Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ысымдары




Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ысымдары


Суроо: Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын көп ысымы бар деп уккан болчумун. Алар кайсылар?

Жооп

Мухаммед алейхиссаламдын төрт жүзгө жакын ысымы "Мавахиб-и ладунниййа” китебинде жазылган. Булардын айрымдарынын мааниси алфавит тартиби менен кыскача төмөндөгүдөй:

Абдуллах: Аллахтын кулу.

Абид: Кулдук кылуучу, ибадат кылуучу.

Адил: Адилеттүү, чынчыл, чынчылдыктан, хактан айрылбаган.

Ажвад: Эң жакшы, эң жоомарт.

Азиз: Абдан улуу, абдан шарапаттуу.

Акрам: Эң шарапаттуу.

Али: Улуу, бийик.

Алим: Билгич.

Аллама: Көп илимдүү.

Амил: Иштөөчү; иш жана аракет адамы.

Амин: Чынчыл жана ишеничтүү.

Ахмед: Эң көп макталган, сүйүлгөн.

Ахсен: Эң сонун.

Башир: Сүйүнүчтүү кабар берүүчү.

Бурхан: Ишеничтүү далил.

Вали: Ээ, жолдош, дос.

Васыл: Кулду Раббине жеткизген.

Вафи: Сөзүнө бекем.

Галиб: Аким жана жогору.

Гани: Бай.

Жаббар: Каар кылуучу, жеңүүчү.

Жавад: Жоомарт.

Заки: Таза, акылдуу.

Закир: Аллахты көп зикир кылган.

Захид: Пайдасыз нерселерден баш тарткан.

Каййим: Карап, көз салып туруучу.

Камар: Ай.

Карим: Өтө жоомарт, өтө шарапаттуу.

Мадани: Шаардык, билимдүү жана тарбиялуу (маданияттуу).

Мажид: Улуу жана шарапаттуу.

Макки: Меккелик.

Мансур: Жеңишке жеткен.

Мархум: Ырайым менен кооздолгон.

Масуд: Бактылуу.

Масум: Күнөөсүз, айыпсыз.

Матин: Мыкты, өзү жана сөзү туура, ишеничтүү.

Махди: Туура жолду көрсөтүүчү, туура жолго баштоочу.

Махмуд: Макталган.

Му’ти: Берүүчү, ихсан кылуучу.

Муаллим: Үйрөтүүчү.

Мубарак: Бакыт алып келүүчү, кайырдуу, берекелүү, пейиздүү.

Мужтаба: Тандалган.

Музаффар: Жеңишке жеткен, жогору.

Мукаррам: Шарапатуу, улуу, урматтуу, урмат-сыйга ээ болгон.

Муктафа: Артынан ээрчилүүчү.

Муктафи: Иктифа кылуучу, канаат кылуучу.

Мунир: Нурданткан, жарык кылуучу.

Мурсал: Элчи кылып жиберилген.

Муртаза: Жактырылган, тандалган.

Муслих: Түзөтүүчү, иретке келтирүүчү.

Мустаким: Туура жолдо болгон.

Мустафа: Өтө арынган, өтө таза.

Мути: Хакка баш ийүүчү.

Мухаммед: Жерде жана көктө өтө макталуучу.

Мушавир: Өзү менен кеңешилген.

Наби: Пайгамбар.

Нажийуллах: Аллахтын сырдашы.

Нажм: Жылдыз.

Назир: Эскертүүчү, коркутуучу.

Наки: Абдан таза.

Накиб: Калктын жакшысы, коомдун эң тандалганы.

Насиб: Асыл, таза тукумдан болгон.

Насих: Насаат кылуучу.

Натык: Сүйлөшүүчү, сөз сүйлөөчү.

Нимат: Жакшылык, бакыт-таалай.

Нур: Жарык, жарыктык.

Рагыб: Каалоочу.

Рази: Кабыл кылуучу, кубануучу.

Расул: Элчи.

Рафи: Көтөрүүчү.

Рахим: Момундарды өтө жактыруучу, мээримдүү.

Рашид: Акылдуу, жетилген, жакшы жолду баштоочу.

Сабир: Сабырдуу, кыйынчылыктарга чыдаган.

Садуллах: Аллахтын ыйык кулу.

Садык: Чынчыл.

Саид: Бактылуу.

Саййид: Мырзы.

Сайфуллах: Аллахтын кылычы.

Салам: Кемчилик жана айыптардан узак.

Салих: Жакшы жана көркөм мүнөздүү.

Саффат: Арылган, тандалган.

Сахиб: Ээ, жолдош; маектеш.

Таййиб: Халал, таза, көркөм, жагымдуу.

Таки: Харамдардан сактанган.

Таха: Курани ккримдеги румуз (жашыруун, сырдуу) ысымы.

Тахир: Өтө таза.

Фадлуллах: Аллахтын ихсаны, жакшылыгы.

Фарук: Хаккты жана батылды айыруучу.

Фаттах: Жолдогу тоскоолдуктарды жойуучу.

Хабиб: Сүйүктүү, өтө жактырылган.

Хади: Туура жолго алып барган.

Халил: Дос.

Халим: Жумшак мүнөздүү.

Халис: Асыл, таза.

Хамид: Хамд кылуучу, мактоочу.

Хаммад: Көп хамд кылуучу.

Ханиф: Акыйкатты бекем кармаган.

Хафыз: Коргоочу.

Шакир: Шүгүр кылуучу.

Шамс: Күн.

Шафи: Шапаат кылуучу.

Ясин: Чыныгы инсан, инсан-и камил (жогору даражалуу инсан).


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш