Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Төрт саптуу хадиси шарифтер




Төрт саптуу хадиси шарифтер


Саадат болгон төрт нерсе

Ушул төрт нерсе саадат:

1- Салиха аял,

2- Ырахат үй,

3- Жакшы коңшу,

4-Жакшы минек. (Хаким)

Жаннатка кирет

Ушул төрт нерседен сактанган мусулман Жаннатка кирет:

1- Жан кыюу,

2- Харам жеш,

3- Зина кылуу,

4- Ичкилик ичүү. (Баззар)

Ыйманды кетирет

Төрт нерсе ыймандын кетүүсүнө себеп болот:

1- Билгени менен амал кылбоо,

2- Билбегени менен амал кылуу,

3- Билбегенин үйрөнүүдөн тартынуу,

4- Үйрөнгөндү болсо мындан тыюу. (Ислам Ахлагы)

Дүнүйөгө түшсөң

Аллаху таала «Дүнүйөгө түшсөң эмне иш кылмаксың?» деп сураганда Жабраил алейхиссалам ушул төрт нерсени кыла тургандыгын билдирди:

1- Суусугандарга суу бермекмин,

2- Бала-бакырасы көп болгонго жардам бермекмин,

3- Эки таарынычта болгон адамды жараштырмакмын,

4- Мусулмандардын айыптарын жапмакмын. (Ислам Ахлагы)

Аллах жардам берет

Ушул төрт адамга Аллаху таала жардам берет:

1- Газиге,

2- Үйлөнгөнгө,

3- Кулдуктан кутулууну каалаганга,

4- Ажыга. (И.Ахмед)

Жаннатта аксарай

Ушул төрт сапаттагы адам Жаннатта аксарайларга жетет:

1- Ахли таухид болуу,

2- Күнөөсүнүн артынан истигфар кылуу,

3- Жакшылык кылганда алхамдулиллах деп айтуу,

4- Кайгы түшкөндө «Инна лиллах ва инна илайхи ражиун» деп айтуу. (Дайлами)

Жума намазы

Ушул төрт кишиден сырткары Жума ар мусулманга парз:

1- Кул,

2- Аял,

3- Бала,

4- Оорулуу. (Хаким)

Сени капалантпасын

Ушул төрт сапат бар адам башка нерсеге капаланбасын:

1- Чын сүйлөө,

2- Аманатка бекемдик,

3- Жакшы ахлактуу болуу,

4- Жеп-ичүүдө уяттуу болуу (Харамдан сактануу). (Табарани)

Мунафыктык белгиси

Ушул төрт нерсе мунафыктык белгиси:

1- Жалган сүйлөйт,

2- Берген сөздө турбайт,

3- Келишимди сактабайт, кыянаттык кылат.

4- Тартышууда хактан ажырайт. (Тирмизи)

Дүнүйө жана акырет жакшылыгы

Ушул төрт ниматка ээ болгон адам дүнүйө жана акырет жакшылыгына жетет:

1- Зикир кылган тилге,

2- Шүгүр кылган көңүлгө,

3- Балээге сабыр кылганга,

4- Кыянаттык кылбаган аялга. (Табарани)

Жаннатка кире албагандар

Ушул төрт киши [кечиримге же шапаатка учурабастан же жазасын тартпастан] Жаннатка кирбейт:

1- Ичкилик ичүүнү токтотпогон,

2- Пайызчылык кылган,

3- Акысыз түрдө жетим малын жеген,

4- Эне-атасына каршы болгон. (Хаким)

Дубасы кабыл болгондор

Ушул төрт дуба кабылга тете:

1- Адил өкүмдардын дубасы,

2- Дин боордошунун артынан кылынган дуба,

3- Мазлумдун заалымга кылган баддубасы,

4- Эне-атанын дубасы. (Абу Нуайм)

Аллах душмандык кылат

Ушул төрт кишиге Аллах душмандык кылат:

1- Көп ант берген сатуучу,

2- Текебер кедей,

3- Зинакор карыя,

4- Заалым өкүмдар. (Насаи)

Жаннат казынасы

Ушул төрт нерсе Жаннат казынасы:

1- Садаканы жашыруун берүү,

2- Кайгысын жашыруу,

3- Салих тууганды зыярат кылуу,

4- Ла хавла вала куввата илла биллах деп зикир кылуу. (Хатиб)

Эсептен кутула албайт

Кыяматта ар ким ушул төрт соболго жооп бермейинче эсептен кутула албайт:

1- Өмүрүн каерде, кантип өткөрдү?

2- Илими менен кантип амал кылды?

3- Мал-оокатты каерде кантип тапты, каяктарга, кантип сарптады?

4- Денесин каерде чарчатты, эскиртти. (Табарани)

Собол суралганда

Илим - казына, ачкычы – собол суроо. Бир суроо суралганда ушул төрт киши соопко жетет:

1- Соболду сураган,

2- Соболго жооп берген,

3- Буларды уккандар,

4- Кандай жакшы собол суралууда жана жооп берилүүдө деп буларды сүйгөндөр. (Абу Нуайм)

Убакытты жакшы өткөрүү

Акылдуу адам убактысы төрт бөлүккө бөлөт:

1- Ибадат үчүн,

2- Өзүн эсепке тартуу үчүн.

3- Амри маруф үчүн,

4- Адал табыш үчүн. (Дайлами)

Бактылуу болуу үчүн

Аял менен төрт сапаты үчүн үйлөнүлөт:

1- Малы,

2- Теги,

3- Сулуулугу,

4- Дини.

Сен диндар болгонун танда, бактылуу болосуң. (Бухари)

Пайгамбарлардын сүннөтү

Ушул төрт сапат анбиянын сүннөтү:

1- Уят,

2- Жакшы жыт,

3- Үйлөнүү,

4- Мисвак. (Тирмизи)

Төрт нерсеге тойбойт

Төрт нерсе төрт нерсеге тойбойт:

1- Көз кароого,

2- Топурак жамгырга,

3- Аял күйөөсүнө,

4- Аалым илимге. (Абу Нуайм)

Төрт сапат

Аллаху таала мындай деп буюрду: «Кулдарыма төрт сапат бердим:

1- Данга күбө бердим, болбосо байлар муну алтын-күмүш сыяктуу сакташмак.

2- Өлгөн денеге жыттанууну бердим, мындай болбогондо дос досту эч качан көммөк эмес.

3- Кайгы үчүн тасалли берим, болбосо урпак үзүлмөк.

4- Ажал берип, амалды узарттым. Болбосо [өлүм бар деп] эч ким турмуш дартына түшпөй, дүнүйө каралбай талкаланмак». (Хатиб)

Төрт топ

Адамдар мал жана илим жагынан төрт топко бөлүнөт:

1- Аллаху таала мал жана илим берген адам. Ал адам Раббинен коркот. Аллахтын мында бир акысы бар экендигин билип, туугандарына жакшылык кылат. Бул адам эң үстөм даражада.

2- Аллаху таала мал бербеген, бирок, илим берген жакшы ниеттүү адам.  «Эгер малым болгондо малымды Аллах жолунда сарптамакмын» деп ойлонот. Бул адамга жакшы ниетинен улам биринчи топтогу адам сыяктуу сый алат.

3- Аллаху таала мал берген, бирок, илим бербеген адам. Бул адам малын акылсыз сарптайт, Аллахтан коркпойт, Аллахтын анда бир акысы бар болгондугу үчүн туугандык акыларын орундабайт. Мына бул киши эң жаман даражада.

4- Аллаху тааланын мал дагы, илим дагы бербеген адам. Бул болсо «Эгер малым болгондо үчүнчү топтогу адам сыяктуу кылмакмын» деп ойлонот. Бул дагы ниетине карай үчүнчү топтогу сыяктуу күнөөгө кирет. (Тирмизи)

Шейиттердин даражалары

Шейиттер төрт даража:

1- Ыйманы бекем болгон момун. Душман менен каршылашат, Аллахка берген сөзүнө бекем болуп, өлгөнгө чейин согушат. Мына бул адам Кыяматта ар ким суктанып караган шейит.

2- Ыйманы бекем коркок момун. Душман менен каршылашат, көп коркот. Каерден келгендиги белгилүү болбогон бир нерсе өлүмүнө себеп болот. Бул экинчи даражада.

3- Жакшы жана жаман амалы болгон момун. Душман менен каршылашат, Аллахка берген сөзгө бекем болуп, өлтүрүлгөнгө чейин урушат. Бул үчүнчү даража.

4- Күнөөкөр момун. Душман менен каршылашат. Аллахка берген сөздө бекем болуп, өлтүрүлгөнгө чейин урушат. Бул төртүнчү даража. (Бухари)

Пазилеттүү төрт түн

Ушул төрт түн күндүзү сыяктуу пазилеттүү:

1- Кадыр түнү,

2- Арапа түнү,

3- Бараат түнү,

4- Жума түнү. (Дайлами)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш