Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын фазилаттары (артыкчылыктары)




Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын фазилаттары (артыкчылыктары)


Суроо: Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын фазилаттары эмнелер?

Жооп

Мавахиб-и ладунниййа жана Мират-и каинат китептеринде билдирилгендердин айрымдары төмөндөгүдөй:

Жандуулар ичинде алгач Мухаммед алейхиссаламдын руху жаратылды. Хак таала: "Бардык нерсени сен үчүн жараттым, сен болбогондо эч нерсени жаратмак эмесмин”, - деди. Тоорат, Инжил жана Забурда макталып, сүйүнчүсү билдирилген.

Амина энебиздин боюна бүткөндө бардык буттар бети менен оодарылды. Бардык шайтандар жана сыйкырчылар алсызданып, иштерин жасай албай калды. Туулганда да бардык буттар талкаланды. Туулган түнү Кисранын сарайы талкаланды. Мажусилердин (отко сыйынуучу) миң жылдан бери күйүп турган оту өчүтү. Сава көлү кургап калды.

Сафийа Айым айтат:

Туулган түнү алты белги көрдүм:

1 – Туулуп эле сажда кылды.

2 – Башын көтөрүп: "Ла илаха иллаллах инни Расулуллах”, - деди.

3 – Ар тарап жарык болду.

4 – Жуунтайын дедим эле, "Биз Аны жуудук” деген бир үндү уктум.

5 – Киндиги кесилгенин жана сүннөт кылынганын көрдүм.

6 – Далысында пайгамбардык мөөрү бар эле. Эки далысынын ортосунда "Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах” жазылган эле.

Бала кезинде башышын үстүндө бир булут көлөкө салып турчу.

Ага салават окуу аят-и карима аркылуу билдирилди. Калима-и шахадатта, азанда, кооматта, намаздагы ташаххудда, бир канча дубаларда жана Бейиште Аллаху таала Анын ысымын өзүнүн жанына койгон.

Аллаху таала Аны өзүнө хабиб [сүйүктүү] кылды, барынан көп Аны сүйдү.

Аллаху таала Ага бардык илимди, бардык кадыр-баркты берди. Ар жерде ар дайым ыйык жүрөгү Аллаху таала менен бирге эле.

Аллаху таала бардык пайгамбарларды "Эй Адам, эй Муса, эй Иса” деп алардын ысымы менен атады. Аны "Йа аййуханнабиййу, йа аййухаррасул” деп өзгөчө атады.

Намазда отурганда "Ассаламу алайка аййуханнабиййу ва рахматуллахи” окуп, Ага салават айтуу буйрук кылынды. Намазда башка бир пайгамбарга ошентип айтуу жаиз болбоду.

Ар пайгамбар өзүнүн элине, Ал болсо бардык элдерге жиберилген.

Ар пайгамбар жалаа жапкандарга өзү жооп берди, бирок, Ага жалаа жапкандарга Аллаху таала жооп берди.

Ысымын айтып чакыруу, жанында үнүн бийик кылып сүйлөө харам эле.

Хазрети Жабраил 24 миң жолу келди. Башка пайгамбарларга аз келген эле.

Ыйык жубайлары момундардын энелери эле жана алар менен үйлөнүү башкаларга харам кылынды.

Алды тараптан көргөнү сыяктуу артынан да көрчү.

Ыйык тери роза гүлү сыңары жыпар жыттанчу.

Узун бойлуу адамдардын жанында алардан узун көрүнчү.

Күндүн жана айдын нурунда көлөкөсү жерге түшчү эмес.

Үстүнө чымын-чиркей жана башка курт-кумурскалар кончу эмес.

Кийимдерин канча көп кийсе дагы такыр кир болчу эмес.

Таштын үстүнө басканда изи калчу, кумдун үстүндө изи калчу эмес.

Сөзү аябай важиз (көп маанилүү кыска сөз) эле. Аз сөз менен көп нерсе түшүндүрчү.

Сахабаларынын бардыгы пайгамбарлардан башка бардык адамдардан жогору.

Анын үммөтү да бардык үммөттөрдүн эң жогорусу.

Анын ыйык аты коюлган момун Бейишке кирет.

Аны жана үй-бүлөсүн сүйүү фарз.

Хазрети Азраил ичкери кирүү үчүн уруксат сурады. Башка эч кимден уруксат сураган эмес.

Кабырынын топурагы ар жерден жана Каабадан да ыйык.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш