Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Нурунун таза маңдайлардан өтүүсү




Нурунун таза маңдайлардан өтүүсү


Адам алейхиссалам жаратылганда маңдайына сүйүктүү Пайгам- барыбыз Мухаммед алейхиссаламдын ыйык нуру конду. Ал нур маңдайында жаркырай баштады. Курани каримде билдирилгендей Адам алейхиссаламдан баштап таза аталар менен таза энелерден өтүп, Пайгамбарыбыз алейхиссаламга чейин келди. Бул тууралуу Аллаху таала аятта мындай мааниде билдирген:

"Сен, б.а., сенин нуруң ар дайым сажда кылуучулардан өтүп, сага жетип келген.” (Шуара, 219)

Хадиси шарифте: "Аллаху таала адамдарды жаратты. Мени адамдардын эң мыкты бөлүгүнөн жаратты. Анан, алардын  эң мыктысын (Арабстанда) тандады. Мени алардан пайда кылды. Анан, үйлөрдөн, үй-бүлөлөрдөн эң мыктысын тандап, мени алардан пайда кылды. Андай болсо, менин рухум жана денем жаратылгандардын эң жакшысы. Менин силсилем, ата- бабаларым эң жакшы адамдар”, - деп билдирилген.

Башка бир хадиси шарифте болсо: "Аллаху таала бардык нерсени жоктон бар кылды. Бардык нерсенин ичинен адамдарды жакшы көрдү, кадырлуу кылды; адамдардын ичинен дагы тандагандарын Арабстанга жайгаштырды. Арабстандагы тандалгандардын арасынан да мени тандады. Мени ар доордогу адамдардын тандалгандарынын арасынан кылды. Андай болсо, Арабстанда мага моюн сунгандарды жакшы көргөндөр мен үчүн жакшы көрүшөт. Аларга кастык кылгандар мага кастык кылган болуп саналат”, - деп билдирилди.

Жаратылган алгачкы адам болгон Адам алейхиссалам Мухаммед алейхиссаламдын зерресин алып жүргөндүктөн маңдайында Анын нуру жаркырап турчу. Бул зерре Хазрети Хаввага, андан Шит алейхиссаламга жана ушинтип таза эркектерден таза аялдарга жана таза аялдардан таза эркектерге өттү. Мухаммед алейхиссаламдын нуру да зерре менен бирге маңдайлардан маңдайларга өттү. Периштелер качан Адам алейхиссаламдын жүзүнө карашса маңдайында Мухаммед алейхиссаламдын нурун көрүшчү жана Ага истигфар айтышчу.

Адам алейхиссалам кайтыш болоор алдында уулу Шит алейхиссаламга айтты: "Балам! Маңдайыңда жаркырап турган бул нур - акыркы Пайгамбар Мухаммед алейхиссаламдын нуру. Бул нурду момун жана намыстуу, таза аялдарга тапшыр жана уулуңа да муну осуят кыл!” Мухаммед алейхиссаламга жетип келгенге чейин бардык аталар уулдарына ошол осуятты айтышты. Бардыгы бул осуятты орундашып, эң таза жана эң асыл кыздарга үйлөнүштү. Нур, аял-эркек, таза маңдайлардан өтүп өз ээсине жетип келди. Расулул- лах алейхиссаламдын ата-бабаларынын биринин эки уулу болсо же бир уруу экиге бөлүнсө пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын ыйык нуру эң абийирдүү, жана кайырлуу болгон тарапта болчу. Ар кылымда Анын чоң атасы болгон зат жүзүндөгү нурдан улам белгилүү болчу. Анын нуруна ээ болгон тандалган бир уруу болгондуктан, ар кылымда ошол уруудан болгон заттын жүзү өтө сулуу жана нурдуу болоор эле. Бул нур менен бир туугандарынын ичинен тандалчу жана ал ичинде болгон уруу башка урууларга караганда өтө жогору, өтө абийирдүү болчу.

Ал эми, пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам бир хадиси шарифинде мындай деп айтты: "Менин аталарыман эч бири зина кылган эмес. Аллаху таала мени таза, мыкты аталардан, таза энелерден дүйнөгө алып келди. Аталарыман биринин эки уулу болсо мен алардын эң жакшысында, эң кайырлуусунда болчумун.”

Адам алейхиссаламдан бери атадан балага өтүп келген бул нур Тарухка, андан уулу Ибрахим алейхиссаламга, анан уулу Исмаил алейхиссаламга өткөн. Анын да маңдайында күн сыяктуу жаркырап турган нур балдарынан Аднанга, андан Меадга, андан да Низарга өткөн. Низар туулганда атасы Меад уулунун маңдайындагы нурду көрүп кубанып, чоң той кылып: "Мындай уул үчүн бул сыяктуу той аздык кылат” дегендиги үчүн уулунун аты Низар, б.а., "аз бир нерсе” деген маанисинде калган. Андан кийин ал нур кезеги менен өтүп, чыныгы ээси болгон сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламга жеткен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш