Имам Ахмед Раббани


Имам Ахмед Раббани хазреттери Индияда жетилген эң улуу аалым жана олуялардан. Арифтердин нуру, олуялардын жогорусу, Исламдын коргоочусу, мусулмандардын баш таажы, мужаддид жана Ислам аалымдарынын көз кареги. Силсиле-и алиййанын жыйырма үчүнчү кемел кишиси. Имами Раббани ысымы менен атактуу болгон бул зат 1563-жылы Индиянын Сарханд шаарында туулган. "Раббани аалым” - өзүнө илим жана хикмат берилген, илими менен амал кылган, илим жана амал жагынан кемчиликсиз жана кемел, улуу аалым деген маанини билдирет. Хижри экинчи жылдын мужаддиди (жаңылоочусу) болгону үчүн "Мужаддиди алфи сани”, Ислам өкүмдөрү менен тасаввуфту бириктиргени үчүн "Сыла” деген наам берилген. Хазрети Омардын урпагынан болгону үчүн "Фаруки” деп аталган. Сарханд шаарынан болгону үчүн "Сарханди” (же Сирхинди) деп дагы аталган.

Бардык ошол сыпаттары менен бирге аты Имами Раббани Мужаддиди алфи сани Шейх Ахмади Фаруки Сарханди.

Ата-бабаларынын бардыгы доорунун улуу аалымдары, салих жана пазилеттүү кишилери болчу. Атасы Абдулахад хазреттери дин жана так илимдерде мыкты, тасаввуфта дагы эң жогору мартабаларга жеткен эле.

Башталгыч илимин жана араб тилин атасынан үйрөндү. Кичине жашында Курани каримди жаттады. Илиминин көбүн атасынан, бир бөлүгүн болсо доорунун атактуу аалымдарынан үйрөндү. Атасынан илим үйрөнүп жаткан учурда түрдүү илимдерге таандык чакан китептерди жаттап алчу. Атасынан илим үйрөнүп бүткөндө Сиялкут шаарына барып, ал жерде Мавлана Камалиддин Кашмириден илим үйрөндү. Мавлана Камалиддин атактуу аалым Абдулхаким Сиялкутинин устазы болуп, доорунун эң жогору аалымы эле. Кээ бир хадис китептерин жана сабактарын болсо Шейх Якуб Кашмириден окуп үйрөндү.

Казы Бахлули Бадахшаниден хадис, тафсир жана айрым усул илимлерине уруксат (ижазат) алды. Он жети жашында окуусун аяктап, бардык илимдерден ижазат алды. Окуп жүргөн кездеринде Кадири жана Чашти улуктарынын жүрөктөрүндөгү пейз-лаззатты атасынан алган болчу. Атасынын көзү тирүү кезинде эле шакирттерине илим үйрөтө баштады.

Ар ортодо "Рисалат-ут-тахлилия”, "Радд-и рафавиз”, "Исбат-ун-нубувва” деп аталган китептерди жазды. Адабиятка өтө кызыкчу. Фасахаты жана балагаты, парасаты, акылынын күчтүүлүгү бардык адамдарды таң калтырчу.

Ошончо илиминин замандаштарынан жогорулугунун жанында таң калаарлык кичи пейилдүүлүгү илим ээлерин таң калтырчу. Жүрөгү дайым Ахрария, Накшбандия улуктарынын махабаты менен күйчү. Бул жолдо жазылган китептерди окучу. Атасы кайтыш болгондон кийин бир жыл өтүп, ажыга баруу үчүн Сарханддан жолго чыкты. Делиге барганда ал жерде тааныштарынан жана Баки-биллах хазреттеринин шакирттеринен болгон Мавлана Хасан Кашмири менен көрүштү. Мавлана Хасан Кашмири аны устазынын алдына алып барып, тааныштыруу ниетинде экенин айтып: "Бүгүн бул өлкөдө Ахрария жолунда болгон башка мындай улуу зат жок. Ал заттын бир назары, бир эле карашы менен колго тийген руханий даражаларга күндөр бою чегиле турган чилделер жана түрдүү риязаттарсыз, напсинин каалоолоруна каршылык кылбай жетүү мүмкүн эмес”, – деди.

Имам Раббани хазреттери илгери дагы касиеттүү атасынан Ахрария жолун жана бул жолдо болгондордун бийик даражалары, баркы тууралуу уккан болчу. Бул жолдун улуктарынын китептерин окуп, алардын көркөм абалдарынан кабардар болгондуктан: "Хижаз жолунда ушундай улуу аалымдан ушундай куттуу жолдун зикир жана усулдарын үйрөнүүдөн жакшыраак дагы эмне болушу мүмкүн?” – деп, Мухаммед Баки-биллах хазреттеринин алдына барды. Алдына кирген заматта жүрөгүндө айтып түшүндүрүү мүмкүн болбогон нурдун жаркыраганын сезди. Магнит ийнени тарткан сыяктуу ага карай тартылды. Жүрөгүнүн ал күнгө чейин эч сезип көрбөгөн, билбеген кандайдыр таттуу сезимдерге толгонун сезди. Ажылык сапарынан кийин жолугуп, дагы пайдаланууну ниет кылган болсо дагы, жүрөгүндөгү махабат жана катуу каалоо аны такыр кое берген жок. Эртеси күнү кайтып келип, Ахрария пейзине жетүү тилегин билдирип Баки-биллах хазреттеринин кызматында калды. Адеп менен жана бүткүл денеси кулакка айланып, устазынын сөздөрүнө, абалдарына байланды. Устазынын лутф жана химматы менен эки айдын ичинде мурда эч кимде көрүлбөгөн абалдарга жетти. Бир канча айдан кийин устазы ага ижазат берди. Ошентип тасаввуф илиминде жана абалдарында дагы жогору даражаларга чыккан соң мекени болгон Сархандга кайтып баруусуна буйрук кылынды. Баки-биллах хазреттери көптөгөн шакирттерин жетилдирүү үчүн ага тапшырып, аларды Сарханда чейин узатты. Устазы ал тууралуу мындай деди: "Жүрөктөргө дабаа, рухтарга шыпаа болгон бул куттуу урукту Самарканд жана Бухарадан алып келип, Индустандын берекелүү топурагына эктим. Шакирттердин жетилип, кемелге келиши үчүн тынбай аракет кылдым. Качан араларынан бир баатыр бардык даражалардан ашып, жогору мартабалардын аягына барганда, өзүмдү четке тартып, шакирттеримди ага тапшырдым.”

Имам Раббани хазреттери мекенине кайтып барганда илим жана адеп талап кылып жүргөндөрдү жетилдирип, жогору даражаларга жеткизе баштады. Атагы бүт жерге жайылып, ар жактан анын ашыктары илиминен жана пейзинен пайдаланууга келишчү. Шакирттерине: "Байзави тафсири”, "Сахих-и Бухари”, "Мишкати масабих”, "Авариф-ул-мариф”, "Усул-и Паздави”, "Хидая” жана "Шархи мавакиф” сыяктуу китептерди сабак катары толук окутчу. Өмүрүнүн соңку күндөрүндө дагы шакирттерин дайым илим үйрөнүүгө үндөп, буга өтө чоң маани берчү. Баарынын жүрөгүн илим менен нурга толтурчу, Мухаммед алейхиссаламдын динин жандандырып, кубаттандырчу. Доорунун падышаларын, кол башчы, аалым жана акимдерин өтө таасирдүү каттары менен динге, суннат-и санияга чакырып, көптөгөн аалым жана олуяларды жетилдирчү.

Имам Раббани хазреттери бир канча убакыт Сархандда шакирт жетилдирүү менен алек болуп, туура жолду үйрөткөн соң устазын зыярат кылуу максатында Делиге барды. Бир канча убакыт кызматында болуп, устазы менен көп сухбатташты. Абалдарын дагы жогорураак даражаларга көтөрдү. Ушундай бийик абалдарга, пазилеттерге жеткенине карабастан устазына болгон мамилесинде башка эч ким көрсөтө албай турган адеп жана сый-урмат көрсөттү. Мухаммед Хашим Кашми мындай деген: "Хожа Хусамиддин Ахмедден уктум. Устазы Имам Раббанини мактагандан кийин "Мартабасы бийик, пазилети мол болушуна карабастан адепке уйууда устазыбыз Мухаммед Баки-биллах хазреттеринин шакирттеринен эч бири Имам Раббаниге жете алчү эмес. Ошондуктан, берекеттер баарынан мурда ага насип болду”, - деди.”

Имам Раббани хазреттери мындай деген болчу:

"Биз төрт киши устазыбыз Мухаммед Баки-биллах хазреттерине кызматта башкалардан алдында болчубуз. Баарыбыздын өзгөчө сыпатыбыз, бөлөк-бөлөк ой-пикирибиз бар болчу. Бул факир анык билемин, мындай бир сухбат жана жамият, тарбия жана иршад булагы Расулуллах алейхиссаламдын доорунан кийин дүнүйөдө өтө сейрек көрүнгөн. Инсандардын эң кайырлуусу болгон Расулуллах алейхиссаламдын доорунда боло албадык, сухбатына жете албадык, бирок, Мухаммед Баки-биллах хазреттеринин сухбаттарынан да кур калбадык. Ошондуктан, бул улуу ниматтын шүгүрүн орундоо керек. Ал заттын алдында ар бир адам өзүнүн жүрөктөн байланганына, махабатына жараша бир нерселерге жетет.”

Имам Раббани хазреттери устазы Мухаммед Баки-биллах хазреттеринин алдына экинчи жолу барып, бир канча убакыт калган соң мекенине кайра кайтты. Дагы бираз убакыт шакирттерине жана адамдарга пейз берүү менен алек болду. Ал ортодо заты дагы өтө бийик даражаларга көтөрүлдү. Бул абалдары тууралуу устазына каттар аркылуу билдирип барды. Мындан кийин үчүнчү жолу устазынын зыяратына барды. Бул зыяраттан кийин Делиден Сархандга кайтып барып, бир нече күн калды, анан Лахорго кетти. Лахор шаарынын эли Имам Раббани хазреттеринин келгенин чоң мүмкүнчүлүк деп билди. Шакирттеринин эң атактууларынан Мавлана Мухаммед Тахир, Хожа Мухаммед, Мавлана Асгар Ахмед жана Мавлана Равх Хусейин сыяктуу заттар ошондо шакирт түшүп, сухбаттарында бышып, бийик даражаларга жетишти. Имам Раббани хазреттери Лахордо болгон кездеринде ал жердин атактуу аалымдарынан чоң сый-урмат көрдү. Аалымдар көптөгөн кыйын жана оор маселелерди андан сурап, туура жооп алышты.

Имам Раббани хазреттери Лахордо сухбаттарын улантып жаткан күндөрдө устазы Мухаммед Баки-биллах хазреттеринин кайтыш болгону кабары келди. Жүрөгүндөгү ырахат жана шаттыктын ордун жапаа жана кайгы ээледи. Бул кабарды угар замат дароо Делиге барып, ыйык кабырын зыярат кылды. Уулдарына жана чоң шакирттерине тазия билдирди (көңүл айтты). Мухаммед Баки-биллах хазреттеринин кайгылуу шакирттери жүрөктөрүндөгү кайгыларын анын сухбат жана таважжухтарынын көмөгүндө кетирүү үчүн алдына барышып, Мухаммед Баки-биллах хазреттерине көрсөткөн махабат, сый-урмат жана багынууну ага да көрсөтүштү. Чоң-кичине бардыгы аны кабылдап, ага байланышты.

Имам Раббани хазреттери Сархандга кайтып баргандан кийин Кадири тарикатынын улуктарынан болгон Шах Камал Кадиринин руханиятынан дагы ижазат алуу аброюна ээ болду. Бул ижазат алуу окуясы мындай болгон эле: Бир күнү таңга жуук Имам Раббани хазреттери шакирттери менен муракаба абалында отурганда Шах Камалдын небереси жана анын бардык кемелдиктеринин өкүлү болгон Шах Искендер Кахталдан келип Шах Камалдын берекеттүү хыркасын (чапанын) Имам Раббани хазреттерине кийгизди. Имам Раббани көздөрүн ачып, Шах Искендерди көрдү. Таваду’ менен моюнунан кучактады. Шах ушундай деди: "Көп убакыттан бери ал жана түшүмдө чоң атам Шах Камалды көрүп жатам. Ар жолу мага хыркасын сизге тапшыруумду буюруп жаткан эле. Бирок, анын бул берекелүү хыркасын үйдөн чыкарып, башка адамга берүү мага өтө оор эле. Бирок, кайра-кайра буйрук кылынган соң буйрукка моюн сунуу зарыл болду. "Имам Раббани бул хырканы кийип, өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти. Бираз убакыт өтүп, бөлмөсүнөн чыккан соң өз жакын сырдаштарына, махрамдарына мындай деди: "Хазрети Шах Камалдын хыркасын кийген соң таң калаарлык өтө кызык абал көрүндү. Хырканы кийер замат адамдардын жана жиндердин Сеййиди Абдулкадир Гейланини хазрети Шах Камалга чейин уланган бардык халифалары менен бирге жанымда турганын көрдүм. Хазрети Гавси Раббани Абдулкадир Гейлани жүрөгүмдү өзүнүн тасарруфуна алды жана жеке нисбаттарынын, жолдорунун нурлары жана сырлары мени каптап алды. Мен бул абал жана нурлар деңизине түшүп, бул деңиздин толкунуна айландым. Бир канча убакыт бул абалда калдым. Бул абалдар мени каптап алган кезде жүрөгүмө "Мени Ахрария улуктары тарбия кылышкан жана ишимдин негизи бул улуктардын жолунда болуу, азыр болсо башкача болууда” деген ой келди. Ушулар тууралуу ойлоп турганымда Ахрария жолунун улуктарынан Хажа-и Жахан Хожа Абдулхалык Гиждуваниден устазым Хожа Баки-биллахга чейин болгон бардык халифаларынын жаныма келгенин көрдүм. Менин ишим жана амалиятым тууралуу өз ара сүйлөшө башташты. Ахрария улуктары: "Аны биз тарбия кылдык. Биздин тарбиябыз менен завкка, абалга жана кемелге жетти”, – дешти. Кадири улуктары (рахимахумуллах): "Жаш бала кезинен эле биздин ага таважжухубуз  бар эле. Биздин нимат дасторконубуздан ооз тийген эле. Мына азыр дагы биздин хыркабызды кийип турат”, – дешти.

Алар мына ушулар тууралуу сүйлөшүп турганда Кубравия, Чаштия жолдорунан дагы бир жамаат келди. Ошентип өз ара бир келишимге келишти. Мындан кийин жүрөгүмдө бул эки абройлуу нисбаттан дагы чоң үлүш кызыгуу таптым.” Имам Раббани хазреттери тасаввуфта мына ушул жолдордун бардыгында шакирттерди жетилдирип, пейз берди.

Имам Раббани хазреттери тарыхта өтө сейрек жетилип чыккан улуу Ислам аалымы жана муршиди камил болуп саналат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайтыш богондон кийин миң жыл өтүп, Ислам душмандары динге, ыйманга ынсапсыздык менен чабуул жасап жаткан учурда Аллаху таала кулдарына ырайым кылып Имам Раббани сыяктуу бир мужаддидди жаратты. Ага терең илимдерди ихсан кылды. Аны себепкер кылып дин душмандарынын коркунучтуу чабуулдарына чекит койду. Хакты жалгандан айырмалап, эсепсиз көп жүрөктөрдөн батылды чыгарып салды. Бул улуу имамдын каттары менен китептери адамдарды гафлаттан ойготту. Дүнүйөгө кайра нур тарай баштады. Б.а., Аллаху таала аны Сүйүктүү Пайгамбарыбыздан миң жыл кийин Ислам динин жаңылоо жана кубаттандыруу милдети менен жиберди.

Имам Раббани хазреттеринин динге жылдар бою кылган кызматтарын, бекем далилдери менен бузук пикирлерди четке кагып шерменде кылганын, ахли сүннөт акыйдасы жана туура дин илимдерин жайганын, бидаттардын жоюлганын көргөн айрым бузук адамдар ага көралбастык кылып, жалаа жаба башташты. 

Ошондуктан, айрым адамдардын жапаа окторунун, кыйноо жана жалааларына дуушар болду. Өтө көп аалым, фазыл жана кемелдердин өз даргейлерин, устаздарын таштап, анын алдына жана кызматына ашыкканы, аладын жек көрүүчүлүк сезимин ого бетер күчөттү. Имамды балээге тап кылуу үчүн ар түрдүү айла колдоно башташты. Милалы; "Жунайд Багдади, Баязид Бистами  сыяктуу улуу аалымдарга төмөнсүнүү менен карайт” деген кептерди жайып, сабатсыз адамдарды алдашты. "Улуу шейхтер айтып кеткен вахдати вужудду четке кагат” деп илим талап кылган адамдардын көңүлүн имамдан суутууга аракет кылышты. Ага ыкылас кылган адамдарды "Машайихи изамдын (урматтуу шейхтерди) улуулуктарын четке кагууда. Аллаху тааланын марифаттарына ортомчусуз жетиштим деп айтууда” дешти. Ар түрдүү жалааларды жабышты.

Ошол доордун султаны Салим Жахангир хандын сарайындагы өкмөт адамдары, жада калса, башкы вазири, башкы муфтий жана тегерегиндегилер ахли сүннөткө душман болгон шиит тобунан эле. Чындыгында, Имам Раббани хазреттеринин бир канча каттары жана өзгөчө жазган "Радд-и Равафиз” китеби куттуу Сахабалардын душмандарын төгүнгө чыгарып жазган китеби болуп, алардын сабатсыз, акмак жана пас кишилер экенин билдирчү. Имам Раббани бул китебин Бухарадагы эң чоң өзбек ханы Абдуллах ханга жиберген болчу. "Бул китебибизди Ирандагы Шах Аббас Сафавиге көрсөтүңүз. Жазылгандарды кабылдаса кандай жакшы! Эгер кабылдабаса, ага каршы согушууңуз жаиз болот”, – деди. Иран шахы китепти кабылдабады. Согуш башталды. Абдуллах хан Хират жана Хорасандагы шаарларды шиттерден куткарып, мамлекетине кошту. Бул жерлер илгери Сафавилерге караштуу эле. Ошол окуядан кийин Индиядагы бүт бузук топтор менен сахабалардын душмандары биригип, Султандын алдына чыгышты. Имам Раббани тууралуу түрдүү жалааларды айтып, арызданышты. Султан уулу Шах Жаханды жиберип, Имам Раббани хазреттерин, бала-бакырасын жана жетилдирген шакирттерин чогултуп, баарын өлтүрүүгө чечим чыгарды. Ал эми Султандын өзү сүннү эле. Шах Жахан муфтийди ээрчитип Имам Раббани хазреттеринин алдына барды. Султанга сажда кылуу жаиз экени тууралуу бир фатваны дагы алып барган эле. Шах Жахан Имам Раббани хазреттеринин жогору даражасын билчү. "Атама сажда кылсаңыз, сизди куткара аламын”, – дегенде Имам Раббани хазреттери бул фатвага бир гана зарыл кезинде уруксат бар экенин, азимат жана дин бүтүндүгүнүн сажда кылбастыкта экенин, ажал келгенде өлүмдөн эч нерсенин куткара албай тургандыгын айтып, сажда кылууга макул болбоду.

Перзенттерин жана шакирттерин калтырып, султандын алдына жалгыз барды. Өзүнө каршы айтылган жалааларга султандын алдыда өтө көркөм жана туура жоопторду берди. Султан жогору акыйкаттарды түшүнө ала турган даражадагы адам болбосо дагы жоопторду жактырып, аны азат кылды жана кечирим сурады. Имам ошондо султанга өзүнө жабылган жалаалардын негизсиз экенин ачык далилдер менен түшүндүрүп бергенде ошол жерде турган отко сыйынуучу хиндулардын чоң кол башчысы Имам Раббани хазреттеринин диндеги кубатын, жөндөмдүүлүгүн, сөздөрүн жана баасын көрүп мусулман болду.

Султандын пикиринен кайтып, имамга көнүлү тартылганын көргөн жалакор бузукулар: "Анын адамдары көп. Буйругу мамлекеттин бардык жеринде өтөт. Аны азат кылсак козголоң чыгарышы мүмкүн”, – деп, көп сөз-ушактардан кийин султанды дагы тукурушту. Султан Имам Раббани хазреттерин Индиянын эң бекем жана коркунучтуу чеби болгон Гуваляр чебине камакка алынуусун буйрук кылды. Бул окуядан көңүлдөрү катуу жабыркаган шакирттери кадимкидей султанга каршы козголоң чыгармакчы болушту. Муну жасай ала турган күчтөрү бар эле. Бирок, Имам Раббани хазреттери шакирттеринин бир канчасынын түшүнө кирип, айрымдарына көрүнүп, бул иштен тыюу салды. Тескерисинче, Султанга бир гана жакшылык тилеп, дуба кылууну буюруп: "Султанды таарынтуу бүткүл элге зыян берет”, – деди. Өзү дагы султанга дайым кайырлуу дубаларды кылчу. Султандын вазири ашынган шииттердин бири болгондуктан өзүнүн инисин зынданда Имам Раббани хазреттерине көзөмөлчү кылып дайындап, ага одоно жана зулумдук менен мамиле кылышын буюрган болчу. Ал болсо күн сайын бул улуу заттан түрдүү кереметтерди, кайгынын ордуна айбат, сабырдуулук, жада калса, сүйүнүчтү көрүп, тообо кылды. Бузук акыйдасын таштап, ахли сүннөттү тандады жана ыкыластуу шакирттеринен болду. Камакта болгон миңдеген капыр хинду ал заттын берекети жана сухбаттары аркылуу мусулман болушту. Күнөөкөр жана бидат акыйдада болгон камактагы көптөгөн адамдар тообо кылышты. Жада калса, айрымдары чоң аалым болушту.

Имам Раббани хазреттери камакта үч жыл калган соң султан кылган ишине өкүндү. Камактан бошотуп, чоң сый-урмат көрсөттү. Жада калса, ыкыластуу шакирти жана жакын досторунан болду. Имамдан бир канча убакытка аскерлеринин арасында калышын суранды. Анан азат кылып, сый-урмат менен мекенине жиберди. Камакта өткөн кайгылуу жана дарттуу жылдардан кийин Имам алгач мурда ээ болгон абал жана мартабалардан алда канча бийик даражаларга көтөрүлүп, мекенине кайтып келди. Имам Раббани хазреттери илгери: "Мен жеткен даражалардан да жогору даражалар бар. Аларга бир гана жалал сыпаты жана катуу тарбия аркылуу жетүү мүмкүн. Азырынча биз жамал сыпаты менен сылап-сыйпап тарбия кылындык”, – деген болчу. Шакирттеринин бир бөлүгүнө: "Элүү менен алтымыш жаш арасында башыма дарттар, балээлер жаайт”, – деген болчу. Дал ошол айтканындай болду. Бул даражаларга дагы көтөрүлүү насип болду.

Мусулмандар алсыз калып, куфур, бузукулук, караңгылык, философ жана бузук акыйдадагы адамдар бүт жерди ээлеп алган учурда миңдеген капыр, фасык жана фажырлар анын көркөм абалдарын көрүп, сухбатын угуп, тообо кылып, салих мусулман болушту. Алыс-жакындан көптөгөн адамдар ал затты түшүндө жана өңүндө көрүп, алдына баруу үчүн умтулушту. Алдына барышып, кыял күзгүсүндө көргөндөй табышты. Аалым, салих, жаш-картаң миңдеген адамдар аны көрүп, сухбаттарында болуп, пейз алып, жүрөктөрү зикир кыла турган абалга келди. Жанындагы он миңдеген шакирттерин бийик абалдарга жана даражаларга жеткизди. Дайым кереметтери көрүнүп, тегерегине пейз-берекелер таратчу. Кереметтеринин алты миңден ашуун экени китептерде жазып калтырылган.

Доорунун аалымдары Имам Раббани хазреттерине "Сыла” наамы менен кайрылышчу. "Сыласөзү бириктирүүчү деген маанини билдирет. Анткени, ал тасаввуфтун Ислам дининен бөлөк нерсе эмес экенин, Исламга ылайык экенин далилдеп, Ислам өкүмдөрү менен тасаввуф делген эки дарыяны бириктирди. Бир хадиси шарифте: "Үммөтүмөн Сыла деп аталган бири жарык дүнүйөгө келет. Анын шапааты менен көптөгөн мусулмандар Бейишке кирет”, – деп айтылып, ал заттын келе тургандыгына ишарат кылынган эле. Бул хадиси шариф Имам Суютинин "Жамъул-Жавами” китебинде жазылган. Имам Раббани хазреттери бир катында: "Мени эки дарыянын арасында "Сыла” кылган Аллаху таалага мактоо болсун!” – деп дуба кылган. Сахабалары, шакирттери жана мухибдеринин (сүйгөндөрүнүн) арасында "Сыла” ысымы менен атактуу болгон эле. Хадиси шарифте сүйүнчүлөнгөн "Сыла” ысымын андан мурда эч ким алган эмес.

Имам Раббани хазреттери Мужаддиди алфи сани болот. Тактап айтканда, хижри экинчи миң жылдыктын мужаддиди. Илгерки үммөттөрдүн доорунда ар миң жылдыкта жаңы дин алып келген бир Расул (Аллахтын элчиси) жиберилчү. Жаңы дин мурункусун алмаштырып, кээ бир өкүмдөрдү жойчу. Ар жүз жылда бир Наби келип, дин ээси Пайгамбардын динин өзгөртпөй, кубаттандырчу. Хадиси шарифте бир үммөткө ар жүз жылда Ислам динин кубаттандыра турган бир аалымдын келиши кабар берилген. Расулуллах алейхиссаламдан кийин пайгамбар келбей тургандыгы эсепке алынса андан миң жыл өтүп Ислам динин ар тараптан ихйа кыла турган (тирилте турган), пайда болгон бидаттардан тазалап, асри саадаттагы өзүнүн аруу абалына келтире турган, сырткы жана ички илимдерде кемел мураскор, аалым жана ариф заттын келүүсү зарыл эле. Хадиси шарифтер бул тууралуу билдирүүдө. Бул маанилүү кызматты Имам Раббани хазреттери аткарды.

Бардык Ислам аалымдары бул заттын Имам Раббани хазреттери экенин бир ооз макулдук менен билдиришкен.

Пайгамбарыбыздан так миң жыл өтүп, илим жана иршад күрсүсүнө толук отуруп, дүнүйөнү Расулуллахтын нурлары менен жарык кылды. Бидаттардан тазалап, Ислам динин ихйа кылды. Ошол доордо Индияда, жада калса, бүткүл Ислам ааламында бузук пикирлер, акыйдалар өнүгүп, чоң фитналар чыккан болчу. Мындан сырткары, тасаввуфта вахдати вужуд маселесине байланыштуу айтылган сөздөр мусулмандардын арасында түрдүү тараптарга бурмаланып, бул жогору жана баалуу илим түшүнүксүз абалга түшүрүлгөн болчу. Көпчүлүк сабатсыздар машайихтердин (шейхтердин, аалымдардын) сөздөрүнүн маанисин түшүнө албай, убакыт өтүп динден чыгып жатышкан эле. Исламга каршы болгон адамдар дагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мусулмандарды туура жолдон чыгаруу үчүн тынбай аракет кылышчу. Ошентип, тасаввуф илимдери жана фыкх өкүмдөрүнүн арасында чоң жар пайда болду. Душмандар бул экөөнү таптакыр эки бөлөк нерселер имиш кылып көрсөтүп, мусулмандарды түрдүү наамдар менен бири-бибирен ажыратууга жана бири-бирине душман кылууга аракет кылышчу.

Имам Раббани хазреттери алгач вахдати вужуд илимлерин үйрөтүү менен бирге, жада калса, түшүнүктүү болгон көптөгөн маселелерди өтө ачык түшүндүрүп берип, адамдардын пикирлерин жана жүрөктөрүн жаңылыш жана бузук акыйдалардан, бидаттардан тазалады. Чындыкты жалгандан ажыратып, туура жол экенин Расулуллах кабар берген ахли сүннөт акыйдасын бардык жерге жайды. Жаш-картаң өтө көп элдер жана бир топ аалымдар ал заттын тегерегине топтолушту.  Ага алгачкы жолу "Мужаддиди алфи сани” наамын берген зат доорунун эң улуу аалымдарынан Абдулхаким Сиялкути болуп саналат. Доорунун башка улуу аалымдары дагы аны макташчу.

Хожа Мухаммед Баки-биллахтын чоң шакирттеринен жана эң улуу аалымдардан болгон Сеййид Мир Мухаммед Нуман айтат: "Устазым мага Имам Раббаниге моюн сунуумду айткан кезде буга кажет жок экенин билдирүү максатында: "Жүрөгүмдүн күзгүсү бир гана сиздин нурдуу жүрөгүңүздүн нуруна байланган” – дедим. Устазым мага катуу үн менен: "Сен Ахмедди ким деп ойлоп жатасың? Анын күн сыяктуу нуру биз сыяктуу миңдеген жылдыздардын нурунан да жарык” – деди.”

Имам Раббани хазреттеринин шакирттеринен атактуу Мухаммед Хашим Кашми мындай деген: "Бир күнү Хазрети Имамдын жанында отурган болчумун. Ал зат марифаттарды жазып жаткан. Ошол учурда ажатканага баргысы келип калды да, ажаткананы көздөй басып кетти. Бирок, заматта кайтып чыкты. Мындай тездик менен ажатканага кирип чыгуусуна таң калдым. "Мунун себеби эмне?” – деп сурадым. Ал зат ажатканадан чыгар замат кумганды алып, сол колунун баш бармагынын тырмагын жууду жана сүртүп тазалады. Анан кайра ажатканага кирип кетти. Бираздан кийин чыгып: "Ажатканага баргым келип калды. Шашып ажатканага кирдим жана отурдум. Тырмагымдагы бир нерсени көрүп калдым. Үстүндө кара бир чекит бар эле. Калемимдин сыясын текшерип көрүү үчүн тырмагымды тийгизген болчумун. Чындыгында бул чекит Курани каримдин тамгаларын жазууда колдонулчу. Тырмагымдын үстүндөгү бул чекит менен ал жерде отуруунун адепке туура келбейт деп билдим. Кыйналып турган болсом дагы, бул кыйынчылык бир адепти таштоодон келе турган кыйынчылыктын алдында өтө аз көрүндү. Сыртка чыгып, бул чекитти жууп салып, анан кайра кирдим”, – деди.”

Бир күнү хафиздерден бири адатынча отура турган күрсүдөн төмөнүрөөк күрсүдө отуруп Курани каримди окуй баштады. Имам Раббани хазреттери бул жагдайды сезип, дароо өзү отурган бийик күрсүнү четке коюп, өзү жерге отурду. Ал эч качан Курани карим окуп жаткан каарыдан жогору жерде отурчу эмес.

Имам Раббани хазреттеринин фыкх маселелеринде илими өтө терең эле. Ар бир маселеге дароо жооп бере ала турган даражада эле. Усули фикхта дагы өтө терең эле. Бирок, этияттуу болгондуктан көбүнчө фикх китептерине кайрылчу. Сапарда жана муким болгон кездеринде кээ бир кундуу фикх китептерин дайым өзү менен бирге алып жүрчү. Анын бардык аракети фикх аалымдарынын бир ооздон макул болгон маселелерине ар дайым ылайык болуучу эле. Айрым фикх аалымдары жаиз деген, айрымдары болсо макрух деген бир иште дайым макрух тарапты тандап, ал ишти кылчу эмес. "Бир маселенин аткарылышында жана аткарылбашында халал жана харам экендигинде ихтилаф болсо, аткарылбай тургандыгын жана харам деген тарапты тандоого мүмкүн болушунча аракет кылуу керек”, – деп айтчу.

Мухаммед Хашим Кашми айтат:

"Сеййиддерден бир жаш жигит медреседе шакирт эле. Аны менен дос элек. Бир күнү ыйлап жаныма келип, башынан өткөн окуяны айтып берди. Имам Раббани хазреттеринин бир кереметин көргөн болчу. Жаш шакирт: "Хазрети Алиге каршы согушкандарды, өзгөчө, Хазрети Муавияны сүйчү эмес элем. Түндөрдүн биринде сенин устазың Имам Раббанинин "Мактубат” аттуу китебин окуп отуруп: "Имам Анас бин Малик айтты: Хазрети Муавияны сүйбөө, ага акарат кылуу, Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Омарды сүйбөө, аларды жамандоо менен бирдей. Кимде-ким Муавияны сөксө, аларды сөккөнгө бериле турган жазаны берүү керек”, – деп жазылган болчу. Муну окуп кысталдым. "Адам ушундай маанисиз нерселерди дагы жазабы?” – деп ойлодум. Китепти жерге ыргыттым да, төшөгүмө жатып, уктап калдым.

Түшүмдө сенин бул улуу устазың жини каардуу жана ачууланган абалда жаныма келди. Эки ыйык колдору менен кулактарымды бурады жана: "Эй, сабатсыз бала! Сен биздин ишибизди жактырбайсың, китебибизди жерге ыргытасың. Жазганыбызды окуп, абдырап калдың жана ишенген жоксуң. Макул, жүрү, сени бир затка алып барайын, өз көзүң менен көр. Расулуллахтын сахабаларына кек сактап, алданганыңды ал заттын өзүнөн уккун!” – деди. Мени ээрчитип, бир бакка алып барып, эшиктин алдында калтырып, өзү жалгыз алдыга басып кетти. Алыста көрүнгөн чоң бир үйдү көздөй барды. Ал жерде нур жүздүү улуу бир зат бар эле. Тартынып, чоң урмат менен ал затка салам берди. Жанында тизе бүгүп отурду. Ага бир нерселерди айтып, мени көрсөттү. Алыстан мени карагандыктан, мен тууралуу сүйлөшүп жатышканы белгилүү эле.

Бираздан кийин сенин устазың Имам Раббани ордунан туруп, мени чакырды. "Бул отурган зат Хазрети Али болот. Жакшы угуп ал, эмне дейт экен!” – деди. Жанына барып, салам бердим. "Эч качан, эч качан жүрөгүңдө Расулуллахтын сахабаларына каршы кек сактабагын! Бул улуктардын эч бирин эч качан жамандаба! Арабызда согуш сыяктуу көрүнгөн бул иштерибиз кандай жакшы ниеттер менен кылынганын бир гана биз жана ошол досубуз билет!” – деди. Сенин улуу устазыңдын атын атап: "Бул кишинин жазган жазууларына дагы эч качан каршы чыкпагын!” – деп буюрду. Бул насаатты тыңдаган соң жүрөгүмө назар салдым. Бул маселедеги арсарлыктын жүрөгүмөн чыкпаганын сездим. Бул жагдайым Хазрети Алиге дароо маалым болду окшойт, ачууланды. Сенин улуу устазыңды карап: "Мунун көңүлү дагы деле тазаланган жок. Жакшылап алакан менен тартып жибер!” – деди. Шейх хазреттери жаагыма алаканы менен катуу тартып жиберди. Ошондон кийин өзүмө-өзүм: "Негизи мен ушул Хазрети Алиге болгон махабатыман улам ал затка душмандык кылдым эле. Чындыгында, ал заттын өзү ага душмандыгыман катуу таарынууда. Бул абалдан өзүмдү тыйышым керек. Жүрөгүмө назар салдым. Душмандык менен таарынычтын изи да калбай, тазаланганын көрдүм. Ошол учурда уйкудан ойгондум. Азыр дагы жүрөгүм ошол кектен тазаланган абалда. Ал түштүн, ал сөздөрдүн даамы мени башка абалга түшүрдү. Жүрөгүмдө Аллахтан башка эч нерсенин махабаты калбады. Сенин улуу устазың Имам Раббаниге жана ал жазган марифаттарга ишеничим абдан артты”, – деди.”

1623-жылы Ажмирда жүргөн кезинде: "Ажалымдын жакындыгына байланыштуу ишараттар, белгилер көрүнө баштады”, – деди. Сарханддагы ардактуу уулдарына кат жазып: "Өмүрүм аяктап калды”, – деди. Атасынын сагынычы жана айрылуусу менен жүрөгү күйгөн, олуянын көздөрүнүн нуру ардактуу уулдары бул катты алар замат атасын көздөй жолго чыгышты. Алдына барган соң, атасы аларды өзүнүн бөлмөсүнө чакырып: "Ардактуу уулдарым, бул дүнүйөгө эч кандай назарым жана байланышым калбады. Аркы дүнүйөгө кетүүм зарыл, кетүү жана сапардын белгилери көрүнүүдө”, – деди.

Имам Раббани хазреттери Ажмир сапарынан Сархандга каткан соң үйүндө инзивага (үйдөн чыкпай, жалгыз ибадат кылгандык) баштады. Бир канча мөөнөт беш маал жана жума намазынан башка убакыттарда үйүнөн чыкпады. Нур жана сырлардын булагы болгон жеке бөлмөсүнө Мухаммед Хашим Кашми, уулдары, шакирттери жана 2-3 кызматчысынан башка кишилер өтө сейрек киргизилчү. Инзивага баштаган күндөрдүн биринде суук дем чыгарып: "Шейх-ул Исламдын (Абу Али Даккактын) машрабы (ахлагы, жаратылышы) абдан көтөрүлгөндүктөн мажлисинде адам калбады”, – деди. Бул жердегидей өмүрүн акырында Имам Раббани хазреттеринин машрабы ушунчалык көтөрүлгөн болчу; жада калса, шакирттеринин эң жогорулары дагы ал заттын жанында мектепке жаңы барган жаш бала сыяктуу эле.

Имам Раббани хазреттеринин шакирттеринин бири минтип айткан болчу:

"Имам Раббани хазреттери өмүрүнүн акыркы күндөрүндө, ооруп жатканда алдына кирип, үйүмө бир нече күнгө барып келүүгө уруксат сурадым. "Бир нече күн күтө тур!” - деди. Анан дагы: "Дароо барып эле келем”, – дедим. "Бир нече күн сабыр кылгын”, – деди. Бирок, болбой эле: "Барам дагы, эң кыска убакыттын ичинде артыма кайтам”, – дедим. Ошондо уруксат берди жана "Сен кайдасың, мен кайдамын, жаз кайда?” - деген ырды окуду. Ушул окуядан кийин бир нече күн өтүп, кайтыш болду.”

Ал ортодо өтө көп кайыр-садага берип, чоң кайырдуу иштерди кылды. Жакындарынын бири бул садага жана кайрымдуулуктун көптүгүн көрүп: "Бул садагалар балээлердин кетиши үчүнбү?” – деп сурады. Айтты: "Жок,  балким да жетүү арзуусу менен буларды кылуудамын.” Анан төмөндөгү саптарды окуду:

Вуслат күнү бул, сырдашым ааламга кучак ачамын,

Бул дөөлөт менен ниматттын сүйүнүчтөрүн чачамын.

Мухаррам айынын он экинчи күнү эле. Мындай деп айтты: "Менин аркы дүнүйөгө кетишиме кырк же элүү күн калганын маалым кылышты. Кабырымы дагы көрсөтүштү.” Бул сөздөрдү уккандар катуу кайгыга батты. Жаралары жаңыланды. Ошол күндөрдө уулу Мухаммед Саид бир күнү Имам Раббани хазреттерин ыйлап жатканын көрдү. Себебин сурады. "Аллаху таалага жетүүнүн сүйүнүчүнөн улам ыйлап жатамын”, – деп жооп берди. Дагы уулу: "Аллаху таала бул ишти бүл дүнүйөдө эң көп сүйгөндөрүнө калтырат. Эгер сиз чындыгында ушунчалык катуу кааласаңыз, албетте, кетесиз”, – деди. Имам Раббани хазреттери бул сөздү айткан уулунда бир өзгөрүүнү сезди жана айтты: "Мухаммед Саид! Аллаху тааланын кайратына тийип жатасың.” Уулу: "Өз абалыма өзүм иренжип жатамын”, – деди жана ак ниеттүүлүк менен жана дарт-кайгы толо үн менен: "Эй көңүлүмдүн кубанычы атакем! Бизге көрсөтүп жаткан таш боордуктун жана катаалдыктын себеби эмнеде?” – деп сурады. "Аллаху таала силерге караганда сүйүктүүрөөк. Мындан сырткары, биздин боорукердигибиз жана көмөгүбүз кайтыш болгонубуздан кийин көзүбүз тирүү кезибиздегиден да көбүрөөк болот. Анткени, бул дүнүйөдө адам болгонубуздан улам кээде кааласак да, каалабасак да таважжух жана көмөгүбүз толук болбой калат.  Ал эми чындыгында кайтыш болгон соң адамдык сыпаттардан толук арылуу бар”, – деди. Муну айткан күндөн баштап күн санай баштады. Сапар айынын жыйырма экинчи түнү көңүлдөрү ооруп турган сахабаларына: "Мына, бүгүн ошол сөздү айтканыма кырк күн болду. Көрөлү, калган жети-сегиз күндүн ичинде эмне болоор экен. Ушул арада пайда болгон бир нече күндүк саламаттыкта Аллаху таала Хабибине (Сүйүктүү Пайгамбарына) баш ийген бир адамда болушу мүмкүн болгон бардык кемелдиктерди мага ихсан кылды”, – деди. Уулдарынын бул сөздөрдөн улам көңүлдөрү күйдү. Анткени, бул сөздөрдө Хазрети Абу Бакр Сыддыктын: "Бүгүн диниңерди толук кылдым”, – деген маанидеги аяты келгенде көңүлүнө келген, б.а., Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайтыш болот, илхамынан бир ишарат бар экенин түшүнгөн эле. Сапар айынын жыйырма үчүнчү күнү дервештерге кийимдерин өзүнүн ыйык колдору менен таратып берди. Өзүнүн үстүндө дагы жылуу кийим калбагандыктан аба-ырайынын сууктугу таасирин тийгизип, кайра безгек оорусуна чалдыгып, жатып калды. Пайгамбарыбыз алейхиссалам дагы акыркы күндөрүндө оорудан кутулуп, бираз убакыттан кийин кайра ооруп калган жана кайтыш болгон эле. Имам Раббани хазреттери бул маселеде дагы Расулуллахга иттиба (ээрчүү) ниматын колдон чыгарбады. Бул оорудан мурда кызматчыларынын бирине кайрылып: "Сандалга баланча чака көмүр ал!” – деген эле. Бираздан кийин дагы жанына чакырып: "Айтканымдын жарымын ал, ичимде бир үн бул көмүрдү жага турган убакыт калбады деп айтууда”, – деди. Көмүрдүн бир бөлүгүн өзүнө алып, калганын перзенттерине жиберди. Өзүнө алган көмүр кайтыш болгон күнү толук бүткөн эле. Бул оорусу кезинде жогору илимдерди эң көп уулдарына жакшылап түшүндүрүп берди. Бир күнү назик акыйкаттарды түшүндүрүп берүүгө аракет кылып, ушунчалык сүйлөдү; ардактуу уулу Мухаммед Саид: "Сиздин ооруңуз мынчалык сүйлөшүңүзгө мүмкүнчүлүк бербейт, бул маарифаттардын баянын башка бир убакытка калтырсак болбойбу, ата?” – деди. Ошондо Имам Раббани хазреттери: "Эй уулум! Убакыт калды бекен? Мен билемин, башка бир убакытта буларды айтууга өзүмдө күч-кубат таба албайм”, – деди.

Бул күндөрдө оорусу алда канча күчөгөнүнө карабастан жамаат менен намаз окууну калтырбады. Бирок, акыркы төрт-беш күн жалгыз өзү намаз окуду. Эң алсыз күндөрүндө дагы дубаларды, тасбихтерди, салаваттарды, зикирди жана муракабаны бир да кемчиликсиз аткарчу.  Динибиздин жана устаздарынын жолдорундагы адаттарынын эч бирин калтырчу эмес. Күндөрдүн биринде түндүн үчүнчү жарымында туруп, даарат алды. Тахажжуд намазын өйдө туруп окуду жана: "Бул биздин акыркы тахажжудубуз”, - деди.

Кайтыш болоорунан бираз мурда эстен танып калды. Чоң уулу бул эстен тануунун оорусунанбы же истиграк (нурга бөлөнүү) себеби мененби деп сурады. Ага жооп катары: "Истиграк себеби менен. Анткени, кээ бир өтө жогору абалдар көрүнүүдө. Ошондуктан, аларга таважжух кылуудамын. Себеби бардыгын өз абалынча көрө алайын жана булар менен бардык нерсем кемел болсун”, – деди. Бул терең сырлар тууралуу уулдарынын кулактарына шыбырап айтты.

Бул эстен тануу абалынан кутулган соң, кайгыга баткан, көңүлдөрү күйгөн шакирттерине коштошууну эстетүүчү осуяттарды айта баштады. Бул осуяттардын көбү мутабаътка, б.а., Пайгамбарыбызга моюн сунууга чакыруу, сүннөткө бекем жармашуу, бидаттардан качуу, зикр жана муракабада туруктуу болуу тууралуу эле.

Мындай деп айтты: "Сүннөткө өтө бекем жармашуу керек.” Бул сөздөрү менен дагы Пайгамбарыбыз алейхиссаламга ээрчүүнү көздөгөн болчу. Анткени, Расулуллах дагы кайтыш болоор алдында ушундай насаат кылган болчу. Тирмизий жана Абу Давуд мындай деп риваят кылышат: "Расулуллах алейхиссалам бизге ваъаз (насаат) кылып жаткан. Бул ваъаздан жүрөктөр титиреп, көздөр жашка толчу. "Йа, Расулаллах! Бул сөздөрүңүз коштошуу хутбасына окшойт, бизге осуят кылыңыз!” – дедик. Расулуллах алейхиссалам айтты: "Силерге осуятым болсун: Аллахтан корккула, бир кул дагы Аллахтын буйругун билдирсе, уккула жана аткарыгыла! Араңардан жашай тургандар көп нерселерди көрүшөт. Ал кезде менин жана Хулафа-и Рашидиндин сүннөтүнө өтө бекем жармашкыла, аны колдон чыгарбагыла! Динде бидаттан өтө сак болгула! Анткени, бардык бидаттар далалат жана жаңылыштык.”

Имам Раббани хазреттери осуятын улантып мындай деди: "Динибиздин ээси Расулуллах алейхиссалам насааттардын эң назигин дагы; "Дин - насаат” хадиси шарифине ылайык калтырган жок.  Динибиздин кундуу китептеринен толук моюн сунуу жолун үйрөнгүлө жана ага ылайык амал кылгыла.

Кайтыш болгон Сапар айынын жыйырма тогузу Шейшемби күнү түнкүсү өзүнө кызмат кылган кызматкерлерине: "Көп кыйналдыңар, бул силердин акыркы кыйынчылыгыңар”, – деди.

Төшөгүнө жатып, сүннөткө ылайык оң колун оң бетинин астына коюп, зикир менен алек болду. Чоң уулу Мухаммед Саид атасынын тез-тез дем алып жатканын көрүп: "Жагдайыңыз кандай атаке?” – деп сурады. "Жакшымын, окуган ошол эки рекет намазым жетиштүү”, – деди. Мындан кийин башка сүйлөгөн жок. Бир гана Аллаху тааланын ысымын сүйлөдү, анан бираз убакыт өтүп кайтыш болду. Пайгамбарлардын улууларынын көпчүлүгүнүн акыркы сөзү намаз болгон. Бул маселеде дагы Пайгамбарыбыз алейхиссаламга уйган болду. 1624-жылы, Сапар айынын жыйырма сегизи, күн эсеби менен жыйырма тогузу, Шейшемби күнү түшкө чейин кайтыш болду.

Ошол ай жыйырма тогуз күн эле. Пайгамбарыбыз кайтыш болгон Рабиул-аввал айынын алгачкы түнү Пайгамбарыбыз алейхиссаламга жетти. Безгек менен ооруп жаткан күндөрү жашынын жыл санына барабар болуп, алтмыш үч күн эле. Хадиси шарифте: "Бир күндүк безгек бир жылга каффарат болот”, – деп билдирилген. Чалдыккан оорусу бул хадиси шарифтин маанисине ылайык болду.

Имам Раббани хазреттеринин нурдуу денеси жуулуу үчүнтактага коюлуп, кийимдери чечилгенде, ал жерде болгондор Хазрети Имамдын намазда тургандай колдорун байлаганына күбө болушту. Оң колун баш бармагы жана чыпалагы менен билегине байлады. Ал эми уулдары болсо кайтыш болгон соң колдорун түздөп, узатып коюшкан эле. Тактага жаткырып жатышканда жылмайды жана бир канча убакыт ошол абалда калды.

Гассал (жаназаны жууган киши) ыйык колдорун ачып, түздөдү. Сол жагына жаткырып, оң жагын жууду. Оң тарабына жаткырып, сол жагын жуумакчы болгондо ошол жердегилер олуялык кубатынын бир белгиси катары сезилер-сезилбес бир кыймыл менен колдорун эски абалындагыдай кылып байлап алганын көрүштү. Ал эми оң жагына жаткырылгандан кийин оң колунун чап колунун үстүнө келиши кыйын эле. Ошону менен бирге чап колун ушундай бекем кармаган эле; ажыратып алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Бул жагдай эки-үч жолу кайталанды. Акыры ал жердегилер мында терең маани жана жашыруун сыр бар экенин түшүнүп, колдорун ачууга башка аракет кылышпады. Уулу Мухаммед Саид: "Эгер ардактуу атам ушуну каалап жаткан болсо ушул бойдон калтырабыз”, – деди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам хадиси шарифте: "Кандай жашасаңар ошондой өлөсүңөр”, – деп билдирген болчу. Бул Аллаху тааланын чоң ихсаны болуп саналат. Каалаганына ихсан кылат. Анын ихсаны мол.

Имам Раббани хазреттеринин жаназа намазын уулу Мухаммед Саид окуду. Кайтыш болгондо 63 жашта эле. Сарханддагы үйүнүн жанына жерленди. Кийинчерээк Афганстандын падышасы Шахи Заман кабырынын үстүнө чоң жана чебердик менен иштелген күмбөз салдыртты.

Улуу баласы Мухаммед Саид айтат:

"Ардактуу атамды кайтыш болгондон кийин түшүмдө көрдүм. Аллаху таала өзүнө берген чоң ниматтар тууралуу абдан сүйүнүп айтып, муну менен сыймыктанып жатты. Өзүнөн: "Жаным атакем, шүгүр даражасынан кимдир бирөөгө бир насип бердиби?” – деп сурадым. "Ооба, мени дагы шүгүр кылгандардан деп жазды”, – деп жооп берди. Курани каримде: "Шүгүр кылгандар аз” деген мааниде билдирилип жатат деп айттым. (Саба сүрөсү, 13) Бул аят-и каримадан түшүнүлгөн нерсе бул жамааттын Пайгамбарлар экени. Же Пайгамбарлардын эң улуу сахабалары. Хазрети Абу Бакр Сыддык сыяктуу дегенде: "Ооба, ушундай. Бирок, мени жеке бир ихсан жана инаят менен ошол жамаатка кошушту”, – деди.

Эмгектери:

1- Мектубат: Ислам ааламында Имам Раббанинин Мектубаты сыяктуу башка кундуу китеп жазылган эмес. Мектубат үч том болуп, беш жүз жыйырма алты каттын топтомунан турат. калам жана фикх илимдерин, тасаввуфтун марифаттарын чечмелеп түшүндүргөн учу-кыйры жок бир дарыя сыяктуу, окшошу жок китеп.

Мектубаттын биринчи тому 1616-жылы шакирттеринин атактууларынан Йар Мухаммед Жадид-и Бадахши Талкани тарабынан топтолгон. Биринчи томдо 313 кат бар. Бул томдун акыркы каты Мухаммед Хашим Кашмиге жазылган. Имам Раббани хазреттери биринчи томдун акыркы катын жазганда: "Мухаммед Хашимге жиберилген бул кат аркылуу Расулдардын, дин ээси Пайгамбарлардын жана Асхаб-и Бадрдын санына ылайык болгондуктан үч жүз он үч кат менен биринчи томду ушул жерде бүтүрөлү”, – деп айткан эле.

Экинчи тому болсо 1619-жылы шакирттеринен Абдулхай Путни тарабынан топтолгон. Бул томдо Асма-и хусна, б.а., Аллаху тааланын хадиси шарифте өткөн токсон тогуз ысымынын санына ылайык токсон тогуз кат бар.

Үчүнчү том болсо Имам Раббани хазреттери кайтыш болгондон кийин 1630-жылы шакирти Мухаммед Хашим Кашми тарабынан топтолгон болуп, бул томдо Курани каримдеги сүрөлөрдүн санына тең, б.а., 114 кат бар. Үч томдо бардыгы болуп 526 кат бар. Имам Раббани хазреттери кайтыш болгон соң үчүнчү томуна дагы он кат тиркелген, ошентип бардыгы 536 кат болду.

"Мектубат” китебиндеги каттардын бир канчасы араб тилинде, калгандарынын бардыгы фарси тилинде жазылган. Китеп түрдүү доорлордо бир канча жолу басып чыгарылган. (Мектабаттын биринчи тому "Сүйүнчүлүү каттар” Деген наам менен "Хакикат китеп үйү” тарабынан басып чыгарылган. Экинчи жана үчүнчү томдогу каттардын бир бөлүмү "Хакикат китеп үйү” тарабынан басылып чыккан китептердин бири болгон "Там Илмихал Сеадети Абадиййа” китебинин ичинде басып чыгарылган.)

2- "Радди равафиз”. Фарси тилинде жазылган болуп, бул китептин түркчөсү "Хак сөзүн васыкалары” китебинде бир бөлүк иретинде "Хакикат китеп үйү” тарабынан басылып чыккан. Араб тилине дагы которулган.

3- "Исбат-ун-нубувва”. "Пайгамбардык эмне?” деген ат менен түрк тилине которулган. "Хак сөзүн весикалары” китебинде бир бөлүк иретинде басып чыгарылган. Мындан сырткары бул китеп арап, англис жана француз тилдерине дагы которулган.

4- "Мабда жана маъад”.

5- "Адаб-ул муридин”.

6- "Таликат-ул-авариф”.

7- "Рисала-и тахлилия”.

8- "Шарх-и Рубаият-и Абд-ид-Баки”.

9- "Маъариф-и Ладунния”.

10- "Мукашафат-и гайбия”.

11- "Жазба ва сулук рисаласы”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш