Ыйманын сактап
өлгөн ар бир адам шапаатка жетишет. Зухаа сүрөсүнүн: "Албетте:
Раббиң сага [шапаат кылуу мүмкүнчүлүгү жана абдан көп нимат] берет,
сен да ыраазы болосуң” деген маанидеги бешинчи аят-и кариманын
тафсиринде Расулуллах алейхиссалам: "Үммөтүмөн бир киши Тозокто калса
ыраазы болбойм”, - деп айтты. Шапаатка ээ боло алуу үчүн ыйман менен
өлүү шарт. Ыймандуу өлгөндөр да түбөлүк кутулууга жетишти деген маанини
билдирет.
Хадиси шарифтерде
айтылды:
"Кыяматта
шапаат кыламын. "Эй, Рабби, жүрөгүндө кымындай болсо да ыйманы барларды
Бейишке киргиз", - деп айтамын. Алар Бейишке киришет. Анан жүрөгүндө аз
бир нерсе болгондорго: "Бейишке киргиле", - деп айтамын.” [Бухари]
"Акыретте
алгач шапаат кылган жана шапааты кабыл болгон адам мен боломун.” [Ибни Мажа]
"Үммөтүмөн
ширк менен өлбөгөн ар кимге Аллахтын уруксаты менен шапаат кыламын.” [Бухари, Муслим]
"Кыямат күнү
эң алгач мен шапаат кыламын.” [Муслим]
"Ар
пайгамбардын мустажаб [кабыл болгон] бир
дубасы бар. Мен дубамды үммөтүмө шапаат кылуу үчүн акыретке калтырдым.” [Бухари]
"Менден мурда
эч бир пайгамбарга берилбеген беш нерсенин бири шапаат. Ширк менен
өлбөгөн [ыймандуу
өлгөн] ар кимге шапаат кыламын.” [Баззар]
"Үммөтүмөн чоң
күнөө кылгандарга шапаат кыламын.” [Имам Ахмед, Насаи]
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам күнөөкөрлөргө шапаат кыламын деп билдиргенде Хазрети Абуддарда:
"Ыйманы болгон ууру жана занилер (зина кылган адамдар) дагы шапаатка жетишеби?”
– деп сурады. "Ооба, аларга дагы шапаат кыламын”,- деп жооп
берди. (Хатиб)
"Күнөөсү көп
болгондорго шапаат кыламын.” [Хатиб]
"Напсилерине
алданып калгандарга шапаат кыламын.” [Дайлами]
"Кыяматта
кумдан да көп адамга шапаат кыламын.” [Табарани]
"Кыяматта:
"Эй, Рабби, кымындай болсо да ыйманы барларды Бейишке киргиз!” – деп айтамын.
Баары шапаатым менен Бейишке кирет.” [Бухари]
"Шапаатыма
ишенбеген адам ага жете албайт.” [Шира]
"Шапаатыма эң
ылайыктуу болгон адам - мага эң көп салават окуган адам.” [Тирмизи]
"Үммөтүмөн
артта калгандар жокпу деген кабатыр менен Бейишке кирсем дагы тактыма
отурбаймын. Аллаху таалага: "Эй, Рабби, үммөтүм үммөтүм”, - деп айтам. Раббим:
"Үммөтүңө эмне кылуумду каалайсың?” – деп сурайт. Мен: "Эй, Рабби, алардын
сурагын тезирээк бүтүрө көр, кыйынчылыктардан кутулушсун”, - деп айтамын.
Тозоктуктардын тизмеси мага берилет. Аларга шапаат кыламын. Жада калса,
Тозоктун сакчысы Малик: "Үммөтүңөн жазалана турган эч кимди калтырбадың”, -
дейт.” [Байхаки,
Табарани]
"Раббиң
сага [акыретте түрлүү
ниматтар, шапаат уруксаты] берет, сен да кубанып, ыраазы болосуң” деген маанидеги Зухаа сүрөсүнүн бешинчи аят-и
каримасы түшкөндө, Расулуллах алейхиссалам: "Үммөтүмөн бир киши Тозокто
калса ыраазы болдум деп айтпаймын”, - дегени тафсирлерде билдирилген. (Тыбйан)