан болгон Мухаммед Баба Саммаси хазреттери ал зат төрөлө электе Касри Арифанга келген болчу. Ошондо: "Бул жерден бир улуу заттын жыты келип турат. Бул жерден улуу олуя чыгат”, – деп, шакирттерине теңдеши жок бир заттын ошол жерде дүйнөгө келе турганын билдирген болчу.

Атасы Сеййид Мухаммед Бухарий мындай деген эле:

"Уулум Бахауддин туулган үч күн өтүп Хожа Мухаммед Баба Саммаси Касри Арифанга дагы бир жолу келди. Менин ага карата махабатым өтө бекем болчу. Жаңы эле туулган уулум Бахауддинди анын жанына алып бардым. Хожа уулумду колуман алып, кучактап: "Бул наристе менин уулум. Мен аны манави (руханий) уулдукка кабыл кылдым”, – деди. Анан Сеййид Амир Кулалга мындай деди: "Сизге бул жерден улуу бир заттын жыты келип жатат дедим эле. Ошол жыт мына ушул периштедей наристенин жыты. Бул бала улуу бир зат болсо керек.”

Энеси айтат:

"Уулум Бахауддин төрт жашында үйүбүздөгү уйду көрсөтүп: "Бул уй башы ак түстөгү музоо тууйт”, – деди. Бир канча ай өтүп уй ал айткандай бир музоо тууду.”

Бахауддин Бухари хазреттеринин алгачкы устазы Хожа Мухаммед Баба Саммаси болот. Ал заттан кийин Сеййид Амир Кулал устаздык кылды. Мындан башка бар канча устаздардан сабак алды.

"Али Рамитани хазреттеринен бери аманат катары сакталып келинген таажы мага берилди. Ошол убакытта жүрөгүм Аллаху таалага болгон махабатка толуп ташты. Анан устазым Сеййид Амир Кулал Касри Арифанга келди. Мага көп жакшылыктарды кылып: "Хожа Мухаммед Баба Саммасинин буйругу менен сизди кемелге жеткизүү үчүн аракет кыламын”, – деди.”

Сеййид Амир Кулал хазреттери Бахауддин Бухари хазреттеринин жетилиши үчүн астейдил алектенип, аны тасаввуфта жогору даражаларга жеткиргенден кийин айтты:

"Устазым Хожа Мухаммед Баба Саммасинин тарбияңызга тийиштүү осуяттарын аткардым. Сизди ал зат каалагандай кылып жетилдирдим. Эми сизге уруксат бердим.”

Бахауддин Бухари хазреттери Амир Кулал хазреттери кайтыш болгондон кийин адамдарга туура жолду көрсөтүп, жол башчылык милдетин аткара баштады.

Тилекке каршы азыркы кезде дүнүйөнүн ар тарабында анын ысымынан пайдаланып, Накшилик наамы астында Хакка барчу жолдон адаштырган жалганчы шейхтер пайда болду. Ахли сүннөт акыйдасын билген бир адам андайлардын туура эмес жолдо экенин оңой түшүнүп алат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш