Пайгамбарыбыздын нуру


Мухаммед алейхиссалам – Аллаху тааланын хабиби (сүйүктүү кулу), жаратылган бүткүл адамдар менен башка макулутардын бардык жагынан алып караганда эң жогорусу, эң сулуусу жана эң кадырлуусу. Аллаху таала мактаган, бүткүл адамзат менен жиндердин пайгамбары катары тандап жиберген соңку жана эң жогору пайгамбары болуп эсептелет. Ал ааламдарга ырайым катары жиберилген, бардык нерсе анын урматына жаратылган. "Кайра-кайра макталган”, "өтө көп макталган” деген маанини билдирүүчү Мухаммед алейхиссаламдын Ахмед, Махмуд, Мустафа сыяктуу ыйык ысымдары да бар. Атасынын аты Абдуллах. Өзү хижраттан 53 жыл мурда Рабиуль-аввал айынын он экисинде дүйшөмбү түнү, таңга жуук Мекке-и Мукаррамада дүйнөгө келди. Тарыхчылар бул күндүн милади жыл санагы боюнча 571-жылдын апрель айынын 20-сына дал келе тургандыгын айтышат.

Туулардан бир нече ай мурда атасы Абдуллах, алты жашында энеси Амина кайтыш болгон. Ошондон улам Пайгамбарыбызга Дурр-и йетим деген лакап берилген. Сегиз жашына чейин чоң атасы Абдулмутталибдин, ал кайтыш болгондон кийин агасы Абу Талиптин жанында болду. Жыйырма беш жашында Хатижатул Кубра энебизге үйлөндү. Андан туулган туңгуч уулунун аты Касым болчу. Араптарда адамдын атын туңгуч уулунун аты менен кошуп айтуу адат болчу. Ошондуктан, пайгамбарыбыз Абул Касым, б.а., Касымдын атасы деп аталды.

Кырк жашында ага бүткүл адамзатка жана жиндерге пайгамбар болгондугу Аллаху таала тарабынан билдирилди. Үч жылдан кийин бардык адамдарды ыйманга чакыра баштады. Элүү эки жашында Мираж окуясы болду. Милаттын 622-жылы 53 жашында Меккеден Мединага көчтү. 27 жолу согуш өткөрдү. 11 (м.632) жылы Рабиуль-аввал айынын 12-синде, Дүйшөмбү күнү таңга жуук, 63 жашында Медина-и Мунавварада кайтыш болду.

Аллаху таала бардык пайгамбарларды ысымдары менен атаган болсо, Аны хабибим (сүйүктүүм) деп илтифат кылган. Аллаху та- ала бир аятта: "Сени ааламдарга ырайым кылып жибердик” ("Анбия” сүрөсү, 107) жана бир кудси хадисте: "Сен болбогондо, сен болбогондо эч нерсени жаратмак эмесмин”, - деген.

Ар бир пайгамбар өз заманында, өз мекенинде, өз коомунан бардык жактан жогору турат. Ал эми, Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам болсо дүйнө жаратылган күндөн баштап кыяматка чейин бардык заманда, бардык жерде, келген-кеткен жана келе турган бардык жаратылгандардын эң кадырлуусу, эң жогорусу бо- луп саналат. Эч ким эч бир жактан Андан жогору боло албайт. Аллаху таала Аны ошондой жараткан.

Ыйык нурунун жаратылуусу

Аллаху таала бардык нерседен мурда, б.а., эч нерсени жарата электе сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын ыйык нурун жаратты. Тафсир жана хадис аалымдарынын көпчүлүгү: "Аллаху таала өз нурунан латиф жана чоң жавхар жаратып, андан бүткүл ааламды кезеги менен жаратты. Бул жавхар "Нур-и Мухаммеди” деп аталат. Бардык рух жана нерселердин башталгычы жана түбү – мына ушул жавхар”, - деп айтышкан. Сахабалар- дан Жабир бин Абдуллах бир күнү: "Эй, Расулуллах! Аллаху таала бардык нерседен мурда жараткан нерсе эмне?” - деп сураганда: "Баарынан мурда сенин Пайгамбарыңдын б.а., менин нурумду өзүнүн нурунан жаратты. Ал кезде; лавх, калем, Бейиш, Тозок, периште, самават (асмандар), арз (жер бети), күн, ай, инсан жана жиндер жок болчу”, - деп айтты.

Нур-и Мухаммеди Адам алейхиссаламдын көңүлү жана ыйык денеси жаратылганда анын эки кашынын ортосуна конду. Адам алейхиссалам өзүнө рух берилгенде маңдайында чолпон жылдызы сыяктуу жаркырап турган бир нурдун бар экенин байкады.

Адам алейхиссалам жаратылганда Аллаху таала ага; Абу Мухаммед, б.а., Мухаммеддин атасы деп айткандыгын илхам аркылуу түшүндү жана: "Эй, Раббым! Мага эмнеге Абу Мухаммед ысымын бердиң?” - деп сураганда Аллаху таала: "Эй, Адам! Башыңды көтөр!” - деди. Адам алейхиссалам башын көтөрүп ка- раганда Арш-ы аалада сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) нурдан жазылган Ахмед ысымын көрдү. Ошондо: "Эй, Раббим! Бул ким?” - деп сурады. Аллаху таала: "Бул - сенин тегиңен чыга турган бир пайгамбар. Анын ысымы көктөрдө Ахмед, жерде болсо Мухаммед. Эгер Ал болбогондо сенижаратмак эмесмин. Жерлерди жана көктөрдү да жаратпайт болчумун”, - деп жооп берди.

Нурунун таза маңдайлардан өтүүсү

Адам алейхиссалам жаратылганда маңдайына сүйүктүү Пайгам- барыбыз Мухаммед алейхиссаламдын ыйык нуру конду. Ал нур маңдайында жаркырай баштады. Курани каримде билдирилгендей Адам алейхиссаламдан баштап таза аталар менен таза энелерден өтүп, Пайгамбарыбыз алейхиссаламга чейин келди. Бул тууралуу Аллаху таала аятта мындай мааниде билдирген:

"Сен, б.а., сенин нуруң ар дайым сажда кылуучулардан өтүп, сага жетип келген.” (Шуара, 219)

Хадиси шарифте"Аллаху таала адамдарды жаратты. Мени адамдардын эң мыкты бөлүгүнөн жаратты. Анан, алардын эң мыктысын (Арабстанда) тандады. Мени алардан пайда кылды. Анан, үйлөрдөн, үй-бүлөлөрдөн эң мыктысын тандап, мени алардан пайда кылды. Андай болсо, менин рухум жана денем жаратылгандардын эң жакшысы. Менин силсилем, ата- бабаларым эң жакшы адамдар”, - деп билдирилген.

Башка бир хадиси шарифте болсо: "Аллаху таала бардык нерсени жоктон бар кылды. Бардык нерсенин ичинен адамдарды жакшы көрдү, кадырлуу кылды; адамдардын ичинен дагы тандагандарын Арабстанга жайгаштырды. Арабстандагы тандалгандардын арасынан да мени тандады. Мени ар доордогу адамдардын тандалгандарынын арасынан кылды. Андай болсо, Арабстанда мага моюн сунгандарды жакшы көргөндөр мен үчүн жакшы көрүшөт. Аларга кастык кылгандар мага кастык кылган болуп саналат”, - деп билди- рилди.

Жаратылган алгачкы адам болгон Адам алейхиссалам Мухаммед алейхиссаламдын зерресин алып жүргөндүктөн маңдайында Анын нуру жаркырап турчу. Бул зерре Хазрети Хаввага, андан Шит алейхиссаламга жана ушинтип таза эркектерден таза аялдарга жана таза аялдардан таза эркектерге өттү. Мухаммед алейхиссаламдын нуру да зерре менен бирге маңдайлардан маңдайларга өттү. Периштелер качан Адам алейхиссаламдын жүзүнө карашса маңдайында Мухаммед алейхиссаламдын нурун көрүшчү жана Ага истигфар айтышчу.

Адам алейхиссалам кайтыш болоор алдында уулу Шит алейхиссаламга айтты: "Балам! Маңдайыңда жаркырап турган бул нур - акыркы Пайгамбар Мухаммед алейхиссаламдын нуру. Бул нурду момун жана намыстуу, таза аялдарга тапшыр жана уулуңа да муну осуят кыл!” Мухаммед алейхиссаламга жетип келгенге чейин бардык аталар уулдарына ошол осуятты айтышты. Бардыгы бул осуятты орундашып, эң таза жана эң асыл кыздарга үйлөнүштү. Нур, аял-эркек, таза маңдайлардан өтүп өз ээсине жетип келди. Расулуллах алейхиссаламдын ата-бабаларынын биринин эки уулу болсо же бир уруу экиге бөлүнсө пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын ыйык нуру эң абийирдүү, жана кайырлуу болгон тарапта болчу. Ар кылымда Анын чоң атасы болгон зат жүзүндөгү нурдан улам белгилүү болчу. Анын нуруна ээ болгон тандалган бир уруу болгондуктан, ар кылымда ошол уруудан болгон заттын жүзү өтө сулуу жана нурдуу болоор эле. Бул нур менен бир туугандарынын ичинен тандалчу жана ал ичинде болгон уруу башка урууларга караганда өтө жогору, өтө абийирдүү болчу.

Ал эми, пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам бир хадиси шарифинде мындай деп айтты: "Менин аталарыман эч бири зина кылган эмес. Аллаху таала мени таза, мыкты аталардан, таза энелерден дүйнөгө алып келди. Аталарыман биринин эки уулу болсо мен алардын эң жакшысында, эң кайырлуусунда болчумун.”

Адам алейхиссаламдан бери атадан балага өтүп келген бул нур Тарухка, андан уулу Ибрахим алейхиссаламга, анан уулу Исмаил алейхиссаламга өткөн. Анын да маңдайында күн сыяктуу жаркырап турган нур балдарынан Аднанга, андан Меадга, андан да Низарга өткөн. Низар туулганда атасы Меад уулунун маңдайындагы нурду көрүп кубанып, чоң той кылып: "Мындай уул үчүн бул сыяктуу той аздык кылат” дегендиги үчүн уулунун аты Низар, б.а., "аз бир нерсе” деген маанисинде калган. Андан кийин ал нур кезеги менен өтүп, чыныгы ээси болгон сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламга жеткен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш