Мухаммед Баки-биллах


Мухаммед Баки-биллах хазреттери Силсиле-и алиййанын жыйырма экинчиси. Имами Раббани хазреттеринин устазы. 1563-жылы Кабул шаарында туулган. Кабулдан Самаркандга барып, доорунун эң улуу аалымдарынан болгон Мавлана Садык Хулваниден керектүү илимдерди үйрөндү. Бийик даражадагы жаратылышы жана таланты менен кыска убакыттын ичинде шакирттердин арасында эң жогору деңгээлге жетти. Анан тасаввуфка бет буруп, бул жолдун улуу аалымдарынан ички илимдерди үйрөнүп, жогору даражаларга жетти. Хажаги Имканаги хазреттеринин сухбаттары, Бахауддин Бухари жана халифаларынын руханияттарынын жардамы менен бул улуктардын силсилесине кошулду.

Мухаммед Баки-биллах хазреттери устазынын буйругу менен Индияга барып, бир жыл Лахордо турду. Ал жердеги аалымдар бул заттын сухбаттарына катышып, көп пайдаланышты. Анан Делиге барып, өмүрүнүн аягына чейин ошол жерде жашап, адамдарга туура жолду үйрөттү. Эки-үч жылдай кыска убакыттын ичинде өтө көп аалым жана олуяларды жетилдирди. Ал зат жетилдирген улуктардын башында өзүнөн кийин халифасы болгон, экинчи миң жылдыктын мужаддиди (жаңылоочусу), Ислам аалымдарынын көз кареги болгон Имам Раббани келет. Амри маруф жана нахи мункар (жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу) кылып жатканда дайым жумшак сүйлөчү. Бир адам динге туура келбеген бир иш кылса же сөз айтса жумшактык, сыпайы ишара менен четин чыгарып айтчу. Эч качан көңүлүн орутууну каалачу эмес эле. Амри маруф кылып жатканда өзүн башка адамдардан ажыратпоого жана жогору көрбөөгө көп аракет кылчу. Сухбаттарында бир дагы мусулман тууралуу жаман сөз айтылчу эмес. Эгер бир мусулмандын көңүлүнөн башка бир мусулман тууралуу жаман ой өтсө муну терең парасаты менен дароо сезип, ошол замат жаман деп күмөн кылынган адам тууралуу мактап сүйлөчү.

Хани Ханан наамы менен таанымал болгон падыша Абдуррахим Хан аны сүйгөн кишилерден эле. Баки-биллах хазреттеринин ажыга барышын угуп, ага жол кире катары көп акча жөнөтүп: "Кымындай болгон белегибизди көңүл буруп, кабыл кылыңыз!” – дейт. Ал болсо: "Мусулмандардын акчасын сарптап, ажыга барышыбыз туура болбойт”, – деп, белекти кабыл кылбайт жана ажыга да барбайт.

Насааттарында тамак бышыра турган адамдын дайым даараттуу болушу жана тамак бышырып жатканда дүнүйө сөздөрүн сүйлөбөшү керек экенин тез-тез эскертип турчу. Өзү дагы үйүндө ашканада муну дайым көзөмөлдөп турчу. "Салих болбогон адамдын бышырган тамагы пейздин келишине тоскоолдук кылат”, – дечү. Олуялардан бир зат келип: "Абалымда кызыктай бир солгундоо, жүрөгүмдө болсо кабатыр сезүүдөмүн. Бирок, күнөөмдүн эмне экенин дагы биле албай турамын”, – деди. Баки-биллах хазреттери: "Жеген тамактарыңызга көңүл бурган эмессиз”, – деди. Олуя зат: "Күндө бирдей эле тамакты жеймин”, – деди. Баки-биллах хазреттери: "Шашпай ойлоп көрүңүз”, - деди. Жанагы зат шашпай ойлоп көрүп: "Ооба, устаз, эми эстедим. Бир күнү тамак бышырып жатып очокко халалдыгы күмөндүү болгон эки-үч отун таштаган болчумун”, – деди.

Бир күнү Хожа Хусамиддиндин сөзү менен муршаптар ичкилик ичкен жана башка жаман иштерди кылган бир жигитти камакка алышат. Баки-биллах хазреттери муну угуп, Хажа Хусамиддинди зекиди. Ал: "Жанагы жигит жакшы адам эмес болчу”, – дегенде, кайгылуу бир абалда күрсүнүп мындай деди: "Сен өзүңдү жакшы деп билгениң үчүн ал жигит сага жаман болуп көрүнүүдө. Бирок, биз өзүбүздү андан өзгөчө деп көрбөйбүз. Кантип аны жамандайбыз?”

Анан бул жигит кошунасы болгон Хожа хазреттеринин өзү тууралуу жакшы оюнан өтө кубанып, күнөөлөрүнө тообо кылды жана салихтерден болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш