Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Расулуллахты тастык шарт




Расулуллахты тастык шарт


Суроо: Бир адам Аллахка ишенсе, жада калса, Пайгамбарыбыздан башка бардык пайгамбарларга ишенсе, Амантунун башка шарттарына да ишенсе бул адам дагы эле тозоктук болбобу?

Жооп

Ооба, дагы эле тозоктук болот. Себеби, Аллаху таалага чындап ишенген эмес. Аллаху талаа тарабынан билдирилген нерселердин бардыгына ишенүү шарт. Бирөөнө болсо дагы ишенбегендик ыйман боло албайт.

Ажылык ибадаты фарз болуудан мурда Расулуллах алейхиссалам мындай деп билдирген болчу:

"Силерге ушуларды буйрук кылуудамын:

1 – Аллахга ыйман. Аллахга ыйман эмне экенин билесиңерби? Аллахтан башка мабуд (кудай) жоктугуна жана Мухаммеддин Анын пайгамбары экенине шахадат кылуу.

2 – Намаз окуу.

3 – Зекет берүү.

4 – Рамазан орозосун кармоо.

5 – Алган табылгаларыңардын бештен бирин Аллах үчүн берүү. Буларды силерден кийинкилерге дагы билдиргиле.” [Бухари, Муслим, Тирмизи, Насаи, Абу Давуд, Ибни Хиббан, Табарани]

Көңүл бурула турган болсо, Мухаммед алейхиссаламдын Аллахтын Пайгамбары экендигин кабыл кылуу шарты билдирилүүдө. Кабыл кылуу болсо жактырып Ага моюн сунуу дегенди билдирет.

Үммөт деген эмнени билдирет?

Суроо: Христиандарга жана динсиздерге дагы үммөт деп айтылабы?

Жооп

Мусулмандарга "үммөт-и ижабат”, мусулман эместерге болсо "үммөт-и дават” деп айтылат. Бирок, үммөт сөзү жалгыз колдонгондо үммөт-и ижабет түшүнүлөт. Ошондуктан, христиандарга, яхудилерге жана динсиздерге жалгыз "үммөт” деп айтылбайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш