Мавлана Халид Багдади


Мавлана Халид Багдади хазреттери Ирак жана Шамда жетилип чыккан улуу олуялардан. Силсиле-и алиййанын жыйырма тогузунчусу. Өз доорунун мужаддиди эле. Атасы Хазрети Османдын, энеси Хазрети Алинин урпагынан. Кабыры Шам шаарынын түндүгүндө Касиюн тоосунун этегиндеги көрүстөндө жайгашкан күмбөздө.

Зээни, эстеп калуу жөндөмдүүлүгү күчтүү, өтө эрктүү жана эмгекчил киши эле. Доорунун атактуу аалымдарынан илим үйрөнүп, ижазат алды. Үйрөнгөн бардык илимдеринде дин жана дүнүйөлүк илимдердин адистерине устаздык кыла ала турган даражада жогору билимге ээ болду. Дин жана дүнүйөлүк илимдердеги жогорулугу жана терең илиминен улам доорунун бардык аалымдары жана олуяларынын илтифатына ээ болду. Диний жана дүнүйөлүк кайсыл илимден эмне суралса дароо жооп берчү. Зээни жана билиминин алдында акылдар таң калчу. 21 жашында аалымдарга устаз болуп, 7 жыл сабак берди. Аалымдардын арасында анын сөздөрү далил эле.

Хижазга барып, Мединага жеткенде Расулуллахка болгон махабатын фарси тилинде баян кылып: "Касида-и Мухаммадияны” жазды. Мединада пазилет ээси болгон Йемендик бир адамга туш келди. Андан насаат сурады. Ал зат деди: "Эй Халид, Меккеге барганыңда адепке туура келбей турган бир нерсе көрсөң дароо четке какпа!” Мавлана Халид Меккеде бир жума күнү бир адамдын Ыйык Каабага артын салып, өзүн карап отурганын көрдү. "Муну карагыла, Каабага артын кылып отурат, адепти сактабайт экен”, – деп ойлонуп турган кезде баягы киши: "Момунга урмат Каабага урматтан артык. Ошондуктан, сени карап отурган болчумун. Сага айтылган насаатты тез эле унуттуң”, – деди. Андан кечирим сурап: "Мени шакирттикке кабыл кылыңыз”, – деп жалбарды. Ал болсо: "Сен бул жерде кемелге жете албайсың, сенин ишиң Индияда аягына чыгарылат”, – деди. Бул заттын устазы Абдуллах Дехлеви экендиги риваят кылынган.

Бир күнү күтпөгөн жерден Индиядан Абдуллах Дехлеви хазреттеринин шакирттеринен Мирза Абдуррахим келди. Устазынын: "Мавлана Халидге саламыбызды айтыңыз, бул тараптарга дагы келсин”, – деген сөздөрүн жеткизди. Анан экөө бирге Индияны көздөй жолго чыгышты. Абдуллах Дехлеви хазреттеринин алдына баруунун сүйүнүчү менен болгон бардык нерсесин кедейлерге таратып берди. Индиянын эң улуу олуясы жана улуу Ислам аалымы Шах-и Абдуллах-и Дехлеви хазреттерине жетишти.

Абдуллах Дехлеви ага напсисинин тарбиясы үчүн даргахты тазалоо милдетин берди. Ал аалым бир зат экендигине карабастан эч каршылык көрсөтпөдү. Бираз убакыт ушул милдетти аткарып жүрүп, бир күнү устазына туш келди. Устазы анын ийиндеринен Аршка чейин үлкөн бир нурдун көтөрүлгөндүгүн жана периштелердин муну таң калып карап тургандыктарына күбө болду. Устазы анын тасаввуфта өтө бийик даражаларга жетишкендигин көрүп, дайым жанында болуусун дайындады. Ошондон кийин Халид устазы Абдуллах Дехлеви хазреттеринин жүрөгүндөгү бардык сыр жана руханий бийиктиктерге жетишти.

Абдуллах Дехлеви хазреттери: "Эй Халид, эми өз журтуңа жана Багдадга баргын. Ал жердеги адамдарды Аллаху таалага жеткизгин”, – деп буюрду. Ал болсо журтуна кайтып, иршад кыла баштады. Багдаддын акими Саид Паша зыяратка келди. Бир канча аалымдын үнсүз, баштары ийилген абалда, кызматкер сыяктуу адеп менен жанында отургандыктарын көрдү. Анын айбатын көрүп, тизелеп отуруп, титирей баштады. Жалал абалы кеткен соң Саид Пашанын титирөөсү дагы тынчыды. Андан кийин валий шакирттикке кабыл кылынды.

Аалымдардан Шейх Али Сувайди хадис аалымы болчу. Хадиси шариф санаддарында илими өтө күчтүү эле. Сынап көрүү максатында Мавлана Халид хазреттеринин алдына барды. Кутуб-и Ситтада жазылган хадистердин үчүн санаддарын атайын чаташтырып окуду. Мавлана Халид бул хадистердин чыныгы санаддарын туура окуганда дароо колдоруна жармашып, жүрөгүнө келген сыноо пикиринен тообо кылып, кечирим сурады. Ошондон кийин ал тууралуу кеп болгондо: "Мавлана Халид сырткы жана ички илимдерде чексиз бир деңиз, биз болсо бир тамчыбыз”, – дечү.

Мавлана Халид Багдади хазреттеринин көптөгөн кереметтери көрүнгөн эле. Багдадда турган кезинде Ажы Махмуд Мырза деген бир шакирти бар эле. Бул зат абдан карызга баткан эле. Бир күнү: "Устаз, карызымдын көптүгүнөн башымды көтөрүп көчөгө чыга албай калдым”, – деди. Халид Багдади: "Бир ай сабыр кылгын”, – деди. Ал: "Бир ай сабыр кылууга дагы алым калбады, устаз”, – деп эки жолу кайталады. Ошондо Мавлана Халид: "Андай болсо шалчаны көтөр дагы, канча кааласаң, ошончо ал!” – деп буюрду. Махмуд Мырза шалчаны көтөрүп, бир алтын акчаны көрдү. Алтынды алганда, анын ордунда дагы башка алтынды көрдү жана ошентип ар бир алган алтындын ордунда жаңы бир алтынды көрдү. Карыздарынан кутулганга чейин алтындардан алды.

Сулайманиянын атактуу аалымдарынын кээ бирлери Мавлана Халид Багдади хазреттерин акыл жана накыл илимдеринин эң кыйын жана назик маселелери менен сынап көрүштү. Чарасыз калып, Ирактын бардык жагынан эң улуу аалымы болгон жана хужжат-ул-ислам деген наам менен атагы чыккан Шейх Яхйа Мазури Имадиге кат жазышып: "Сулаймания аалымдары тарабынан диний дана дүнүйөлүк илимдеринин аалымы, мусулмандардын хужжаты, устазыбыз Яхйа Мазури Имади хазреттерине билдиребиз, шаарыбызда Халид деген бир зат пайда болду. Индияга барып келген соң вилаят-ы кубра жана адамдарды иршад кылмакчы болууда. Бул зат диний илимдерди окугандан кийин таштап койду. Туура эмес жолго тайды. Биз аны илим менен жеңе алган жокпуз. Улугубуз сиз болосуз! Бул тарапка бир келип, жаңылыштыкты жана зыяндарды жок кылып, аны жеңүүнүз сизге важиб. Эгер келбей турган болсоңуз, анын жаңылыш пикирлери бардык адамдарга жана башка шаарларга дагы жайылат”, – дешти.

Бул кат Шейх Яхйага жетип баргандан, кээ бир шакирттери менен бирге Сулайманияны көздөй жолго чыгышты. Шаарга жакындап калганда бардык аалымдар тосуп алууга чыгып, ар бири өз үйүнө конокко чакырса дагы аларды кабыл кылбады. Шейх: "Бир затка жолугушум керек”, – деп, Мавлана Халид Багдади хазреттеринин үйүнө карай кетти.

Шейх үйгө киргенде Мавлана хазреттери аны сыртта тосуп алып, жанына отургузду. Шейх Яхйанын көңүлүндө бир топ назик жана кыйын маселелер бар эле. Буларды сурап, сынап көрмөкчү эле. Халид Багдади хазреттери Шейхке: "Дин илимдеринде өтө татаал маселелер бар. Булардын бири мына бул, жообу болсо, мына ушул; башкасы бул, жообу тигил”, – деп, Шейхтин көңүлүндөгү бардык суроолорду жана жоопторун бирден айтып чыкты. Шейх Яхйа маселени түшүндү. Тообо кылып, шакирти болду. Шакирттеринен Ибни Абидин хазреттери: "Түнкүсүн түшүмдө Хазрети Османдын кайтыш болгонун көрдүм. Эл өтө көп болду. Жаназа намазын мен окудум”, – деп түшүн айтканда Мавлана Халид хазреттери: "Жакында мен кайтыш болом. Сен өтө көп элге баш болуп, жаназамды окуйсуң. Анткени, мен Хазрети Османдын тукумунан боломун”, – деди. Ибни Абидин хазреттери муну угуп, аябай кайгырды. Көп убакыт өтпөй Мавлана Халид кайтыш болду. Жаназа намазын Ханафи мазхабында улуу фикх аалымы болгон Сеййид Аллама Ибни Абидин хазреттери окуду. Мавлана хазреттери шакирттери жана халифаларынан болгон Сеййид Таха Хаккари хазреттерин өтө сүйчү жана ага көп дуба кылчу.

Айтты: "Нафс-и аммарадан кутулуунун белгиси - адамдардын мактоосу менен каралоосун бирдей көрүү. Адамдардын мактоосуна кубануу, караланганда кайгыруу - акылсыздык.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш