Мухаммед Маъсум Фаруки


Мухаммед Маъсум Фаруки хазреттери олуялардын атактууларынан эле. Имам Раббани хазреттеринин үчүнчү уулу. Силсиле-и алиййанын жыйырма төртүнчүсү. Индиянын Сарханд шаарында туулган.

Үч жашында эле калима-и тавхидди тунук айтчу. Курани каримди кыска убакыттын ичинде жаттады. 11 жашында зикир жана муракаба жолун атасы Имам Раббани хазреттеринен алды. Атасы анын талантынын жогору экенин түшүнүп: "Абал илимден кийин тургандыктан алгач илим үйрөнүү керек” деп уулуна так жана накыл илимдерин окута баштады. Ага: "Илим үйрөнүүнү тезирээк бүтүр, сени менен ишке ашыра турган улуу иштерибиз бар”, – деди. 14 жашында атасына: "Өзүмдө бир нурду көрүп жатамын, бүткүл аалам күн сыяктуу бул нурдан жарык болууда”, – деп айтканда атасы: "Сен дооруңдун кутбу болосуң”, – деп сүйүнчү айтты. Кийинчерээк өзү: "Аллаху таалага мактоолор болсун! Атам айткан сүйүнчүгө жеттим”, – деген эле.

16 жашында бардык илимдерди үйрөнүп бүтүп, тасаввуфка багытталды. Атасынын пейздерине жетти. Өзү бул тууралуу: "Бул сырлар деңизинин суучулу болдум”, - деген эле. Ушундай кемел даражага жетти; анын берекети жана пейздери бүткүл ааламга жайылды. Ислам тарыхында хидаяты аныкындай болгон аалым жана муршид көрүлгөн эмес болчу. 900 миң киши ага шакирт болуп, алардын 140 миңи олуялык мартабасына жетти, 7 миңи муршид-и камил болду. Шакирттери анын алдында кээде бир айда, кээде бир жумада олуялык даражасына чыкчу. Кээ бирлерин бир таважжух кылуу аркылуу жогору даражаларга көтөрчү.

Атасы өмүрүн акыркы күндөрүндө ага: "Менин бул дүнүйөдө калышымдын себеби бир гана каййумдук милдети эле. Эми бул милдет сага берилди. Бул дүнүйөдөн кетишим жакындап калды”, – деген эле.

Шакирттеринен болгон Мухаммед Ханиф Кабили устазынын химматы менен көп марифаттарга жетти. Устазынан уруксат алып, мекени Кабулга барды. Элди иршадга, туура жолго үндөдү. Ага да көралбастык кылгандар чыкты. Бир топ адам ага келип: "Бир керемет көрбөсөк сиздин улуктугуңузга ишенбейбиз. Биз бир зыяпат даярдайбыз. Устазыңызды чакырабыз. Зыяпат учурунда Сарханддан Кабулга бир заматта келишин күтөбүз. Эгер келе алса баарыбыз сизге шакирт болобуз”, – дешти. Ал кездерде Сарханддан Кабулга бир айда жетип баруу дагы кыйын болчу. Хожа Мухаммед Ханиф устазына болгон интисабы жана махаббатынын кубаттуулугунан буга макул болуп: "Устазым тамакты куптан намазынан кийин жейт. Силер даярдык көрө бергиле, келишине үмүт кыламын”, – деди. Ал жердегилер бул сөзгө күлүп, маскара кылып, зыяпатка даярдык көрө башташты. Убакыт киргенде: "Мына куптандын убагы да кирди. Эми тамактаналы!” – дешти. Хожа: "Устазым так ушул убакытта тамактанчу. Тамакты алып келгиле!” – деди. Ал жердегилер тамакты алып келатканда Мухаммед Маъсум хазреттери алты уулу менен бирге эшиктен кирип келди. Өзү үчүн даярдалган жерге барып отурду. Ал жердеги кишилер муну көрүп, таң калып, кечирим сурай башташты. Мухаммед Маъсум хазреттери: "Силерди ишендирүү үчүн эмес, жалгыз Мухаммед Ханифтин урматы үчүн гана келдим. Олуядан керемет талап кылынбайт!” – деди. Бардыгы чоогу тамактана башташты. Ал жердегилер сухбаттын берекети менен жүрөктөрүндөгү караңгылыктан кутулушту. Ал заттын мухлис жана мухибдеринин сабына кошулуп, бактылуулукка жетишти.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш