Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Салават айтуу




Салават айтуу


Суроо: Пайгамбарыбыз хазреттеринин ысымы аталганда салават айтуу керекпи?

ЖООП: Расулуллах саллаллаху алейхи васалламдын ысымын уккан адамдын өмүрүндө бир жолу салават айтуусу парз, окуганда, жазганда, айтканда жана укканда биринчисинде айтуу важиб, калганында мустахаб(Радд-улмухтар)

Расули акрам хазреттеринин ысымын айтканда, укканда, жазганда жана окуганда Ага салават айтуу урмат-сыйга жана сооп алууга себеп болот.

Салават – салят сөзүнүн көптүк түрү. Салят – дуба дегенди билдирет. Пайгамбарыбыз алейхиссаламга кылынган дубалар салават айтуу деп аталат. Курани каримде: "Аллах жана периштелери Расулуна салят айтууда. Эй, ыйман келтиргендер, силер да салят айткыла”, - деп буюрулган. (Ахзаб, 56) Хадиси шарифте да: "Мага бир салят айтканга Аллах жана периштелери 70 салят айтат”, - делген. (И. Ахмед)

Аллахтын салят айтуусу ырайым, периштелердики дуба, момундардыкы болсо Анын шапаатын тилөө.

Салават кыскача Аллахумма салли ала Мухаммед ва ала али Мухаммед. Пайгамбарыбыздын ысымы аталганда алейхиссалам же алейхиссалату вассалам же саллаллаху алейхи васаллам деп айтуу менен да Пайгамбарыбыз алейхиссаламга дуба кылынган, салават айтылган болот.

Биз намазда Аттахиятудан кийин окуган Салли Бариктер да салават. Салавати шарифа окуунун пазилети чоң.

Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Кыямат күнү мага эң жакын адам – эң көп салават айткан адам.” [Тирмизи]

"Эртең менен жана кечинде он салават айткан адам Кыямат күнү шапаатыма ээ болот.” [Табарани]

"Жума күндөрү мага 80 салават окуган адамдын 80 жылдык күнөөлөрү кечирилет.” [Ширъа]

"Күндө жүз салават окуган адам Кыямат күнү шейиттер менен бирге болот.” [Табарани]

"Күнүнө миң салават окуган адам Бейиштеги ордун көрбөй өлбөйт.” [Ибни Шахин]

"Мага бир салават айткан адамга Аллаху таала он ырайым ихсан кылат, он күнөөсүн жок кылат жана даражасын он эсе көтөрөт.” [Насаи]

"Салават силер үчүн зекет.” [И.Хиббан] [Бул жерде зекет – тазалык, күнөөлөрдүн кечирилүүсү.]

Пайгамбарыбыз алайхиссалам: "Жума күндөрү мага көп салават окугула! Булар мага билдирилет”, - деди. Өлгөндөн кийин дагы билдирилеби деп суралганда мындай деди: "Пайгамбарлардын денесин топурак чиритпейт. Бир момун салават окуганда бир периште мага кабар берип: "Баланча уулу баланча сага салам айтты”, - дейт.” [Ибни Мажа]

"Мага салават окуганга периштелер салят айтышат. Салаватты улантканга периштелер да ага салят айтканды улантышат. Мындан ары каалаган аз, каалаган көп салават окусун!” [И.Мажа]

Бир китепти жазууга же хутбаны окууга баштаганда Аллаху таалага хамд жана Расулуна салават айтуу керек. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

"Эгер ким китебине ысымымды жазгандан кийин мага салят жана салам да жазса, ысымым ал китепте турган сайын периштелер ал адам үчүн истигфар кылышат.” [Табарани]

"Мени сөзүңөрдүн башында, ортосунда жана аягында эстегиле!” [И. Нажжар]

"Жабраил алейхиссалам мага айтты: "Йа, Расулаллах! Сенин атың аталганда сага салават айтпаган адам азапка татыктуу болот, Жаханнамга кирет.” [И. Ахмед]

Демек, Расулуллах алейхиссаламга өмүрүндө бир жолу салават айтуу парз, бир отурушта, бир жазууда бир жолу салават айтуу важиб. Бул важибди атайылап таштаган адам азапка татыктуу болот.

Ыраазы кылуу үчүн

Суроо: Аллаху таала менен анын жакшы көргөндөрүн ыраазы кылуу үчүн эмне кылуу керек?

ЖООП: Алгач Ахли сүннөт ишенимин үйрөнүп, динибиздин буйруктарын жана тыюуларын орундоо керек. Өзгөчө көңүл оорутпоого жана кул акысына маани берүү керек. Ошондой эле төмөнкү хадиси шарифте билдирилген дубаларды да окууга аракет кылуу керек:

"Йа, Аиша, бир жолу "Аллахумма салли ала Мухаммедин ва ала жамиил Анбияи валмурсалин” деп айт, бардык пайгамбарлар сенден ыраазы болсун. Бир жолу "Аллахуммагфирли ва ли валидаййа [ва ли машайихыййа] ва лил муминина вал муминат вал муслимина вал муслимати ал ахйаи минхум вал амват” деп айт, бардык момундар сенден ыраазы болсун. Бир жолу да "Субханаллахи вал хамду лиллахи ва лаилаха иллаллаху валаху акбар вала хавла вала куввата илла биллахил алиййил азим” деп айт, ошондо Аллаху таала сенден ыраазы болсун.” [Эй Балам Илмихали]

Салават айтуу

Суроо: Салават катары эмнени окуу керек?

ЖООП: Салаваттын эң кыскасы "Аллахумма салли ала Мухаммед ва ала али Мухаммед. Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтты:

Бир күнү төрт улуу периште келди.

Жабраил алейхиссалам мындай деди:

"ЙаРасулаллах! Сага күнүгө он салават айткан адамдын колун кармап, сыраттан куштай өткөрөм.”

Микаил алейхиссалам мындай деди:

"Мен болсо ага Кавсар көлмөсүнөн тойгончо ичирем.”

Исрафил алейхиссалам мындай деди:

"Мен болсо анын кечирилиши үчүн башымды саждага коём. Аллаху таала аны кечирмейинче башымды саждадан көтөрбөйм.”

Азраил алейхиссалам дагы мындай деди:

"Мен дагы анын рухун пайгамбарлардыкы сыяктуу алам.”

Пайгамбарыбыз алейхиссалам болсо: "Йа, Раббим! Бул кандай гана чоң жакшылык жана кандай гана чоң ихсан”, - деди.

Эки хадиси шарифтин мааниси төмөңкүдөй:

"Күн сыйын жүз жолу салават айткан адам мунафыктыктан жана Жаханнам отунан алыстайт жана кыяматта шейиттер менен бирге болот.” [Табарани]

"Бир адам мага салават окуган сайын периштелер да ал үчүн истигфар кылышат. Мына эми каалаган аз, каалаган көп салават окусун.” [И.Ахмед]

Хазрети Абу Талха баяндайт:

Бир күнү Расулуллах көтөрүңкү маанайда келди да, мындай деди:

"Жабраил мага келип, мына бул сүйүнчүнү айтты: Йа, Расулаллах! Раббиң: "Сага бир жолу салават окуган адамга мен он салят окуйм. Он жолу ырайым кылам, он күнөөсүн кечирип, он даража көтөрөм. Сага бир жолу салам берген ар кимдин саламына да мен он жолу салам менен жооп берем. Бул сага икрам катары жетпейби, ыраазы болбойсуңбу?” – деди. Мен болсо ыраазы болом дедим.” [Насаи]

Суроо: "Пайгамбарга салят окулбайт, салават айтылбайт. Салят Аллахка айтылат” дегендер бар. Бул туурабы?

ЖООП: Салят дуба дегенди билдирет. Салават болсо салят сөзүнүн көптүк түрү, дубалар дегенди билдирет. Экөө тең бирдей. Бир аяти кариманын мааниси төмөнкүдөй:

"Аллах жана периштелери Расулга салят айтышат. Эй, ыйман келтиргендер, силер да чын жүрөктөн, моюн сунуу менен ага салят айткыла, салават окугула.” [Ахзаб, 56] (Аллахтын салят айтуусу ырайым кылуу, периштелердики дуба кылуу, момундардыкы болсо - Анын шапаатын тилөө.)

Көрүнүп тургандай, Расулуллахка салят, башкача айтканда, салават окулуусун Аллаху тааланын өзү Курани каримде буйрууда. Ошондуктан, Расулуллах алейхиссаламга өмүрүндө бир жолу салават окуу парз, ысымы аталганда, бир отурумда, бир жазууда бир жолу салават айтуу важиб, кийинкилерде мустахаб. Үч хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:

"Мага бир салават айткан адамга Аллах жана периштелери жетимиш салят айтышат.” [И. Ахмед]

"Менин шапаатыма эң татыктуу адам – мага эң көп салават айткан адам.” [Тирмизи]  

"Мага көп салават айткандардын дарттары кетет, күнөөлөрү кечирилет”) [Тирмизи]

Расулуллахтын ысымы айтылганда же угулганда алейхиссаламалейхиссалату вассалам же саллаллаху алейхи васаллам деп айтуу менен да салят айтылган болот.

Салават окулган жерлер

Суроо: Салават окуу мустахаб болгон жерлер кайсылар?

ЖООП: Ибни Абидин хазреттери салават айтуу мустахаб болгон жерлердин кээ бирлерин мындайча билдирет:

1-Жума күнү жана түнү,

2-Эртең менен жана кечинде,

3-Пайгамбарыбыздын кабырын зыярат кылып жатканда,

4-Сафа менен Марвада,

5-Азан айтылып жатканда,

6-Коомат айтылып жатканда,

7-Дубанын башында, ортосунда жана аягында,

8-Талбияны бүтүргөндөн кийин,

9-Бир жерге чогулуп, ал жерден тараганда,

10-Даарат алып жатканда,

11-Даарат алгандан кийин,

12-Бир нерсе унутулганда,

13-Вааз айтып жатканда,

14-Хадисти окуп баштаганда,

15-Хадисти окуп бүткөндө,

16-Кулак чуулдаганда,

17-Диний суроо берип жатканда,

18-Фатва жазып жатканда,

19-Китеп жазып жатканда,

20-Устаз сабакты баштап жатып,

21-Шакирт сабакка киргенде,

22-Кыздын колун сурап барганда,

23-Үйлөнүп жана үйлөндүрүп жатканда,

24-Маанилүү иштердин башында,

25-Зикирди баштап жатканда,

26-Жаназа намазында жана намазда ташаххуддан кийин салават окуу сүннөт.

27-Роза гүлүн жыттап жатканда, [Расулуллахтын куттуу денеси розадай жыттанчу.]

28-Кол алышып учурашканда,

29-Күрүч палоо жегенде,

30-Мечитке кирип-чыкканда,

31-Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) ысымын уккан адамдын өмүрүндө бир жолу салават айтуусу парз, окуганда, жазганда, айтканда, укканда алгачкысында айтуу важиб, кийинкилеринде мустахаб. (Радд-ул-мухтар)

Бул маселедеги хадиси шарифтердин айрымдары мындайча:

"Жума күнү жана түнү көп салават окуган адамга шапаат кылам.” [Байхаки]

"Жума күнү 80 салават окуган адамдын 80 жылдык күнөөсү кечирилет.” [Даре Кутни]

"Азанды укканда аны кайталап, мага салават айткыла!” [Бухари]

"Намаз пардалуу. Салават айтылганда пардалар жыртылып, дуба кабыл болот.” [Табарани]

"Аллаху тааланы зикир кылбай жана Расулуна салават айтпай чогулуп, тарап кетүү тарптан тарап кетүү сыяктуу.” [И. Ахмед]

"Бир коомдо Аллаху таала эскерилбесе жана Расулуна салават айтылбаса ал коом Кыяматта касырет чегет жана өкүнүп калат.”  [Тирмизи]

"Даарат алгандан кийин он жолу салават айткан адамдын кайгысы кетет, дубасы кабыл болот.” [Эй Балам Илмихалы]

"Айтайын деген сөзүн унутуп калган адам эстөө үчүн салават айтсын!” [Ибни Сүнни]

"Жыйналыштарыңарды мага салават жана салам айтуу менен кооздогула!” [Дайлами]

"Намаз окугандан кийин дуба кылып жатып алгач Аллаху таалага татыктуу түрдө мактоо айт, кийин мага салават айт, кийин дуба кыл!” [Тирмизи]

"Кимдин кулагы чуулдаса мени эстесин, мага салавати шарифа айтсын. Андан кийин: "Мени жакшылык менен эстегенге Аллах ырайым кылсын!” - деп айтсын.” [Муслим]

"Менин ысымым аталганда салават окубаган адам сараңдардын сараңы.” [Тирмизи]

"Жанында эстелгениме карабастан мага салават айтпагандын мурду сүртүлсүн!” [Тирмизи]

"Ысымым аталганда салават айтпаган адам кор болсун!” [Тирмизи]

"Роза жыттап, мага салават айтпаган адам мени кыйнаган болот.” [Ширъа]

"Эки мусулман саламдашып, мусафаха кылса жана мага салавати шариф айтса жаңы төрөлгөндөй бардык күнөөлөрү тазаланат.” [Р. Насихин]

Салават окулбаган жерлер

Суроо: "Пайгамбарыбыз алейхиссаламга бардык жерде сөзсүз салят-салават окулат. Жаназаны угузуу үчүн окуунун да зыяны жок” деп айтылууда. Бардык жерде салават окулабы?

ЖООП: Салавати шарифа окулбаган жерлер да бар. Айрымдарын атай кетели. Төмөнкү жерлерде Расулуллахка салават айтуу жаиз эмес:

1- Жима учурунда, [Бир гана төшөккө жатарда бисмиллах айтылат.]

2- Ажатканада муктаждыгын кетирип жатканда, [Ажатканага кирип жатып дуба окулат.]

3- Сатылчу малды мактап жатканда, [Товардын баалуулугун билдирүү үчүн окуу сооданы динге курал кылуу болуп саналат.]

4- Орунсуз иш кылганда, [арамды карап жатканда, макрух иш кылып жатканда.]

5- Бир нерсеге таң калганда, [Апей, кокуй деп айттырган таң калыштуу окуянын натыйжасында.]

6- Малды сойгондо, [Бир гана Бисмиллах айтылат.]

7- Чүчкүргөндө, [Бир гана Алхамдулиллах деп айтылат.]

8-Тамакты Бисмилах менен баштап жатып, (Бисмиллах окулат, салават окулбайт. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:

"Мына бул үч жерде менин ысымымды айтпагыла: тамакка бисмиллахты айтып жатканда, жандыкты бисмиллах менен союп жатканда жана чүчкүргөндө.” [Байхаки]

9- Куран окуп жатканда, [Пайгамбарыбыздын аты аталса да салават окулбайт.]

10- Хутба угуп жатканда, [Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын ысымы аталса да салават окулбайт.]

11- Парз намаздарынын жана муаккад сүннөт намаздарынын биринчи ташаххудунда.

12- Жаназа бар экенин билдирүү үчүн. ["Бир адам кайтыш болгондо пайгамбарга салават айтылат” деген ойду пайда кылган бидат.]

Ибни Абидин хазреттери айтат:

Эгер кайтыш болгон адам аалым, захид же куттуу бир зат болсо, кийин келген кээ бир аалымдар анын жаназасы үчүн көчөлөрдө жарыя кылынуусун жакшы деп көрүшкөн. (Радд-ул-мухтар)

Билдирүүнүн, жарыялоонун ар кандай жолдору бар. Мисалы, добулбас, сурнай тартып жарыялоо жаиз болбойт. Мавлид окутуу же салаа [салят] окуу жаиз болбойт. Муниципалдык үн күчөткүч аркылуу жарыялоого же гезиттерге жарыя берүү жаиз болот.

Суроо: Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын ысымын ар айтканыбызда салават айтуу шартпы?

Жооп: Бул маселеде Ибни Абидинде мындай деп айтылат:

"Пайгамбарыбыз алейхиссаламга өмүрүндө бир жолу салават айтуу парз. Ысымын ар айтканда, укканда, окуганда жана жазганда бир жолу салават айтуу важиб, кайталанганда айтуу болсо мустахаб.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш