Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Беш саптуу хадиси шарифтер




Беш саптуу хадиси шарифтер


Исламдын беш шарты

Мусулмандык беш нерсе үстүнө курулган:

1- Аллаху таалага жана Мухаммед алейхиссаламдын Анын Пайгамбары экендигине ишенүү,

2- Күнүгө беш убакыт намаз окуу,

3- Зекет берүү,

4- Рамазан айында бир ай орозо кармоо,

5- Меккеге барып, өмүрүндө бир жолу ажылык кылуу. (Бухари)

Мусулмандын беш акысы

Бир мусулмандын башка бир мусулман үстүндө беш акысы бар:

1- Көрүшкөндө салам берүү,

2- Чакырганда баруу,

3- Насаат сураса жардамчы болуу,

4- Чүчкүрүп «Алхамдулиллах» десе «Йархумукаллах» деш,

5- Ооруп калса зыярат кылуу, өлсө жаназасына баруу. (Бухари)

Курута турчу беш нерсе

Үммөтүм ушул беш нерсени адам деп эсептеген кезде куруйт:

1- Бири-бирин лаанаттоону,

2- Жибек кийүүнү,

3- Музыкалык аспап чалууну,

4- Ичкилик ичүүнү,

5- Эркектин эркек менен, аялдын аял менен жетинүүсүн. (Хаким, Байхаки)

Жума күнү

Жума күнүндө беш өзгөчөлүк бар:

1-  Аллах ал күнү Адам алейхиссаламды жаратты.

2- Ал Жаннаттан жер жүзүнө ошол күнү түшүрүлдү.

3- Жума күнү көз жумду.

4- Кыямат Жума күнү болот.

5- Жума күнү дубалар кабыл болгон бир саат бар. (Бухари)

Расулуллахтын үстөмдүгү

Калган пайгамбарлардан беш нерсе менен үстөм кылындым:

1- Бүткүл адамдарга пайгамбарбар болдум.

2- Шапаатымды үммөтүмө акыретте жардамчы кылып сактадым.

3- Бир айлык аралыктан душмандарыма коркуу салдым.

4- Жер жүзү мага мечит жана тазалоочу кылынды.

5- Олжолор мага халал кылынды. (Бухари)

Жаннаттан кайтарылбайт

Ушул беш нерсе үчүн насаат кылганды Жаннаттан кайтарышпайт:

1- Аллах үчүн,

2- Дини үчүн,

3- Китеби үчүн,

4- Расулу үчүн,

5- Бүткүл мусулмандар үчүн. (И. Нажжар)

Беш нерсенин каршылыгы

Беш нерсе беш нерсенин жообу:

1- Бир жамият берген сөзүнөн кайтса душмандары баштарына жармашат,

2- Диндин буйругуна уюлбаса кедейлик жайылат,

3- Фухуш жайылса өлүм көбөйөт,

4- Өлчөө жана тартууда куулук кылынса берекесиздик болот,

5- Зекет берилбесе жамгыр токтойт. (Табарани)

Камил ыйман

Ушул беш нерсе ыймандан:

1- Аллахтын буйругуна таслим болуу,

2- Аллахтын тагдырына ыраазылык көрсөтүү,

3- Ишинин акырын Аллахка тапшыруу,

4- Аллахка ишенүү,

5- Кайгыга сабыр кылуу. (Баззар)

Пайгамбарлардын сүннөтү

Ушул беш нерсе пайгамбарлардын сүннөттөрүнөн:

1- Уяттуулук,

2- Хилм (Жумшактык, сүр),

3- Хажамат,

4- Мисвак колдонуу,

5- Жакшы жыт сүрүнүү. (Табарани)

Ибадат болгон беш нерсе

Беш нерсе ибадаттан:

1- Аз жеш,

2- Мечитте отуруу,

3- Каабаны кароо,

4- Мусхафты кароо,

5- Аалымдын жүзүн кароо. (Дайлами)

Жазасы дүнүйөдө берилет

Ушул беш нерсенин жазасы дүнүйөдө берилет:

1- Зулумдуктун,

2- Кыянаттыктын,

3- Эне-атага кыйынчылык тарттыруунун,

4- Салих туугандар менен алаканы үзүүнүн,

5- Кылынган жакшылыкка рахматсыздык. (И. Лал)

Рамазанда ихсан кылынгандар

Аллаху таала калган үммөтөргө бербеген беш нерсени Рамазанда үммөтүнө берет:

1- Рамазандын алгачкы түнү момундарга рахмат кылат. Рахмат кылган кулуна эч азап кылбайт.

2- Орозолуунун ооз жыты Аллаху таалага ар жыттан да жагымдуу.

3- Периштелер Рамазанда ар түнү жана күндүзү орозо кармагандардын кечирилүүсү үчүн дуба кылат.

4- Аллаху таала Рамазан шарифте орозо кармагандарга Жаннатта жер дайындайт.

5- Рамазан шарифтин акыкы күнү болсо орозо кармагандардын баары кечирет. (Байхаки)

Шашылуу

Беш нерседен сырткары шашылуу шайтандан:

1- Кызын үйлөнтүү,

2- Карызын төлөө,

3- Жаназа кызматтарын тез кылуу,

4- Конокту тоюруу,

5- Күнөө кылганда дароо тообо кылуу. (Ислам Ахлагы)

Кедейге тамак жедирүү

Кедейге берилген бир жутум тамак беш сүйүнчү берет:

1- Бир элем, мени көбөйттүң,

2- Кичине элем, мени чоңойттуң,

3- Душман элем, мени дос кылдың,

4- Фани болуп, жок болуп кетээрде мени баки, түбөлүк калгыдай кылдың.

5- Азыркыга чейин сен мени коргочу элең. Эми мен сени коргоймун. (Ислам Ахлагы)

Көңүлдү өлтүрөт

Беш нерсе көңүлдү өлтүрөт:

1- Көп жеп-ичүү,

2- Көп уктоо,

3- Көп сүйлөө,

4- Көп күлүү,

5- Ырыскы үчүн көп тынчсыздануу. (М.Ч. Яр-и Гузин)

Көңүлдү жалтыратат

Беш нерсе көңүлдү жалтыратат:

1- Ихлас сүрөсүн көп окуу,

2- Аз жеш,

3- Илим мажилисинде болуу,

4- Аз бышкан нан жеш,

5- Түнкү намазды окуу. (М.Ч. Яр-и Гузин)

Көңүлгө жарык берет

Беш нерсе көңүлгө жарык берет:

1- Илим мажилисинде болуу,

2- Жетимди башын сылоо,

3- Соордо көп истигфар кылуу,

4- Көп жеп-ичпөө,

5- Көп орозо кармоо. (М.Ч. Яр-и Гузин)

Көз нурун көбөйтөт

Беш нерсени кароо көзгө жила берет:

1- Каабаны кароо,

2- Мусхафты кароо,

3- Эне-атанын жүзүн кароо,

4- Аалымдын жүзүн кароо,

5- Аккан сууну кароо. (М.Ч. Яр-и Гузин)

Беш нерсенин кадыры

Беш нерседен мурда беш нерсенин кадырын бил!

1- Карылыктан мурда жаштыктын,

2- Оорудан мурда ден-соолуктун,

3- Убакытсыздыктан мурда бош убакыттын,

4- Кедейликтен мурда байлыктын,

5- Өлүмдөн мурда өмүрдүн кадырын бил! (Абу Нуайм)

Ибадаттар кайыр калтырбайт

Ушул беш нерсе орозо жана дааратта кайыр калтырбайт:

1- Жалган,

2- Гыйбат,

3- Сөз ташуу,

4- Харамды кароо,

5- Жалган жерге ант. (Дайлами)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш