Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Мухаммед алейхиссалам




Мухаммед алейхиссалам


Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) 571-жылы Чын куран айынын жыйырмасына дал келген Рабиул аввал айынын он экисинде, Дүйшөнбү күнү таңга маал Мекке-и Мукаррама шаарында дүйнөгө келген. Дүйнөнүн бардык түпкүрүндөгү мусулмандар жыл сайын ушул түндү мавлид түнү катары белгилеп келишет. Атасы Абдуллах эрте кайтыш болгон. Энесинин аты Амина, чоң атасынын аты Абдулмутталиб болгон. Курайш уруусунун Хашим уулдарынан чыккан. Алты жашында энеси, сегиз жашында чоң атасы Абдулмутталиб кайтыш болгон. Абдулмутталиб Курайш уруусунун башчысы эле. Анын он эки уулу, алты кызы болгон. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам атасы кайтыш болгондон кийин, атасынын бир тууган агасы Абуталиптин колунда болот. Жыйырма беш жашында Хазрети Хатижага үйлөнөт. Андан төрт кыз, эки уулдуу болот. Кырк жашында Рамазан айында Хира тоосунда Жабраил алейхиссалам келип, бүткүл адамзатка жана жиндерге пайгамбар болгондугун кабарлайт. Үч жылдан кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам бардык адамдарды ыйман келтирүүгө чакырат. Пайгамбарыбызга Жабраил алейхиссалам жыйырма төрт миң жолу келген (Жабраил алейхиссалам Адам алейхиссаламга он эки, Нух алейхиссаламга элүү, Ибрахим алейхиссаламга кырк, Муса алейхиссаламга төрт жүз, Иса алейхиссаламга он жолу келген). Элүү эки жашында Ражаб айынын 27-түнүндө Меккеге Жабраил алейхиссалам келип, аны Масжиди Харамдан Кудусдагы Масжиди Аксага алып барат да, андан ары асманга көтөрүлүшөт. Анын бул сапары "мираж” деп аталат. Ушул миражда бизге түшүнүксүз абалда Аллаху тааланы көрдү. Миражга рух жана денеси менен бирге чыккан. Ошол түнү мусулмандарга беш маал намаз фарз кылынды. 53 жашында Мединага хижрат кылган (көчүп барган). Ошол убакытта жанында биринчи халифа Абу Бакр Сыддык болгон. Мединада 27 жолу согушка катышты. Анын тогузунда аскер,ал эми калгандарында аскер башчысы катары согушкан. Бадр, Ухуд, Хандак, Хайбар, Мута, Меккенин алынуусу, Хунайн, Тайф, Табук согуштары - белгилүү ыйык согуштар. Пайгамбарыбыз хижраттын 11-жылы Раббиул-аввал айынын он экиси, дүйшөнбү күнү Мединада кайтыш болгон. Кайтыш болгон бөлмөсүндө жерге берилген. Хижрий жыл менен 63, Григорян календары боюнча 61 жашта эле.

Пайгамбарыбыз бардык адамдардын эң сулуусу эле. Мубарек жүзү бираз тоголок эле. Ал кубанганда ыйык жүзүнөн нур чачылчу эле. Күндүз кандай көрсө, түндө да ошондой көрө турган. Алдындагыларды кандай көрсө, артындагы нерселерди да ушундай көрө турган. Муну далилдеген жүздөгөн окуя китептерде жазылган. Көз менен көрүүнү жараткан Аллаху тааланын башка дене мүчөлөрү менен көрүүнү да жаратууга кудурети жетет. Кирпиктери узун, көз кареги капкара эле. Көздөрүндө бираз кызылдык бар эле. Маңдайы ачык, жарым ай сымал каштарынын ортосу ачык эле. Сүйлөгөндө мубарек оозунан нур төгүлгөндөй болчу. Аллахтын кулдары ичинде ал сыяктуу эч ким так жана асемдүү сүйлөй албайт. Анын сөздөрүн түшүнүү оңой жана көңүлдөрдү өзүнө тартчу эле. Сүйлөгөндө сөздөрү бермет-маржан сыяктуу даана-даана болгондуктан санагысы келген адам кыйналбастан санай алмак. Кээде жакшы түшүнүктүү болушу үчүн сөздөрүн үч жолу кайталачу. Бейиште адамдар Мухаммед алейхиссалам сыяктуу сүйлөшөт. Ыйык үнү да эч кимдин үнү жетпей турган жерлерге чейин жеткендиги керемет болчу. Аз сөз менен көп нерсени түшүндүрө турган. Жүз миңдеген хадиси шарифтери анын аз сөз менен көп нерсени түшүндүрүүчү "жавамиул-калим” экенин көрсөтүп турат. Кээ бир Ислам аалымдары Мухаммед алейхиссаламдын Ислам дининин төрт негизин төрт хадис менен билдиргенин айтышат.

Алар: "Амалдар ниеттерге жараша бааланат”"Адал да белгилүү, харам да белгилүү”"Доочунун күбө көрсөтүүсү, жоопкердин ант берүүсү керек”"Адам өзүнө эмнени тилесе, диндеш досуна да ошону тилемейинче ыйманы толук болбойт”.

Бул хадистердин биринчиси ибадат илиминин, экинчиси муамалат (турмуш) илиминин, үчүнчүсү адилет менен саясат илиминин, төртүнчүсү адеп-ахлак илиминин негиздери болуп саналат.

Мухаммед алехиссалам жылуу жүздүү эле. Жылмайып күлгөндө тиштери көрүнчү. Күлгөндө да, ыйлаганда да добушу чыкчу эмес. Бирок, ыйлаганда ыйык көздөрүнөн жаш агып, ыйык көкүрөгүнөн үнү угулуп турчу. Үммөтүнүн күнөөлөрүн ойлоп ыйлачу. Аллаху тааладан коркуп же Куранды тыңдаганда, кээде намаз окуканда ыйлачу. Ыйык денесинин жыты мушк-амбардан (миск) да жыпар жыттуу, жумшак жана кубаттуу эле. Сахаба Анас бин Малик мындай дейт: "Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламга он жыл кызмат кылдым. Ыйык колдору жибектен да жумшак, ыйык териси гүлдөн да жыпар жыттуу эле”.

Алдыга карап, ылдам басчу. Бир жерден өткөнүн анын жыпар жытынан билип алуу мүмкүн эле.Боюузун да, кыска да эмес, орто бойлуу эле. Жанына узун бойлуу адам келсе, андан узун болуп көрүнчү. Отурганда ыйык ийини башкалардын ийининен бийик көрүнчү. Ыйык чач-сакалы жаратылышынан бираз тармал болчу, аларды боёчу эмес. Кайтыш болгон кезде чачы жана сакалынын агы жыйырмадан аз эле. Мурут коюп жүрчү. Мурутунун узундугу каштарындай эле.

Мухаммед алейхиссалам ак жуумал эле. Бардык адамдардын эң сулуусу эле. Сулуулугун ар кимге билдирчү эмес. Кимде-ким: "Ал кара түстүү болчу”, - десе, динден чыгат. Пайгамбарыбыз Арабстанда туулуп чоңойгондуктан араб болчу. "Араб” сөзү сөздүктө "сонун, кооз, көркөм, сулуу” дегенди билдирет. Пайгамбарыбыз Ибрахим алейхиссаламдын урпагынан болот.

Көркөм мүнөздүн бардыгы Мухаммед алейхиссаламда жыйналган эле. Бул жогору ахлак ага Аллаху таала тарабынан берилген болуп, эмгектин аркасынан кол жеткизиле турган касиеттер эмес эле. Ал эч качан бир мусулмандын атын атап каргачу эмес, ыйык колу менен эч кимди урчу эмес. Өз напси үчүн эч кимден өч алууга тырышчу эмес. Бир гана Аллах үчүн, Аллах жолунда өч алчу. Туугандары, сахабалары, кызматчылары менен өтө карапайымдуулук менен карым-катнаш кылчу. Үй жумуштарында өтө жумшак жана жарык маанайлуу эле. Ооруп калгандардын жагдайын сурап, жаназаларына катышчу. Сахабаларына жардам берип, балдарды көтөрүп ойночу. Руху периштелер ааламында болчу. Мухаммед алейхиссаламды кокустан көрүп калган адамды коркуу басчу. Ал эми өзү жылуу жүздүү болбогондо, пайгамбардык сүрү себебинен анын жанына эч ким отуруп, сөзүн тыңдоого батына алмак эмес. Бирок, өзү болсо катаал мүнөздүү эмес болчу жана уяттуулугу ушунчалык көп болгондуктан маңдайында маектешип турган адамдын бетине тик карачу эмес. Ал адамзаттын эң жоомарты эле. Көзү уйкуда болгону менен жүрөгү ойгоо турчу. Ачка жатса да ток болуп турчу. Эч качан эстечү эмес. Ыйык денеси нурани (нурдуу) болгондуктан көлөкөсү жерге түшчү эмес. Кийимдерине чымын-чиркей кончу эмес, жандыктар аны чакчу эмес. Кимде ким түшүндө Пайгамбарыбызды көрсө, Пайгамбарыбыздын өзүн көргөн болот. Анткени, шайтан Пайгамбарыбыздын сүрөтүнө кире албайт. Анын кабырын зыярат кылуу эң куттуу ибадаттардын бири болуп эсептелет.

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын алгачкы жубайы - Хатижа (радиаллаху анха). Андан Касым, Абдуллах, Умму Гүлсүм, Рукыя, Фатима, Зейнеп деген балдары болгон. Кызы Фатимадан башка балдары өзүнөн мурда кайтыш болгон. Ибрахим аттуу баласы Мария деп аталган күңүнөн туулган эле. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам биринчи жубайы кайтыш болгондон кийин Абу Бакрдын кызы Айша Сыддыкага үйлөнөт. Андан кийинки аялдарга ал диний жана саясий себептерге байланыштуу үйлөнгөн.

Мухаммед алейхиссалам – "хатем-уль анбия” (пайгамбарлардын акыркысы) болуп эсептелет. Андан кийин эч кандай пайгамбар келбейт. Анын руху бардык пайгамбарлардан мурда жаратылган. Пайгамбардык даражасы эң алгач агаберилген. Пайгамбардык милдети Анын дүйнөгө келүүсү менен аяктады.

Мухаммед алейхиссалам – Пайгамбарлардын эң улуусу. Ал бардык адамдардын жана жиндердин пайгамбары. Калган пайгамбарлар белгилүү бир элге, коомго жиберилген. Ал эми, Мухаммед алейхиссалам – бүткүл ааламдын, жандуу-жансыз бүткүл жаратылган нерселердин пайгамбары. Калган пайгамбарларга берилген сыяктуу ага да мужизалар берилген. Аллаху таала сүйүктүү пайгамбарына башкаларга караганда көп мужиза берген. Алардын эң чоңу– Курани карим эле. Башка кээ бир мужизалары: миражга чыгуусу, бармагы менен ишарат кылганда Айдын экиге бөлүнүүсү, алаканындагы таштардын Аллахты тасбих кылуусу, агабак-дарактардын салам берүүсү, манжаларынан суу акканы, акыретте улуу мартаба берилүүсү, көркөм мүнөзү, эсепсиз жакшылыктары. Анын дини бардык диндердин өкүмүн жойду. Заманыбыздагы эң акыйкат дин – Ислам дини.

Анын ар бир сөзүн жаттап алуу үчүн жан берип эмгек кылынган, затынын жана өмүрүнүн маанилүүлүгү, баалуулугу ага жакын болгондорго да таасирин тийгизип, бардыгынын өмүр баяны, үстөмдүктөрү бүт өзгөчөлүктөрүнө чейин китептерге жазылуусуна себеп болгон жер бетинде Мухаммед алейхиссалам сыяктуу экинчи бир адам келген эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш