Сеййид Нур Мухаммед


Сеййид Нур Мухаммед хазреттери олуянын улуктарынан эле. Силсиле-и алиййанын жыйырма алтынчысы. Сеййиддерден болуп, Пайгамбарыбыздын тукумунан эле. Мазары Индиянын Дели шаарында.

Сеййид Нур Мухаммед Бадаюни хазреттери илимин жана пейизин Имам Раббани хазреттеринин небереси улуу аалым жана муршид-и камил Мухаммед Сайфиддин Фарукий хазреттеринен алды. Ал заттын сабак жана сухбаттарында жетилип, уруксат алды. Илимде ушундай бийик даражаларга көтөрүлгөн эле; доорунун теңдеши жок аалымы жана жолбашчысы болду.

Адамдар ал заттан пейз алуу үчүн сухбаттарына чуркашчу. Бир таважжуху менен шакирттеринин жүрөктөрү зикир чала баштачу. "Көчөдө күнөөкөр бир адамга жолугуп калуу жүрөктө караңгылык пайда кылат”, – деп улам-улам эскертчү жана шакирттерине назар салып, кимдин кайсыл күнөөнү кылган адамга жолугуп калганын кабар берчү. Окутуп жетилдирген шакирттеринин эң атактуусу жана халифасы Мазхари Жани Жанан хазреттери болуп, ал дагы улуу олуядан болчу.

Күмөндүү нерселерден жана харамдардан сактануу маселесинде кайраты эң жогору чокуга жеткен эле. Жей турган нанын, унун хахалдан таап, камырын өзү жууруп бышырчу жана курсагы аябай ачканда гана аз-аздап жечү. Тасаввуфта илахий (Аллахга болгон) махабаттан улам эсинен тануу абалдары ал затта көп көрүлчү. 15 жыл ошол абалда жашап, тасаввуф абалдарына бөлөндү. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө бул абалдан серкек абалга кайткан эл.

Суннати санияга уйуу маселесинде, адептерде ааламдардын мырзасы Пайгамбарыбызды ээрчүүгө катуу маани берчү. Расулуллахтын өмүр баяны тууралуу китептерди дайым жанында ала жүрчү. Буларды окуп, ар бир иштеринде Расулуллахка баш ийүүгө аракет кылчу.

Бир күнү ажатканага кирип баратып жаңылыштык менен алгач оң бутун ичкери койгондо тасаввуфта колго тийген бардык абалдары бир заматта кайым болду. Үч күн Аллаху таалага жалынып-жалбарган соң абалдары кайра ачылды.

Дайым муракабада болчу. Ошол абалда Аллаху тааладан башка бардык нерсени унутуп, Аллаху таалага көп ибадат кылгандыктан бели бүкүрөйгөн эле.

Күндөрдүн биринде бир киши жей турган бир нерселерди көтөрүп келди. Бул белек берилгенде: "Бул тамакта кандайдыр бир караңгылык көрүнүүдө. Бир тактап көргүлө!” – деди. Бул тамак халал дешти. Бирок, сурап тактап көрүшкөндөн кийин бул тамакты баарына көрсөтүп мактануу максатында бышырылгандыгы маалым болду.

Дүнүйөгө берилген бир адам аманатка китеп сураса берчү. Китепти кайра тапшырган соң аны бир жерге коюп, үч күн күтчү. Берген адамдан китепке жуккан караңгылык даргахындагы сухбаттардын берекети менен тарагандан кийин гана алып окучу.

Бир күнү алдына келе жаткан бир шакирти жолдо бир чоочун аялга туш келип, караган болчу. Устазынын алдына киргенде: "Сенде зина караңгылыгы көрүнүүдө”, – деп, чоочун аялды караганы үчүн күнөөгө батканына ишарат кылды.

Сахабаларга душман болгон рафизилерден эки киши акыйдасын билгизбей, шакирт түшүү ниетинде келгенин айтып, алдыда күтүп турушту. Ошондо аларга карата: "Алгач жаңылыш акыйдаңарды таштагыла, ошондо гана илим үйрөнүүнү кааласаңар жарашат”, – деди. Жанагы эки кишинин бири бул кереметти көрөрү менен дароо тообо кылып, жаңылыш акыйдасын таштады.

Сеййид Нур Мухаммед Бадаюни хазреттери айткан:

"Бир күнү устазымдын кабырын зыярат кылууга барган болчумун. Кабырдын жанында муракаба кылдым. Устазымды кабырында көрүп, сүйлөштүм. Кепини жана денеси такыр чирибеген экен. Бир гана буттарынын астына топурак таасир кылып, өңү бираз карайган экен. Мунун себебин сураганда: "Ээсинен сурабастан, кийин келгенде беремин деген ой менен бир таш алып, даарат ала турган жерге койдум. Даарат алып жатканда ошол таштын үстүнө бастым. Буттарымдагы топурактын таасири мына ушул себептен”, – деди.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш