Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Сеййиддерге урмат




Сеййиддерге урмат


Суроо: Расулуллахтын урпагы болгондорду, тагыраагы сеййиддер жана шерифтер күнөө кылышса да аларга урмат көрсөтүү керекпи?

ЖООП

Албетте, урмат көрсөтүү керек. Бирөөнү жакшы көргөн адам анын сүйгөндөрүн, балдарын, неберелерин да жакшы көрүүсү керек. Душмандарын болсо жакшы көрбөөсү керек. Бирөөнүн баласы, небереси тентектик кылса ага ачууланат, балким, урат, бирок, башка бирөө жаман көз менен караса таарынат, баласын коргойт. Ушул сыяктуу бардык сеййиддер жана шерифтер дагы Пайгамбарыбыздын неберелери. Күнөө кылышса да аларга жаман мамиле кылган, урматсыздык көрсөткөн адам Расулуллахты капа кылган болот.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Менин балдарымын жакшыларын Аллах ыраазылы үчүн жогору кармагыла! Аларга урмат кылгыла! Жакшы болбогондоруна да менин урматым үчүн урмат көрсөткүлө!» - деп буюрууда. Улуулардан биринин кичине кызы оюнчук бөпөлөрүнө бирден ат коёт. Бирөөнө Сеййид деп ат коёт. Атасы болсо буларды бут деп саналат деп отко ыргытат. Кызы чыңырат: «Ата, аны отко ыргытпа, ал Сеййид», - дейт. Атасы болсо оюнчук деп буга маани бербестен отко таштайт. Бул зат түшүндө Расулуллах алейхиссаламды ачуулуу абалда келгенин көрөт. «Менин ахли байтыма бул урматсыздыкты эмне үчүн кылдың», - деп такалады. Аалым зат коркуу менен ойгонуп, тообо жана истигфар кылат. (Рияд-ун-Насихин, Расаил-и Ибни Абидин)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш