Казы Мухаммед Захид


Казы Мухаммед Захид хазреттери Орто Азыяда жашаган улуу олуялардан. Силсиле-и алиййанын он тогузунчусу. Энеси Силсиле-и алиййанын улууларынан болгон Якуб-и Чархи хазреттеринин кызы эле.

Балалыгынан баштап илим үйрөнө баштады. Андан соң өзүн тасаввуфка бурду. Убайдуллах Ахрар хазреттерине шакирт болду. Он эки жыл анын жүрөктөргө шыпаа болгон сухбаттарына катышты. Ал заттан милдетин алды. Көптөгөн шакирттерди тарбиялап, жетилдирди. Силсиле-и алиййа улууларынан Дервиш Мухаммед хазреттери ал зат жетилдирген олуялардын бири.

Мекени болгон Самаркандда калып, илим үйрөнгөн соң дагы илим үйрөнүү үчүн бир шакирти менен Хиратка баруу үчүн жолго чыкты. Шадман айылына барганда аба ырайы абдан ысык болгондуктан бир канча убакыт ошол жерде калышты. Ошол күндөрү айылга Убайдуллах Ахрар хазреттери келди. Аны зыярат кылууга барышты. Убайдуллах Ахрар хазреттери аны менен бираз сүйлөшкөн соң сухбатты баштады. Сухбатта Мухаммед Захиддин көңүлүнөн өткөн суроолорго жооп берип: "Эгер максатың илим үйрөнүү болсо ага бул жерде оңой жетүүгө болот”, – деди. Анан ага жакын барып: "Хиратка баруудан максатың илим үйрөнүүбү же тасаввуфпу?” – деп сурады. Мухаммед Захид катуу коркуп кетип, жооп бере албай калды. Жанындагы шакирти: "Устазымдын негизги максаты тасаввуф жолуна кирүү”, – деп жооп берди.

Убайдуллах Ахрар хазреттери жылмайып: "Андай болсо абдан жакшы!” – деди. Анан чоогу бакка чыгышты. Ал жерде Мухаммед Захиддин колунан кармады. Колунан кармар замат өзүндө чоң өзгөрүүлөр болгонун сезген Мухаммед Захид эсинен танып калды. Эсине келгенде Убайдуллах Ахрар хазреттери Ал кагазда төмөндөгүдөй жазуу бар эле:

"Бул бактылуулук Аллаху тааланын махабаты менен жана Анын Расулуна моюн сунуу аркылуу колго тийет. Бул үчүн дин илимдерине мурасчы болгон аалымдардын сухбатында бол. Алардан пайдалуу илим үйрөн. Натыйжада Расулуллахка моюн сунуу аркылуу марифати илахиге жетесиң. Жаман дин адамдарынан узак бол. Халал менен харамдын айрымасын билбей турган, динге ылайык болбогон иштер кыла турган сабатсыз тарикатчылардан узак тур.”

Мухаммед Захид Хиратка барууга уруксат берди. Садуддин Кашгариге тапшыруу үчүн бир кат берди. Катта Мухаммед Захидге жардам берүүсү тууралуу жазылган болчу. Буларды көргөн Мухаммед Захиддин Убайдуллах Ахрар хазреттерине карата махабаты жана байланышы артты. Бирок, баары бир Хиратка баруу ниетинен кайта албады. Катты алып жолго чыкты. Жолго чыгаары менен минген аты алсызданып, ылдам жүрө албай калды. Бухарага 36 км калганда көзү катуу ооруй баштады. Бир канча күн ошол жерде калды. Айыккан соң кайра жолго чыкты. Бул жолу безгек оорусуна чалдыкты. Эгер ушул бойдон жолун уланта турган болсо өлө турганын түшүндү. Хиратка баруудан баш тартты. Убайдуллах Ахрар хазреттеринин жанына барып, сухбат жана кызматында болууга чечим чыгарды. Барып, тилегине жетти.

Айтты:

"Дервиштик бир гана бир жерден такыр чыкпай отуруу, асмандарга учуу, керемет көрсөтүү эмес. Дервиштик көңүлдү масивадан (Аллаху тааладан башка бардык нерседен) тазалап, бардыгын таштоо. Бир жактан күнөө кылып, экинчи жактан "Астагфируллах” деп айтуу истигфар эмес. Истигфар бул – Аллаху тааланын буйруктарына моюн сунуу жана тыюу салган нерселерден амалда сактануу.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш