Сеййид Сыбгатуллах Хизани


Сеййид Сыбгатуллах Хизани хазреттери Осмондуктардын доорунда жашаган аалым жана олуя болуп, Сеййид Таха Хаккари хазреттеринин шакирттеринен. 1870-жылы кайтыш болду. Кабыры Хизандын Гайда айылында.

Жаштайынан баштап илим үйрөндү. Атасы Сеййид Лутфуллах мырза анын жетилүүсү үчүн көп аракет кылды. Өтө зээндүү болгон Сеййид Сыбгатуллах кыска убакытта калам, тафсир, хадис, фикх сыяктуу захири илимдерди үйрөндү. Доорунун так илимдеринде дагы адис болду. Бидаттан узак болуп, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын сүннөтүнүн негизинде жашоого аракет кылды. Тасаввуфка катуу кызыкты. Көптөгөн аалым жана олуялардын илим мажилистеринде, сухбаттарында болду. Ван шаарына барып, Сеййид Мухйиддин мырзанын кызматына кирди. Сеййид Сыбгатуллах устазы берген милдеттерди аткаруу үчүн болгон күчү менен аракет кылды. Оор риязаттарды жана мужахадаларды тартты. Б.а., напсинин каалагандарын кылбай, каалабагандарын кылып напсин тарбиялады. Көп жылдар устазынын кызмат жана сухбаттарында болду. Акыры бир күнү устазы ага: "Кайтыш болгон олуялардан пайдалана турган мартабага жеттиң”, – деди. Сеййид Мухйиддин кайтыш болгон соң Шах Халид Жазринин алдына барды. Ал мубарек заттын жанында кайтыш болушуна чейин сухбаттарында болду. Анан Сеййид Таханын Молдо Мурад Хуруси аркылуу жиберген "Өз үйүңө кайт!” деген кабарына ылайык Таха Хаккаринин шарапаттуу кызматына келип, чыныгы жана негизги үйүнө кайтты. Анын баа жеткис сухбаттарын чөлдө суусаган адамга берилген суудай рухуна жашоо берүүчү абалда тапты. Сеййид Таха хазреттери Расулуллах алейхиссаламдан устаздары аркылуу келген пейз-берекеттерди анын жүрөгүнө куйду. Көңүл көзү ачылып, бийик мартабаларга жетти. Устазы Сеййид Таха хазреттери кайтыш болгон соң анын халифасы Сеййид Салих хазреттеринин сухбаттарына катышты. Сеййид Сыбгатуллах Хизан жана Гайдада адамдарды иршад кыла баштады жана адамдарга Ислам дининин буйрук жана тыюуларын үйрөттү. Сухбаттарына катышып, бир таважжухун алган кишинин жүрөгүнө Аллаху тааланын махабаты дароо жайгашчу. Диндин буйруктарына бекем моюн сунуп, тыюуларынан сактанчу.

Мындай деп айтчу:

"Шакирт тоос кушундай болушу керек. Бирок, өзү кооз канаттарын, көп түстүү парларын эмес кара бутун карашы керек. Напсин кемчиликтүү деп билмейинче максатка жетүү мүмкүн эмес. Өзүн ушундай деп билбегендик чоң күнөө. Махабат, ыкыластуу амал жана кайрат шакирт болуунун шарттары. Булардын биринин кемчиликтүү болушу руханий балакеттин белгиси.”

Олуянын абалдарын билүү жана тыңдоо тууралуу айтат:

"Олуялардын өмүр баяндарын тыңдоо махабатты арттырат. Кутман сахабалардын өмүр баяндары ыйманды кубаттандырат, күнөөлөрдү жууйт.”

Сеййид Таха хазреттери ага жазган катында: "Шакирттин устазына болгон ыкылас жана махабаты күчтүү, моюн сунушу туура болсо, бирок, абал эси болбосо зыяны жок. Ал эми бул үч иштен биринде кемчилик болуп, абал дагы бар болсо Аллах сактасын, бул истидраж. Бул шакаваттын белгиси болуп саналат”, – деген болчу. Бул каттагы маани ушунчалык терең; бир жыл бою бардык насааттарын мына ушул сөздөр менен баштаган болчу.

Өлүмүнөн мурун айтты:

"Максат Ислам дини билдирген жолдо туруктуу болуу. Бидаттан жана Исламга каршы болгон амалдардан пейз алынбайт. Тасаввуф Исламга моюн сунуу дегенди билдирет. Исламга моюн сунбастан олуялыкка жетүүгө болот деген адам бузук жана зындык (ыймансыз). Намаздардан кийин дароо истигфар окугула. Ислам дини билдирген нерселерге баш ийбеген жана сүннөттөрдү таштаган адам пир, муршид, рахбар, б.а., динде жол көрсөтүүчү боло албайт.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш