Хусейин Хилми бин Саид


Диний илимдерде чоң аалым жана тасаввуф марифаттарында кемел жана мукаммил болгон кереметтер ээси Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери жетилдирген улуу аалым. Китептери бүткүл мамлекеттерде окулууда. Эмгектеринин эң маанилүүсү "Там Илмихал Саадати Абадиййа” болуп, 14 түркчө, 60 араб жана 25 фарси жана булардан которулган француз, англис, немис, орус жана башка тилдердеги жүздөгөн китептердин автору. 8 март, 1911-жылы Стамбулдун Аййуб Султан районунда туулуп, 2001-жылы 29-октябрда кайтыш болду. Бир канча миң кишилик элдин коштоосунда окулган жаназа намазынын артынан Аййуб Султандагы үй-бүлөлүк көрүстөнгө жерге берилди.

Фон Мизестан жогорку математика, Прагерден механика, Демберден физика, Госсдон химия технологиясы илимдерин окуду. Химия илимдеринин профессору Арнддын жетекчилигинде илимий изилдөөлөрдү жасап, мактоосуна татыктуу болду. Профессор Арнддын жанында алты айда дипломдук ишин бүтүрүп, Стамбул университетинде Phenyl-cyan-nitromethan (көк фенилнитрометан) химиялык кошундусун синтез кылуу аркылуу формуласын ойлоп тапты. 1939-жылдын аягында химия жогорку адистиги боюнча 1/1 номердеги диплом ыйгарылды. Армияда полковник наамына жеткенге чейин түрк армиясында уулуу газдар инженери жана химия мугалими болуп иштеди.

Саясатка эч качан аралашкан жок, бир да саясий партияга мүчө болгон эмес. Ишеним жана саясий бөлүнүүгө жана өкмөткө баш көтөрүүгө каршы болчу. Муну эмгектеринде дагы ачык үгүттөгөн. Жер бетиндеги түрдүү мамлекеттерге жиберген түрдүү тилдердеги китептеринде Ислам дининин туура түшүнүлүүсү, Ислам өкүмдөрү жана ахлагынын жайылуусу үчүн тынбай аракет кылды. Ошондуктан, динди дүнүйөлүк топтоо үчүн курал кылгандар менен мазхабсыздардын жалааларына учурады. "Фармацевт, химик динде эмнени түшүнмөк эле? Ал өзүнүн милдетин аткарсын, биздин ишибизге аралашпасын” дегендер болду. Ооба, бул зат фармацевт жана химик болуп, элине отуз жылдан ашуун кызмат кылды. Бирок, диний илимдерди дагы үйрөнүп, күнү-түнү окуп, улуу Ислам аалымынан ижазат (диплом) алды. Ошончо китептерди жазгандыгына карабастан эч качан өзүнүн жеке көз карашын, пикирлерин аралаштырбай, дайым ахли сүннөт аалмдарынын акыл ээлерин таң калтыра турган баалуу жазууларын арап жана фарси тилдеринен которуп, китептеринде жыйнады.

Сеййид Ахмед Мекки мырза: "Там Илмихал Саадати Абадиййа” китебине жазган рецензиясында айтат:

"Доорубуздун пазылдарынан, доорубуздун жалгызы жазган "Там Илмихал Саадати Абадиййа” китебине көз чаптырдым. Бул китепте келам, фикх жана тасаввуф илимдерин таптым. Булардын бардыгы илимдерин нубувват булагынан алган заттардын китептеринен топтолгонун көрдүм. Бул китепте ахли сүннөт акыйдасына туура келбеген эч бир илим, эч бир сөз жок. Эй, таза жаштар, диний жана улуттук билимдериңерди ушул латиф, окшошу жок, балким келечекте дагы окшошу жазыла албай турган ушул китептен үйрөнгүлө!”

Хусейин Хилми бин Саид хазреттери ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуп, түшүнө ала турган адамдардын азайып кеткендигин жана сабатсыз кишилердин дин адамдарынын арасына аралашып, бузук китептерди жазып жатышканын көрүп, кайгырган: "Фитна жайылган кездерде акыйкатты билген адам башкаларга дагы муну билдирсин. Эгер билдирбесе ага Аллаху тааланын жана бардык адамдардын каргышы болсун!” – деген хадиси шарифте билдирилген эскертүүдөн катуу корккон. Адамдарга карата болгон мээрими жана ырайымы аны кызматка умтултту, ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен керектүү маселелерди которуп, бардыгы түшүнө ала тургандай кылып чечмелеп берүүгө аракет кылды. Алган эсепсиз ыраазычылык жана мактоолор менен бирге кээде сабатсыздардын ушак-жалааларына дагы дуушар болду. Раббына жана ыйманына карата ыкылас жана ишениминде эч бир күмөнү болбогондуктан Аллаху таалага тобокел, Расулуна жага салих кулдарынын ыйык рухтарына тавассул кылган абалда кызмат кылууну уланта берди. Бүткүл бул кызматтарынын Ислам аалымдарына болгон күчтүү махабаты жана урматынын берекети менен ишке ашкандыгын айтчу. Ар сухбатында Ислам аалымдарынын китептеринен окуп, Имам Раббани, Абдулхаким Арваси хазреттеринин сөздөрүн баян кылып жатканда көздөрүнөн жаш агып: "Келами кибар, кибари келам аст”, б.а., "улуктардын сөздөрү, сөздөрдүн улугу”, - дечү.

"Стамбул олуялары” китебинде бул зат тууралуу төмөндөгү маалыматтар орун алган:

Хусейин Хилми мырза материалдык жана руханий, дүнүйөлүк жана акыреттик, өзгөчө так илимдер, медицина, фармацевтика жагында доорунун таанылган адамдарынан эле. Ар бир сөзү илим-билимге жана тажрыйбага таянган, ушул билимдерин, тажрыйбаларын диндин негизги эрежелерине салып, өлчөп айткан хикмат сүйлөөчү, б.а., ар бир сөзүндө дүнүйөлүк жана акыреттик пайдаларды топтогон, билким окшошу табылбай турган аалым зат эле.

Эң ардактуу, көрүнүктүү китептерден которгон котормолору жана жыйнактарынын негизинде жаңы окуу китептерин чыгарды. Акыйда маселесинде, өзгөчө ахли сүннөт вал жамаат акыйдасын жөнөкөй бир тилде баян кылып, ушул куттуу акыйданын жайылышына өзүнүн чоң салымын кошту. Ханафи, Шафии, Малики жана Ханбали мазхабдарынын биринде болуунун ахли сүннөттүн эң негизги белгиси экендигин, ар бир адамдын өзүнүн мазхабына ылайык амал кылышы керектигин, зарылдык жана муктаждык болгон кезде хак болгон төрт мазхабдын бирин таклид кыла алуусун ахли сүннөт китептеринен алып, чечмелеп берди.

"Саадати Абадиййа” жана башка китептеринде миңдеген маселелерди ачыктап берди. Унутулган көптөгөн маселелерди ачыкка чыгарып, ихйа кылды. "Үммөтүм бузулган кездерде сүннөтүмдү ихйа (ачыкка чыгарган) кылган адамга жүз шейит сообу берилет” деген хадиси шарифине дайым моюн сунуп, фарздарды, важибдерди, сүннөттөрдү, жада калса, мустахабдарды дагы толугу менен түшүндүрүп жазчу.

Дүнүйөнүн түрдүү аймактарында жашап жаткан элдерге Ислам динин туура, оригинал түрүндө таанытты. Ахли сүннөт аалымдары тарабынан макталган жана сунушталган жүздөгөн арапча жана фарсча эмгектерди Hakikat Kitabevi басмасы аркылуу дүнүйөнүн бүткүл өлкөлөрүнө жайды. Ваххаби, Хуруфи, Кадияни сыяктуу бир канча адашкан топтордун туура жолдон айрылган жактарын бүткүл дүнүйөгө далилдери менен түшүндүрүп берди. Бул заттын кызматтарынын натыйжасында ахли сүннөт акыйдасы бүт дүнүйөдө кайра жанданып, жашара баштады. Мына ушул жактан эмгектери жана кызматтарына "мужаддиддик” деп баяндагандар болду. Таждид – динди жаңылоо, кубаттандыруу дегенди билдирет.

Ийгиликтеринин себебин сурагандарга "Халакал мусаввифун”, б.а., "Эртең кыламын дегендер куруду” деген хадиси шарифке ылайык бүгүнкү ишин эртеңкиге калтырган жокмун жана өзүмдүн ишимди өзүм кылдым. Кыла албай турган ишимди башкасына тапшырган кезимде дагы анын натыйжасын көзөмөл кылдым деген жоопту берген. "Бул доордо Исламга кызмат кылууда ийгиликтүү болуу үчүн угуучулар түшүнө ала турган деңгээлде ачык сүйлөө жана баары менен таттуу тил менен жакшы мамиледе болуу керек”, - дечү. Чындыгында абдан кичи пейил бир зат эле. Өзүн башкалардан эч качан жогору көрчү эмес. Улуу жаштагылардын жанында унчукпай туруп, эч ким менен талашып-тартышчу эмес, адепти бекем сактачу, көбүнчө тизелеп отурчу. Бурса шаары эски мугалимдеринен Али Хайдар мырзаны зыярат кылып барган кезде сааттап тизелеп отурганда Али Хайдар мырза шакирттерине: "Хилми бейден адеп үйрөнгүлө, адеп!” деген эле. Хусейин Хилми бир Саид мырза үй-бүлөсүнөн Османлы тарбия адебин, Абдулхаким Арваси хазреттеринен болсо тасаввуф адебин алган болчу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш