Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Салават окугандар кедейлик көрүшпөйт




Салават окугандар кедейлик көрүшпөйт


"Бир мусулман күндө 500 жолу мага салават окуса түбөлүк кедейлик көрбөйт, күнөөлөрү кечирилет.”

Абдуррахман ибни Аттаб Куртуби хазреттери малики мазхабы фикх аалымы болуп, 433 (1041) жылы Андалусиянын (Испаниянын) Куртуба (Кордоба) шаарында туулган. 520 (1126) жылы ошол жерде кайтыш болгон. "Шифа-ус-судур” аттуу китебинде төмөндөгүчө маалымдайт:

"Хадиси шарифтерде айтылды: "Кыямат күнү силерден даражасы мага эң жакын болгонуңар - эң көп салават окуганыңар”.

Табарани Хазрети Энестен (радыяллаху таала анх) риваят кылды. Расулуллах (саллаллаху таала алейхи васаллам) буюрду: "Жабраил жаңы эле мага Раббинин кабары менен келди: Жер жүзүндө сага бир жолу салават окуган мусулманга мен жана периштелерим он салаат кылабыз”. 

Дагы Хазрети Энес кабар берет. Расулуллах алейхиссалам айтат: "Аллаху тааланын (периштелеринен) бир периште бар. Анын бирөөсү чыгышта, экинчиси батышта болгон эки канаты бар. Бир кул сүйүү менен мага салавати шарифа окуган кезде периште сууга кирет, анан силкинет. Аллаху таала периштеден тамган ар бир тамчыдан бир периште жаратат. Бул периштелер мага салават окуган кишиге Кыяматка чейин истигфар кылышат”. Ыйык хадисте айтылды: "Кимде-ким өзүнөн Аллаху таала ыраазы болгон абалда Аллаху таалага жетүүнү кааласа мага көп салават окусун. Анткени, кимде-ким күндө 500 жолу мага салават окуса түбөлүк кедейлик көрбөйт, күнөөлөрү кечирилет, каталары өчүрүлөт, кубанычы дайым болот, дубасы кабыл болот, үмүт кылган нерселерине жетет, душмандарына каршы өзүнө көмөк берилет, жакшылык кылуу жаатында өзүнө жардам кылынат, Бейиште Пайгамбарга дос болот”. 

Расулуллах алейхиссалам айтты: "Күндөрдүн биринде мага Аллаху тааланын төрт улуу периштеси Жабраил, Микаил, Исрафил жана Азраил(алейхимуссалам) келишти. Жабраил(алейхиссалам) мага минтип айтты: "Йа, Расулаллах! Сенин үммөтүңөн бир киши сага күндө 10 жолу салават окуса эртең Кыямат күнү мен  анын колунан кармап, Сырат көпүрөсүнөн куштай жеңил алып өтөмүн”. 

Микаил (алейхиссалам) болсо минтип айтты: "Мен ал кулду сенин Кавсар сууңдан тойгончо ичиремин”.

Исрафил (алейхиссалам)  айтты: "Йа, Расулаллах! Ал кулдун кечирилүүсү үчүн башымды саждага коёмун. Аллаху таала аны кечирмейинче башымды саждадан көтөрбөймүн”.

Азраил (алейхиссалам) дагы айтты: "Йа, Расулаллах! Сага күндө 10 жолу салават окугандын рухун пайгамбарлардын рухун алгандай кылып аламын”.

Салавати шарифа окуу – "Аллах жана периштелери Пайгамбарга дайым салават окушат. Эй, ыйман келтиргендер! Силер дагы ага көптөн-көп салават айткыла жана толук таслимият (берилүү) менен салам бергиле” (Ахзаб сүрөсү, 56-аят) буйругуна моюн сунуу болуп саналат. Күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот.

Салаваттын эң кыскасы – Аллахумма салли ала Мухаммед ва ала аали Мухаммед.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш