Дервиш Мухаммед


Дервиш Мухаммед хазреттери олуянын улууларынан. Силсиле-и алиййанын жыйырманчысы.

Рух илимдеринде адис эле. Улуу аалым жана кемел олуя болгон таякеси Казы Мухаммед Захиддин сабактарында кемелге жетти. Таякесине шакир болуусунан мурда он беш жыл напсинин каалоолорунан кутулуу үчүн күрөшкөн жана адамдардан узак жашаган болчу.

Бир күнү колдорун ачып, алсыз жана чарасыз экенин Аллаху таалага жалбарып арыз кылды. Ошол убакытта Хызыр алейхиссалам келип: "Эгер сабыр жана канаат тилеп жаткан болсоң Мухаммед Захиддин кызмат жана сухбатына бар. Ал сага сабыр жана канаатты үйрөтөт”, – деди. Дароо Мухаммед Захиддин алдына барды, ал жерде илим үйрөндү. Мыкты тарбия алып, кемелге жетти. Устазы ага адамдарга туура жолду көрсөтүү, түбөлүк болгон Тозок азабынан куткара турган нерселерди үйрөтүү үчүн хилафат берди. Устазы кайтыш болгон соң ордуна өтүп, Самаркандда туура жолдон адашкандар менен динге кийин кошулган бидаттарга каршы күрөштү. Бидаттарды жок кылды. Көптөгөн олуяларды тарбиялап жетилдирди.

Адамдарды Аллаху тааланын жолуна чакырууда көп эмгек кылды. Шакирттеринин тарбиясында акылга сыйбай турган даражада кубат жана кайратка ээ болчу. Имам Раббани хазреттеринин дүнүйөгө келишине бир жыл калганда кайтыш болду. Адамдарга туура жолду көрсөтүү үчүн жетилдирген шакирттери өтө көп. Алардын эң улуусу өзүнүн уулу Хожа Мухаммед Имканаги хазреттери эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш