Сайфиддин Фаруки


Сайфиддин Фаруки хазреттери Силсиле-и алиййанын жыйырма бешинчиси. Имам Раббани хазреттеринин небереси жана Урватул-Вуска Мухаммед Маъсум Фаруки хазреттеринин бешинчи уулу. Туулар кезинде пир периште: "Туулган күнүндө, өлө турган күнүндө жана тириле турган күнүндө ага салам болсун!” – деген маанидеги Мариям сүрөсүнүн 15-аятын окуп, сүйүнчүлүү кабар берген эле. Кичүү жаштарынан баштап илим үйрөндү. Авасы (атасынын иниси) Мухаммед Саидден так жана накыл илимдерди үйрөнүп, кыска убакыттын ичинде аалым болду. Доорунун жалгызы жана марифат дарыясы болгон атасы Мухаммед Маъсум Фарукинин таважжух жана сухбаттары менен көтөрүлүп, кыска убакыттын ичинде кереметтерге ээ болуп, аалымдардын баш таажысы болду.

Кемелге жеткен соң атасынын буйругу менен Аламгир хан менен көрүшүү үчүн Делиге барды. Делиге барганда шаардын дарбазаларында кутурма тийген эки пил жана ал пилдерди баш ийдирүүгө аракет кылып жаткан эки айбаттуу баатырдын сүрөтүнүн асылганын көрдү. Султанга бул сүрөттөрдү алдырып салып, жок кылмайынча шаарга кирбей турганын айтты. Султан сүрөттөрдү алдырып салгандан кийин шаарга кирди. Султан Аламгир хан өз каалоосу менен келип, ал затка шакирт болду. Сухбаттары менен чон абройго жетти. Жашы улуу болушуна карабай Курани каримди окууну үйрөнүп, жаттады. Сухбаттарынын берекети менен Индияда жайылган көптөгөн бидаттар жана бузукулуктар Султан Аламгир хан тарабынан буйрук чыгарылып, жок кылынды. Унутулган сүннөттөрдү кайра жандандырды. Башка вазирлер, акимдер жана өкмөт адамдары дагы Сайфиддин Фаруки хазреттеринин сухбаттарына катышып, туура жолго жетишти.

Ал заттын химмат жана берекети менен Индиянын ар тарабына Ислам дини жайылып, мусулмандар кубаттанды. Бидат ээлери жана капырлардын абалдары начарлады.

Делидеги сухбат жыйындары өтө берекелүү өтчү жана өтө көп адамдар катышчу. Жакын тегеректеги аймактардан келген капырлар жана фасыктар дагы ошол сухбаттарга катышып, туура жолго түшүп, эски күнөөлөрүнө тообо кылып, истигфар айтып кайтышчу. Сухбатынын берекети менен миңдеген адамдар туура жолго түшүп, бийик даражаларга жетишкен эле. Даргахына күн сайын миңдеген адамдар келип, пейз алчу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш