Сеййид Мазхари Жани Жанан


Мазхари Жани Жанан хазреттери улуу олуялардан болуп, сеййид. Силсиле-и алиййанын жыйырма жетинчиси.

Ысымы Шамсиддин Хабибуллах. Атасынын ысымы Мирза Жан. Атасынын ысымына байланыштуу бул затты дагы Жани Жанан дешчү. 1701-жылы туулду. 1781-жылы шейит кылынды. Ата-бабалыры мамлекеттин таанылган адамдарынан болуп, Темури султандарына жакындыгы бар эле. Атасы Мирза Жан жумуш жана мартабадан кечип, кедейлик жана канаатты тандады. Байлыгын Аллах үчүн кедейлерге таратып берди. Кызынын никеси үчүн бөлгөн жыйырма беш миң рупи алтынды бир досунун катуу кыйналып турганын угуп, баарын ага белек кылды. Атасы мамлекетте мээримдүүлүгү, көркөм ахлагы, адамгерчилик пазилеттеринин жогорулугу менен таанылган зат эле.

Жаш Мазхари Жани Жанандын акыл-парасатынын курчтугун көргөн парасаттуу адамдар анын фитратынын жогорулугун, б.а., жаратылышынын өтө жогору экенин айтышчу. Атасы анын тарбия жана илим үйрөнүүсүнө катуу маани берди. Кичине жашынан баштап эле илим, марифат жана түрдүү чеберчиликтерди үйрөндү. Илим менен марифатка кошумча катары кесип жана чеберчиликтерди үйрөндү. Өзү бул тууралуу мындай деген эле:

"Бала кезимде Ибрахим алейхиссаламды түшүмдө көрүп, көптөгөн жакшылык жана ихсандарга ээ болдум. Дагы бала кезимде качан Хазрети Абу Бакрды эстесем ыйык келбети көзүмө көрүнчү. Руханиятын көзүм менен көрчүмүн. Мага өтө көп жакшылык кылчу.”

Дагы мындай деп айткан эле:

"Бала кездеримде күндөрдүн биринде бир киши атам менен сүйлөшүп жаткан эле. Имам Раббани хазреттери тууралуу сүйлөшө башташты. Мен ошол замат Имам Раббани хазреттеринин руханиятын көрдүм. Ордуман туруума ишарат кылды. Бул абалды атама айтканымда: "Сен алардын жолунан пайдаланасың деп үмут кыламын”, – деди. Аллаху таала жүрөгүмө сүннети санияга моюн сунуу, ээрчүү касиетин жайгаштырган.”

Атамдын осуятына ылайык илим үйрөнүүнү жана үйрөнгөн илимим менен амал кылууну уланттым. Түндөрдүн биринде түшүмдө бир олуя затты көрдүм. Мазарынан туруп, жаныма келди жана кулахын (баш кийимин) башыма кийгизди. Ошол түштөн кийин жүрөгүмдө мансап жана кызмат ордуна карата бир да каалоо калбады. Тасаввуфка бет алуу каалоосу күчөйдү. Бир күнү түшүмдө кайыптан бир үн: "Биздин сенде ишибиз бар. Адамдардын хидаятка жетиши жана аларды хидаятка жетелей турган жолдун жайылышы сен себебиң менен ишке ашат”, – деди. Бул түштү көргөн соң тасаввуфка бет алып, батын нисбатын колго алуу каалоосу дагы да артты. Бул максатыма жетүү үчүн Сеййид Нур Мухаммед Бадаюни хазреттеринин алдына бардым. Ыйык жүзүн көрүп, марифат ээси болгон зат экенин түшүндүм. Сүннөти санияга бекем байланган, диндин буйруктарына толук баш ийген, жогору ахлак ээси болгон зат эле. Сухбаты жүрөктөргө хузур берчү. Анын алдында издегендер максатына жетип, өлгөн жүрөктөр тирилип, ыйманга келчү. Хакка жетүү ушул жерде мүмкүн болчу. Мени шакирттикке кабыл кылуусун сураганымда истихарасыз шакирт кабыл кылбай турганына карабастан, мени дароо кабыл кылды. Пейздери ушунчалык берекеттүү жана таасирдүү эле; бир таважжуху менен шакиртинин жүрөгү зикир чала баштачу. Ага шакирт болуп, пейздерине жеткен соң көңүлүм нурданды. Көп жакшылыктарына жеттим.

Кыска убакытта Нур Мухаммед Бадаюни хазреттеринин сухбаттарында жетилдим. Тасаввуф абалдарына бөлөнгөн элем. Мен Аллахтын махабатына байланганыман улам уйкуну, эс алууну, жеп-ичкенди таштап койгон элем. Адамдардан алыстап, жалгыз өзүм калдым. Ушунчалык ачка калганыман бактардын жалбырактарын жей баштадым. Убактымдын баары өзүмдү билбей жана муракаба абалында өтчү. Негизги максатыма жетүүнү ушул жол менен күттүм. Акыры ушундай бир абалга келдим; "Раббиңди көрүп тургандай ибадат кыл!” хадис шарифинде талап кылынган сыпатка жеттим. Махвият, фена жана бэка абалдары колума тийди. Улуктар баяндаган максатка, сырр-ы тавхид даражасына көтөрүлдүм.

Нур Мухаммед Бадаюни менин алдарыма карап, мага кичи пейилдик менен көңүл буруп бекем сүйүү көрсөтчү. Бир күнү экөөбүз бетме-бет отурган кезибизде: "Эки күн бетме-бет келди. Биринин нурунан улам экинчиси көрүнбөй жатат. Эгер талап кылгандардын тарбиясына багытталсаң, аалам нурданат”, – деди. Дагы бир күнү: "Сенде Аллаху таалага жана Расулуна карата махабат өтө жогору даражада. Биздин жолубуз сенин таважжухтарың менен жайылат. Сага Шамсиддин Хабибуллах ысымы берилди”, – деди жана шакирттеринин бир бөлүгүн тарбиялап жетилдирүүнү мага тапшырды.

Устазым Нур Мухаммед Бадаюни хазреттеринин сухбатына төрт жыл каттадым. Анан мага уруксат берди. Мага ахли сүннөт акыйдасында болууну, сүннөти санияга моюн сунууну жана бидаттардан тыйылууну осуят кылды.

Устазы Сеййид Нур Мухаммед хазреттери кайтыш болгон соң адамдарга хак жолду үйрөтө баштады. Сабактарына аалымдар, амирлер, акимдер жана эл катышып, андан пейз алышты. Мир Муслиман, Санауллах Пани Пути, Гулам Каки, Сеййид Алимуллах, Сеййид Абдуллах Дехлеви сыяктуу улуу аалым жана олуяларды жетилдирди.

Мазхари Жани Жанан хазреттери айтат:

"Аллаху таала бизге эң кемел акылды жана туура көз карашты ихсан кылды. Мамлекет иштерин башкаруу жана мамлекеттин мыйзамы жаатында баарына ылайык келген эң сонун усулду үйрөнгөн болчумун. Ошондуктан, доордун атактуу мамлекет адамы ала турган курал жана башка зарыл нерселерди биз менен кеңешип, ошого жараша аракет кылчу.”

Дагы мындай деген болчу:

"Ардактуу атамдын берекеттүү тарбиясы менен жетилгенден кийин менде ушундай бир абал пайда болду; каалаган адамды бир карап анын ким экенин жана жүрөгүндөгүн билип алчумун. Жүргөн жолумдун нуру менен адамдарды саадат же шакават (Бейиш же Тозок) элинен экендигин маңдайынан окучумун.”

Навваб Хан Фирузжанк кырчылдаган кыш күндөрүнүн биринде Мазхари Жани Жанан хазреттерин үстүнө эски кийим кийип алганын көрдү. Бул жагдайды көрүп, ыйлады. Жанындагы адамдарынын бирине: "Биз эмне деген бактысызбыз, улуктарыбыздан эч бир зат белегибизди кабыл кылбайт жана ага кызмат кылуу бакытына жете албайбиз!” – деди. Бул окуя тууралуу Мазхари Жани Жанан хазреттери: "Биз байлардан бир нерсе кабыл кылбоого, албоого чечим кабыл алганбыз. Өмүрүбүз дагы бүтүп калды. Бул күнгө чейин кабыл кылбадык”, – деди. Анан Навваб Хан Фирузжанк отуз миң рупи белек кылгысы келди. Кабыл кылбай: "Биз сиздин байлыгыңызды жей тургандардан эмеспиз, кедейлерге таратып бериңиз!” – деди.

Дагы афган амирлеринин бири ашрафи деп колдонулган үч жүз алтынды белек кылып жиберген эле. Муну дагы кабыл кылбай: "Бул нерселер канчалык белек деп жиберилген болсо дагы, белекти кабыл кылыш керек болсо дагы, бирок, сөзсүз кабыл кылуу керек деген бир да буйрук жок. Бизге өз шакирттерибиз ыкылас жана этияттык менен харам аралашпоосу үчүн көңүл буруп даярдалган белектерди келишүүдө. Жада калса, аларды дагы кабыл кылбай жатабыз. Амирлер жана байлар тарабынан жиберилген халалдан даярдангандыгы күмөндүү болгон белектерди эч качан кабыл кылбайбыз. Аларда элдин акысы бар. Кыямат күнү мунун эсебин берүү кыйын. Имами Тирмизинин Абу Барзадан риваят кылган хадиси шарифинде Расулуллах алейхиссалам хазреттери: "Ар бир адам Кыямат күнү төрт нерседен суроого жооп бермейинче эсептен кутула албайт: "Өмүрүн кантип өткөрдү, илими менен кантип амал кылды, мал-мүлкүн кайдан, кантип тапты жана кайда сарптады. Денесин кайсы жерлерде чарчатты”, – деп айткан. Ошондуктан, өтө сак болуш керек”, – деди.

Мазхари Жани Жанан хазреттерине өкмөт адамдарынын бири Индиянын белгилүү жемиши болгон анбадан (алчадан) белек кылып жиберип, буларды кабыл кылуусу үчүн жалынып-жалбарды. Мазхари Жани Жанан хазреттери анбадан экини алды жана калганын кайтарып берип: "Бул факирдин көңүлү буларды алууну каалабай жатат”, – деди. Бираздан кийин жанына бир багбан келип: "Баланча амир сизге жиберген анбаларды бизден тартып алып, сизге белек кылып жиберди”, – деди. Муну угуп, мазлумдун (зулумга учураган адамдын) акысын кайтарып берүү жана дайым акыларын сактоо зарыл экенин айтты. Анан: "Субханаллах, ал алып келген жемиштер биздин батыныбызга зыянын тийгизди”, – деди. Ошол окуядан кийин мал-мүлкү күмөндүү болгон адамдардын белектерин такыр албай турган болду. Бул окуя тууралуу: "Тамактардын ичинде эң зыяндуусу тапканы күмөндүү болгон бай адамдар белек кылган тамак болуп саналат. Жада калса, кембагалдардын белектери дагы күмөндүү. Анткени, алар дагы бул тамактарды даярдоо үчүн тапканы күмөндүү болгон байлардан карыз алышат”, – деди.

Мазхари Жани Жанан хазреттери бул тууралуу мындай деген болчу: "Желген тамактар инсанды ийгиликке жеткизиши, таат-ибадатынын нурун арттыруусу керек. Кедейликти бай болуудан артык көрүү жана сабыр-канаатка умтулуу керек. Моюн сунуу жана ыраазы болууну өзүнө адат кылып алуу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Аллахым! Ал-и Мухаммеддин (үй-бүлөсүнүн)ырыскысын жетиштүү даражада кыла көр!” – деп кылган дубасына ылайык, адам үчүн зарыл болгон нерселерди жетиштүү даражада гана суроо, тилөө керек.”

Ардактуу сахабалар дагы ушинтип дуба кылышчу. Ысырапка түшө турган даражада бай жана муктаждыкка, карызга бата турган даражада кедей болбош керек. Кулдук милдетин аткарып, өлүмгө даяр болуп, көңүлүн башка нерселерге байлабаш керек. Өлүм Аллаху тааланын бир белеги. Анткени, өлүм бул – Аллаху таалага жетишүү жана Расулуллах алейхиссаламдын дидарын жана жүзүн көрүү.

Мазхари Жани Жанан хазреттери мындай деп баян кылган болчу:

"Күндөрдүн биринде ааламдын зыйнаты жана мырзасы болгон Пайгамбарыбыз алейхиссаламды түштө көрүү аброюна ээ болдум. Жанаша жаткан болчубуз. Ушунчалык жакын элек; ыйык деми жүзүмө тийип турду. Ошол учурда суусадым. Сарханд улугунун махдуму, б.а., Имам Раббани хазреттеринин уулдары дагы ошол жерде эле. Расулуллах алардын бирине суу алып келүүнү буюрду. Мен: "Йа, Расулаллах! Алар менин устазымдын уулдары болот”, – дедим. Расулуллах: "Алар биздин сөзүбүзгө уйушат”, – деди. Алардын бири барып, суу алып келди. Суудан кангыча ичтим. Анан: "Йа, Расулаллах! Сиз Мужаддид-и алфи сани тууралуу эмне дейсиз?” – деп сурадым. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Үммөтүмүн арасында ага окшошу жок”, – деди. Мен: "Йа, Расулаллах! Имам Раббани хазреттеринин "Мектубат” китебине ыйык назарыңыз түштүбү?” – дедим. "Эгер андан эсиңде калган бир бөлүк болсо, окугун!” – деп айтты. Мен Имам Раббани хазреттеринин кээ бир каттарында аталган жана Аллаху таала тууралуу айтылган: "Ал вараъ-ул-вараъ анан дагы вараъ-ул-вараъ, б.а., Аллаху таала оюбузга келген бардык нерселерден узак. Акылыбыз ойлогон жана элестеткен эч бир нерсе Ал эмес”, – деген бөлүгүн окудум. Расулуллах алейхиссаламга бул бөлүк өтө жагып: "Кайра окугун!” – деп буюрду. Кайра окудум. Бул сөздөр өтө сонун айтылган деп атады. Бул жагдай бираз убакыт уланды.

Мен бул көргөн түшүмдө Расулуллах алейхиссаламдын ыйык деминин жана сухбатынын берекети менен өзүмдү толук бойдон нур жана хузур ичинде сездим. Ойгок кезде колго киргизген нерселерден алда канча берекеттүү болгон ушул түштүн берекети менен күндөр бою курсагым ачпады жана суусаган жокмун.”

Мазхари Жани Жанан хазреттери шейит болуп кайтыш болду. Өлүмүнөн бир нече күн мурда бул кыска дүнүйөдөн кетүү убактысы келгендиги жана Аллаху таалага жете тургандыгы үчүн такыр бөлөкчө махабат жана сүйүнүч алында эле. Ошол күндөрдө таат-ибадатын дагы көбөйткөн болчу. Бир тараптан шакирттери жана сүйгөндөрү дарыядай агып сухбаттарына келишчү. Сухбаттары жана муракабалары өтө терең ыракат абалында өтчү. Сухбатына чогулгандар жүз кишиден ашуун болуп, алар берекет жана пейздерге жетишчү. Өлүмү жакындап калган күндөрдө шакирти Мулла Насим үйүнө барып келүү үчүн уруксат сураганда ага: "Сени менен кайра көрүшөбүзбү же жокпу, маалым эмес”, – деди. Муну менен кайтыш боло тургандыгына ишарат кылган болчу. Муну уккан шакирттери көз жаштарын кармай албай, ыйлап жиберишти. Дагы өлүмү жакындап калган күндөрдө шакирттеринен Мулла Абдурраззакка жиберген бир катында: "Жашым сексенден өтүп калды. Ажалым жакындады. Бизге кайырлуу дубаларда болгула!” – деп жазган эле. Ошол убакыттарда башка шакирттерине жазган катарында дагы ошол түрдө кете тургандыгына ишарат кылган болчу.

Соңку күндөрдө жеткен ниматтарын атап жана шүгүр кылып мындай деп айткан болчу:

"Жүрөгүмөн эмне өткөн болсо жана кайсыл ниматка жетүүнү каалаган болсом бардыгын Аллаху таала мага ихсан кылды. Мени чыныгы Ислам менен шарапаттуу кылды жана көптөгөн илимдерди ихсан кылды. Салих амалдуу кылды. Улуктардын тасаввуф жолунда кабар берген нерселердин бардыгын берип, кашф, тасаввуф жана керемет ихсан кылды. Мени дүнүйөгө берилүүдөн жана дүнүйөгө берилгендерден дагы узак кылды. Бирок, Аллаху таалага жакындоодо жогору даража эсептелген шейиттик мартабасына жете алган жокмун. Устаздарымдын, муршиддеримдин көбү шейиттик шербетин ичүү аброюна ээ болушту. Мына биз дагы картайдык, денебиз алсырады. Жихад кыла турган жана ушул жол менен шейиттикке жете турган күч-кубатым калган жок. Өлүмдү сүйбөй турган, каалабай турган адамдарга таң каламын. Өлүм Аллаху таалага жетүүгө бир себеп.”

Мазхари Жани Жанан хазреттери мына ошентип шейиттик даражасына жетүүнү катуу каалаганын атап кеткен эле. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө алдына келип кетүүчүлөр өтө көбөйгөн болчу. 1781-жылы Мухаррам айынын жетисинде Шаршемби түнү эшигинин алдында өтө көп кишилер чогулган болчу. Булардын үчөөсү койбой эле ичкери кирүүнү талап кылып жатышкан эле. Алар монгол жана мажуси (отко сыйынуучу) эле. Алдына кирип: "Мазхари Жани Жанан сенсиңби?” – дешти. Мазхари Жани Жанан хазреттери: "Ооба, менмин”, – деди. Алар Мазхари Жани Жанан хазреттерине кол салып, өлтүрүүгө келишкен эле. Араларынан бири ага кол салып, бычактай баштады. Бычак жүрөгүнө жакын жерге тийгенде, оор жаракат алып, жерге жыгылды.

Бул окуядан кабардан болгон Навваб Нажаф Хан таң саарда европалык табыпты жиберди. "Дароо барып, бул куттуу затты дарыла! Аны жарадар кылгандар кармалып, кысас (күнөөсүз адамды өлтүргөн же жарадар кылган адамга шарияттын ошол эле жазаны бериши) кылынсын!” – деди. Бул табып барып, Мазхари Жани Жанан хазреттеринин жарааттарын карап чыкты. Анан артына кайтып, Навваб Нажаф Ханга атайын: "Жакшы болуп кетет, башка табып жиберүүнүн кереги жок”, – деди. Мазхари Жани Жанан хазреттери жарадар абалда дагы үч күн жашады. Жараатынан кан токтобой акты. Үчүнчү күн жума болчу. Бешим убагында колдорун ачып, Фатиха сүрөсүн окуду. Аср убагында: "Күндүн батышына канча саат бар?” – деп сурады. "Төрт саат бар”, – деп айтышты. Ошол күн жума жана Ашура күнү эле. Шамдын убагы киргенде үч жолу терең дем алды жана шейит болуп кайтыш болду.

Мазхари Жани Жанан хазреттери Ислам дининин жайылышы жана адамдардын чыныгы бактылуулукка жетүүлөрү үчүн өтө көп кызмат кылган эле. Ар бири алтындай баалуу заттарды жетилдирди жана аларды адамдарга туура жолду көрсөтүү менен милдеттендирди. Шакирттери барган жерлеринде элдерге Ислам динин үйрөтүшту, ыймандарын түзөтүштү. Ошентип ар бири барган жеринде Исламга баш ийүүнү, көркөм ахлактын жайылуусун жана адамдардын бири-бири менен жакшы мамиледе болууларын камсыз кылышты. Аларды тааныгандар алар сыяктуу таза өмүр сүрүү жана бактылуулукка жетүү аброюна ээ болушту.

Мазхари Жани Жанан хазреттери айтат:

"Кимде-ким дүнүйөгө берилген адамдардын арасына аралашса сухбаттардын берекетин жана тасаввуфтун нурларын сезе албайт! Бир адам дүнүйөгө берилген адамдарга муктаждыкка жараша аралашып, чын ниет менен жана батини нисбатын коргогон абалда араларында болсо зыяны жок. Дүнүйө наалаттанган жана дүнүйөдө болгон нерселерден Аллах үчүн болбогондору дагы наалаттанган. Аллаху тааланын сүйүүсү менен дүнүйөгө болгон сүйүү бир жерде тура албайт. Аллаху тааланын ыраазычылыгына жетишүү үчүн масиваны, б.а., Аллаху тааладан башка бардык нерсени жана бардык максаттарды таштоо керек.”

Мазхари Жани Жанан хазреттеринин өзүнүн сахабаларына, шакирттерине кылган насааттары төмөндөгүдөй:

"Такыбаанын, вараънын, харамдардан жана күмөндүү нерселерден сактануунун жолу Расулуллах алейхиссаламга толук моюн сунуу жана ал билдирген нерселерди чын жүрөктөн кабыл кылуу. Өзүңөрдүн абалыңарды ахли сүннөт жолунда билдирилген нерселер менен салыштырып көргүлө. Эгер абалыңар ахли сүннөттө баян кылынган нерселерге, б.а., диндин буйруктарына ылайык болсо кабыл кылынат. Ылайык болбосо мардуд болот (кабыл кылынбайт). Дүнүйө жана акырет бактылуулуктарына жетүү үчүн ахли сүннөт вал жамаъат акыйдасында болуу зарыл.”

Дүнүйөнүн мүлкү аз гана

Мазхари Жани Жанан хазреттери кемел даражада зухд жана тобокел ээси эле. Дүнүйөдөн жана дүнүйөгө берилген адамдардан өтө сактанчу. Берилген белектерди кабыл кылчу эмес. Кабыл кылгандары дагы өтө аз болчу. Доорунун падышасы Мухаммед Шах вазири Камариддин Хан аркылуу Мирза Жани Жананга кабар жиберип, мындай деди: "Аллаху таала бизге ушунчалык көп байлык берди; устаз эмнени кааласа белек кылабыз. Тилегин айтсын!” – деди. Мазхари Жани Жанан хазреттери бул сунушка мындай деп жооп берди: "Аллаху таала Курани каримде: "... Аларга айт: Дүнүйөнүн мүлкү аз гана...” (Ниса сүрөсү, 77) деген мааниде билдирип, дүнүйөнүн жети аймагындагы мал-мүлктүн негизи бир ууч гана нерсе экенин айтты. Ошол бир ууч болгон жети аймактын бири Индия болуп, ал дагы сенин колуңда. Жети аймактын өзү бир ууч болгондон кийин жетиден биринин кандай баасы болмок? Улуктардын химматынын негизи болсо алардан сактануу.”

Дагы ошол аймактын чоңдорунун бири Мазхари Жани Жанан хазреттерине атап, бир даргах салдыртты жана бардык дервиштердин муктаждыктарын камсыз кылуусун айтып, кабыл кылуусун суранды. Бирок, Мазхари Жани Жанан хазреттери кабыл кылбады жана: "Биз үчүн бардык жер бирдей. Аллаху тааланын алдында ар бир адамдын ырыскысы тагдыр кылынган. Убагы келгенде ар бир адам ырыскысына жетишет. Дервиштердин казынасы сабыр-канаат болуп, ушунун өзү гана аларга жетиштүү”, – деди.

Чыныгы дары

Мазхари Жани Жанан хазреттеринин сексен жети каты жана сухбаттары "Калимат-и Таййибат” деп аталган китебинде бар. Каттарынын биринде:

"Тууган, доорубуздун шакиртинин алсыздыгы, олуядан кашф жана керемет талап кылуулары жана биринчи кылымды элестете албастыктары тууралуу жазган катыңыз келди. Мына ушуну билип коюңуз; башка шейхтерге ийкеми бар болгон наадандарды жана акылсыз адамдарды шакирттикке кабыл кылуунун кереги жок. Акылдуу жана мухлис адамдарды, бул ишти астейдил талап кылган адамдарды кабыл кылуу керек. Кысылбаңыз, Аллаху таала чыныгы аким. Ал-и Имран сүрөсү, 31-аятынын маанисинде "Эй Хабибим! Аларга айт: Эгер Аллахты сүйчү болсоңор анда мени ээрчигиле. Ошондо гана Аллах дагы силерди сүйөт” деп билдирүү аркылуу бардык жолдордогу шакирттердин нахаи (соңку) максаттары болгон Аллаху тааланын махабаты жана ыраазычылыгын табууну Пайгамбарыбыз алейхиссаламга моюн сунууга байлады. Ал адис табып кулдарын гафлат жана күнөө ооруларынан куткаруу үчүн дары жана пархез (диета) иретинде болгон буйрук менен тыюуларды жиберди. Мына ушул дабалоо ыкмасын жашоосунда колдонуп, керектүү дары-дармекти өз убагында алып жүргөн, пархиз менен амал кылган адам айыгат. Мындан качкан адам өзүнө зыян келтирген болот.

Ушул дабалоо ыкмасынын бир сүрөтү, бир акыйкаты бар. Сүрөтү менен авам мусулмандар амал кылышат. Ал да болсо акыйдасын түзөткөн соң динге ылайык амалдарды кылып, буйрук жана тыюуларга моюн сунуу аркылуу ишке ашат. Натыйжада ошол бактылуу адамга Бейиш ниматтары насип болуп, Тозоктон кутулат. Акыйкаты болсо хас заттарга, тандалган кулдарына таандык болуп, жүрөктөрдүн нурданышы, жаркырашы жана напсинин тарбиясы, тазалануусу. Бул жолдо жогоруда аталган дабалоонун сүрөтү менен бирге риязат менен мужахада дагы бар. Бул жерде тажалли жана кашфтар колго тийет. Сүрөткө "ыйман менен Ислам”, акыйкатка болсо "ихсан” делет. Хадиси шарифте "Ихсан бул – Раббиңе Аны көрүп тургандай ибадат кылуу” деп билдирилген. Акыйкатсыз сүрөт теридеги ооруларга чара табуу үчүн шишик жана жараларга сүртүлгөн дары сыяктуу жараны айыктырып, шишикти кетирет. Албетте пайдасыз эмес. Бирок, сүрөтсүз акыйкаттын бир да пайдасы жок. Балким бул акыйкат эмес, макр-и илахи дагы болушу ыктымал. Мындан Аллаху таалага сыйынабыз!

Акыйкат – тазалоо, б.а., денеден оору, микроб жана бузук заттарды чыгарып салуу сыяктуу. Анткени, ал чыгарып салынбаса дагы ооруга себеп болушу мүмкүн. Толук айыгып кетишине, толук шипаа табуусуна мына ушул эки жолду бириктирген абалда дарылануу аркылуу жетүү мүмкүн. Ушул түшүндүрмөлөрдөн ыйык Пайгамбарыбыз дайындаган дабалоо ыкмасынын сахабалардын табиятында кандай саламаттык жана шипаа таасирлерин көрсөткөндүгүн оңой түшүнүүгө болот. Чындыгында бул дабалануу жана дары – Аллаху тааланы бекем сүйүү, болгон кайраты менен Расулуллахты ээрчүү, таат-ибадаттардан лаззат сезүү жана күнөөлөрдү жийиркеничтүү көрүп, жек көрүүдөн бөлөк нерсе эмес. Бул аларда жүрөктөрдүн ырахаты, напсилердин тазалануусу таасирин көрсөтчү. Расулуллах алейхиссаламдын берекеттүү сухбаттары жана Ислам дабалоо ыкмасынын колдонулуусу менен бул мартабаларга өтө кыска убакытта, балким бир заматта да жетишчү. Алар кийинки кылымдарда айтылган шавк жана абалдарга караганда сүрөт жана акыйкатка катуу маани берип, акыйкатты коргой турган сүрөттү сактап, кашф жана кереметке көңүл бурушкан жок. Буларды кемелге жетишүүнүн шарттарынан деп эсептешкен жок.

Андай болсо толук саламаттыкка жетүүнү каалаган бир шакирт Расулуллахтын сүннөттөрүнө ээрчүүнү бардык рыязат жана мужахадалардан артык деп билиши жана буга тийиштүү болгон нур жана берекеттерди бардык пейздерден жакшыраак деп эсептеши керек. Бул жолдо шакиртке каалоосунан тыш таттырыла турган завк жана абалдарга батын жамияты жана дайым хузур жанында бир да көңүл бурбашы керек. Ушул акыйкаттарды табууга себеп боло турган затты (шейхти, пирди, устазды) Расулуллах алейхиссаламдын өкүлү деп билип, ага чын көңүлдөн кызмат кылып, бул жолдо алдыңардан чыга турган нерселерге таттуу болсо дагы, жаш балдар сыяктуу алданып калбоо керек. 

Фикх маселелерин үйрөткүлө. Фикхсыз дин болбойт. Ахли сүннөт акыйдасын үйрөтүүгө, жайылтууга катуу көңүл бургула. Ар бир ишиңерде Аллаху тааланын Хабиби болгон Пайгамбарыбыз алейхиссаламды ээрчүүгө аракет кылгыла. Анткени, Аллаху таала Хабибин ээрчигендерди өтө сүйөт.” (21-кат)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш