Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Мухаммед алейхиссаламдын үстөмдүгү




Мухаммед алейхиссаламдын үстөмдүгү


Мухаммед алейхиссалам - пайгамбарлардын эң үстөмү, ааламдардын мээрими. Он сегиз миң аалам анын боорукердик дайрасынан пайдаланууда. Ал бардык адамдар менен жиндердин пайгамбары. Периштелерге, өсүмдүктөргө, жаныбарларга жана бардык макулуктарга да пайгамбар экендигин айткандар көп. Башка пайгамбарлар белгилүү бир мамлекеттерге, белгилүү бир коомдорго жиберилишчү. Ал эми Расули акрам (саллаллаху алейхи васаллам) бүткүл ааламга, жандуу-жансыз бардык макулуктарга пайгамбар. Аллаху таала башка пайгамбарларды ысымдары менен атаган. Ал эми Мухаммед алейхиссаламды "Йа, Расулум! Йа, Пайгамбарым!" деп чакырган. Башка пайгамбарлардын ар бирине берилген мужизалардын бир окшошу ага да берилген. Аллаху таала сүйүктүү пайгамбарына ушунчалык көп жакшылыктар кылган жана көп мужизалар берген эле; башка эч бир пайгамбарына муну берген эмес. Ыйык манжасы менен ишарат кылганда айдын тең ортосунан экиге бөлүнүүсү, ыйык алаканына алган таштардын тасбих айтуусу, бактардын "Йа, Расулаллах!" деп ага салам берүүсү, Расулуллахтан айрылып калгандыгы үчүн "Ханнана" делген бактын үнүн чыгарып ыйлоосу, ыйык манжаларынын арасынан таза суунун агуусу, акыретте ага "Маками Махмуд", "Шафаати кубра", "Кавсар булагы", "Васила" жана "Фадила" деп аталган даражалардын берилүүсү, Бейишке кирүүдөн мурун Аллахтын дидарын көрүү нематына ээ болуусу жана дүнүйөдө хулки азим, динде йакин, илим, мээрмандык, сабырдуулук, шүгүр, зухд, иффат (аруу), адилеттүүлүк, мурувват, уяттуулук, батылдык, жөнөкөйлүк, хикмет, адептүүлүк, самахат (жакшылык кылуу), мээрим сыяктуу бүтпөй турган баалуулуктар менен касиеттер аркылуу бардык пайгамбарлардан үстөм кылынган. Ага берилген мужизалардын санын Аллаху тааладан башка эч ким биле албайт. Анын дини бардык диндерди насх кылган, өкүмдөрүн жойгон. Анын дини - бардык диндердин эң жакшысы. Анын үммөтү - бардык үммөттөрдөн үстөм. Анын үммөтүнүн олуялары башка үммөттөрдүн олуяларынан кадырлуурак.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш