Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Хазрети Исанын сүйүнчүсү




Хазрети Исанын сүйүнчүсү


Суроо: Инжилде Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын келе тургандыгы билдирилгенби?

ЖООП

Иса алейхиссаламдан кийин соңку бир Пайгамбар (алейхиссалату вассалам) келе тургандыгы Инжилде билдирилген эле. Бул кабар бүлкүл бузуп өзгөртүүлөргө карабастан бүгүнкү өзгөртүлгөн бузук Инжилдерде да бар. Юханна (Иоанна) Инжилинин 14.бабынын 16.аятында Иса алейхиссалам;

«Аллах силерге силер менен бирге кала турчу бир сооротуучу жиберет», - деген.

26.аятында болсо: «Бул чыныгы сооротуучу силерге бардык нерсени үйрөтөт жана силерге менин үйрөткөндөрүмдү да эскертет», - деген.

16.бабынын 13.аятында болсо: «Ал силерге ар акыйкатка жол көрсөтөт. Себеби, Ал силерге өзүнөн бир нерсе айтпайт, бир гана Аллахтын айткандарын силерге билдирет», - деген. [Христиандар «Сооротуучу» деген сөздү «Рух»деп которууга көшөрүшөт.]

Мындан башка Ыйык Китептин Эски Ахд (Тоорат) бөлүгүндө Арап улутунан бир Пайгамбар келе тургандыгы жазылуу. Тасниянын 18.бабынын 15.аятында Муса алейхиссаламдын Исраилдиктерге «Раб силер үчүн араңардан, боордошторуңардан мен сыяктуу бир Пайгамбар «алейхиссалату вассалам» чыгарат» дегени жазылуу. Бул жерде сөз болгон Исраилдиктердин боордоштору Исмаилилер, тагыраагы Араптар. Мына Инжилде жана Тооратта жазылган жана Арап улутунан келе тургандыгы сүйүнчүлөнгөн бул соңку Пайгамбар – Мухаммед алейхиссалам.

1886-жылы Стамбулда Бояжыян Агоб басмаканасында басылган Ыйык Китептин Түркчө котормосунун 885-бетинде: «Ал келгенде дүнүйөнү күнөө, салах жана өкүм маселелеринде тынчытат»,- делүүдө. Бул жердеги «Ал» сөзүнүн латынча түп нускасында «Параклет»деп жазылган. Бул сөз «сооротуучу»дегенди түшүндүрөт. Поптор баарына карабастан «менден кийин бир сооротуучу келет» деген сөздү Инжилден чыгара алышкан эмес.

Павлос жазган жана Христиандардын Ыйык Китептен деп кабыл кылган каттардан Коринтослуктарга 1.каттын 13/8де: «Пайгамбарлар бүтөт, тилдер да жоголот [латын тилин сыяктуу], илим да токтойт [Орто кылым илими сыяктуу], бирок, Ал камил келгенде жарым калган жана кемчиликтүү билимдер жок болот», - делүүдө. [Бул жазуу Түркчө Ыйык Китепте бар.]

Барнабас Инжилинде Хазрети Исанын соңку Пайгамбар келе тургандыгын, ысымы [Мухаммед менен бир маанидеги] Ахмед боло тургандыгын юилдиргендиги ачык жазылуу.

Бул Инжилде Хазрети Иса мындай деген:

«Мен күнөө кечире албайм, күнөөлөрдү бир гана Аллах кечирет.» (71.баб)

«Мен Аллахтын расулунун жолун даярдоо үчүн келдим. Бул Расул силерден бир канча жылдан кийин, Инжил бузулуп, чыныгы ишенгендерден 30 чакты киши кала турчу бир заманда келет. Ал кезде Жанабы Хак элчисин жөнөтөт. Анын башынын үстүндө бир ак булут болот. Ал буттарды сындырат. Анын жардамы менен адамдар Аллахты таанышат жана мен дагы чыныгы түрдө тааныламын.» (72.баб.)

Ал расул түштүктөн келет. (96.баб.)

Ал расулдун аты Ахмед. (97.баб.)

Бул жер Курани каримде дагы билдирилүүдө:

«Мариям уулу Иса: «Эй, Исраил уулдары, менден мурда келген Тооратты тастыктаган, менден кийин келе турчу жана ысымы Ахмед болгон бир Пайгамбарды сүйүнчүлөгөн, силерге жиберилген бир Пайгамбармын», - деген эле. Бирок, ал өздөрүнө апачык далилдер менен [мужизалар менен] келгенде бул апачык бир сыйкыр дешти.» [Саф 6]

Гайримуслимдер Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын мужизаларын сыйкыр дешкендиги сыяктуу Хазрети Муса жана Хазрети Исанын мужизаларын дагы сыйкыр дешкен эле.

Хазрети Иса соңку пайгамбар Мухаммед алейхиссаламды сүйүнчүлөгөндө хаварилер Анын үммөтүнүн кандай боло тургандыгын сурашты. Хазрети Иса болсо: «Бизден кийин келе турчу үммөт – аалым, хаким, такыбаа ахли жакшы адамдар. Аллаху тааладан келген аз ырыскыга ыраазы болушат. Аллаху таала дагы алардын аз амалына ыраазы болот», - деди. Бул өзгөчөлүктөрдүн бардыгы Асхабы кирамда бар эле. (Тибян)

Чындыгында Курани каримде мындай мааниде буюрулууда:

«Мухаммед [алейхиссалам]– Аллахтын пайгамбары, Аны менен бирге болгондордун [Асхабдын] баары капырларга карата катуу жана бири-бирине карата мээримдүү. Аларды рукуга баратканда, сажда кылып атканда көрөсүң. Аллахтан лутуф жана ыраазылык тилешет. Алардын белгилери – жүздөрүндөгү сажда изи. Бул алардын Тоораттагы өзгөчөлүктөрү. Инжилдеги өзгөчөлүктөрү болсо мындай: Алар уругун жарып чыгарган, барган сайын аны күчтөндүрүп калыңдаган, көкүрөгү үстүнө тигилген бир эгинге окшошуп, бул эгинчилерге да жагат. Аллах ушундайча аларды көбөйтүп кубаттандыруу менен капырларды ачуулантат. Аллах ынанып, жакшы иштерди кылгандарга магфират жана чоң сыйлык убада кылган.» [Фатх 29]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш