Сеййид Мухаммед Салих


Сеййид Мухаммед Салих хазреттери Осмон халифалыгы учурунда Түркияда жетилип чыккан олуялардын эң улуктарынан. Силсиле-и алиййанын отуз экинчиси. Улуу олуя Сеййид Абдулкадир Гейлани хазреттеринин он биринчи небереси жана Таха Хаккари хазреттеринин иниси жана сеййиддерден болуп саналат. 1865-жылы Нахриде кайтыш болду. Кабыры агасы жана устазы болгон Сеййид Таха Хаккари хазреттеринин буту тарабында.

Сеййид Салих кичине жашынан Курани каримди окууну үйрөндү. Өтө зээндүү эле. Кыска убакытта Курани каримди жаттады. Медресеге барып, тафсир, фикх сыяктуу захири (сырткы) илимдер менен бирге доорунун так жана адабият билимдерин дагы үйрөнүп, чоң аалым болду. Тасаввуфта дыга жетилип, жүрөк илимдеринде марифат ээси болуу үчүн агасы Сеййид Таха Хаккаринин сухбаттары менен шарапаттанды. Бир нече жылдар кызматында болду. Ыйык таважжухтарына жетти. Олуялык даражаларында абдан көтөрүлдү. Устазы ага ижазат берип, шакирт тарбиялоо үчүн Бардасурга жөнөттү. Сеййид Салих хазреттери ал жерде шакирттерге сабак бере баштады.

Сеййид Таха хазреттеринин өлүмү жакындаганда "сизден кийин бул орунга кимдин отурушу ылайыктуу болот?” деп сурашканда "Иним Салих кемел жана жетилген. Башкалардын башы анын этегинин астында” деп Сеййид Салихти көрсөткөн болчу. Сеййид Салих оорулуу көңүлдөргө шипаа болгон сухбаттары менен көптөгөн ашыктардын кемелге жетишине, Хакка жакындап, олуялык даражасына жетүүсүнө себепкер болду.

Сеййид Салих хазреттери махабат жана адеп ээси болуп, вараъ жана такыбаасы күчтүү эле. Харамдардан катуу сактанып, күмөндүү болгон мубахтардын дагы көбүн таштачу. Күндөрүн көбүнчө орозо кармап өткөрчү. Түндөрүн ибадат менен өткөрүп, түшкө жакын кайлула кылып, ыйык сүннөткө баш ийчү. Өтө мээримдүү болуп, эч кимди таарынтчу эмес. Адамдардын Тозокто күйбөшү үчүн колунан келгенче аракет кылып, Аллаху тааланын буйруктарын билдирип, харамдардан сактануусун камсыз кылчу. Жада калса, гайримуслимдерге (мусулман эместерге) дагы жакшылык кылчу. Ошондуктан, кандай ишенимде болсо болсун баары ал затты сүйчү.

Сеййид Таха хазреттеринин уулу Убайдуллах атасынын ордуна отурган агасы Сеййид Салих хазреттерине шакирт болбой, башка халифасы Сеййид Фахим хазреттерине шакирт болууну каалайт. Фахим Арваси болсо ага: "Ардактуу атаңыз өзүнүн ордуна Сеййид Салих хазреттерин калтырган болчу. Ошондуктан, биз дагы, сиз дагы анын сухбатына барып, ага моюн сунушубуз керек”, – дейт. Убайдуллах ага карабастан каршы чыкты. Ошондо Фахим Арваси: "Ардактуу устазыбыздын кабырына барып сурайбыз. Эмнени буюрса ошону аткарасыңбы?” – дейт. Ал: "Ооба”, – деп жооп берет. Көрүстөнгө кире бериште бут кийимдерин чечип, кабырдын жанына барышты. Эч нерсе айта электе Таха Хаккари хазреттеринин: "Фахим Убайдуллахты иним Салихтин алдына алып бар”, – деп буюргандыгын угушат. Убайдуллах атасынын бул буйругун угуп, дароо агасынын алдына чуркайт. Сеййид Салих 1865-жылы ооруп калды. Шакирттерин жыйнап, ар биринен ыраазычылык сурап, коштошту. Осуятын калтырып: "Кабырымды агам Сеййид Таха хазреттеринин ыйык кабырынын бутунун учу тарабында казгыла. Адепке баш ийип, кабырда дагы ыйык буттары башымдын үстүндө турган абалда болуусун камсыз кылгыла. Бизден кийин Сеййид Фахимге моюн сунгула!” – деди. Анан шакирттери Курани карим окуп жаткан учурда кайтыш болуп, сүйгөндөрүнө жетти. Осуятын так аткарышты. Кабырын устазынын бутунун учу тарабынан казышты. Азыр бул эки кабырда үч кабыр ташы бар. Атап айтканда, Сеййид Таха хазреттеринин бутунун учундагы таш Сеййид Салих хазреттеринин баш ташы.

Сеййид Мухаммед Салих хазреттеринин өлүмүнөн кийин ордуна Сеййид Фахим Арваси хазреттери өтүп, милдетин улантты. Адамдарга Ислам дининин буйрук жана тыюуларын үйрөтүп, алардын кутулууларына себепкер болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш