Сеййид Абдулхаким Арваси


Соңку кылымда жетилип чыккан захир жана батын илимлеринде кемел, төрт мазхабдын фикх илимдеринде адис, чоң аалым жана рух илимдеринин адиси улуу олуя. Силсиле-и алиййанын отуз төртүнчүсү. Атасы Сеййид Мустафа мырза. 1865-жылы Вандын Башкалъа районунда туулду. 1943-жылы Анкарада кайтыш болду. Кабыры Анкаранын Баглум районунда.

Атасы Сеййид Мустафа мырза жана ата-бабаларынын бардыгы доорунун аалым жана пазыл инсандары эле. Имам Али Рыза бин Муса Казым хазреттеринин тукумунан болуп, сеййид экендиктери Ирактагы шарият макемесинин дептеринде жазылган. Арвасилердин үй-бүлөсү алты жүз жылдан бери айланасына нур чачып, илимди жайуу жана коомдо жогору адамгерчилик пазилеттери менен үлгү болуп, элдин арасында акыйдага байланыштуу жана саясий бөлүнүп-жарылууларга чекит коюп келе жаткан куттуу үй-бүлө.

Ал алгачкы илимин атасынан алды. Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери Нахриде көргөн бир түшүнөн кийин окууга чоң маани берди. Ошол түн тууралуу мындай деп айтып берген эле:

Нахри айылында диний жана дүнүйөлүк илимдерди үйрөнүп жаткан болчумун. Рамазан айын үй-бүлөм менен бирге өткөрүү максатында үйүмө кайттым. Мектептин башталгыч китептерин окучумун. Рамазан айынын он бешинчи Шейшенби түнү түшүмдө сүйүктүү Пайгамбарыбыз Расулуллах алейхиссаламды көрдүм. Бийик тактын үстүндө рисалат мартабасында отурган эле. Анын айбат жана жалалынын жанында катуу коркуп, жерди карап турган кезимде артыман бир киши акырындык менен оң жагыман жакындады. Акырын аны карадым. Кыскага жакын орто бойлуу, жүзү жылдыздуу бир зат эле. Бул зат оң кулагыма араң угула тургандай жай үн менен фикх илиминин хайз маселесинен бир суроо сурады: "Хайз кезинде бир аялдын мечитке кириши жаиз эместиги маалым, бирок, эки эшиктүү мечиттин бир эшигинен кирип, экинчи эшигинен чыгып кетсе болобу?” Аллах Расулунун айбатынан калчылдап турган элем. Суроону кайра сурабашы үчүн өтө пас үн менен: "Диндин, шарияттын ээси ушул жерде”, – дедим. Максатым Ал заттын алдында эч кимдин дин маселесинде сөз айта албай турганын угузуу эле. Расулуллах алейхиссалам үнүбүз угулбай турган аралыкта болушуна карабастан жообумду укту. Катары менен эки жолу: "Жооп бериңиз!” – деп буйрук кылды.

Эртеси күнү түшкү маалда атамды мечитке бара турган жолдо күтүп турдум. Бир нерсе айта турганымды байкап, жаныма келди. Түшүмдү айтып бердим. Жүзү сүйүнүчтөн жаркырап: "Сага сүйүнүчтөр болсун, уулум! Ааламдын Сыймыгы сени өкүл жана диний илимдерди үйрөтүүгө жоопкер кылды. Иншаллах, аалым болосуң. Бүткүл күчүң менен аракет кылгын!” – деп түшүмдү жоруп берди. Атамдан: "Ааламдын Мырзасынын жанында башка ушунча диний маселелер турганда мага дал хайз маселесинен суроо берилиши жана ага жооп беришим тууралуу буйруктун сыры эмнеде?” – деп сурады. Атам: "Хайз фикх илиминин эң кыйын, эң татаал маселеси болуп саналат. Мындай суроо сенин келечекте диний илимдерде бийик даражаларда боло тургандыгыңа белги”, – деп жооп берди.

Ошол түштөн кийин он жылдын ичинде жума түндөрүнөн башка эч бир түндү төшөктө жатып өткөргөнүмдү эстей албаймын. Таңга чейин сабак менен алектенип, адамга керек болгон уйкуну китептердин үстүндө отуруп өткөрчү элем. Адам чыдай албай турган кайрат жана каалоо менен аракет кылдым.

Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери фикх, тафсир сыяктуу илимдер менен бирге өзүн руханий жактан тарбиялай турган бир жол көрсөтүүчүгө шакирт болуу каалоосу менен күйүп жанчу. Дал ошол күндөрдө алардан бир аз алысыраак жерде Сеййид Таха-и Хаккаринин халифасы Сеййид Фахим Арвасиге түшүндө Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Абдулхакимдин тарбиясын сага тапшырдым”, – деп буюрду.

Акыры Сеййид Абдулхаким Арваси 1878 (х.1295)-жылы Сеййид Фахим Арваси хазреттерине жетти. Устазынан алган алгачкы буйругу тообо жана истихара болду. Истихаранын натыйжасында төмөндөгүдөй түш көрдү:

Сеййид Таха хазреттери мечитте шакирти Сеййид Фахимге ушул буйрукту берип жаткан: "Абдулхакимди алгын, кийимдерин чечип, жавазимат-и хамс сууларында өз колуң менен жуугун! Анан ага экөөбүзгө дагы имам болсун деп айт!” Сеййид Фахим хазреттери аны жавазимат-и хамс сууларында жуундуруп, колун анын ийинине койгон абалда оң бутун өзү үчүн салынган жайнамазга койчу.

Бул түш анын шакирттикке кабыл кылынгандыгына ачык далил эле. Жорууга муктаж жагы бир гана "жавазимат-и хамс” сөзү эле. Жавазим жазм сөзүнүн көптүк түрү болуп, анык, чечкиндүү дегенди билдирет. Хамс, б.а., беш саны болсо, аалам-и амрдын, латифанын тасфиясына ишарат эле. Түштүн башка жорууга муктаж болбогон ачык-айкындыгы – өзгөчө бир илахи лутф жана чексиз ихсан эле. 

Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери көргөн бул түшүнүн таасиринде чоң ашыктык менен илим үйрөнүп, илимде илгерилеп, Сеййид Фахим хазреттеринин сухбат жана таважжухтары менен дагы көңүлүн нурдандырды.

Жогорку билимин доорунун эң улуу аалым жана олуясы Сеййид Фахим Арваси хазреттеринин алдында аяктады. Хижри 1300-жылынын башында сарф илими, нахв, мантык (логика), муназара, ваъд, баян, меани, бадиий, белагат, калам, усул-и фикх, тафсир, тасаввуф, улуми хикамия, б.а., хикмат-и табийя (физика, биология), хикмати илахия, рийазия (математика, геометрия), хайъаь (астраномия) сыяктуу захир илимдеринде диплом; тасаввуфтун Накшбандия, Кадирия, Кубравия, Сухравардия жана Чаштия жолдорунда халифалык алды. Башкалъада отуз жыл тадрис жана иршад менен алек болду.

1914 (х.1332)-жылы Биринчи Дүйнөлүк Согуш башталып, орустар чыгыш Анатолияны басып алганда, Башкалъадан хижрат кылып Иракка, ал жерден Адана, Эскишехир жана 1919 (х.1337)-жылы Стамбулга келди. Аййуб Султанда алгач медресеге, анан Гүмүшсую дөбөсүндөгү Муртаза мырза даргахына жайгашты. Кашкари Ханакахы машихатына (Осмон мамлекетинин дин иштери башкармалыгына) дайындалды. Ислам халифаларынын жана Осмон мамлекетинин султандарынын соңкусу болгон Султан Вахидаддин тарабынан 8-Зул-каъда 1919-жылы (х.1337) буйрук менен мадрасаи мутахассисин деп аталган теология факультетине тасаввуф мударриси, б.а., ординариус профессору болуп дайындалды.

Анатолияда согушуп жаткан Кувва-и Миллиянын (Осмон мамлекетинин улуттук армиясы) жеңишке жетүүсү үчүн акча, мал жана дуба менен жардам берилүүсү, колуна курал кармай ала тургандардын мобилизациясы үчүн элди үгүттөп, көптөгөн адамдарды Анатолияга жиберди. Боштондук согушуна чоң жардам көрсөтүлүшүнө себепкер болду. Узак убакыт иршад, ваъз жана илим үйрөтүү менен алек болуп, халифалык жоюлганда, өкмөттү басып алган дин душманы жетекчилик тарабынан өмүрүнүн аягында Измирге сүргүн кылынды. Измирде оор шарттардын астында жана карылыктан улам ооруп калды. Ал жерден Анкарага алып келинди. Анкарага алынып келгенден бир канча күн өтүп, 1943-жылы 27-ноябрь (х.1362-жылы) кайгыларга толо бул дүнүйөдөн акыретке көчтү. Сөөгү Анкаранын түндүгүндөгү Баглум деген калаада жерге берилди. Кабыры азыркы күнгө чейин зыярат кылынып, жанында кылынып жаткан дубалар кабыл болууда.

Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттеринин келбети орто жана кемчиликсиз эле. Буудай түстүү жана маңдайы жазы эле. Каштары жарым айдай болуп, ичке жана кооз эле. Нурдуу көздөрү чоң эле. Муруну орточодон бир аз чоңураак эле. Жүзү арыкчырай жана калың сакалдуу эле. Денеси ири болуп, адамдарда урмат сезимин ойготуучу салабаты жана айбаты бар эле.

Ар бир абал жана кыймыл-аракеттеринде Ислам динине бекем карманчу. Өтө кичи пейил болуп, эч качан "Мен” дечү эмес. Өтө айбаттуу, салмактуу жана меймандос эле. Жанындагыларга жардам берүүдөн абдан ырахаттанчу. Зыяраттарга барып, конокко чакырылганда кабыл кылчу.

Сеййид Абдулхаким Арваси дин илимдеринде жана тасаввуфтун назик марифаттарында бир дарыя сыяктуу эле. Университет мугалимдери, илим жана өкмөт адамдары чечими жок деп ойлогон татаал маселелерди сурап келишчү, сабагында бир саат отуруп, суроосун сурабай эле жообун алып кайтышчу. Таважжух жана махабатына жеткендер чексиз кереметтерин көрүшчү. Өтө кичи пейил болчу. Аййуб Султан, Фатих, Баязид, Бакыркөй, Бейоглунда Ага-Жамии мечитинин күрсүлөрүндө көп жылдар боюнча Стамбул элине илим үйрөттү. Султан Салим жамиинин жанындагы Сулаймания тасаввуф профессору кезинде "Ар-рияд-ут-тасаввуфия” китебин сунду. Тасаввуф тууралуу китебинде түркүн-түркүн каттары бар. Мавлют окуу жана теспе колдонуунун башталгыч жана шариятка ылайык экендиги тууралуу бир китеп, "Рабита-и шариф” китеби, "Сахаба-и кирам” жана "Аждад-и пайгамбари” китептери, "Ислам укугу”, "Кашкул” жана "Сафари ахирет” деп аталган эмгектери арап, фарси жана түрк тилдеринде жазылган баа жеткис ырлары бар.

Ал зат тарабынан тарбияланып жетилдирилген, залкар дин адамдарынын арасында эң таланттуусу, түрдүү диний жана так илимдерде жазылган китептердин автору, фармацевт, химик жана ардактуу мугалим, полковник Хусейин Хилми Ышык мырза болуп саналат. Ал зат 1929-жылдан 1943-жылга чейин Абдулхаким Арваси хазреттеринен сабак алган. Арап жана фарси тилдеринен котормолорду жасап, мусулмандарга кызмат кылуу үчүн аракет кылган. Түрк, арап, фарси, немис, француз, англис жана башка тилдерде дагы түрдүү темаларда диний китептерди басып чыгарган. Ал заттын бардык илими жана пейзин Абдулхаким Арваси хазреттеринен алгандыгы эмгектеринде айтылган.

25 жыл мурун көргөн түшүндөгү адам

Сеййид Абдулхаким хазреттери 1897-жылы ажылык милдети менен Хижазга келген кезде алгач Мединага кирип, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын ыйык кабырын зыярат кылды. Жанында Хажы Омар мырза деген шарифтердин тукумунан болгон бир зат бар эле. Бир күнү аны менен бирге ыйык Равзада шам намазынан кийин жүзүн саадат айнегине буруп, өтө адептүүлүк жана урмат менен турган кезде оң жагында отурган Хажы Омар кулагына ийилип, акырын: "Жубайым ушу тапта үзүр ээси. Ошондуктан, Пайгамбарыбыздын мечитине зыяратка кире албайт. Баб-ус-саламдан кирип, Пайгамбарыбыздын алдына бир салам берип, Баб-и Жибрилдан чыгып кетүүсүнө шарият уруксат береби?” – деп сурап калды. Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери ошол учурда жыйырма беш жыл мурда көргөн түшүн эстеп, коркуудан титиреп калды. Хажы Омардын жүзүн дагы бир жолу карады. Ооба, 25 жыл мурда түшүндө көргөн киши мына ушул зат эле.

Акырын үн менен: "Бул суроого жооп берүүгө мен милдеттүүмүн!” - деди. Бирок, түшүндө болгон сыяктуу Расулуллах алейхиссаламдын алдында тургандыгынан улам жооп бербей тургандыгын билдирди. Баб-и Рахмандан сыртка чыгышкандан кийин суроого жооп берди жана 25 жыл мурда көргөн түшүн толугу менен айтып берди.

 

Султандын дуба жана жардам сурашы

Султан Вахидаддин хан аны өтө сүйүп, урмат кылчу жана дубаларын сурачу. Абдулхаким хазреттери мындай деп айтат:

Мекенибиздин бир бөлүгү душман тарабынан басып алынып, душманга каршы күрөш башталган күндөр болчу. Стамбулдун Бешикташ районунда Синанпаша мечитинен ваъз айтып чыгып жаткан элем. Эшиктин астында турган хан сарай арабасынан бир төрө түшүп: "Ал малику йакраукассалам ва йадука илаттаъам”, б.а., "Султан сизге салам айтууда жана ифтарга чакырууда”, – деди. Арабада хан сарайды көздөй кеттик. Конокко Стамбулдун таанылган ваиздери, имамдары чакырылган эле. Тамактан кийин бирөө сер мусахиб келип: "Султандын саламы бар. Баарыңардан суранып жатат. Анатолияда капырларга каршы согушуп жаткан аскерибиздин жеңишке жетүүсү үчүн дуба кылууңузду жана Анатолиядагы мужахиддерге акча жана дуба менен жардам берүүлөрү, колуна курал кармай ала турган адамдардын аскер сабына кошулуулары үчүн элди үгүттөөңүздү өтүнүп жатат”, – деди. Бул буйрукка ылайык көптөгөн кишилерди Анатолияга жибердим. Көп жардам көрсөтүлүшүнө себепкер болдум.

Бир күнү Султан Вахидаддин хан ыйык Рамазан айында Хирка-и саадат (Пайгамбарыбыздын кийимдери сакталып жаткан мечит) турган бөлмөнү зыярат кылмакчы эле. Сеййид Абдулхаким хазреттерин дагы чакырттырды. Башка таанылган өкмөт жана дин адамдары дагы ошол жерде эле. Бул окуянын уландысын кызматын кылган Шакир мырза төмөндөгүчө айтып берген:

Султан Хирка-и саадат турган бөлмөнүн эшигинин алдына келгенде: "Абдулхаким хазреттери кайда?” – деп сурады. Ал жерде чогулуп турган адамдар бири-бирин карашты. Бул ысымдагы бирөөнү таанышчу эмес эле. Артында тургандарга кабар беришти. Абдулхаким хазреттери жооп бергенде "Султан сизди күтүп жатат” деп дароо жол беришти. Султан менен жанаша бири дүнүйө, бири акырет султаны катары Султан-ул-анбия ардактуу Пайгамбарыбыздын куттуу кийимдери турган бөлмөгө киришти. Бирге зыярат кылышты. Чыгышкан соң берекет иретинде султан ал жерде тургандарга бирден бет аарчы, устазыма болсо эки бет аарчы тартуулады. Мен сырткы эшикте Абдулхаким хазреттерин күтүп жаткан элем. Келип, зыяраттары тууралуу кубанып айтып берди. "Султан баарына бирден, мага болсо эки бет аарчы берди. Мунун бирөөсү сеники”, – деп бирөөсүн мага берди.

Абдулхаким Арваси хазреттери саясатка эч качан аралашкан эмес жана саясий партияларга мүчө да болгон эмес. Элдин ишеним жана саясый топторго бөлүнүшүнө такыр каршы болчу. Шакирттери андан тасаввуф мектептери жана даргахтарынын жабылышы тууралуу сурашканда: "Өкмөт даргахтарды эмес, бекер жаткан, бош жерлерди жапты. Бул ыйык илим борборлору кардар таппаган соң өзүн-өзү алда канча мурунураак жапкан болчу”, – деп жооп берди. Бул маанилүү жооп жалпы алганда ошол күндөрдүн медресе жана даргахтарынын жабылышы тууралуу анализдердин эң мыктысы болуп саналат.

Мыйзамдарды бекем сактачу, ар бир ваъз-насааттарында дагы муну баса белгилеп айтчу.

Абдулхаким хазреттеринин жеп-ичүүсү, жүрүм-туруму, сүйлөөсү, сүйлөбөөсү, күлүүсү, ыйлоосу дайым Исламга жана Расулуллах алейхиссаламдын абалына ылайык болчу. Анын тамактанышын көргөн адам такыр жеген жок деп ойлобосун деген максатта жеп жатат деп ойлочу. Аз жечү, тамакты аз-аздан алып жана шашпай, чайнап жечү. Жакындары анын отуз жылдан бери кайлула кылып жатканда, уктап жатканда жогоруну карап же сол жагы менен жамбаштап бир жолу болсо дагы жатпаганын айтышчу. Дайым оң жагы менен, оң колун оң бетинин астына басып жатчу. Ар бир абалы максатка ылайык эле. Өзү ар дыйым: "Максат, б.а., Аллаху таала жактырган жолдо болуу кереметтерден артык”, – сөзүн кайра-кайра айтчу.

Абдан кичи пейил болчу. Бир жолу болсо дагы "Мен” деп айтканын уккан адам болчу эмес эле. Ар жолу Ислам аалымдарынын ысымы айтылганда "Биз ал улуктардын жанында болсок, кимсиң деп суралбайбыз, жок болсок, кайдасың деп дагы изделбейбиз” жана "Биз ал улуктардын жазууларын түшүнө албайбыз. Бир гана берекеттенүү үчүн окуйбуз”, - дечү. Ал эми өзү болсо, ал илимдердин адиси эле.

Абдулхаким Арваси хазреттеринин баалуу сөздөрүнөн:

"Ар бир пайгамбар өзүнүн доорунда, өзүнүн уруусунун баарынан ар тараптан жогору болгон. Бирок, Мухаммед алейхиссалам болсо, ар доордо, ар мамлекетте, б.а., дүнүйө жаратылган күндөн баштап кыяматка чейин келген жана келе турган бардык маклууктардан ар тараптан жогору. Эч бир адам, эч бир жактан Андан жогору эмес. Жогору болушу да мүмкүн эмес. Каалаганын каалагандай кылып жараткан Раббибиз Ал затты ушундай жараткан. Эч бир адам баласынын Расулуллахты мактай алгыдай күч-кубаты жок. Эч бир адамдын Аны сынга алууга кубаты жок.”

"Эгер Аллаху тааланын акимдигин тааныган абалда аманат жана коопсуздукка зыян келтирбей эмгектенсеңер, бири-бириңерди катуу сүйүп, бири-бириңерге мээримдүү досторго айланасыңар. Силердин бул достуктарыңардан улам Аллаху тааланын ырайымы эмнелерди жаратпайт! Силер жеткен, силерге насип болгон ар бир нимат Аллахка ыймандын пайда кылган достуктун натыйжасы жана Аллаху тааланын ырайымы жана ихсаны. Силер дуушар болгон ар бир кырсык, дарт жан балакет болсо бир гана каардын, жек көрүүчүлүктүн жана душмандыктын натыйжасы. Булар болсо Аллахты тааныбагандыктан, зулумдук жана адилетсиздиктин жазасы.”

"Улуулардын сөзү – сөздөрдүн улуусу.”

"Олуялардын сөздөрүндө раббани таасир бар.”

"Инсанды курчап алган кайгы, кыйынчылыктардын бир гана себеби – Хакка каршы ширк жана мушриктик. Илим-билим өнүккөнүнө карабастан адамдардын келечегине кооп пайда кылып жаткан фасад караңгылыгы бир гана ширк, ыймансыздык, вахдатсыздык (ыйман жана амалда алсыздык) жана өз ара мээримсиздиктин натыйжасы. Адамзат канчалык өнүксө дагы өз ара сүйүү болбосо кайгы жана балакеттерден кутула албай. Аллахты таанымайынча, Аллахты сүймөйүнчө, Аллаху тааланы аким деп билип, Ага толук кулдук кылмайынча адамдар бири-бирилерине мээримдүү болуп, сүйө алышпайт. Хактан жана Хак жолдон башка эмнени ойлоп табылса, бардыгы айрылуу жана бакытсыздык жолу болуп саналат.”

"Мусулмандардын үйрөнүшү зарыл болгон илимдер Улуми Исламия (мусулмандык илимдери) деп аталат. Ислам дини тарабынан буюрулган бул илимдерди Расулуллах алейхиссалам экиге бөлүп түшүндүргөн. Бири "Улуми наклия”, б.а., диний илимдер, экинчиси "Улуми аклия”, б.а., акыл илимдери. Диний илимдер адамды дүнүйөдө жана акыретте хузур тынчтыкка, бакытка жеткизе турган илимдер.

Булар дагы экиге бөлүнөт: "Улуми алиййа”, б.а., жогорку диний илимдер жана "Улуми ибтидаийа”, б.а., кошумча, жардамчы илимдер. Ислам илимдеринин экинчи бөлүмү болгон акыл билимдеринин, б.а., тажрыйбага таянган так илимдерди мыкты үйрөнүү назик жана терең диний илимдерди оңой түшүнүүгө жардам берет. Математика жана физиканы үйрөнүү диний илимдерди кубаттандырат. Астраномия, математика жана геометрия динге жардамчы илимдер болуп саналат. Тажрыйбага таянган физикадагы (тажрыйба жана далилге дал келбеген) бир канча жаңылыш теория жана гипотезадан башка бардыгы динге дал келүүдө, ыйманды кубаттандырууда. Илахий физикада (метафизикада) айтылган айрым бузук көз караштар динге дал келбейт. Бул илимдер үйрөнүлсө дин илимдеринин акыл илимдерине дал келе турган жана акыл илимдер менен чечилбей турган назик жактары жана себептери көрүнөт.

"Курани каримден жана Расул алейхиссаламдын хадиси шарифтеринен кийин эң баалуу китеп - Имам Раббани хазреттеринин "Мектубат” китеби. Ханафи мазхабында эң толук жана эң балуу фикх китеби Ибн Абидиндин "Дурр-ул мухтар хашиясы” болуп саналат. Шафииде "Тухфат-ул-мухтаж” китеби.”

"Ислам дини – Аллаху тааланын Жабраил аттуу периште аркылуу Сүйүктүү Пайгамбары Мухаммед алейхиссаламга жиберген, инсандардын дүнүйө жана акыретте ырахатта болуусун камсыз кыла турган усул жана эрежелердин топтому. Бардык жогору мартабалар, пазилеттер, пайдалуу нерселер Ислам дининин ичинде. Эски диндердин ачык жана жашыруун бардык жакшылыктарын Ислам дини өзүндө топтогон. Бардык бактылуулуктар, ийгиликтер Исламда. Ислам акыл кабыл кыла ала турган негиз жана ахлактардан турат. Жаратылышында кемчиликсиз болгондор (табиятында жамандык болбогондор) Исламды эч качан четке какпайт жана аны жек көрбөйт. Исламдын ичинде эч кандай зыяндуу нерсе жок. Исламдын сыртында болсо эч бир пайда жок жана болбойт дагы.”

"Соңку кездерде тасаввуф мектептери болгон ханаках жана даргахтар сабатсыздардын колуна өттү. Динден, ыймандан кабары болбогон адамдар "шейх” деп аталды. Дин душмандары ошол калп шейхтердин сөздөрү, бийлери жана "ах-ух” деп бакырып кылып жаткан зикирлерин шылтоо кылып, динге хурафалар аралашкан деп Исламга жалаа жабышууда. Ал эми бузук тарикатчылардын сөздөрүн, иштерин дин деп билүү, аларды тасаввуф улуктары менен чаташтыруу абдан жаңылыш. Бул диндин эмне экендигин билбестик, аны такыр түшүнбөгөндүк. Динде сөз айта алуу үчүн ахли сүннөт аалымдарын таануу, бул улуктардын китебин окуу, мыкты түшүнүү жана түшүнгөндөрүн орундоо керек. Эгер жашоодо мындай аалым табылбаса дин душмандары майданды бош билип, дин аалымы болуп чыгышат. Ваъздары, китептери менен жаштардын ыйманын уурдап, улут жана мамлекетти жамандыкка сүйрөшөт.”

"Таза жана жаңы кийим кийгиле. Барган жериңерде адеп-ахлагыңар, сөздөрүңөр менен Исламдын салабатын, баасын көрсөткөнүңөр сыяктуу кийимиңер менен дагы урмат сезимин ойготкула.”

"Халалдан ар түрдүү даамдуу тамактар менен жана таттуу, муздак шербеттер менен денеңерди ырахат кармагыла.”

"Аллаху таала бардык нерсени бир себеп менен жаратууда. Ошол себептерге иш кыла ала турган таасир жана кубатты берген. Бул кубаттарды табият кубаттары, физика, химия жана биология мыйзамдары дейбиз. Бир ишти кылуубуз, бир нерсеге жетүүбүз үчүн ошол иштин себептерине кайрылышыбыз керек. Мисалы; буудай пайда болушу үчүн жерди айдап, эгип, анан оруп алышыбыз керек. Адамдардын бардык кыймыл-аракеттери, иштери Аллаху тааланын мына ушул адатынын негизинде ишке ашууда. Аллаху таала сүйгөн адамдарга жакшылык, икрам көрсөтүү жана душмандарын алдоо максатында аларга адатынан тыш, себепсиз дагы нерселерди жаратып берүүдө.”

"Бир маал намазды казага калтыруудан көрө миң жолу өлүүнү тандамакмын.”

"Намаз жана дагы намаз, кайда жана кандай жагдайда болсоңор дагы сөзсүз намаз окугула.”

"Эң чоң адеп – илахи чекти сактоо”

"Аллаху таала бир кулуна ыйман берген болсо бардык нерсени берген экен. Ыйман бербеген болсо эч нерсе бербеген экен.”

"Биздин мажилисибизде болгондор унчукпай отурушса дагы жана унчукпоодон башка нерсени көрбөгөн болушса дагы дин маселесинде өзүн аалым деп эсептегендердин каталарын табышат.”

"Курани карим бул – шыпаа. Бирок, шыпаа суу келип жаткан арыкка байланыштуу. Кир арыктан шыпаа келбейт.”

"Чыныгы керемет – кереметти жашыруу. Мунун сыртында көрүнгөн нерселер олуянын эрки жана каалоосунда эмес. Демек, илахий хикмат ушуну керек кылган.”

"Аллаху таала сырын ишенгенине билдирет. Билген сүйлөбөйт, сүйлөгөн билбейт.”

"Акмактык – бир катасынан сабак албай, кайра кайталоо.”

"Диний илимдер – дүнүйө жана акыретте хузурга, бактылуулукка жеткизе турган билимдер.”

"Аллаху таала каалаганын жасайт. Кааласа себеп менен, кааласа себепсиз, каалаганына азап же лутф кылат. Эң сонун жана туура болгон нерсе – Анын каалоосу.”

"Аллаху таала бизге ырайымы менен мамиле кылсын. Эгер адилети менен мамиле кыла турган болсо баарыбыз күйүп күл болобуз.”

"Рия болбосун деп жамааттан кача тургандар башка бир риянын ичинде.”

"Илим сабатсыздыкты жоёт, акмактыкты эмес.”

"Коомдо психологиялык ооруулардын себеби – ыйман кемчилигинен.”

Ал заттын шакирттеринин кээ бирлери илим дарыясы болгон бул улуу олуядан төмөндөгү сөздөрдү жана окуяларды накыл кылышкан:

Шакирттеринен Хафыз Хусейин мырза баян кылат:

Стамбулда окудум. Арап жана фарси тилдерин мыкты билчү элем. Ар кандай жыйналышта жана маселеде сөз ээси элем. Бир күнү мени Абдулхаким Арваси хазреттеринин алдына алып барышты. Максатым ал жерде дагы сөз ээси болуу эле. Ага жакын болгон бир күрсүдө отурдум. Сухбат башталды. Дароо күрсүдө отурууга тартынып ылдый түштүм. Сухбатта өмүрүмдө мен укпаган жана билбеген нерселер тууралуу сөз болуп жатты. Ал затка жакын отуруудан дагы тартынып бир аз артка жылдым. Дагы бир аз, дагы бир аз сүрүлүп, акыры өзүмдү эшиктин босогосунда көрдүм. Дагы кичине жылсам, сыртка чыгып кете турган даражага келип калган элем. Негизи мен көп жылдардан бери шейхтик кылып келген жана бир топ шакирти бар адам элем. Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттерин көргөн соң ушул абалым менен шакирт болуудан башкасына жарабай тургандыгымы түшүнүп жеттим жана шакирттериме барып: "Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттерин көрүп, таанып, шейхтиктин эмне экендигин эми түшүндүм. Анын этегине жармашуудан башка ишим калбады”, – дедим. Бул улуу затка шакирт болуу мага да насип болду.

Отуз жыл жанынан айрылбаган жакыны Шакир мырза баяндайт:

Бир күнү багымдат маалында даргахтын мечитинде намаз окуп жаткан элек. Хазрет менен экөөбүз элек. Ар дайым болгондой, мени имамдыкка өткөздү. Мечиттин кириш тарабы айнек болгондуктан кире бериштеги отурула турган жерден мечиттин ичи оңой көрүнүп турчу. Биз намазга даярданып жаткан кезде аялым сыртта чай даярдай баштады. Намаз жана дуба окуп, сыртка чыктык. Самоордун жанында эки чынынын ордуна бир топ чыны турган экен. Аялыман эмнеге эки чынынын ордуна ушунча көп чыны алып келгендигин сураганымда ал: "Кызык! Аркаңарда чоң жамаат бар эле. Эми болсо тарап кеткен турбайбы!” – деди.

Шакирттеринен Илияс мырза айтат:

Күндөрдүн биринде бир кары аял жыгач устачылык дүкөнүмө кирип келип: "Бир бөлмөлүү үйүм бар. Жанына экинчи бөлмө коштуруудамын. Аны ижарага берип, ошонун акчасы менен оокат кыламын. Акчасын ижаранын акчасынан берүү шарты менен мага бир эшик менен терезе жасап бересиңби?” – деди. "Эртең келиңиз, сүйлөшөбүз”, – дедим. Максатым Абдулхаким Арваси хазреттери менен кеңешүү болчу. Аср маалында даргахына бардым. Абалым тууралуу сурады. "Кардарлар келип турабы?” – деди. "Ооба, келип турат”, – дедим, бирок, бүгүн келген кемпир тууралуу суроону такыр унутуп коюптурмун. Бир аздан кийин: "Заказ берип жаткандар барбы?” – деди. "Бүгүн болгон жок”, – дедим. "Аял кардарлар дагы келип турушабы?” – деп сурады. Дагы эстеген жокмун. Ошондо: "Бүгүн келген кемпирдин заказын бүтүрүп бериңиз!” – деди. Ошондо гана жанагы кемпирди эстеп, уялганыман кызардым.

Бир күнү Баязид мечитинде ваъз айтып жатып, маселеге такыр байланышы болбогон абалда: "Силерден бириңер үйүнө барганда перзенти үйдүн чатырына чыгып, көгүчкөн кубалап жүргөнүн көрсө, бакырбай, акырындык менен: "Балам, карасаң, сага эмне алып келдим, таттуу алып келдим”, – деп акырын аны түшүрүп алсын да үйүнө алып киргенден кийин гана жээрисин”, – деди. Ваъазды тыңдап отурган Акхисардык бир зат: "Мунун ваъзга эмне тийешеси бар”, – деп ойлоду. Ваъздан кийин үйүнө келип караса, баласы чатырга чыгып, көгүчкөн кармамакчы болуп, чуркап жүргөн экен. Бала үч-төрт жаштарында болчу. Ал көгүчкөнгө кызыгып, чатырдын четине жакындап калган экен. Ал зат ошол замат Абдулхаким хазреттеринин насааттарын эстеди жана айтканындай кылды. Бала чатырдан кулап түшүүдөн кутулуп калды.

Акын Нажиб Фазыл айтып берген окуя:

1941-жыл... Немистер чек арабызга жакындап калган эле. Мен бир гезитте чыккан макаламда жазганымдай Экинчи Дүйнөлүк Согушга киришибиз анык деп ишенчү элем. Бул жолу сөз ачылып, бул маселени ал хазреттин жанында өзүмчө негиздеп берүүгө аракет кылдым. Бирок, лутф кылып аягына чейин угуп турду. Жанында жакындарынан бир канча киши жана адвокат Махмуд Вазироглу аттуу аны сүйгөндөрдөн бир зат дагы бар эле. Согушка аралашууга мажбур экендигибизди эсеп-кысап жолу менен көрсөтүп, түшүндүрдүм. Абдулхаким Арваси хазреттери менин айткандарымды акырына чейин уккан соң: "Согушка кирбейбиз. Бирок, Биринчи Дүйнөлүк Согушта болгону сыяктуу дагы кымбатчылык болбосо жана талон системасы чыкпаса”, – деди. Так айткандай болду. Өкмөтүбүз согушка кирбеди, бирок, кымбатчылык жана талон системасы элди катуу кыйнады. Махмуд бей мага бул кереметти кайра-кайра кайталачу жана: "Укмуш, укмуш... Жетиден жетмишке чейин баары согушка киришибизди күтүп турганда "Согушка кирбейбиз” деген эле жана эч ким талон систамасын күтпөгөн кезде "Талон системасы болот” деп айткандыгы чоң керемет”, – дечү.

Фарук бей айтат:

Мындан бир нече жыл мурун уулум Навзад азыр биз турган бөлмөнүн балконунан ылдыйга бетон жерге кулап кетти. Баламды кома абалында бир бейтапканага жаткыздык. Комадан чыкты. Бирок, акыл жагынан жөндөмдүүлүгүн жоготту. Стамбулга алып бардык. Бардык невролог жана психологдорго көрсөттүк. Бардыгы үмүт жоктугун айтышты. Бир грек доктур шизофрения деп диагноз койду да, дарылоого болбойт деп өкүм чыгарды. Балагат жашындагы баламды улуу байкеси Абдулхаким мырзанын колдоруна тапшырдым. Бала даргахта кырк күн калды. Аны дайым карап турду. Бирок: "Өкүнүч, өкүнүч”, – деп кайгырып, ишти Аллаху таалага тапшырды. Кырк күндөн кийин Навзад дене жана руханий жактан ушундай саламаттыкка ээ болду; башына жанагы иш келгенден мурда мынчалык соо жана зээндүү болгон эмес. Окууга кирип, юридикалык факультетти бүтүрдү. Суу иштери министрлигинде адвокат болуп иштеди жана ошол жерден пенсияга чыкты. Абдулхаким мырза иниси болгон Фарук Ышык мырзаны катуу сүйчү. Бирөөнү мактамакчы болсо: "Фаруктан башка баарыбыздан жакшы”, – деп мактачу. Фарук бейдин кабыры Абдулхаким Арваси хазреттеринин буту тарабында.

Баязид мечитинде Эрзинжан зилзала кырсыгынан бир апта мурда: "Аллаху таала ачык зина болуп жаткан жерлерге зилзала менен жаза берет. Мисал үчүн; Эрзинжан”, – деп унчукпай калган эле. Эч ким ошол маалда бул сөздүн маанисин түшүнбөй, бир аптадан кийин уккандар: "Субханаллах, чоң кереметке күбө болуптурбуз, бирок, түшүнө албаптырбыз”, – дешти.

Шакирттеринен Тахир мырза баян кылат:

Абдулхаким Арваси хазреттери айтты: "Олуянын алдына толуп барган адам бош, бош барган адам толуп кайтат.” Бир күнү мага: "Тахир мырза, үйүңдө китеп калбасын, китептерди алып башкаларга бергин!” – деди. Үйгө бардым. Текчеге тизип койгон бири-биринен кооз жана мен үчүн баалуу китептеримди башкаларга бергим келбеди. Буйруктарын аткарган болоюн деп, бир нече китепти кошуналарга тараткан болдум. Куптандан кийин уктадым. Абдулхаким хазреттерин түшүмдө көрдүм. Ал: "Тахир, китептерди чыгардыңбы?” - деди. Ойгонуп кетип, ордуман турдум. Даарат алып, эки рекет намаз окуп, дагы жаттым. Уктай элек болчумун. Абдулхаким Арваси хазреттери дагы келип: "Китептерди дагы эле тараткан жоксуңбу?” – деп ачууланды. Коркуп ордуман секирип турдум. Дароо бардык китептеримди үйдөн сыртка чыгардым. Анан келип жаттым. Ошондо гана тынч уктай алдым. Анан түшүндүм; бизди тарбия кылуу үчүн китептерден алыстатып, менде болгондорду алып, өзүндө болгондорду бизге берүү үчүн ушул жолду колдонгон экен.

Качан Абдулхаким Арваси хазреттеринин алдына барсам Зия бей жанында отурчу. Зия бейге бир китеп берчү, окутчу жана түшүндүрүп берчү. Бир күнү дагы ушундай бир сухбатта Зия бейге китеп окутуп, өзү ачыктап отурган болчу. Көңүлүмө: "Менин арапчам жана фарсчам Зия бейдикинен жакшыраак. Эмнеге дайым ага окутат да, мага окутпайт”, – деген ой келди. Ошол түнү түшүмдө Абдулхаким Арваси хазреттеринин алдында элем. Дагы Зия бейге китеп берип, окутуп жаткан. Бирок, Зия бейди селде кийген, аалым келбетинде көрдүм. Абдулхаким хазреттери Зия бейди мага көрсөтүп: "Биз милдетти бекеринен бербейбиз”, – деди. Ойгонуп жанагы көңүлүмө келген ойго өкүнүп калдым.

Бир күнү Абдулхаким хазреттеринин алдына бара жаткан болчумун. Жолдо көңүлүмө: "Барып Абдулхаким хазреттерине айтайын, олуялык жолунда жүрүп, бийик даражаларга көтөрүлүү оор иш, биздин кичине кайратыбыз менен буга жетүүгө болбойт. Химмат кылып, таважжух кылсын да, бул жогору мартабаларга мени жеткизсин”, – деген ой келди. Бардым. Бакта жалгыз отурган экен. Салам берип колдорун өптүм. Жүзүмө карап: "Тахир, бул эмне бак?” – деп сурады. "Магнолия” – дедим. "Ал эмне?” – деди. "Гүл” – деп жооп бердим. "Эй, Тахир! Эмнеге булардын суусу бир, абасы бир, топурагы бир болсо да жыттары ар түрдүү? Мисал үчүн; мына ушул гүлзарга эмне тиксең гүл болобу же туш келген гүл дагы магнолия сыяктуу бийик болуп өсөбү?” – деп сурады. "Жок, устаз”, – дедим. "Демек, айырма талант жана жөндөмдүүлүгүнөн экен. Көк майсан менен от эч качан розадай боло албаган сыяктуу, роза дагы магнолия сыяктуу боло албайт!” – деп кайра мени карады. Мен кызарып: "Кемчилигимди кечириңиз, устаз!” – дедим.

Тиш доктуру полковник Сабри бей айтып берген:

Бир күнү Абдулхаким мырза мага таяммум кантип алына тургандыгын өздөрү көрсөтүп берип, үйрөттү. Бир-эки күндүн ичинде дагы ушундай кылды. Өзүмө-өзүм: "Азыркы кезде суу болбой турган жердин өзү жок, эмнеге мынчалык берилип таяммумду үйрөтүп жатат?” – деп сурачумун. Кайтыш болгондон кийин отуз жыл өтүп, колдорума бир жара чыкты. Жада калса, ушул жараны деп бейтапканада бир баш бармагымды кесип салышты. Доктурлар колуңа бир да суу тийбесин деп катуу эскертишти. Үч жыл бою ар намазга Абдулхаким Арваси хазреттери көрсөтүп бергендей таяммум алууга мажбур болдум.

Халид Турхан бейдин эскерүүлөрүнөн:

Бир күнү зыяратына барган болчумун. Китепканасынан бир китепти алып, бир жерин ачып мага берди жана: "Окуңуз!” – деди. Арап тилинде жазылган эле. Окууга аракет кылдым. Жаңылыш окуган жерими оңдоду. Дагы бир жолу окутуп, каталарымды оңдоду. Анан: "Эми которуңуз!” – деди. Кыйналган көп сөздөрүм болду, жардам берди. Жада калса, өзү которуп берди. Дагы бир жолу окутуп, котортту. Жакшы түшүнүп алган болчумун. Кайтыш болгондон кийин жыйырма жыл өтүп, китепкана директорлук кызматы үчүн Анкарада сыноого кирдим. Сыноодо колума бир китеп беришти жана бир жерин ачып: "Окуңуз!” – дешти. Карасам бул Абдулхаким Арваси хазреттери окуткан дал ошол китеп жана дал ошол бет экен. Окудум, которуп бердим. Сыноодон өттүм. Китепканага директор болдум. Бирок, сыноодон чыккан соң Хазреттин бул чоң жана ачык кереметтерин көрүп, абдан ыйладым.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш