Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбарыбызга салават айтуунун пазилети




Пайгамбарыбызга салават айтуунун пазилети


Абу Саид Харкуши хазреттери тафсир, хадис, фыкх жана тасавуф аалымы. Ирандын Нишабур калаасында төрөлгөн. Иранга, Шамга, Египетке жана  Хижазга барган. Ал жактарда заманынын аалымдарынан илим үйрөндү. Кийин Нишабурга кайтты. 407-жылы (м-1016) ошол жакта кайтыш болду. Далаил-ун-Нубувва аттуу китебиндеги Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи ва саллам) салат жана салам айтуунун пазилети тууралуу бөлүгүндө мындай деп билдирилген:

Расулуллах алейхиссалам мындай деген: "Жабраил менен жолуктум. Мага жакшы кабарларды билдирип, Аллаху таала сага салават жана салам айткандарга салат жана салам бере тургандыгын билдирди, - деди. Мен да мындан улам Раббиме сажда кылып, шүгүр кылдым.”

 Абдуррахман бин Авф (радыяллаху анх) мындай деп айтып берди: Пайгамбарыбыз алейхиссалам менен Баки көрүстөнүнө бардык. Эки жолу сажда кылып, саждаларда узак убакыт отурду. Себебин сурадым. Мындай деди: "Жабраил мага келип мындай деди: Бирөө сага салават айтса, жетимиш периште да ага салат айтышат.”

     Абу Саид Худри (радыяллаху анх) мындай деген: Пайгамбарыбыз мындай деди: "Бир жамаат чогулуп, бир жерге отуруп, Пайгамбарыбызга салават айтышпаса аларга бир кайгы келет.”

Бакир бин Абдуллах Музанинин (радыяллаху анх) риваят кылган хадиси шарифте: "Ким мага эртең менен он жолу, кечинде он жолу салават айтса, кыямат күнү шапаатыма жетет”, -  деген.

 Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир жолу минбарга чыгып бара жатып үч жолу амин деди. Сахабалар:  "Йа, Расулаллах азыркыга чейин кылбаган бир нерсени кылдыңыз. Себеби эмне?” - деп сурашканда мындай деп жооп берди: "Мага Жабраил келип мындай деди: "Ким эне-атасынын бирөөсү менен урушса аларга жакшылык кылуу менен кечиримдерин албаса, Аллаху таала аны куру калтырсын. Мен да амин дедим. Ким Рамазан айына жетип, күнөөлөрүнүн кечирилүүсү үчүн себептерге жармашпаса, Аллаху таала аны куру калтырсын деди. Мен да амин дедим. Кимде ким Сенин атың айтылган жерде сага салават айтпаса, Аллаху таала аны жакшылыгынан куру калтырсын деди. Мен да амин дедим.”

 Расулуллах алейхиссалам мындай деген: "Аллаху тааланын бир канча периштелери бар. Мага айтылган салаваттарды жеткирип турушат. Йа, Расулаллах, баланча уулу сага салават айтты дешет.”  "Йа, Расулаллах, сиз чириген абалда бул кандай болот?” - делгенде мындай деди: "Күмөнсүз Аллаху таала сүйүктүүсүнүн денесин топракка арам кылды. Алар кабырда чиришпейт. ”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш