Сеййид Таха Хаккари


Сеййид Таха Хаккари хазреттери Түркияда жашаган улуу олуялардан эле. Силсиле-и алиййанын отуз биринчиси. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын тукумунан болуп, Сеййид Абдулкадыр Гейлани хазреттеринин он биринчи небереси. Мавлана Халид Багдади хазреттеринин халифаларынан. 1853-жылы Шемдинлиге жакын Нахри айылында кайтыш болду. Кабыры ошол жерде болуп, зыярат кылынып, пейз жана берекеттеринен пайдаланылууда.

Асыл жана аруу үй-бүлөдөн чыккан Сеййид Таха Хаккариде бала кезинен улуктук жана кемелдик абалдары көрүнүп, зээни, талант, вакар жана айбаты менен бардык адамдардын көңүлүн өзүнө тартчу. Аны көргөн ар бир адам келечекте улуу бир зат болушун айтчу. Бала кезинде Курани каримди хатм кылды жана жаттады. Анан илим үйрөнө баштады. Сулаймания, Керкук, Ирак, Эрбил, Багдад сыяктуу илим борборлоруна барып, атактуу аалымдардан тафсир, хадис, фикх сыяктуу сырткы илимдерди, доорунун так жана адабият илимдерин үйрөндү.

Сеййид Таха Хаккари шакирттик кезинде бир күнү Багдадга жакын жерде өтө аз агып жаткан сууда даарат алып жаткан болчу. Достору: "Бул суу өтө аз, бул суу менен даарат алууга болбойт”, – деп айтышканда: "Бул маъи жари, б.а., агын суу. Динибизде мындай суу менен даарат алууга уруксат берилген. Силер илим шакиртисиңер, муну билесиңер. Жада калса, бул сууда балык да жашайт”, – деп, колун сууга батырып чыгарды. Досторуна: "Карагыла, бул сууда чоң балыктар бар экен”, – деп, колундагы балыкты көрсөттү. Бул улуу кереметти көргөн достору: "Мындан кийин сен эмне кылсаң кыл, эми сага башка каршы чыкпайбыз”, – деди.

Хижри он үчүнчү кылымдын кутбу болгон Мавлана Халид Индияга барып, Гулам Али Абдуллах Дехлевиге жетишип, өзү татыктуу болгон пазилет жана кемелдикти алды. Анан Аллаху тааланын кулдарына туура жолду көрсөтүп, Хакка жеткирүү үчүн мекенине кайтты. Бүт жак Мавлананын жүрөгүнөн тараган нурлар менен жарык боло баштады. Ал арада досу болгон Сеййид Абдуллах дагы Сулайманияга келген Мавлананы зыярат кылууга медресеге барган болчу. Аалымдын сухбаттарына бираз убакыт катышып, кемелге жетти жана халифа-и акмали, б.а., эң кемел халифасы болду. Мавлана Халид Багдадиге тууганынын уулу Сеййид Таханын өтө күчтүү таланты тууралуу айтты. Мавлана Халид Багдади хазреттери кийин келгенде аны өзү менен бирге алып келүүсүн дайындады. Сеййид Абдуллах экинчи зыяратында иниси Сеййид Таханы дагы бирге алып келди. Мавлана хазреттери Сеййид Таханы көрүп эле ага Абдулкадыр Гейлани хазреттеринин кабырына барып, истихара кылуусун буюрду. Сеййид Таха күмбөздүн жанындагы имаратта истихара кылды. Чоң атасы Абдулкадыр Гейлани хазреттери: "Мавлана Халид доорунун аалымы, олуялардын улугу. Дароо анын алдына барып, таслим бол, анын буйругуна моюн сун!” – деп буюрду.

Сеййид Таха чоң атасы Сеййид Абдулкадыр Гейлани хазреттеринин руханий буйругу жана уруксаты менен Мавлананын алдына келди. Бул ошондой бир келүү эле; өтө аз адамдарга насип болгон. Кандай баа жеткис илимдерди ала тургандыгы ушул келишинен белгилүү болчу. Мавлана Сеййид Таханын жетилип кемелге жетишине, көз көрбөгөн, кулак укпаган жүрөктөр түшүнө албаган даража-мартабаларга көтөрүлүүсүнө устазы астейдил химмат көрсөтүп, жардам берди. Кийинчерээк доорунун эң чоң аалымы жана олуясы боло тургандай кылып тарбиялады. Рыязатында бир да кемчилик кылган жок.

Мавлана хазреттери жетилдирүү жана тарбия учурунда Сеййид Таханы тоодон таш алып келүүгө жиберген болчу. Бул нерсе шакирттеринин арасында таңданууга себеп болуп: "Устазыбыз Мавлананын Расулуллахтын ахл-и байтына (үй-бүлөсүнө) урматы өтө бийик болгонуна карабастан Сеййид хазреттерин тоого жиберишинде кандай сыр бар?” – дешчү. Хазрети Мавлана болсо бул маселе тууралуу бир нерсе дечү эмес.

Сеййид Таха хазреттери Мавлана Халид Багдади хазреттеринин жанында сексен күн калган болгон соң олуялыкта өтө бийик даражаларга жетти. Кашф жана керемет ээси болуп, толук халифа болуу шарапатына ээ болду.

Сеййид Таха хазреттери халифалык шарапатына ээ болуп, Бардасырга бара турган кезде Мавлана аны чоң бир жамаат менен узатты. Коштошкон соң Сеййид Таха Мавлананын кеткендигин сезип, атына минмекчи болгондо, үзөңгүнү бирөө кармап турганын байкады. Караган кезде устазы Мавлана экенин көрүп: "Астагфируллах”, – деп артка чегинди. Мавлана Сеййид Таха хазреттерине: "Бир кездерде напсиңизди тарбиялоо үчүн сизге тоодон таш ташыттым эле. Эми Расулуллах алейхиссаламдын Ахл-и байтына болгон урматыман улам үзөңгүңүздү менден башкасы кармай албайт. Сиз дагы мындан кача албайсыз”, – деди. Сеййид Таха ыңгайсыз болуп, "Буйрук адептен жогору турат” сөзүнө баш ийип, атына минди. Бир канча убакыт миңдеген аалым, шакирт жана эл катышкан узатуу аземи астында жүрдү. Анан Мавлана токтоду. Колундагы тизгинди Сеййид Тахага берип: "Мындан ары тизгиниңиз өз колуңузда. Тарбия жана илим үйрөнүүңүздө бир да кемчилик  кылган жокмун. Аллаху таала жардамчыңыз болуп, улуктардын рухтары колдосун”, – деди. Сеййид Таха Хаккари хазреттери Мавлана Халид Багдадинин халифасы катары Бардасурга барды.

Агасы Сеййид Абдуллах Нахриде шакирт жетилдирүү менен алек болуп турган кезде, ал жерге өтө жакын болгон Бардасур айылына Сеййид Таханын жиберилишинин сырын түшүнбөгөн айрым адамдар: "Мындай эки улуу халифанын бир жерге жиберилишинин себеби эмне?” – деп айтышчу. Муну аз убакыттан кийин Сеййид Абдуллах кайтыш болгон соң түшүнүштү. Мындай ары ал жердин эли тарабынан Сеййид Бузург (Улуу устаз) деген наам менен таанылган Сеййид Таха хазреттери Нахри айылына келип, иршад кыла баштады. Ал жерде кырк эки жыл илим шакирттерине, Хак ашыктарына жана Хакты издегендерге илим, пейз жана нур чачты. Ашыктары узак-жакындан көпөлөк сыяктуу бул иршад жана нур булагынын тегерегинде чогулушту.

Сеййид Таха хазреттеринин сухбаттарынын берекети менен көптөгөн адамдар Аллаху тааланын ыраазычылыгын табышты. Аны көргөн мусулман же мусулман эмес адам ошол заматта Аллаху тааланы эстечү.

Каршы чыккан жана бидатчылардан сактануу маселесинде мындай деген болчу:

"Мункирден (каршы чыккандан, кабыл кылбай четке каккандан) жана бидат элинен арстандан качкандай качкыла! Мункирдин нанын жеген адамдын жүрөгү кырк күн зикир кыла албайт. Бул мункирлер Расулуллахтын доорунда болгондо Ал затка ишенишчү эмес.”

Сеййид Таха Хаккари хазреттери опаа менен садакатта (бектик, берилгендикте) Хазрети Абу Бакр Сыддык, шажаат, кайраттуулук менен адилеттүүлүктө Хазрети Омар, хая (уяттуулук) менен жумшактыкта Хазрети Осман, вилаят-и кубрада Хазрети Алини (радыйаллаху таала анхум) тамсил кылчу (өкүлү болчу). Расулуллахка жакын болгон сахабалардын бириндей болчу.

Салабаттуулугу жана айбаттуулугунан тегерегиндегилер куттуу жүзүнө тике карай алышчу эмес. Жүзүндөгү айбаттуулук нуру он төртүнчү кечедеги ай сыяктуу көздөрдү нурданчу. Жазы маңдай, каштары калың, эки кашынын арасы ачык, ыйык көздөрү кара, жүзү тоголок, калың сакалдуу, орто бойлуу эле. Көнүл ээлери аны көрөр замат затына руханий жактан ашык болушчу. Сухбаттарына катышкандар ашыктыкта эстен танып калчу. Нахри айылына кирип барганда пейз жана махабаттын жыпар жыттары акылдуу болгон жана көңүл ээлерин ээлеп алчу. Зыяратчылар дааратсыз Нахриге кире алышчу эмес.

Сеййид Таха хазреттери тахажжуд намазын көбүнчө өзүнүн үйүндө, кээде мечитте окучу. Кушлук (күн чыккандан кийин түшкө чейин окулчу) намазды ар дайым мечитте окучу. Күндө медреселерди текшерип, мугалим жана шакирттеринин окуусун көзөмөлдөп турчу. Мугалимдердин кыйын маселелерин чеччү. Нахри кумурсканын уясындай салихтер жана шакирттер менен кайнап турчу. Миңдеген көңүл ээлери пейз алуу үчүн баштарын ийип, бул даргахка агып келишчү. Күнү-түнү бул жердин зикир, пикир, ибадат жана таатсыз бир мүнөтү дагы бекер өтчү эмес. Сеййид Таха хазреттери даргахка келгенде ал жердегилердин баарынын жүрөгү бермет чачкан сөздөрүнө байланчу.

Аср намазынан кийин "Хатми хажагани кабир”, кийин Имам Раббани хареттеринин "Мектубат” китеби окулчу. Сеййид Фахим хазреттери Нахриде болсо ага, болбосо ардактуу күйөөсү жана халифасы Сеййид Абдулахад хазреттерине окутчу.

Мында кээ бир сөз жана сүйлөмдөргө жасалган кеңири түшүндүрмөлөр сухбаттарынын негизин түзчү. Нахриде коноктор, мисалы, баш вазир болсо дагы шам менен куптандын арасында тамактанууга танапис берилчү эмес. Ал убакыт зикир, пикир жана ибадат менен өтчү. Кечки тамак шам намазынан мурда желчү. Мухлистери жана шакирттеринен эч кимди унутчу эмес, ар биринин ал-абалын сурачу. Кимдин бир көйгөйү болсо дароо аны чечүүгө аракет кылчу. Сыла-и рахмга, туугун-тууштарын зыярат кылууга маани берчү, муктаждардын муктаждыктарын кетирчү. Устазынын осуятына ылайык, өкмөт адамдары менен байланышта болбой, бир гана айрым мусулмандарга зыяна тийбеши үчүн аларга кат жазып турчу. Чындыгында Султан Абдулхамид хандан баштап бардык өкмөт адамдары ал заттын ар бир буйруктарына даяр турушчу.

Сеййид Таха Хаккари хазреттеринин өтө көп кереметтери бар.

Түндөрдүн биринде бир ууру Сеййид Таха хазреттеринин кампасына кирип, бир кап ун уурдамакчы болду. Капты толтурду, бирок, аны көтөрө албады. Жарымын төгүп салды, бирок, баары бир көтөрө алган жок. Бираз дагы төктү. Дагы көтөрө албады. Ошол тапта Сеййид Таха хазреттери кампага кирип келип: "Эмне болду, капты көтөрө албай жатасыңбы? Сага жардам берейин”, – деди. Ууру муну угуп, жыгачтай катып калды жана эч нерсе айта алган жок. Сеййид хазреттери капты көтөрүп, уурунун артына жүктөгөн соң: "Муну ал да бул жерден кет, биздин адамдарыбыз көрбөсүн. Көрүп калышса сага кысым көрсөтүшөт. Эми дагы кандайдыр бир муктаждыгың болсо кампага эмес, бизге келгин!” – дегенде ууру тообо кылып, берилген шакирттеринен болду.

Устазы Мавлана Халиди Багдади хазреттери ага жазган бир катында айтты: "Аллаху таала жүрөгүмүн сүйүктүүсү Сеййид Таханы фена жана бэка мартабаларынын аягына жеткизүү шарапатына ээ кылсын! Бул факирге махабат жана ыкылас менен байланганыңызды билдирген катыңыз жетип келди. Улуу Накшбандия жолунда кызмат кылып жаткандыгыңыз жана Курани каримди бир усул менен хатм кылып жаткандыгыңыз тууралуу кабарга абдан кубандым. Ыкыластуу болуу шарты менен адамдар сиздин себебиңиз менен Аллаху таалага ибадат кылуу, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын сүннөти саниясын орундоо сыяктуу эмне иш кылышса дагы, алар тапкан сооптой сиздин амал дептериңизге дагы сооп жазылат. "Жакшы жол ачкан адамга ачкан жолунун сообу берилгендей бул жолдо жүрө тургандардын дагы сообу берилет. Муну менен катар алардын сообу кымындай да кемибейт” хадиси шарифи бул сөзүмө ачык далил. Сизге Аллаху тааланын саламы, рахмат жана берекети болсун. Кулдардын эң алсызы Халид Накшбанди.”

Сеййид Таха Хаккари хазреттери шакирти Сеййид Сыбгатуллах Арвасиге фарси тилинде жазган бир катында мындай деген болчу: "Эки нерсени коргоо зарыл. Булар диндин ээсине толук байлангандык жана устазына ыкылас менен махабат. Бул эки нерсе болсо эмне берилсе дагы нимат. Бул экөө кубаттуу болсо, башка эч нерсе берилбесе дагы таарынбаш керек. Аягында баары бир берилет. Эгер, Аллах сактасын, бул эки нерсенин биринде кемчилик болсо, муну менен бирге абалдар менен завктар берилсе, буларды истидраж деп билүү керек. Туура жол мына ушул. Аллаху таала ийгиликтүү кылсын!”

Ирактан эки сеййид жигит белектерди эки качырга жүктөп, Нахриге Сеййид Таха хазреттерине алып баруу максатында жолго чыгышты. Харунан айылынан өтүп баратышканда Сеййид Таха хазреттеринин улуулугун четке каккан Муса бей деген киши качырларды жүктөрү менен кошо тартып алды. Жигиттер ыйлаган бойдон Нахриге кирип барып, Сеййид Таха хазреттерин кабардар кылышты. Сеййид Таха хазреттери Муса бейге кабар жиберип: "Бул качырлардын жүктөрү мага тийиштүү болгондуктан жүктөр сеники болсун. Бул жаш жигиттер сеййиддерден. Аларга ырайым кыл, качырларын кайтарып бер”, – деди. Муса бей айтылган сөздөрдү кулагына илбей, качырларды кайтарып бербеди. Экинчи жолу кабар жиберип: "Менин наамым жана урматым үчүн берсин”, – деп суранды. Муну дагы кулагына илбеген соң Сеййид Таха ачууланып: "Кана, Жума келсин, анын бербегенин көрөбүз”, – деди. Жума түнү Нахриден шакирттери барып, иштин натыйжасын күтүштү. Бей мейманканасында достору менен Сеййид Таханын олуялыгын четке кагып, бул тууралуу сүйлөп отурган эле.

Бул фыск мажилисинен кийин жатаканасына кирип жатаары менен ашказанында оору пайда болуп: "Ичим!.. Ичим!..” – деп өлүп калды. Жагдайды түшүнгөн тогуз уулу дароо качырларды жүктөрү менен Нахриге алып барып тапшырышты жана Сеййид Тахага жалбарышты: "Ырайым кылып атабыздын жаназасында болуп, дуба кылыңыз!” Аларга жооп катары: "Менин ал жерге баруумдун ага эч кандай пайдасы жок”, – деди. Перзенттери жалынып-жалбарышып койбоду. Акыры Хазрети Сеййид ордунан туруп, жаназага барды. Өлүктүн капкара болуп калганын көрдү. Жаназадан кийин Сеййид Таха: "Менин келгенимен кымындай да пайда көргөн жок”, – деди. Аллаху таала бир сеййидди акарат кылуунун, аны таарынтуунун жазасын берди. Муну баары ачык-айкын көрдү.

Ван шаарынын Гүрпынар районунан бир зат Нахриге келип, Сеййид Таханын шакирти болууну каалады. Кабыл кылынган соң артына кайтып, үйүнө барды. Шакирт болгонунан бир нече күн өтүп, малдарынын бир бөлүгүн карышкыр жеп кетти. Шайтан: "Бул устазга шакирт болуу сага жарабады, пайдасы болбоду”, – деп васваса берди. Бул шакирт акыры Сеййид Таха хазреттеринин ага белек кылып берген теспесин кайтарып берүүсү үчүн Куса Халиф деген устазынын халифасына таштап келди. Ниети устазынан айрылуу эле. Теспени Сеййид Таха хазреттерине беришкенде ал зат бир гана жылмайып койду. Арадан айлар өткөн эле. Бир күнү Сеййид Таха хазреттери бешим намазына туруп жатканда капыстан колдорун алдына узатып силкинтип: "Жогол , эй лаъин (наалаттуу)!” – деп намазын баштады. Намаздан кийин Куса Халифа: "Устаз, колдоруңузду силкүүңүздүн максаты эмне эле?” – деп сурады. Сеййид хазреттери: "Гүрпынарда бир мусулман сакаратта (өлүм абалында) экен, шайтан алайхилаъна анын ыймансыз кетүүсү үчүн аракет кылып жатты. Улуулардын берекети менен жок кылынды. Ал адам ыйман менен жан тапшырды”, – деп жооп берди. Халифа Куса: "Теспени кайтарып берген кишиби?” – деп сурады. Сеййид Таха: "Ооба, ошол”, – деди. "Устаз, эмнеге жардам бердиңиз, ал адепсиздик кылып, белегиңизди кайтарып берген болчу”, – дегенде: "Мейли, ал бир кездерде бизди бираз болсо дагы сүйгөн болчу”, – деп жооп берди.

Сеййид Таха хазреттери өзүн Мавлана Халид Багдади хазреттерине алып барган ардактуу агасы Сеййид Абдуллах хазреттерине бул улуу ниматтын шүгүрү иретинде дайым урмат жана кызматта болду. Аны дайым жакшылык менен эскерди жана рухуна өтө көп соопторду багыштады. Мындан сырткары: "Кайтыш болсом, кабырымды көрүстөндүн эң үстүнкү жагына казгыла. Анткени, мени зыярат кылып келгендер агам Абдуллах хазреттеринин кабыры аркылуу өтүүгө мажбур болушсун. Ошентип, ал затты дагы зыярат кылып, рухуна соопторду багышташсын”, – деди. (Бул көрүстөндүн ичинде бир эле жол бар болчу. Сеййид Абдуллахтын кабыры кире бериште эле. Сеййид Таха хазреттеринин көрүнө бармакчы болгон адам Сеййид Абдуллахтын көрүнүн жанына өтүшү керек.)

Бир күнү Сеййид Таха хазреттери Сеййид Сыбгатуллахка айтты:

"Молдо Сыбгатуллах! Устазга махабат жана аны менен сухбат бардык нерседен жогору турат. Анткени, устаз кемел мартабаларынын эң бийигине жеткизүү жана ага марифаттарды берүү менен шакиртинин көңүл оорусун дабалайт.”

Дагы айтат:

"Шах-и Накшбанд хазреттери жолдун негизин кутман сахабалардын жолунун үстүнө курган. Алар Расулуллахтын махабаты менен жетилгендей, бизге дагы устазга болгон махабат жетиштүү.”

Бир халифасына мындай деди:

"Элге алгач ишарат менен мамиле кыл, бул пайда бербесе, сөз менен айт. Бул дагы пайда бербесе, андан баш тарт. Сен бирөөдөн баш тартсаң Расулуллахка чейин бардык Силсиле-и алиййа улуктары андан баш тартат.”

Түрдүү убакыттарда сухбаттарында мындай деп айтчу:

"Амалдарыңарды ужб (өзүн өзү жактыруу, ибадаттарын жактыруу) менен орундоо аркылуу эч качан текке кетирбегиле! Биздин жолубуздагы жолчулардын пайдалары эне-аталарына дагы тийет.”

Таха Хаккари хазреттери Нахриде өткөргөн кырк эки жыл боюнча Ислам дининин буйрук жана тыюуларын адамдарга билдирип, алардын дүнүйө жана акыретте кутулуулары үчүн тынбай аракет кылды. Бардык устаздары сыяктуу Исламдын көркөм ахлагын туш тарапка жайды. Саясатка аралашкан жок. Көптөгөн олуяларды жетилдирип, аларга халифалык берип, Ислам дининин буйрук жана тыюуларын жайуу менен милдеттендирди. Халифаларынын эң атактуулары: иниси Сеййид Мухаммед Салих, Сеййид Сыбгатуллах Арваси, Сеййид Фахим Арваси. Булардан башка халифалары да бар.

Сеййид Таха Хаккари хазреттери 1852-жылы аср убагында Харам Чашмасы делген бакта шакирттери менен сухбат кылып жаткан. Сухбат маалында эки кат келди. Буларды ардактуу күйөө баласы Абдулахад Мырзага окуткандан кийин: "Абдулахад! Атак бул – апаат. Эми биздин бул жарык дүнүйөдөн кете турган убагыбыз келди”, – деди. Абдулахад: "Тынччылыкпы устаз? Шамдан келген бул эки кат эмне эле?” – деди. Ошол күнү сухбаттан кийин куттуу бөлмөсүнө кирди жана ооруп калды. Он бир күн ооруп жатты. Катуу ооруп жаткандыгына карабастан намаздарын мүмкүн болушунча өйдө туруп окууга аракет кылды. Оорусунун он экинчи Ишенби күнү шакирттери жана жакындарынан ыраазычылыктарын алып, коштошту жана осуятын калтырды. Иниси Сеййид Салих хазреттерин чакыртты. Ал тууралуу: "Иним Салих кемел олуя. Баарынын башы анын этегинин астында”, – деди. Ордуна иниси Салих хазреттерин халифа кылып калтырды. Аср убактысы шакирттери Ясин шариф окуп турган учурда ыйык рухун калима-и тавхид айтып тапшырды.

Кабыры Нахриде. Аны сүйгөн ашыктары алыс жерлерден келип, ыйык кабырынан тараган нурлардан, пейздерден берекеттенип пайдаланышууда.

Сен издеген нерсе бул даргахта жок

Мусул жактарда шейхтик кылып жүргөн бир киши шакирттеринин бирине Сеййид Таха хазреттеринин жанына барып: "Сеййид Тахага сүннөткө туура келбеген бир нерсени кылдырбай артыңа кайтпа!” – деди. Шакирти Нахриге барды. Аср намазынан кийин Сеййид Таха хазреттеринин мечиттин эшигинин астында турган бут кийиминин сол жубун бираз алысыраак тартып койду. Муну менен мечиттен оң бут менен чыгуусун жана ошентип сүннөткө ылайык болбогон бир иш кылдырууну пландаган болчу. Бирок, Сеййид Таха хазреттери адамдардын арасынан ал кишиге: "Сен алган бут кийимди дароо ордуна кой! Сен издеген нерсе бул даргахта жок”, – деди.

Аса жана таяк

Харки уруусунан Молдо Абдуллах деген бир мугалим эки шакирти менен Нахриге зыяратка келе жатканда жолдо сайдын жээгине дем алуу үчүн токтошту. Молдо Абдуллах сүйлөп жатып шакирттерине: "Баары Нахриге даарат алып барат. Эч ким дааратсыз айылга кирген эмес. Мен ушул адатты бузуп, дааратсыз барам”, – деди. Шакирттери: "Устаз, биз дагы адатты бузбай, даарат алган абалда баралы”, – деген болушса дагы: "Эмне, бул диндин буйругубу? Мен кылбайм”, – деди. Колу-бетин жууп жатканда колтугундагы асасы сууга түшүп кетти. Колун созуп, асасын алмакчы болгондо Аллахтын хикматы, аса анын колу-бетине урулуп, бетин канга боёду. Анан аса көздөн кайым болду. Мугалим Мавлана тууралуу айткандарына өкүндү. Жаракаттарын таңып, даарат алды. Нахриге барды. Сеййид хазреттеринин алдына кирип, асасынын дубалда асылып турганын көрдү. Асаны карап унчукпай турганда Сеййид Таха хазреттери: "Менимче, мына ушул асадан таяк жедиңиз окшойт”, – деди. Молдо Абдуллах кылган ишине өкүнүп, тообо кылды. Шакирти болуу менен сыймыктанды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш