Убайдуллах Ахрар


Убайдуллах Ахрар хазреттери Түркстандын улуу олуяларынан. Силсиле-и алиййанын он сегизинчиси. 1403-жылы Ташкентте туулуп, 1490-жылы Самаркандда кайтыш болду. Кабыры Самарканд шаарында. Түркстан жергесинде Хожа Ахрари вали деген наам менен таанымал.

Туулгандан баштап кереметтери көрүнө баштады. Энеси нифастан тазалангандан кийин гана эме баштады. Жүзүнөн ушундай бир нур тарап турчу; көргөндөр таң калып, ага дуба кылышчу. Тилинен Аллаху тааланын ысымы такыр түшчү эмес. Чоң атасы аалым жана олуя зат эле. Кайтыш болоор алдында неберелери менен бөлөк-бөлөк коштошту. Убайдуллах Ахрар хазреттери ал кезде өтө жаш бала эле. Аны көрүп кучактаган бойдон ыйлап мындай деди: "Мен бул балам улуу зат болгон кезде дүнүйөдө болбойм. Ал Ислам динине кызмат кылат. Дүнүйөнүн падышалары аны угушат.”

Тасаввуфта жогору даражаларга жеткен соң нафакасын халалдан табуу үчүн дыйканчылык менен алектенди. Кыска убакыттын ичинде байып кетти. 1300дөн ашуун дыйканчылык кылына турган жана чарбачылык, эгин талаалары бар эле. Ар биринде үч миң жумушчу эмгектенчү. Аллаху таала анын эгинине ушундай береке берген эле; жыл сайын 800 миң батман (700 тонна) үшүр берчү. Кампада сакталып жаткан түшүм ар алынган кезде ал жерге коюлган учурдагыдан да көбүрөөк болуп чыкчу. Өзү бул тууралуу: "Биздин мал-мүлкүбүз кедейлер үчүн. Мынча көп мал-мүлктүн сыры мына ушунда”, – деген.

Жакындарынан бир киши кечинде бирөөнү шарап алып келүүгө жиберди. Ал киши шарап алып келгенде үйдүн алдына келип, шараптын идишин жогорудан түшүрүлгөн себеттин ичине жайгаштырды. Шарапка жиберген киши себетти жогору тарта баштады. Тартып жатканда себет дубалга тийип, жиби үзүлүп кетти жана себет жерге түшүп, идиш сынды. Шарап алдырткан киши эч ким билбесин деген максатта сынган идиштин бөлүктөрүн топтоду. Убайдуллах Ахрар хазреттери ал кишинин үйүнө барып: "Кечээги сынган идиштин добушу кулагыма угулду. Эгер ал идиш сынбаганда менин көңүлүм сынмак жана сен менен башка жолугушуума кажет калмак эмес”, – деди.

Бир шакирти айтат:

"Сапарда болчубуз. Жарым түндө мага: "Дароо туруп, оокаттарыңды жыйнаштыр да, сыртка чык!” – деди. Артыман өзү дагы сыртка чыгып: "Бул айлана-тегеректегилерди ойготкула, анан артыман баскыла!” – деди. Бир дөбөнү көздөй ылдам басып кетти. Биз дагы дароо оокаттарды жыйнаштырып, артынан чуркадык. Дөбөгө чыккан соң токтоду, биз дагы жанына барып турдук. Айрым бирөөлөр биз менен келбеген эле. Биз дөбөнүн үстүндө турганда капыстан коркунучтуу сел келди. Сел бак, таш, дубал, айтор эмне болсо баарын агызып кетти. Биз таштап чыгып кеткен үйлөр дагы селде калган, келбегендер болсо, селде чөгүп кеткен болчу. Убайдуллах Ахрар хазреттеринин бул кереметин көрүп, анын бир улуу олуя зат экенине дагы бир жолу күбө болушту.

Убайдуллах Ахрар хазреттери айтат:

"Адамдын жүрөгүнүн карайганына белги - кылган күнөөлөрүнө кайгырбашы, күнөө кылууну уланта берип, өжөрлүк кылуусу. Кылган күнөөлөрүнөн улам ушунчалык жүрөгү карайат; эми ага насааттар таасир кылбай калат, гафлат уйкусунан ойгонбойт.”

"Эгер биз шейхтик кылганыбызда доорубуздун бир да шейхи өзүнө шакирт таба алмак эмес. Бирок, бизге башка жумуш буйрук кылынды. Биздин жумушубуз мусулмандарды зулумдан куткаруу.”

"Тасаввуф бул – убакытты эң баалуу нерсеге сарптоо.”

"Тасаввув – баарынын жүгүн көтөрүү жана эч кимге жүк болбоо.”

"Тасаввуфтан максат өзүн кыйнабай, ар убакытта Аллаху тааланы эстөө.”

"Адамдын баркы: акылынын бул жолдун улууларындагы акыйкаттарды түшүнүүсү менен өлчөнөт.”

"Балээлерге сабыр кылуу, жада калса, шүгүр кылуу керек. Анткени, Аллаху тааланын бири-биринен ачуу болгон балээлери бар.”

"Инсандын жаратылышынан максат кулдук кылуусу. Кулдуктан максат болсо, ар кандай жагдайда дагы Аллаху тааланы унутпоо.”

"Бардык кереметтерди бизге беришсе, бирок, акыйдабыз ахли сүннөт болбосо, жагдайыбыз начар. Эгер бардык начардыктарды, кыйынчылыктарды беришсе, бирок, акыйдабыз ахли сүннөт болсо, такыр кайгырбайбыз.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш