Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Намазда Пайгамбарыбызды мактоо




Намазда Пайгамбарыбызды мактоо


Суроо: "Фатиха сүрөсүндө жалгыз Аллах гана макталууда, Пайгамбар макталган жок. Намазда Пайгамбарды мактоо, б.а., намазда Салли Барик салаваттарын окуу ширк” дегендер кездешүүдө. Пайгамбарды мактоо эмнеге ширк болсун? Андай болсо, Аттахыййатуну окуу дагы ширкпи? Айрыкча, бир канча аяттарда дагы Расулуллах макталууда. Бул аяттарды зам сүрө катары окуу да ширк болобу?

Жооп

Ар ким өзү түшүнгөнү боюнча Курани каримден маани чыгарууга аракет кылса, адамдардын эсеби канча болсо ошончо дин пайда болот. Белгилүү болуп тургандай, адам өзүнүн акылы боюнча аракет кылса, Кудай сактасын, Курани каримдеги аяттарды окууну дагы ширк деп айта алууда. Курани каримде зам сүрө катары окулбай турган эч бир аят жок. Мисалы, төмөндөгү аяттар зам сүрө катары окулат. Үч аяттын мааниси:

"Расулум, биз сени ааламдарга ырайым болушуң үчүн жибердик”. [Анбия сүрөсү 107]

"Расулум, албетте, сен бийик ахлактын үстүндөсүң”. [Калем сүрөсү 4]

"Биз сенин атагыңды көтөрдүк.” [Инширах сүрөсү 4]

Бул акыркы аяттын тафсиринде мындай деп айтылууда:

"Азан, коомат, ташаххуд, хутба сыяктуу бир канча жерде мени менен бирге атыңды эстетүү менен атагыңды көтөрдүк.” (Жалалайн)

"Бул ушундай бир көтөрүү, ардактоо; өзүнүн ысымын Хабибинин ысымы менен бирге эстетти, Ага баш ийүүнү өзүнө баш ийүү катары көрсөттү, периштелер Ага салат айтты, момундарга да Ага салават айтууну буйрук кылды, Анын ысымы менен эмес, дайым Расулум, Хабибим сыяктуу көркөм сыпаттар менен атады. (Байдави)

Имам Байдави хазреттери билдиргендей Курани каримде Расулуна салават айтуу буйрук кылынууда:

"Аллах жана периштелери Расулга салават айтышат, ыйман келтиргендер, силер да ага салават айткыла.” [Ахзаб сүрөсү 56]

Шафии мазхабында Салли Барик окуу, б.а., Расулаллахка салават айтуу - фарз. Салават айтылбаса намаз бузулат. Ханафи мазхабында болсо муаккад сүннөт. Аттахыййатуу окуу важиб. Аттахыййатуда да Расулуллах макталууда, "Эй, Наби! Аллахтын саламы, ырайым жана берекеси сага болсун!”– деп айтылууда. Намаздардын кантип окула тургандыгын, кайсы жеринде эмнелер окула тургандыгын Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын өзү көрсөтүп берген. Пайгамбар алейхиссалам айтат:

"Саллу кама раайтумуни усалли = Мен кантип намаз окуп жаткан болсом силер дагы ошондой окугула, б.а., менден көргөнүңөр сыяктуу намаз окугула!

Расулуллахтын динге тийиштүү ар бир сөзү далил болуп саналат. Бир аят-и кариманын мааниси:

"Ал өз оюнан сүйлөбөйт. Анын [динге тийиштүү] ар бир сөзү вахийден башка эмес.” [Нажм сүрөсү 3-4]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш