Сеййид Абдуллах Дехлеви


Сеййид Абдуллах Дехлеви хазреттери Силсиле-и алиййанын жыйырма сегизинчиси. 1745-жылы Индиянын Панжап шаарында туулган. 1824-жылы Делиде кайтыш болду. Кабыры Шахжахан жами-мечитине жакын жердеги даргахта.

Атасы Абдуллатиф мырза аалым, салих жана захид бир зат эле. Бир күнү түшүндө Хазрети Али ага: "Аллаху таала сага бир уул ихсан кылат, ал улуу зат болот. Ага биздин атыбызды коёсуң”, – деди. Расулуллах дагы олуя заттардан болгон авасынын (атасынын инисинин) түшүндө туула турган наристеге Абдуллах деп ысым коюуларын буйрук кылды. Ошого байланыштуу наристе жарык дүнүйөгө келгенде атасы Али деп, авасы Абдуллах деп ысым койду. Абдуллах Дехлеви хазреттери алты жашына толгондо Хазрети Алиге болгон махабаты жана урматынан улам өзүнө Али деп кайрылууларын жактырбай, "Алинин кызматчысы” деген маанини билдирген "Гулам Али” наамын алды жана мына ушул ысым менен таанылды.

Жаш Абдуллах Аллах берген өтө жогору зээндүү эле. Курани каримди кыска убакыттын ичинде жаттады. Диний илимдерди жана доорунун так илимдерин үйрөндү.

Мазхари Жани Жанан хазреттеринин алдына барып, өзүн шакирттикке кабыл кылуусун суранды. Ал зат: "Сен хузур таба турчу бир жерге баргын. Биздин жолубузда жүрүү тузсуз ташты жалоо сыяктуу”, – деди. Абдуллах: "Мен бардык нерсеге даярмын, устаз”, – деди. Мазхари Жани Жанан хазреттери муну угуп: "Куттуу болсун!” – деп шакирттикке кабыл кылды. Абдуллах Дехлеви хазреттери 15 жыл устазынын сухбаттары аркылуу пейзге бөлөндү. Олуялыкта бийик даражаларга жеткен соң, толук ижазат алып, халифасы болду.

Абдуллах Дехлеви хазреттери айтат:

Шакирт – садык болгон ушундай бир шакирт; Аллаху тааланын сүйүүсү менен жана Анын махабатына жетүү каалоосу менен күйүп-өрттөнүүдө. Шакирт өзү билбеген, түшүнө албай турган бир махабат менен таң калуу абалында болот. Уйкусу качып, көз жаштары тынбайт. Кылган күнөөлөрүнөн уялып, башын көтөрө албайт. Ар ишинде Аллахтан коркот. Аллаху тааланын ыраазычылыгына жеткире турган иштерди кылуу үчүн бар күчү менен аракет кылат. Ар бир ишинде сабырдуулук жана чыдамкайлык көрсөтөт. Ар ийгиликсиздик менен кайгыны өзүнөн деп билет. Ар деминде Раббын ойлойт. Гафлатта жашабайт. Эч ким менен талашып-тартышпайт. Бир жүрөктү оорутуудан коркот. Жүрөктөрдү Аллаху тааланын үйү деп билет. Кутман сахабалар тууралуу бир гана жакшы нерселерди айтат жана ысымдарын атаганда "радыйаллаху анх” дейт. Баарынын жакшы экенин айтат. Ардактуу Пайгамбарыбыз сахабалардын арасында болуп өткөн кээ бир окуялар тууралуу сүйлөбөөнү буйрук кылган. Салих мусулман булар тууралуу сүйлөбөйт, бул тууралуу жазбайт жана окубайт. Ушинтип бул улуктарга адепсиздик кылып коюудан өзүн сактайт. Бул улуктарды сүйүү Аллахтын Расулун сүйүүнүн белгиси. Өз ой-пикири, көз карашы менен кутман олуяларды бири-биринен төмөн же жогору деп эсептебейт. Алардын биринин жогору экендиги бир гана аят-и карима, хадис шариф жана кутман сахабалардын иттифакы (бир ооздон макулдугу) аркылуу белгилүү болот. Махабат мастыгы менен башкача сөздөр айткан кишилер үзүрлүү (кечиримдүү) болуп саналат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш