Ондо тогузу


Суроо: Дин китептеринде «Ушул он бөлүк, тогузу ушунда» деген сыяктуу сөздөр бар. Ондо тогузу деген эмне?

ЖООП

Бир нерсенин маанисин, башкача айтканда, пайда жана зыянын, жакшылык жана жамандыгын белгилөө үчүн бир нерсе он бөлүккө бөлүнсө тогузу мындай делет. Ал тогуз нерсе же ал тогуз нерсе бар адам чоң нематка же чоң коркунучта, буга дыкат болуу керек дегенди билдирет.

Бул темадагы хадиси шарифтерден кээ бирлери мындай:

«Хикмат (пайдалуу нерселер) он бөлүк; тогузу узлат (обочо болуу), бири аз сүйлөө.» [Байхаки]

«Уят он бөлүк, тогузу аялдарда, бири эркектерде.» [Дайлами]

«Хикмат он бөлүк, тогузу Алиде, бири калган адамдарда.» [Абу Нуайм]

«Ырыскы он бөлүк, тогузу соодада, бири болсо малчылыкта.» [Ибни Саад]

«Ибадат он бөлүк; тогузу адал табуу, бири калган ибадаттар.» [Байхаки]

«Ибадат он бөлүк; тогузу унчукпоодо, бири адал табышта.» [Дайлами]

«Жоомарттык он бөлүк; тогузу Суданда, бири калган жерлерде.» [Хатиб]

«Сараңдык он бөлүк; тогузу Фарста [Иранда], бири калган адамдарда.» [Хатиб]

«Афият он бөлүк; тогузу адалдан күн көрүүдө, бири болсо калган нерселерде.» [Дайлами]

«Текебердик он бөлүк; тогузу Румда, бири калган адамдарда.» [Хатиб]

Даанышман заттар мындай дешкен:

Көралбастык он бөлүк, тогузу дин адамдарында.

Дүнүйө кыйынчылыктары он түрдүү, тогузу салихтерде.

Кордук он бөлүк, тогузу Яхудилерде.

Шахват он бөлүк, тогузу аялда, бири эркекте. (Тафсир-и кабир)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш