Сеййид Абдуллах Шемдини


Сеййид Абдуллах Шемдини хазреттери Рум диярында (Түркияда) жетилип чыккан улуу олуялардан эле. Силсиле-и алиййанын отузунчусу. Сеййид Абдулкадир Гейлани хазреттеринин онунчу небереси жана Сеййид Таха Хаккари хазреттеринин агасы.

Шемдинлиде жарык дүнүйөгө келген асыл, аруу жана абройлуу бир үй-бүлөдөн чыккан Сеййид Абдуллах Шемдини бала кезинен эле илим үйрөнө баштады. Доорунун усулуна ылайык алгачкы билимин алган соң Ирактын Сулаймания шаарына барып, ошол жердеги бир медреседе илим үйрөнүүнү улантты. Акыл жана накыл илимдерин үйрөнүп, чоң аалым болду. Ошол жерде окуп жатканда медреседе досу Мавлана Халид Багдади менен ага-инидей жашады. Жаратылышы жогору болгон бул эки көңүл достору сырткы илимдери үйрөнүү кезинде жүрөк жана көңүл илими болгон тасаввуфка кызыга башташты. Бул кызыгуу махабат жана ашыктык даражасына чыкты. Өздөрүн руханий жактан тарбиялай турган, ички илимдерди үйрөтүп, жетилдире турган бир жол көрсөтүүчү издешти.

Акыры издешкен жол көрсөтүүчүнү кайсы бири биринчи болуп тапса, ал улуу заттан ала турган руханий пейз жана берекенин араларында бөлүшүүгө макулдашып алышты. Бул маселеде бири-бирине убада беришти. Тактап айтканда, издешип жаткан ал улуу затты кайсы бири биринчи тапса жана тааныса, дароо досунун дагы ал затты таануусуна, ал затка байланып, пейз алуусуна себепкер болушу керек эле.

Өздөрүнө жол көрсөтө турган руханий жол башчыны издеп жүргөн кездеринде Мавлана Халид Багдади алган кээ бир руханий ишараттарга ылайык Индияга барууну чечти. Сырткы илимдерде чоң аалым болгон Абдуллах Шемдини дагы аны менен бирге бармакчы болду. Бирок, Мавлана Халид Багдади ага: "Мен барайын, ал жерден алып келе турган нерселериме сен дагы шериксиң”, – дейт. Акыры Индияга баруу үчүн Сулайманиядан жолго чыкты. Узак жана оор сапардан кийин Индияга жетип барды. Акыры Накшбандия руханий жолунун муршид-и камили Шах Гулам Али Абдуллах Дехлеви хазреттеринин хузур жана сухбаттары менен шарапаттанды. Кыска убакытта өзү татыган Пазилет жана кемелге жетти. Тасаввуф жолунда илгерилеп, олуялык даражасына жетти. Устазы ага Ислам дининин буйрук жана тыюуларын билдирүү аркылуу адамдардын дүнүйө жана акырет бакытына жетүүлөрүнө васила (ортомчу, себепкер) боло алуусу жана шакирт өстүрүүсүнө толук ижазат, диплом жана халифалык берди. Устазынын толук өкүлү катары алган пейз жана кемелдикти илим жана адептин ашыктарына берүү жана аларды жетилдирүү милдети менен Багдадга жиберилди.

Андан кийин васытасыз (себепсиз) жана васыталуу (себептүү) иршад жана фейз булагы болгон Мавлана Халид Багдади хазреттеринин руханий нуру менен жаркырай баштады. Ошентип Багдадда пейз жана нур чача турган ырайым күнү чыкты.

Сеййид Абдуллах Шемдини араларындагы макулдашууга ылайык бир канча убакыт Багдадда калган соң Сулайманияга кайтып келген Халид Багдади хазреттеринин зыяратына барды. Мавлананын Индияда алган марифат жана кемалатын көргөндө ага болгон махабаты дагы артты. Медреседе бирге окуп, дос болгондуктарына карабастан, анын сухбаттарына шакирттердей катыша баштады. Барган сайын анын эң алдынкы шакирттеринен болду. Айрым ичи тар жана көралбас кишилердин Мавлана Халид Багдади хазреттеринин алдына кирип, сөз жана жазуу менен аны каралоого, түрдүү ушак жана жалгандар менен ага көңүл байлагандардын жолуна тоскоол болууга аракет кылып жатышкан кезде Абдуллах Шемдини дайым анын жанында болду. Өзүндөгү чоң талант Мавлана Халид Багдади хазреттеринин шакирт жетилдирүүдөгү жөндөмдүүлүгүнүн биригүүсү менен кыска убакыттын ичинде бардык илимдерде жана тасаввуф абалдарына жетти. Мавлана хазреттеринин миңдеген шакирттеринин арасында эң жогоруларынан болду. Мавлана Халид Багдади хазреттери ага шакирт жетилдирүүсү үчүн уруксат берди. Мавлана хазреттеринен ижазат алгандардын үчүнчүсү болгон Сеййид Абдуллах Шемдини агасы Сеййид Ахмед Гейлани хазреттеринин уулу Сеййид Таха Хаккарини Мавлана Халид Багдади хазреттеринин сухбаттарына да алып барып, анын дагы бул жолдо кемелге жетүүсүнө себепкер болду.

Мавлана Халид Багдади хазреттери бир канча убакытка Багдадга кетти. Ал учурда Абдуллах Шемдини шакирттерди жетилдирүү менен алек болду. Кийин кайра Сулайманияга кайткан Мавлана Халид Багдади хазреттери адамдарга Ислам дининин буйрук жана тыюуларын үйрөтүүлөрү үчүн түрдүү шаарларга жиберген шакирттери сыяктуу Сеййид Абдуллах Шемдинини дагы Шемдинлиге жиберди. Сеййид Абдуллах Шемдини Шемдинлиге жакын Нахри айылына жайгашты. Нахриде медресе жана даргахтарды куруп, шакирттерди жетилдире баштады. Түркия, Иран жана Ирактын түрдүү жерлеринен илим мажилисине жана сухбаттарына келген көптөгөн адамдарды сырткы жана ички илимдерде жетилдирди. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан баштап олуя жана аалымдар билдирген, жашаган Ислам дининин көркөм ахлагын адамдарга түшүндүрүп берди. Өзгөчө адеп жана ахлактан узак болгон көчмөн урууларды таасир чөйрөсүнө алып, алардын оңолууларына себепкер болду. Аларга түшүнүктүү деңгээлде насааттарды айтып, туура жолго жетүүлөрүнө себепкер болду.

Мавлана Халид Багдади хазреттери ал тууралуу Сеййид Таха Хаккариге: "Сеййид Абдуллах кандай жакшы шейх. Анда эч кандай кемчилик жок. Жалгыз бир эле кемчилиги анын мункири, т.а., каршысына чыгып, анын улуктугун четке кага турган адамдардын жоктугу”, – деген эле.

Дагы айтат:

"Мени Сеййид Абдуллах жана Сеййид Тахадан жогору көрбөгүлө.”

Сахабалары: "Алар сиздин шакирттериңиз го, эмнеге мындай деп жатасыз?” – деп сурашканда: "Алар канзадалар. Убагы келгенде падыша болушат. Биз болсо бираз убакыт алардын тарбиясы менен алек болгон жана мындай чоң милдет берилген бир мугалим ганабыз. Мугалим падыша боло турган канзаадалардан жогору боло алабы?” – деди.

Өмүрүн илим, Ислам динин үйрөнүүгө жана үйрөтүүгө сарптаган жана көптөгөн кереметтери көрүлгөн Сеййид Абдуллах Шемдини хазреттери Шемдинлинин Нахри айылында кайтыш болду. Нахри көрүстөнүнүн кире беришинде жерге коюлган. Кабырынын үстүндө жөнөкөй күмбөз курулган. Ыйык кабыры сүйгөндөрү тарабынан зыярат кылынууда, ашыктары дуба кылып, куттуу рухунан пейз алышууда. Аны себепчи кылып, дуба кылган адамдардын материалдык жана руханий дарттарына дарман тапкандыктары көп жолу сыналган.

Шемдинлинин Нахри айылында алгачкы жолу иршад жана пейз булагы болгон Сеййид Абдуллах Шемдини шафии мазхабы фикхында жана башка илимдерде терең аалым болуп, улуу олуя, пайгамбардык сырларынан кабардар жана Хазрети Османдын көркөм ахлагын эстетүүчү ахлак ээси болуп, уяттуулук жана адептин булагы эле. Сухбаттары оорулуу рухтарга азык, көз караштары көңүлдөргө шипаа эле. Адамдардын дүнүйөдө жана акыретте кутулууларынын, бактылуулук эшигинин ачкычы эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш