Хажаги Мухаммед Имканаги


Хажаги Мухаммед Имканаги хазреттери олуянын улууларынан. Силсиле-и алиййанын жыйырма биринчи кемел кишиси.

1512-жылы Бухаранын Имкана (азыр Илмкони) деп аталган жеринде туулду. 1599-жылы ошол эле жерде кайтыш болду. Олуянын улууларынан Дервиш Мухаммед хазреттеринин уулу жана Мухаммед Баки-биллах хазреттеринин устазы. Сырткы жана ички илимдерди атасынан үйрөндү. Атасынан пейз алып, тасаввуфта кемелге жетти. Тасаввуф илиминин жана абалдарынын адиси эле.

Бүт өмүрү Ислам динине кызмат кылуу жана Пайгамбарыбыздын көркөм ахлагын адамдарга үйрөтүү менен өттү. Көптөгөн олуяларды жетилдирди. Жетилдирген олуялардын эң жогорусу - өзүнөн кийин халифасы болгон Мухаммед Баки-биллах хазреттери. Мухаммед Баки-биллах бир күнү түшүндө Хажаги Мухаммед Имканаги хазреттерин көрдү. Устазы ага: "Эй балам, жолуңа көз тигип күтүп отурам”, – деди. Баки-биллах хазреттери буга өтө кубанды. Дароо алдына барды. Алдына барганда ага жакшылык кылып, жогору абалдарын тыңдады. Анан үч күн бир бөлмөдө бетме-бет болуп, сухбат кылышты.

Хажаги хазреттери ага пейз берип, жогору пайдаларга жеткирди. Анан Баки-биллах хазреттерине: "Сиздин ишиңиз Аллаху тааланын жардамы жана бул бийик жолдун улуктарынын рухтарынын тарбиялары менен аягына чыкты. Кайра Индияга кайтышыңыз керек. Анткени, бул Силсиле-и алиййа жолубуздун ал жерлерде сиздин себебиңиз менен нур чача турганын көрүүдөмүн. Берекет жана тарбияңыздан пайдаланып, улуу иштер кыла турган адамдар чыгат”, – деди.

Хожа Баки-биллах өзүн ал ишке татыктуу көрбөгөндүктөн кечирим сураса дагы Хажаги Имканаги ага истихара кылуусун буйрук кылды. Түшүн Имканаги хазреттерине билдиргенде ушул жоопту алды: "Дароо Индияга барыңыз. Ал жерде сиздин берекелүу демиңизден улуу бир зат кемелге жетет. Бүткүл дүнүйө анын нуруна толот. Жада калса, сиз андан насибиңизди аласыз.”

Хожа Баки-биллах хазреттери Индияда Сарханд шаарына барганда: "Кутбдун айланасына келдиң” деген илхам келди. Бул кутб - Имам Раббани хазреттери эле. Демек, бул кундуу урук Самарканд жана Бухарадан алып келинип, Индиянын топурагына эгилген болчу.

Хажаги Мухаммед Имканаги хазреттери өмүрүнүн акырында төмөндөгү сөздөрдү көп кайталачу:

Өлүмдү эстеп, күлө албайм такыр,

Бүгүн эмне болот, биле албайм такыр.

Максатым - Раббыма жакын болуу,

Мындан башкасын каалабайм такыр.

Мавлана Халид Багдади хазреттери бир катында Хажаги Имканаги хазреттери тууралуу мындай деген болчу:

"Хажаги Имканаги Хак ашыктарын чыныгы махабатына жеткизүү үчүн бүт кайгы-кыйынчылыктарга чыдап, сырттан көрүнүштө кыйын жагдайларга жалдар бою жол башчылык кылды. Бир күнү шакирттери менен бир тикендүү токойдон өтүп баратышкан. Бир шакирти жылаң аяк болчу. Бутуна тынбай тикен кирип жатты. Ичинде билдирбей ыйлап, бирок, бутун устазынын изинен албай, изинен бараткан эле. Устазы Имканаги хазреттери анын бул жагдайына көңүл буруп: "Боордошум, бутка кыйынчылык тикени кирмейинче мурат гүлү ачылбайт”, – деди. Бул сөздөн улам шакирти аябай кубанды.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш