Якуб Чархи хазреттери олуялардын улууларынан эле.
Инсандардын ыйман, ибадат жана ахлак жаатында чындыкты үйрөнүп, орундоолорун
камсыздаган, дагы Аллаху тааланын ыраазычылыгына жетүүлөрү үчүн жол көрсөткөн
Силсиле-и алиййа деп аталган Ислам аалымдарынын он жетинчиси. Улуу аалым жана
кемел олуя болчу.
Өзү мындай деген:
"Бухара аалымдарынан илим үйрөнүп, уруксат
алган соң, мамлекетиме кайтып кетмекчи болдум. Жүрөгүмдө Бахауддин Бухари
хазреттеринин жанына баруу каалоосу пайда болду. Жанына барып: "Мени
унутуп койбоңуз!” – деп жалбардым. "Менин жаныма кетип бараткан кезиңде
гана келесиңби?” – деп сурады. "Жүрөгүм сиздин жаныңызда болуу
Дагы айтат:
"Аллаху тааланын жардамы менен менде
олуялардын жолуна кирүү каалоосу пайда болгондо Бахауддин Бухари хазреттерине шакирт
болуу насип болду. Ал керем жана жакшылыктары менен бакыттуулукка бөлөдү.
Устазымдын кемел даражада экенин көрдүм. Түрдүү окуялар жана кайыптан белгилер
болгон соң Курани каримди ачып, бир аятты белги кылып алгым келди. "Ал
Пайгамбарлар Аллахтын хидаятына жеткизе турган кишилер, сен дагы алардын
жолунда жүр...” деген маанидеги аяти карима чыкты. Ага болгон байланышым мындан
да күчөдү.
Өмүрүмдө мындай оор жана кыйын түндү өткөргөн
эмесмин. Бактылуулук эшигинин мага жабылып калышынан корктум. Багымдат намазын
устазым менен бирге окудум. Намаздан кийин: "Сага сүйүнчүлөр болсун! Кабыл
кылууга белги келди. Биз адамдарды өтө сейрек кабыл кылабыз. Кабыл кылсак дагы
кеч кабыл кылабыз. Анткени, келгендердин кандай келгени жана доорунун
тандалганы экени ачык билинсин”, – деди. Халифасы Алауддин Аттар менен бирге
сухбатта болуумду буйрук кылды. Мен болсом буйрукка баш ийген абалда анын
жанына бардым жана акыркы күнүнө чейин сухбаттарына катыштым. Анан анын
халифасы катары адамдарга туура жолду көрсөтүү милдети берилди.”