Алауддин Аттар


Алауддин Аттар хазреттери Бухарада жетилип чыккан эң улуу олуялардан. Силсиле-и алиййанын он алтынчысы. Чыныгы аты Мухаммед бин Мухаммед Бухари.

Бай атасы кайтыш болгондо балдарына мурас катары өтө көп мал-мүлк калтырды. Бирок, Алауддин мурастан үлүшүн алууну каалабай, Шахи Накшбанд Мухаммед Бахауддин Бухариге шакирт болууну тандады. Анын жанына барып, жагдайын түшүндүрдү жана шакирттикке кабыл кылуусун суранды. Бахауддин Бухари хазреттери ага назар салып: "Балам, биздин жолубузда кыйынчылык жана кайгы көп. Дүнүйө жана напсиңди таштай аласыңбы?” – деп сураганда, эч ойлонбостон: "Даярмын устазым!” – деди. Бахауддин Бухари хазреттери: "Андай болсо бүгүн бир себет алма алып, ага-инилериңдин көчөсүнө барып сатып келгин!” – деди.

Алауддин теги чоң жана атактуу үй-бүлөдөн чыккан болушуна карабастан текебердик кылбай, ага-инилеринин көчөсүнө барып, кыйкыра-кыйкыра алма сатты. Эртеси күнү устазынын жанына барып: "Буйругуңузду аткарууга аракет кылдым, устаз”, – деди. Устазы: "Эми бүгүн байкелериңдин дүкөнүнүн жанында алма сатасың”, – деди. Алауддин: "Макул, устаз”, – деп, агаларынын дүкөнүнүн жанына барып, кечээги күн сыяктуу кыйкырып, алма сата баштады. Агалары аны көрүп: "Бизди уят кылба, эгер акча керек болсо канча кааласаң, ошончо беребиз. Мурастагы үлүшүңдөн да артыгын ал, бирок, бул ишиңди ташта!” – дешти. Алауддин аларга көнүл бурбай алма сатууну уланта берди. Ошондо агалары: "Эгер алма сата турган болсоң биздин дүкөнүбүздүн жанында сатпа!” – дешти. Ал дагы алдарды уккан жок. Агалары аны кармап алып, акарат кылып, сабашты. Бирок, ал эч нерсеге көңүл бурбай, устазынын буйругун аткарууга аракет кылды. Эртеси күнү устазы: "Эми бул иш бүттү”, -Алауддин Аттар хазреттери айтат:

"Устазым мени шакирттикке кабыл кылганда ага карата сүйүүм арта түштү жана анын сухбаттарынан айрыла албай турган абалга келдим. Бир күнү мага: "Сен мени сүйдүңбү же мен сени сүйдүмбү?” – деп сурады. Мен: "Бул алсыз кызматчыңызга көңүл буруп жакшылык кылдыңыз, ал дагы сизди сүйөт”, – дедим. Устаз: "Бираз күтө тур!” – деди. Бираздан кийин жүрөгүмдү ага болгон махабаттын изи да калган жок. Ошондо устаз: "Сүйүүнүн кимден экенин билдиңби?” – деди.”

Шакирттикке кабыл кылынган соң чын көңүлдөн берилип, астейдил кызмат кылды. Шакирттердин арасында өзгөчө бийик даражаларга жетти. Устазы анын даражасы жогору экенин билгени үчүн бир күнү жубайына: "Кызыбыз балагат жашына жеткенде кабар бергин!” – деди. Кызы балагатка жеткенде шакирти Алауддиндин бөлмөсүнө кирди. Эски төшөктүн үстүндө отуруп, китеп окуп жатканын көрдү. Башына жаздык катары колдоно турган бир кыштан башка нерсеси жок болчу. Устазы: "Эгер кабылдасаң балагатка жеткен бир кызым бар. Аны сага никелеп беремин”, – деди. Алауддин: "Чоң жакшылык кылдыңыз. Бирок, көрүп турасыз, эч нерсем жок”, – деди. Устазы: "Кызым сенин тагдырыңа жазылган. Ырызкыңды болсо Аллаху таала беремин деп убада кылган”, – деди. Бираз убакыт өтүп, экөө баш кошушту.

Бир күнү Бахауддин Бухари хазреттери шакирттери менен кырга чыгышкан болчу. Жолдо бир дарыяны өтүүгө туура келди. Дарыя жааган жамгырдан улам толуп-ташып, бактарды тамыры менен сууруп, агып жаткан эле. Устазы: "Алауддин сууга секир!” – деди. Алауддин ойлонуп отурбай сууга секирди. Толуп-ташып агып жаткан суунун ичинде көздөн кайым болду. Башка шакирттери таң калып, эсин жоготуп коюшту. Бирок, устазынан эч нерсе сурашкан жок. Устазы шамга жуук кырдан кайтып келе жатканда көпүрөнүн жанына барып: "Бир киши кем эмеспи?” – деп сурады. Шакирттер: "Ооба, ушундай”, – дешти. Бахауддин Бухари хазреттери колун узатып: "Алауддин кел!” – деди. Ошондо Алауддин дарыядан чыгып келди. Ал тургай кийимдери дагы кымындай ным болбогон эле. Устазы: "Карагыла, дарыя тамыры бекем болгон бактарды жыгып агызууда. Бирок, Алауддиндин тамыры бекем болгондуктан аны агыза албады”, – деди.

Алауддин Аттар хазреттери айтат: "Максатка жалгыз устаздын ыраазычылыгы менен гана жетүү мүмкүн. Шакиртке бардык иштерди устазына таштоо гана калат. Устазынын жанында өзүнчө бир иш кылбаш керек. Аллах адамдары менен сухбат акылды көбөйтөт. Аларды көрбөй эки күндү өткөзүп жибербөө керек.”

Кайтыш болгондо кийин түштө көрүлүп: "Аллаху тааланын бизге берген ниматтары мол. Кабырымдан 40 фарсахга чейин (240 км) алыстыкта жерленген мусулмандар шапаатым менен кечиримге жетише тургандыктары билдирилди”, – деди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш