Сеййид Фахим Арваси


Сеййид Фахим Арваси хазреттери Түркиянын чыгышында жетилип чыккан улуу олуялардан. Силсиле-и алиййанын отуз үчүнчүсү. Осмон мамлекетинин соңку доорунда жашаган. Сеййиддерден болуп, "Хазрети Шейх” жана "Аллама” деген лакаптары да бар. "Арваси” деген наам менен атактуу болгон. Атасы Сеййид Абдулхамид Арваси. 1825-жылы Вандын Бакчасарай (Мукус) районуна караштуу Арвас айылында туулган. 1895-жылы ошол эле айылда кайтыш болгон. Кабыры дагы ошол жерде жана азыркы күнгө чейин сүйгөндөрү тарабынан зыярат кылынууда.

Аруу жана асыл үй-бүлөсү Анатолиянын чыгыш дубандарында илим, ирфан жана көргөм ахлак сыпаттардын үлгүсү эле. Доорунун аалымы, пазилет үлгүсү болгон аталары Кадири жана Чашти жолдоруна таандык эле. Атасы Арвас айылынын даргах, хужра жана медреселерин башкарчу. Сеййид Фахим кичи жашта атасы Сеййид Абдулхамид мырзадан айрылды. Энеси сеййида Амина айым захида, такыбаа жана вараъ ээси салиха аял болчу. Өтө көп аял кызматкерлери болсо да илим шакирттеринин кийимдерин өз колу менен жууп, жардам берчү.

Жаш кезинен илим үйрөнө баштады. Сеййид Фахим кыска убакытта Курани каримди хатм кылып, анан жаттады. Анан аталары курган жана көп жылдардан бери илим булагы болуп, коомго аалымдарды даярдап берип жаткан Арвас медресеси менен Мукустагы Мир Хасан Вали медресесинде негизги диний жана так илимдерди үйрөндү. Кыска бир убакытка окуусун токтото турду.

Анан Жизрага барып, Мавлана Халид Багдади хазреттеринин халифаларынан Шейх Хали Жарарийдин сабактарына катышты, кыска убакытта курдаштарынан өтүп, илимде илгериледи. Диний илимдер менен доорунун так илимдерин үйрөндү.

Сеййид Фахим Жизрада окуу менен алек болгон учурда агасынын уулу Сеййид Сыбгатуллах мырза дагы Жизрага келип, Мавлана Халид Багдади хазреттеринин шакирти болгон Шейх Салих Сыбки хазреттеринен илим үйрөндү. Жизрадан кайтып келе жатып Ванга кирди. Ошол күндөрдө улуу олуя Сеййид Таха Хаккари хазреттери дагы Нахриден Ванга келген эле. Сеййид Таха хазреттеринин тандалган сахабаларынан болгон агасы Сеййид Мухаммед Сеййид Сыбгатуллахка барып, Сеййид Таха Хаккари хазреттерине шакирт болууну сунуштады. Ушул сунушка ылайык Сеййид Таха хазреттеринин алдына барып, шакирт болгон Сеййид Сыбгатуллах ал заттын кызмат жана сухбаттарында болуп, тасаввуф жолунда илгериледи. Кыска убакытта жетилип, адамдарга Исламдын буйрук жана тыюуларын билдирүүсү үчүн ижазат жана халифалык алды. Ван акими жана эли ошол жерде калуусун өтүнүп болушпады. Бирок, ал: "Нахриге кайтамын, эгер Сеййид Таха хазреттери уруксат берсе бул жерде каламын”, – деди. Ванда калуу каалоосун билдиргенде Сеййид Таха хазреттери: "Жок, Молдо Сыбгатуллах! Ван элинин химматы кемчиликтүү. Вандын алынуусу менин жана сенин колуңда эмес. Кашф ааламынын маалыматына ылайык сиздин урпактарыңыздан, б.а., Арвасилердин үй-бүлөсүнөн илими жана ирфаны менен таанылган, Аллах билет, бирок, анын (Сеййид Фахимди айтууда) себеби менен Вандын иршады мүмкүн болот”, – деди. Сеййид Сыбгатуллах Арваси хазреттери: "Бул зат агамдын уулу. Жизрада илим үйрөнүү менен алек, илим жана ирфаны менен таанылган”, –дейт. Сеййид Таха: "Дагы келишиңизде ал затты сөзсүз алдыма алып келиңиз”, – деп буюрду.

Сеййид Сыбгатуллах кийинки жолу устазын зыярат кылып барганда жаш Сеййид Фахимди дагы өзү менен бирге алып барат. Сеййид Таханын алдына кирип, субаты менен шарапаттанды. Кете турган маалында Сеййид Сыбгатуллах жана жанындагылар Сеййид Таханын колун өөп, уруксат алышты. Сеййид Сыбгатуллах Сеййид Фахимдин артта калып кеткенин көрүп, ал үчүн дагы уруксат сурады. Бирок, Сеййид Таха хазреттери Сеййид Фахимдин калуусун макул көрүп: "Ал ушул жерде калсын”, – деди. Сеййид Таха хазреттеринин кызматында калган Сеййид Фахим кыска убакытта кемелге жетти. Сеййид Таха хазреттери ал тууралуу: "Башкалар алты айда басып өткөн аралыкты Сеййид Фахим жыйырма төрт саатта басып өттү”, – деген.

Сеййид Таха хазреттери бир күнү Жами-и шарифтин дубалына жөлөнүп, Сеййид Фахимге ишарат кылып, жанына чакырды. Жанына келгенде: "Өтө зээндүү, илимди каалаган жана таланттуусуң. Сөзсүз "Мутаввал” китебин окушуң керек”, – деди. Сеййид Фахим: "Китебим жок, устаз. Биз жактарда "Мутаввал” окулбайт”, – дегенде өзүнүн китебин белек кылды. Муш облусу, Буланык району, Обири айылында Молдо Расул Сыбки деген чоң аалымга барып окуусун сушунтайт. Анын жанына бара жатканда: "Сен зээндүү жана изилдөөчү шакиртсиң. Суроолоруңа устаздан канааттандырарлык жооп бере алышпайт жана ыңгайсыз болушат. Сабак маалында кандайдыр бир көйгөй пайда болсо аларды ыңгайсыз кылба. Колуңду көкүрөгүңө коюп, мени эсте. Иншаллах ошол замат көйгөйүңдү чечемин”, – деди.

Устазынын колун өөп, дубасын алган Сеййид Фахим Арваси "Мутаввал” китебин окуу үчүн доорунун Чыгыш Анатолиядагы эң чоң аалымдардан болгон Молдо Расул Сыбкинин алдына барды. Молдо Расул: "Мен көптөн бери Арвасилердин үй-бүлөсүнө таандык бир адамга сабак берүүнү каалап жүрчүмүн. Анткени, өзүм Арвасилерден болгон Молдо Расул Закиден окудум. Ал үй-бүлөгө таандык бул затта зээндүүлүктүн бир белгиси да көрүнбөйт го. Негизи ал үй-бүлөнүн адамдары өтө зээндүү болушчу”, – деди. Сеййид Фахим Молдо Расулдан сабак ала баштады. Бирок, Сеййид Таха хазреттеринин насаатына ылайык сабак маалында суроо сурабоого катуу маани берчү. Жада калса, Молдо Расул Сеййид Фахимдин шакирттеринин бири болгон Молдо Халидден: "Устазың такыр суроо сурабайт. Түшүнбөй жатабы же уялып жатабы?” – деп сурады. Молдо Халид болсо: "Мен көп жылдардан бери ал заттын жанында окуйм. Бир кездерде устаздарына ушунчалык көп суроолорду сурачу; алар жооп бере албай калышчу. Нахриге кайткан соң суроо сурабай койду. Илим үйрөнүү жөндөмдүүлүгүнө келсек, кечирип коюңуз, мен аны сизден жогору деп ойлоймун”, – деди.

Бир күнү Молдо Расул "Мутаввал” китебин окуп жатканда андан: "Ушул жерин түшүнгөн жокмун”, – деди. Молдо Расул түшүндүрүүгө аракет кылды. Бирок, Сеййид Фахим Арваси баары бир түшүнбөгөнүн айтты. Молдо Расул сүйлөмдү кайра-кайра окуп көргөн соң маанисиндеги назиктикти дагы түшүндүрө албады. "Бүгүн чарчадым, эртең түшүндүрүп беремин”, – деди. Эртеңки күнү окуду, бирок, баары бир түшүндүрө албады. Ошол түнү Молдо Расул дагы, Сеййид Фахим дагы жанагы сүйлөмдү түшүнө албай ойлонуп чыгышты. Үчүнчү күнү дагы ошол жерине келгенде Молдо Расул ошол жердеги назиктикти дагы түшүндүрө алган жок. Ошондо Сеййид Фахим устазы Сеййид Таха хазреттеринин: "Сабакта түшүнбөгөн жериң болсо мени эстегин”, – деп айткан сөзүн эстеди. Молдо Расул сабакты окуп жатканда Сеййид Фахим көздөрүн жумуп, устазы Сеййид Таха хазреттеринин элесин көз алдына келтирди.

Сеййид Таха хазреттери колунда бир китеп менен көрүндү. Китепти Сеййид Фахимдин алдына ачып койду. "Мутаввалдын” ошол бети эле. Жанагы сүйлөмдү окуду. Сеййид Фахим көңүл буруп угуп турду. Ошол сүйлөмдүн арасындагы байламта болгон "вав” тамгасын кошуп окуду. Сеййид Таха хазреттери көздөн кайым болгон соң Сеййид Фахим хазреттери көзүн ачты. Молдо Расулдун дагы эле ошол сүйлөмдү окуп, ойлонуп отурганын көрдү. Молдо Расулдан "мен окуп көрсөм болобу” деп уруксат сурап, устазынан уккандай бир "вав” тамгасын кошуп окуду. Молдо Расул муну угуп: "Мына эми түшүнүктүү болду”, – деди. Экөө тең жакшы түшүнүп алган болчу. Молдо Расул: "Бул сүйлөмдү жыйырма жылдан бери окуймун, түшүндүрөмүн. Бирок, дайым өзүм түшүнбөй түшүндүрчүмүн. Мына эми жакшы түшүнүп алдым. Мага туурасын айтчы, бул сүйлөмдү туура окуу сенин ишиң эмес. Мен канча жылдардан бери муну туура түшүнө алган жокмун. Сен бир эле "вав” тамгасын кошуп окуу керектигин кантип билдиң?” – деп сурады. Сеййид Фахим устазы Сеййид Таха хазреттерин эстеп, жардам сураганын айтты. Устазынан кантип үйрөнгөнүн айтып берди. Молдо Расул: "Ыймандан кийин куфур жок”, – деп китепти катып койду. Сеййид Фахим менен бирге Нахрини карай жолго чыгышты. Алар жолдо келе жатканда Сеййид Таха хазреттери: "Сеййид Фахим сонун белек менен келүүдө”, – деди. Бираз убакыт өтүп Сеййид Фахим менен бирге келген Молдо Расул дагы Сеййид Таха хазреттеринин сухбаттарына катышып, шакирттеринен болду. Анын жанында руханий кемелдикке жетип, захири илимдерде болгону сыяктуу тасаввуф илиминде дагы жетилип кемел тапты. Сеййид Таха хазреттери Молдо Расулга халифалык берип, адамдарга Ислам дининин буйрук жана тыюуларын билдирүүгө милдеттендирди.

Устазы жана муршиди Сеййид Таха хазреттеринин алдына кайра келген Сеййид Фахим анын кызмат жана сухбаттарына катышты. Сеййид Таха хазреттерине болгон махабатынан улам ал жаткан бөлмөнүн сырткы терезесин өйдө турган абалда таңга чейин карап, анын күндөй нур чачкан пейздеринен пайдаланууга аракет кылчу. Жада калса, бул нерсе ага жетиштүү болбой, катуу кар жаап турган суук түндө эшиктин босогосунда ыйык башын эшикке тийгизип жатты. Калың жааган кар ыйык денесин жаап салды. Бирок, махабат менен күйүп жаткан жүрөгү аркылуу түркүн-түркүн пейз жана берекеттерге жетти. Сеййид Таха хазреттери тахажжуд намазын окууга мечитке баруу үчүн эшикти ачты. Сыртка чыкканда Сеййид Фахимдин ийинин басты. Сеййид Фахим дароо козголуп, муршидинин алдында адеп менен турду. Сеййид Таха хазреттери: "Жетиштүү, Молдо Фахим!. Менин оюм боюнча бүгүн илимде деңиз болдуңуз. Сеййид Шариф Журжаниден кийин илимде сеййиддердин жүзүн жарык кылдыңыз. Бул илимди мынчалык жерге таштабаңыз”, – деди. Сеййид Фахим хазреттери болсо: "Бул илимден ала турган пайдам сиздин бир назарыңыз аркылуу ала турган пайдага жетпейт. Мен өзүмдүн кызыкчылыгымды издеп жатамын”, – деп жооп берди. Сеййид Таха муну угуп, аны кучактады. Караңгы түндө ааламды нурданта турган руханий нурларын ихсан кылды. Колунан кармап, мечитти карай бирге кетишти.

Сеййид Таха хазреттеринин кызмат жана сухбатында тасаввуф жолунун эң бийик даражадарына чыккан Сеййид Фахим чоң олуя болду. Толук халифалык менен шарапаттана турган убагы келгенде устазы Сеййид Таха хазреттери аны жанына чакырды. Адамдарга Исламдын буйрук жана тыюуларын жеткизүү, алардын дүнүйө жана акыретте бакытка, кутулууга жетүүлөрүнө себепкер болуу милдетин берди. Бирок, Сеййид Фахим: "Бул өтө оор жүк. Муну мен көтөрө албайм”, – деп буга татыктуу эместигин айтты. Сеййид Таха хазреттери: "Бул буйрук эрк жана тандоого байланыштуу иш эмес, тескерисинче зарыл буйрук болуп, бул ишти аткарууга мажбурбуз”, – деди. Ага өз журту Арваска кайтып баруусун буюрду. Жолго чыга турган маалда дагы жанына чакырды, китептеринин ичиндеги каттарды көрсөтүп: "Бул ыкылас жана махабат сиздики эмеспи? Эмнеге өзүңүздү тартып жатасыз? Ант берип айтамын, сиздин халифалыгыңызды Расулуллах алейхиссалам жана бардык садат-и кирам улуктары дагы тастыкташкан. Мен дагы тастыктоого аргасызмын. Сиз дагы кабылдоого аргасызсыңыз”, – деди.

Канаат, тобокел, зухд, махабат, ыраазы болуу жана моюн сунууда өтө жогору кемел муршид болгон жана "Сеййид Таханы көрүп, тарикат жана акыйкаттын эмне экенин үйрөндүм” деген Сеййид Фахим хазреттери устазынын буйругуна моюн сунуп, Арваска кайтып барды. Арвас медресесин оңдоп-түзөтүп, ал жерде шакирттерге илим үйрөттү. Анын үстүнө ахли сүннөт акыйдасын, кутман сахабалардын жолун үйрөтүп, адамдарды бакытка жеткирүүгө аракет кылды. Ислам дининин буйрук жана тыюуларынан кымындай да айрылбай милдетин улантты. Дайым апаат деп билген атак-даңктан качты. Арвас медресесинде кеминде элүү шакиртке сабак берип, "Мадд-и кубра” деп аталган эмгекти окутчу. Андан илим үйрөнүп, окуусун бүтүргөндөр Ван жана айланасында раис-ул мударисин (мударистердин башчысы) деген наам менен таанымал болушту. Сеййид Фахим хазреттеринин илим жана марифаттагы бийик даражасы кыска убакыттын ичинде ар тарапка жайылды.

Сеййид Фахим хазреттери устазы Сеййид Таха хазреттерин жыл сайын Арвасдан Нахриге барып, зыярат кылчу. Өлүмүнөн кийин ордунда калган иниси Сеййид Мухаммед Салих хазреттери Сеййид Фахим хазреттеринин сухбатта устазы эле.

Устазынын өлүмүнөн кийин мурункудан да атактуу болгон Сеййид Фахим хазреттери илим жана пазилетте таанымал болду. Египет, Ирак, Сирия жана айлана-тегеректеги элдер чече албаган маселелерин ага алып келишчү. Чечилүүсү татаал көрүнгөн маселелерди чеччү. Анын сухбатына катышуу үчүн Арваска келген адамдар дүнүйөдөн кабарсыз, шайтан жана напсинин жамандыгынан сактанып, махабатка бөлөнчү. Андан пейз алып, бийик даражаларга жетишчү. Сухбат жана сабактары менен көптөгөн адамдардын туура жолго түшүшүнө себепкер болчу. Ошентип Чыгыш Анатолия (Түркия) элинин сүннү акыйдада калышын, жаңылыш топтордун кирип келишине тоскоолдук кылып, улуттук биримдикке кызмат кылды. Токсон үчүнчү жылдагы орустарга каршы болгон согушта Чыгыш Баязит фронтуна барып, каармандыктарды жана ийгиликтер көрсөттү. 

Сеййид Фахим хазреттери устазы Сеййид Таханын өлүмүнөн кийин анын буйрук жана насааттарына моюн сунду. Жылына эки жолу Ванга барып, элге амр-и маъруф кылчу. Алардын дүнүйө жана акыретте бакытка жетүүлөрү үчүн аракет кылды. Ваъз жана сухбаттары менен Ван элинин Ислам динине байланышы, ошону менен катар өзүнүн дагы атагы артты. "Дүнүйөдө Ван, акыретте ыйман” сөзү адамдардын арасында жайылды. Сеййид Фахим хазреттери Ванга келгенде калың эл жыйналчу. Доорунун акими, аскери жана өкмөт адамдары аны зыярат кылып, сухбаттарынан пайдаланышчу. Кандайдыр бир татаал маселеси болсо сурап, керектүү жоопторду алышчу. Материалдык жана руханий бардык буйруктары аткарылып, бардыгы аны урматтоодо кемчилик кылышчу эмес. Ошентип, устазы Сеййид Таха хазреттеринин бир канча жылдар мурда айткан "Вандын алынуусу Арвасилердин үй-бүлөсүнөн илим жана ирфанда таанылган бир заттын себеби менен ишке ашуусу ыктымал” деген керемети орундалды.

Илим, пазилет жана көркөм ахлакта доорунун жалгызы болгон Сеййид Фахим хазреттери Исламдын буйруктарына жана сүйүктүү Пайгамбарыбыздын сүннөтү саниясына бекем карманчу. Аны сүйгөндөр намаздарын сөзсүз мечитте жамаат менен окушчу. Анын эң чоң керемети Ислам дининин буйрук жана тыюуларына толук моюн сунуусу, өзүнөн кийин милдетин улантуучу Сеййид Абдулхаким сыяктуу аалым жана олуя затты тарбиялап өстүрүүсү эле. Мындан башка көптөгөн кереметтери көрүлгөн.

Бир күнү Сеййид Фахим хазреттери шакирттери менен Ван көлүнүн жээгинде баратышканда көлдөгү Ахтамар аралындагы чиркөөдөн бир поп чыгып, суунун үстүндө баса баштайт. Шакирттери аны көрүп, айрымдарынын акылына "Аллахтын душманы деп тааныган поп суунун үстүндө басып жүрсө, олуянын улугу, Аллаху тааланын сүйгөн, тандаган кулу деп тааныганыбыз Сеййид хазреттери эмнеге баса албайт?” деген ой келет. Сеййид Фахим хазреттери бул ойлорду баамдап, ыйык буттарындагы бут кийимдерин чечип, колуна алат жана бири-бирине урат. Ар урган сайын поп сууга чөгө берет. Суу тамагына келгенде дагы бир жолу урду жана поп чөгүп кетет. Анан ошентип ойлогон шакирттерине: "Ал сыйкыр кылып, суунун үстүндө басып жатты. Муну менен силердин ыйманыңарды бузмакчы эле. Бут кийимимди бири-бирине урганымда сыйкыр бузулуп, сууга чөгүп кетти. Мусалмандар сыйкыр кылышпайт. Аллаху тааладан керемет суроодон дагы уялышат”, – деди. Ошентип, керемети менен поптун сыйкырын бузду.

Диярбакырда адилет инспектору болгон Мустафа Нажат бей деген бир киши бар эле. Ал Вандын Мукус районуна жумушка келди. Бир Айт күнү намаздан кийин райондун абройлуу кишилери Сеййид Фахим хазреттерин зыярат кылуу үчүн бармакчы болушту. Мустафа Нажат бей дагы алар менен бирге бармакчы болду. Керектүү даярдык көрүлгөн соң жолго чыгышты. Жол бою сүйлөшүп барышты. Арвасинин жакынындагы Кызыл көпүрөдөн өткөн соң бардыгы башка бир руханий ааламга киришти. Мустафа Нажат бей мындан абдан таасирленди. Бирок, өзү ичкилик ичкендиктен куржунунда эки бөтөлкө шарап бар эле. Арвас көрүстөнүнүн жанындагы бир таштак жерде бөтөлкөлөрдү катып койду. Арваска барып, Сеййид Фахим хазреттерин зыярат кылышты. Бардыгы кезек менен урмат көрсөтүп колун өбүштү. Нажат бей дагы колун өөп, тасаввуф жолунда шакирт болуу тилегин билдирди. Сеййид Фахим хазреттери ага: "Бөтөлкө менен тарикат бир жерде боло албайт. Барып бөтөлкөлөрдү сындыр, аларды төгүп сал, кийин сени кабыл кыламын”, – деди. Мустафа Нажат бей бөтөлкөлөрдү каткан жерин эч ким көрбөгөнүн ойлоду. Бирок, Аллаху таала олуя кулдарына керемет аркылуу билдирет деген ой менен артына кайтты. Бөтөлкөлөрдүн бирин сындырып салып, экинчисин сыгылып кетсем ичемин, деп калтырды. Сеййид Фахим хазреттеринин жанына барганда: "Кайра барып экинчисин дагы сындырып, кайтып келгин”, – деп буюрду. Мустафа: "Аны өз кумарым үчүн эмес, зарыл болгондугу үчүн калтырдым. Зарыл болуп калса ичемин деп сындырган эмес болчумун”, – дейт. Сеййид Фахим хазреттери: "Харамда зарылдык болбойт”, – деди. Мустафа Нажат бей барып, экинчи бөтөлкөнү дагы сындырып салды. Анан кайтып келип, колдорун өөп, шакирттеринин катарына кошулду. Андан кийин ичкилик ичкиси келбеди. Сеййид Фахим хазреттери тууралуу: "Бүткүл Түркияны, Аравиянын бир бөлүгүн кыдырып чыктым. Барган жерлеримде бир топ шейхтерге кезиктим. Бирок, бул зат сыяктуу кемел инсанды көрбөдүм. Пайгамбарыбыз алейхиссаламды жана кутман сахабаларды эстетчү. Ал заттагы илим, жумшактык, салабаттуулук, латафат жана айбатты башка эч кимде көрбөдүм”, – деп айтчу жана ыйлачу.

Сеййид Таха хазреттеринин уулу Сеййид Убайдуллах мырза ажыга баргысы келип жүргөн. Бир күнү Ванга келди. Көңүлүндө "Аравияда атам Сеййид Таха-и Хаккари хазреттерин тааныгандар көп. Ал жактарда илим сухбаттары болот. Жанымда күчтүүрөк бир аалым болушу керек. Буга татыктуу болгон зат бир гана атамдын халифасы Сеййид Фахим хазреттери” деп ойлоду. Аны дагы бирге алып бармакчы болду. Ванга чакырды. Сеййид Фахим хазреттери Ванга келгенде: "Устаз, чоогу ажыга баралы”, – деди.  Сеййид Фахим хазреттери кечирим сурап: "Материалдык жана саламаттык жагынан мүмкүнчүлүгүм жок”, – деди. Сеййид Убайдуллах мырза: "Мал жана акча маселеси менин моюнумда. Саламаттыгыңыз жагынан Мавлана Халид Багдади хазреттеринин "Деванын” карап көрөлү, эмне чыгаар экен”, – деди. Китепти ачышканда Нурдуу Мединага байланыштуу ырлар чыкты. Ажыга барууга чечим чыгарышып, жолго чыгышты. Стамбулга барып, Фатихтеги Рашадия конок үйүнө жайгашышты. Алардын Стамбулга келгенинен кабардар болгон доорунун падышасы экинчи Абдулхамид хан аларды кан сарайына конокко чакырды. Кан сарайында конок кылып, чоң сый-урмат көрсөттү.

Өзү олуя болгон, аалым жана олуяларга өтө чоң урмат кылган Султан Абдулхамид хан экинчи Сеййид Фахим хазреттеринин сухбаттарында болуп, анын дубасын алды. Он эки күн Стамбулда конок кылган соң Хайдарпаша деген жерге чейин чоң сый-урмат менен узатты.

Сеййид Фахим хазреттери жана Сеййид Убайдуллах кеме менен Египедке барышты. Ал жердеги аалым жана пазылдар менен көрүшүп, сухбат кылышты. Ошол доордун маанилүү илим борборлорунан болгон Азхар медресесинен жетилип чыккан аалымдар Сеййид Фахим хазреттеринин илим жана пазилеттеги жогору даражасына таң калышты.

Сеййид Фахим хазреттеринин кызматында болгон Ажы Омар менен Жами-ул-Азхар медресесине барышты. Бир бөлмөгө киришти. Бул бөлмөдө бир аалымдын өтө көп китептердин ортосунда алдыда бир ак кагазды кармаган бойдон отурганын көрүштү. Аалым китептерди карап, бирок, алдыдагы кагазга эч нерсе жаза алчу эмес. Сеййид Фахим хазреттери кагаздагы жазууну бир жолу окуп, жаттап алды. Анткени, бир жолу окуганын жаттап алуу анын касиети эле. Аалым зат башын көтөрүп: "Сиз окугансызбы, илимиңиз барбы?” – деп сурады. Сеййид Фахим хазреттери бираз илим менен алектенгенин айтты. Аалым: "Сиз бул кагаздагы жазуунун маанисин билесизби?” – деп сурады. "Ооба” деген жоопту алган соң, таң калып: "Кызык! Жами-ул-Азхар медресесинин (университетинин) бардык факультеттери менен бир жумадан бери бул маселени чечүүгө аракет кылып жаткан. Ректор жана башка бардык аалымдар күнү-түнү аракет кылышууда. Бирок, ушул жазуунун маани жана сөздөрүн дагы эле түшүнө алган жок элек”, – деди. Сеййид Фахим хазреттери: "Бул жөнөкөй маселе”, – деген соң аалым өтө таң калды.

Сеййид Фахим хазреттери бул маселени чечмелей баштады. Таң калып угуп турган аалым урмат менен ордунан туруп, анын колун өптү. Дароо калем алып, Сеййид Фахим хазреттеринин түшүндүрмөсүн жазып алды. Дарегин алып, кайра колдорунан өөп коштошту. Сеййид Фахим хазреттери Ажы Омар менен ижарага алган үйүнө кайтышты.

Бираздан кийин Жами-ул-Азхар медресесинин ректору жиберген төрт кишиден турган өкүлдөр тобу кирип келди. Ректор тарабынан медресеге чакырылып жатканын айтышты. Сеййид Фахим хазреттери кабыл кылып, барды. Чоң залда ректор башында турган беш жүздөн ашуун аалым чоң сый урмат менен тосуп алышты. Сеййид Фахим хазреттери менен ректор жанаша отурушту. Сухбат башталды. Ректор Сеййид Фахим хазреттерине: "Хазрет! Сиз ачыктап берген маселе Жами-ул-Азхарда татаал жана маанисин түшүнүүгө болбой турган маселеге айланган болчу. Аллаху тааланын жардамы менен бул кыйынчылыктан куткардыңыз. Жами-ул-Азхар сизге чоң ыраазычылыгын билдирет”, – деди.

Көптөгөн татаал маселелер чечилген суроо-жооптуу сухбат сааттар бою уланды. Ал ортодо Сеййид Фахим хазреттери жанындагы Ажы Омарга тамеки ороп, күйгүзүүсүн суранды. Ажы Омар мырза тарабынан даярдалган тамекиден бир нече жолу тартып, ордуна койду. Ректор Сеййид Фахим хазреттеринен уруксат сурап: "Мен дагы тартсам болобу?” – деди. Сеййид Фахим хазреттери уруксат берген соң ректор дагы бир нече жолу тартты. Бирок, ал учурда залда отурган аалымдар өз ара сүйлөшө башташты. Араларынан эки аалым жакын келип ректорго: "Мырзам, тамекинин анык харам экенини тууралуу төрт фатва бергенсиз. Эми болсо өзүңүз дагы тартып жатасыз. Мунун сыры эмнеде?” – деп сурашты. Ректор аларга: "Ант берип айтамын, биздин илимибиз бул заттын илиминин жанында деңизден бир тамчыдай. Вараъ жана такыбаабыз дагы бул заттын вараъ жана такыбаасынын жанында жоктой эле. Бул затты ээрчип, бүгүнтөн баштап тамеки тартамын. Демек, мен жаңылыптырмын, харам эмес экен. Харам жана күнөө болгондо бул зат тартмак эмес? Силерге уруксат. Менден тамекинин харам экенин уккан бардык адамдарга харам эмес экенин жеткизгиле”, – деди.

Сеййид Фахим хазреттеринин сухбаттарында болгон адамдар өздөрүн бул дүнүйөдөн узакташкандай сезишчү. Арап, фарси, түрк жана башка жергиликтүү тилдерди билчү. Ар бир тилдеги таланты жанындагылардан алда канча жогору эле. Арап тилинде сүйлөгөндө Египеттин Жами-ул-Азхарында окуган деп ойлошчу. Материалдык жана руханий бардык илимдерде терең аалым эле. Сеййид Абдулхаким анын касиеттерин мындайча билдирген болчу: "Ал ар бир илимде бир деңиз эле. Түбүнө эч ким жете алган эмес. Бир гана уулу жана халифасы Сеййид Мухаммед Амин ал заттын даражасынан кичине түшүнчү. Жада калса, бир күнү Саъди Ширазинин "Гүлистан” китебинен бир сап окуп, чечмелеп берди. Бир азын түшүндүм. Сеййид Мухаммед Амин дагы бир аз түшүндү. Анан ал дагы түшүнө алган жок. Айтор ошол түшүндүрмөнүн акыйкат жана назиктиктерин эч ким толук түшүнө алган жок.”

Сеййид Фахим хазреттери түндөрдүн биринде түшүндө Расулуллах алейхиссаламды көрдү. Расулуллах ага: "Абдулхакимдин тарбиясын сага тапшырдым”, – деп буюрду. Ошол буйрукка ылайык Сеййид Абдулхакимдин тарбиясына катуу маани берип, аны тасаввуфтагы Ахмадия олуялык даражасына жеткирди.

Сеййид Фахим хазреттеринин эң алдыңкы шакирти Сеййид Абдулхаким хазреттери анын сухбаттарынан көп пайдаланды. Түндөрдүн биринде ушундай теңдеши жок бир сухбат болгон эле; Сеййид Абдулхаким бул сухбатта уккандарын өзүнө жетиштүү деп билип: "Бул сухбат мага жетет, ала турган нерсемин бардыгын ушул түнү алдым”, – дей ойлоду. Таң аткан соң устазы ага кумганды алып келүүсүн айтты. Абдулхаким кумганды алма багынын астындагы устазына алыа барды. Ошондо Хазрети Сеййид: "Абдулхаким! Бул кандай бак?” - деп сурады. "Алма багы устаз”, – деп жооп бергенде: "Бул бактын сөңгөгү, талдары, талдарында болсо жемиштер бар. Эми ушул бактагы алма жемишинин ичиндеги уругун жеген курт "мен бүткүл алма дарагын жеп койдум, андагы бардык нерсени алдым” десе туура болобу?” – деди. Ошентип Сеййид Абдулхакимге түнкүсү ойлогон нерселеринин жаңылыш экенин билдирип, дагы көбүрөөк аракет кылышы керектигин эскертти.

Хазрети Сеййид шакирттеринин эң мыктысы болгон Сеййид Абдулхакимге халифалык берүүдөн беш жыл мурда инисине жазган катында айткан эле: "Сүйүктүү, ардактуу Сеййид Ибрахим менен Сеййид Таха. Аллаху таала экөөңөргө дагы саламаттык берсин. Силерге көп дуба жана салам айткан соң, силер билгениңердей Сеййид Молдо Абдулхаким өткөн жылы күзүндө бул жерге келип, сабак ала баштаган эле. Мен дагы анын сабактарын абдан дыкаттык менен жана чын көңүлдөн түшүндүрдүм. Ал дагы сабактарында жана аракеттеринде өтө дыкат болду. Илимден башка нерсеге бурулуп карашына дагы убакыт калтырган жокмун. Доорубуздагы усулга ылайык китептерди үйрөнүп бүттү. Бул факир васыта илимдерин, фикх жана хадис илимдерин окутууда устаздарыман кандай үйрөнгөн болсом, ага дагы ошондой үйрөттүм. Силер эми ага иниңердей карабагыла. Илимдин аброюн билдирүү үчүн кичи пейилдик көрсөткүлө. Буларды силердин жакшылыгыңар жана пайдаңар үчүн жазуудамын. Мындан башка илимге кичи пейилдик көрсөтүү Аллаху таалага кичи пейилдик көрсөтүү дегендик. Бул кыска жазгандарыман көп нерселерди түшүнгүлө! Ас-сеййид Фахим.”

Сеййид Адулхаким хазреттерине 1882-жылы захири илимдерде диплом бергендей эле, 1888-жылы тасаввуфта Накшбандия, Кадирия, Сухравардия, Чаштия жана Кубравия жолдорунда дагы халифалык берди. Адамдарга Ислам дининин өкүмдөрүн үйрөтүү менен милдеттендирди. Сеййид Адулхакимге жазган бир катында айтты: "Сүйүктүү балам, көзүмдүн нуру сеййид молдо Абдулхаким! Сизге чексиз дубаларымы билдирген соң айтмакчымын; көп убакыттан бери сизден кабар албаганым үчүн көңүлүп кайгылуу. Аллаху таала бардык жашыруун нерселерди билет. Ал күбө; ар дайым көңүлүм сиз менен деп айта аламын. Мени бул кайгыдан куткаруу үчүн көрүнгөн жана көрүнбөгөн абалдарыңыз тууралуу тез-тез  кабар билдирип турушуңуз керек. Ошол жол менен махабат боолору козготулган болот. Эгер бул жердегилерди сурасаңыз, Аллаху таалага мактоо жана шүгүрлөр болсун! Денебиздин жана тегерегибиздеги ыракаттык жана саламаттык күндөн-күнгө артууда. Хак таала биз факирлердин жана бардык досторубуздун жүрөктөрүнө саламаттык берсин! Амин. Шейх Абдулхамид, Шейх Хасан жана Сеййид Ибрахимге бул факирдин дубаларын жеткизиңиз. Таха мырзага жана Мазхар мырзага дуба кыламын. Кимди татыктуу деп көрсөңүз бул дубаларымды билдирүү үчүн өкүлүм болдуңуз. Мындан башка Нахридегилердин туура-жаңылыш баарынын абалдары тууралуу жазыңыз. Мындан сырткары, Несториан (христиан) мазхабындагылардын ашыра чаап, төрт жүз мусулманды өлтүргөндүктөрүн уктук. Алардын эмне кылгандыктарын жана эмне максатта кылып жаткандыктары тууралуу дагы бизди кабардар кылсаңыз. Вассалам. Сизге дуба кылуучу, күнөөкөр Сеййид Фахим.”

Бүткүл өмүрүн Ислам динин үйрөнүүгө жана үйрөтүүгө арнаган Сеййид Фахим хазреттери өлүмүнөн алты ай мурда эле сапар даярдыгын баштаган эле. Сухбаттарында көбүрөөк өлүм тууралуу айта баштаган эле. Жерлене турган ыйык кабырынын ордун карап, Арвас көрүстөнүнө жерлене тургандардын ыйманы бар болгон кезде бардык күнөөлөрүнүн кечириле тургандыгын айтчу.

Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө оорусу күчөдү. Бир жума күнү ооруп турганына карабастан мечитке барды. Ошол күнү халифасы жана уулу Сеййид Мухаммед Амин өтө терең маанилүү жана кайгылуу бир хутба окуду. Мечиттин артындагы фонтанга чейин сап тарткан жамаат ал хутбандан таасирленип, кайгыга батып ыйлашты. Сеййид Фахим хазреттери жума намазын отуруп окуду. Анан Сеййид Абдулхаким, Сеййид Мухаммед Амин, Халифа Дервиш жана Халифа Али деген төрт халифасын алдына чакырып, төмөндөгүчө осуят кылды:

"Китептеримди Арвас китепканасына белек кылдым. Менин билишимче, эч кимде карызым жок. Кандай болсо да, жарыялагыла. Эгер карыз бергендер болсо, канча деп айтышса дагы Мухаммед Амин ойлонуп отурбай берсин. Илимдин жана Накшбандия жолунун жайылышына аракет кылгыла. Сеййидим жана далилим Сеййид Таха Хаккари хазреттеринин жок дегенде жылына бир жолу Ванга барып, элди агартуу тууралуу мага берген буйруктарын калтырбай уланткыла...”

Осуятын улантып: "Менден кийин көптөгөн фитналар чыгат, аялдардан хая (уяттуулук) көшөгөсү көтөрүлүп, базар жана көчөлөрдө кыдырышат. Ислам Абдулхамид Хан менен каим (бар, коргонот)” – деди. Анан Сеййид Абдулхакимди карап: "Аллаху таала сизди коргойт”, – деди жана Ибрахим алейхиссаламдын отто күйбөгөндүгү тууралуу окуяны айтып берди. "Ахли сүннөт акыйдасынын, кутман сахабалардын жолунун жайылышы үчүн колуман келгенче кымындай айрылбай кызмат кылдым. Иншаллах масъул (жоопкер, милдеттүү) эмесмин. Толук изилдеп чыкпай туруп эч качан фатва бербегиле. Уруксаттар менен чектелип калбагыла. Мүмкүн болушунча азиматтарды негиз кабыл кылгыла”, – деп айткан соң бир аз убакыт эч кимди жанына кабыл кылбады. Аллаху тааланы зикир кылып, ибадат менен алек болду.

Фахим Арваси хазреттеринин ооруп жаткандыгын уккандар узак-жакындан келип, зыярат кылышты. Дарылоого табыптарды алып келишти. Кайтыш болгон күнү аср намазын отуруп окуган Сеййид Фахим хазреттеринин ыйык денеси саждадан баш көтөрө албай турган даражада алсыз эле. Уулу Сеййид Мухаммед Аминдин көмөгү менен башын саждадан көтөрдү. Ал арада кайгы Арвас жана анын айланасын каптап алган, үйдүн айлана-тегерегинде жүздөгөн сүйгөндөрү, ал заттын айыгып кетүүсү тууралуу кабарды сабырсыздык менен күтүп жатышкан. Ошол тапта түрдүү түстөгү куштар учуп келип, асманда бир аз туруп, бардыгы түшүнө турган абалда өз кайгыларын көрсөтүштү. Жүз миңдеген куштар Арвастын үстүндө айланып, көлөкө кылышты. Ошондо кайыптан бир үн: "Йа аййутухуннафсул-мутмаиннах...” аяти каримасын аягына чейин окуду. Сеййид Фахим хазреттери сажданан башын көтөрүп "Ар-Рафикул-аъла” деп, үнүн чыгарып бир калима-и тавхид окугандан кийин 1895-жылы Шаввал айынын он бешинчи, Шейшенби күнү рухун тапшырды.

Сеййид Фахим Арваси хазреттеринин Арвасдагы кабыры сүйгөндөрү тарабынан зыярат кылынууда жана берекеттеринен пайдаланышууда. Ал зат васила (себеп, ортомчу) кылынып, тиленген дубалар кабыл болууда. Баласыздар балалуу болууда, оорулуулар шыпаа табууда.

 

Үйдөн эмнеге түн ортосунда чыктыңыз?

Сеййид Фахим хазреттери жыл сайын Ван шаарына келгенде бир аз туруп кетчү. Ашыктары чогулуп, андан пейз алышчу. Адатынча аны катуу сүйгөн сот баш катчысы Ахмед бейдин үйүндө конок болчу. Бул жылы Ахмед бей ажыга кеткен эле. Ван шаарына келгенде дагы анын үйүнө коноктоду. Бир күнү түн ортосунда жакындарынын бирин жанына чакырып: "Досторуңду ойгот! Азыр бул үйдөн чыгып, баланча үйгө кетебиз”, – деди. Ал киши: "Устаз, түн ортосунда чыгып кетсек уят болот. Эртең кетсек болбойбу?” – деди. Сеййид хазреттери: "Жок, азыр кетебиз. Ахмед бейдин уулдарына дагы кабар бер!” – деди. Муну уккан Ахмед бейдин уулдары келип, жалынып-жалбарып: "Устаз, бизден бир кемчилик өткөн болсо, бизди кечириңиз. Биздикинен кетпеңиз. Атам укса аябай таарынат. Биз ага эмне деп жооп беребиз, лутф кылыңыз, ихсан кылыңыз! Күнөөлөрүбүздү кечириңиз!” – деп абдан көз жаш төгүштү. Сеййид Фахим хазреттери: "Жок, мен силерге абдан ыраазымын. Бизге артыгы менен кызмат кылдыңар. Силерге дуба кыламын. Бирок, азыр кетүүбүз керек”, – деди. Ахмед бейдин уулдары: "Сиз кандай ылайык көрсөңүз, ошондой болсун!" – дешти. Түн ортосунда сүйгөндөрүнөн бир башкасынын үйүнө барышты.

Эртеси күнү уулу Мухаммед Амин мырза: "Ахмед бейдин уулдары абдан таарынышты”, – деди жана: "Атакем, ал үйдө таңга чейин калсак эмне болмок?” – деп сурады. Сеййид Фахим хазреттери: "Уулум! Эч кимге айта көрбө. Бул түнү Ахмед бей ыйык Меккеде кайтыш болду. Үйү жетим үйү болду. Мал-мүлкү мурасчыларына калды. Илгери бардык нерсени колдонуп, жеп-иччү элек. Анткени, Ахмед бейдин буларды чын жүрөктөн тартуулап жатканын билчү элем. Мына эми болсо чоочун мурасчылардын акысы болгондуктан ал үйдө бир нерсени колдонуу жаиз эмес. Кул акысынан сактануу үчүн тезирээк чыгып кеттим”, – деп жооп берди. Бир айдан кийин ажылар кайтып, баары келди. Бир гана Ахмед бей кайтып келген жок. "Түн ортосунда Меккеде кайтыш болду”, – дешти. Эсептеп көрүшсө, Сеййид Фахим хазреттери үйдөн чыгып кеткен түнгө дал келди.

 

Шейхиң сени өлтүртпөйт

Вандын Гүрпынар Мухаммед Пийран уруусунан Али деген бир зат келип, Сеййид Фахим хазреттерине шакирт болгон эле. Бир сапарга чыкканда касташып калган душманы болгон бир адам жолун тосту. Али деген затты өлтүрүү максатында куралына жармашты. Эми атам деп турганда Али: "Мени өлтүрбө. Хазрети Шейхке (Сеййид Фахим) шакирт болдум. Бардык дүнүйөлүк ойлордон кутулдум”, – деп душманын ниетинен кайтармакчы болду. Бирок, душманы аны тыңдабай куралынын илгегин басты. Ичинде беш ок бар эле. Баарын атты, бирок, эч кандай үн угулбады, ал тургай Алиге дагы эч нерсе болгон жок. Душманы куралын карап, окторду таба албады. Ал жердегилер бул окуяны көрүп, таң калышты. "Шейхиң сени өлтүртпөйт”, – деп, ал жерден качып кетишти.

Али мырза Сеййид Фахим хазреттерин зыярат кылуу максатында Арваска барды. Зыярат учурунда Сеййид Фахим хазреттери андан: "Айылдын жогору жагында катуу коркуп кеттиңизби?” – деп сурады. Али мырза: "Ооба, устаз”, – деди. Сеййид Фахим хазреттери отурган кой терисинин астынан беш окту чыгарып, Али мырзага берди да: "Булар кул акысы. Моюнумда калып кетпесин”, – деп окторду ээсине алпарып тапшыруусун айтты. Али мырза бул окторду ээсине алпарып тапшырды. Бул окуядан таң калган жанагы душман кылган ишине өкүнүп, тообо кылды. Арваска барып Сеййид Фахим хазреттерине шакирт болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш