Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Эки саптуу хадиси шарифтер




Эки саптуу хадиси шарифтер


Үммөтүм үчүн ушул эки нерседен корком:

1- Молчулук жана ырахаттык ичине турганда шахваттарына уюуларынан,

2- Намазды жана Куранды таштап коюуларынан. (Таберани)

Балээден кутулгандар:

Акыр заманда катуу балээге дуушар болунат. Ушул эки топ гана кутулат:

1- Аллахтын дини үчүн тили менен жана көңүлү менен күрөшкөн.

2- Динин түшүнүп тастыктаган. (Абу Нуайм)

Эки нерсени коргогон

Эки нерсени коргогон момун Жаннатка кирет:

1- Эки жаагынын арасын,

2- Эки бутунун арасын. (И.Ахмед)

Шапаат кылбайм!

Ушул эки топко шапаат кылбайм:

1-Заалым султанганга,

2- Динде ифратка берилип аша чапкандарга. (Таберани)

Эки топ салих болсо

Ушул эки топ салих болсо үммөтүм салих болот:

1- Башкаруучулар,

2- Аалымдар. (Абу Нуайм)

Исламияттан насипсиз

Ушул эки топтун Исламияттан насиби жок:

1- Муржия (Жабрия деп да айтылат. Күнөөнү да Аллах жасатат дегендер),

2- Кадария (Кадар, тагдырды моюндабагандар). (Байхаки)

Эки нерсеге баш ийгиле

Калтырган эки нерсеме уюуган адам хидаятка жетет, уюубаган адашат:

1- Китабуллах,

2- Ахли байтым. (И.Хиббан)

Карыя

Карынын көзү ушул эки нерсеге жаш:

1- Узак жашоону каалоо,

2- Мал-оокат сүйүүсү. (Абдулгани бир Саад)

Суктанууга болот

Ушул эки кишиге суктанууга болот:

1- Илими менен амал кылганга,

2- Мал-оокатын Аллах жолунда сарптаганга. (Бухари)

Эң жакшы эки нерсе

Мына бул эки нерседен да жакшысы жок:

1- Аллахка ыйман,

2- Анын кулдарына жакшылык кылуу. (И.Аскалани)

Эң жаман эки нерсе

Мына бул эки нерседен да жаман нерсе жок:

1- Ширк,

2- Адамдарга жамандык кылуу. (И.Аскалани)

Кайтарылбаган эки дуба

Ушул эки дуба кайтарылбайт:

1- Азан окулуп жатканда,

2- Согуш кызыганда. (Абу Давуд)

Дүнүйөдө коркпогон

Хак таала буюрат: Эки коркуу менен эки ишенүү бирге болбойт:

1- Дүнүйөдө менден коркпогон кыяматта коркот,

2- Дүнүйөдө менден корккон кыяматта коркуулардан аман болот. (И.Ахмед)

Сүйүлгөн эки касиет

Аллах сүйгөн эки сапат:

1- Жоомарттык,

2- Мадди жана манави эки фадачылдык. (Байхаки)

Жек көрүлгөн эки сапат

Аллах жек көргөн эки сапат:

1- Сараңдык,

2- Жаман ахлак. (Байхаки)

Карыздануу

Карыз эки бөлүк:

1- Өтөө ниети менен карызга кирип өтөй албастан өлгөндүн кепилимин,

2- Өтөбөө ниети менен карызга кирип карызын өтөбөстөн өлгөндүн сооптору алынып, аласалуу кишиге берилет. (Таберани)

Аллах жардам кылат

Аллаху таала ушул эки кишиге жардам берет:

1- Жихад кылганга,

2- Намысын коргоо үчүн үйлөнгөнгө. (Насаи)

Дубанын кабыл болуусу үчүн

Дубанын кабыл болуусу үчүн эки нерсе керек:

1- Ихлас,

2- Адам тамак. (Таргиб-ус-салат)

Жаннаттык жана Жаханнамдык киши

Ушул эки нерседен бири Жаннатка, экинчиси Жаханнамга киргизет:

1- Ширк менен өлбөгөн (Мусулман болуп өлгөн) Жаннатка кирет,

2- Ширк менен (капыр болуп) өлгөн Жаханнамга кирет. (Муслим)

Аллахтан узак болгон

Ушул эки киши Аллахтан өтө узак болот:

1- Башкаруучулар менен отуруп турат, алардын зулумдукка тийиштүү сөздөрүн тастыктайт,

2- Балдарын тең кармабайт, жетимдин акысы тууралуу Аллахтан коркпойт. (И.Асакир)

Эки зайып

Ушул эки зайыпка байланыштуу Аллахтан корккула:

1- Жесир аял,

2-Жетим. (Байхаки)

Диниңерди кооздогула

Диниңерди ушул эки сапат менен кооздогула:

1- Жоомарттык,

2- Көркөм ахлак. (Таберани)

Бир тууганга садака

Бир тууганга садака берүүнүн эки сообу бар:

1- Садака сообу,

2- Сыла-и раим (тууганды зыярат) сообу. (Тирмизи)

Аалымдар

Аалым эки түрдүү:

1- Илими менен Аллахтын ыраазылыгын издеген, илимин акчага алмаштырбаган,

2- Илими менен дүнүйөлүк издеген. Мындай аалымга кыяматта оттон көйнөк кийгизилет. (Дайлами)

Эки бараат

Кырк күн куптан жана багымдат намазын жамаат менен окуганга эки бараат берилет:

1- Жаханнамдан кутулуу барааты,

2- Мунафыктыктан кутулуу барааты. (Хатиб)

Жогорулоонун жолу

Аллах алдында жогорулоо үчүн ушул эки нерсени кыл:

1- Сага каршы жахилдик кылганга хилм (жумшактык) менен жооп бер,

2- Сага бербегенге ихсан кыл. (И.Адий)

Эки майта

Эки майта менен эки кан адал:

1- Эки майта – балык менен чегиртке.

2- Эки кан – боор менен көк боор. (Хаким)

(Майта – мууздалбастан тарп болуп өлгөн мал. Минтип өлгөн жаныбар желбейт. Балык менен чегиртке мындан сырткары. Динибизде кан да желбейт. Боор менен көк боор мындан сырткары.)

Орозолуунун эки сүйүнүчү

Орозолуу үчүн эки сүйүнүч бар:

1- Ифтар кылганда,

2- Акыретте Аллах сыйлыгын берген кезде. (Бухари)

Эки тамчы менен эки кадам

Ушул эки тамчыдан жана эки кадамдан да жагымдуу эч бир нерсе жок:

1- Эки тамчы – Аллах коркуусунан агызылган көзжашы жана Аллах жолунда агызылган кан,

2- Эки кадам – жихад (динди жаюу) үчүн ташталган кадам менен бир парзды орундоо үчүн ташталган кадам. (Тирмизи)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш