Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбарлыгын угар замат
мусулман болгон Вейсел Карани ичинде айтып түшүндүргүс ашыктык менен күйүп-жана
баштайт.
Анын ичиндеги ашыктык ушунчалык чексиз
болгондуктан, акыры бул ыйык белек ага насип болду. Вейсел Карани хазреттери
Пайгамбарыбызды көрүүнү абдан каалайт, бирок, көзү көрбөгөн, оорукчан апасы бар
эле. Ага тамак жедирип, жуунтуп, бөбөк сыяктуу карап туруусу керек эле.
Пайгамбарыбыздын жанына баргысы келет, бирок, жардамга муктаж апасын таштап
кантип кетет? Жол узактыгы эрте чыкса кечинде кайтып келе ала турчу
жерде эмес. Мына ушул чарасыздыктын ичинде өзүн ибадатка берет... Бир күн
келет, пардалар ачылат, ал зикир менен алек болгон кезде караган
мал-жаныбарларын периштелер кайтарышат. Сырттан карагандарга бечара чабан болуп
көрүнөт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) ушул тарапка ыйык жүзүн
буруп: "Йемен тараптан рахмет шамалы урууда” жана "Үммөтүмдө
бир адам бар, кыяматта Рабиа жана Мудар урууларынын койлорунун кылдарынын
санынчалык көп кишиге шапаат кылат...”, - дейт.
Сахабалар
сурашат: "Йа, Расулаллах, ал киши ким?”
- Аллахтын кулдарынын бири.
- Биз баарыбыз кулбуз, анын аты ким?
- Увейс!
- Каерлик болот?
- Карн деген жерден болот.
- Ал сизди көрдү беле?
- Көзү менен көрө элек.
- Сизге ушунчалык ашык болуп туруп сизди
көрүү үчүн, кызматыңызды кылуу үчүн кантип жүгүрүп келбейт?
-Анын
келбегендиги менин динимди бекем кармагандыгынан улам. Карыган апасы бар.
Көздөрү көрбөйт, колдору иштебейт. Уулу Увейс болсо күндүз чабандык кылат, тапканын
апасына жумшайт.
Чапанымды
ага жеткиргиле
Хазрети Абу
Бакр Пайгамбарыбыздан: "Биз аны көрө алабызбы?” – деп сурайт. "Сен
көрө албайсың”, - деп жооп берет Пайгамбарыбыз. Андан соң Хазрети Омар менен
Хазрети Алини карап: "Алаканынын ичинде бир күмүш көлөмүнчөлүк агарган түс
бар. Ал барас оорусунун ак түсү эмес. Ага жетип барганда саламымды айткыла,
үммөтүмө дуба кылсын”. Расулуллах алейхиссалмдын акыретке көчү жакындаганда
Вейсел Каранини эстеп: "Чапанымды ага жеткиргиле”, - деп буюрган. Хазрети
Омар менен Хазрети Али Пайгамбарыбыздын саадат чапанын Вейсел Караниге (Увейси
Карни) тапшыруу үчүн Карн деген жерге келишет. Сураштырып отуруп аны табышат.
Намаз окуп жаткан болот. Салам берип, Хазрети Омар жанына барып сурайт:
- Атыңыз ким?
- Абдуллах (Аллахтын кулу).
- Кайсы Абдуллах?
- Бул аймакта мени Увейс деп аташат.
- Оң колуңдун ичин көрсөтө аласыңбы?
- Мына, караңыз.
- Пайгамбарыбыздын сизге саламы бар. Ыйык
чапанын сизге жиберди, "Алып кийсин, үммөтүмө дуба кылсын”, - деп буюрду.
- Эй, Омар! Мен алсыз, күнөөкөр кулмун. Бул
осуят башка бирөөгө айтылган болуп жүрбөсүн?
- Жок, Увейс! Биз издеген киши сенсиң.
Пайгамбарыбыз сенин келбетиңди, өзгөчөлүгүңдү так билдирген. Вейсел Карани
хазреттери өтө толкунданып, башын ыйын чапандын үстүнө коюп Мухаммед
алейхиссаламдын үммөтүнө дуба кылган эле.
Элдин
зыяраты үчүн
Вейсел Карани
хазреттери Пайгамбарыбызды ушунчалык сүйгөндүктөн Ухуд согушунда Расулуллахтын
ыйык тишинин сынгандыгын угуп абдан кайгырат... Жерден бир таш алып:
"Хазрети Пайгамбардын тиши сынган болсо мен тишти эмне клмак элем”, - деп
өз тишин уруп сындыргысы келет. Бирок, Пайгамбардын кайсы тишинин сынганын биле
албайт. Ошондуктан, өзүн кармана албай тиштерин таш менен бир-бирден сындырат.
Бул кандай гана чексиз сүйгөндүк...
Арадан жылдар
өтө. Увейси Карниге белек кылынган ыйык чапан Вейсел Карани хазреттеринин
урпактары тарабынан сакталып, кийин Аббаси үй-бүлөсүнөн болгон Хаккари ооданына
өкүмдарлык кылган Ирисан Бектеринин колдоруна өтөт. Ирисан Бектери бул чапанды
Осмон султандарынан Султан II Осмонго
белек кылышкан. II Осмон
булардын урпагынан келген үй-бүлөдө аманат болуп калуусун жана ар Рамазан
айында элдин зыяратына ачылуусун каалайт. Султан Абдулмажид Фатих ооданындагы
Хырка-и Шариф Жами мечитин тургузуп, ар жылы ыйык чапан Рамазан айында дүйнөнүн
төрт түпкүрүнөн келген адамдар тарабынан зыярат кылынууда.