Пайгамбарыбыз
хадиси шарифинде мындай дейт:
«Мен – Абдуллах, Абдулмутталиб,
Хашим (Амр), Абду Манаф (Мугира), Кусай (Зейд), Килаб, Мүрре, Кааб, Лүвей, Галиб,
Фихр, Малик, Надр, Кинане, Хузейма, Мудрика (Амир), Ильяс, Мудар, Низар, Меад,
Аднан уулу Мухаммедмин. Араларында мен болгон жамаат качан экиге бөлүнсө, Аллаху
таала мени сөзсүз алардын эң жакшысы болгон тарапта болтурган...”
Башка бир хадиси
шарифте: "Аллаху таала Ибрахим
уулдарынан Исмаилди тандады. Исмаил уулдарынан Кинана уулдарын тандады. Кинане
уулдарынан Курайшты тандады. Курайштан Хашим уулдарын тандады. Хашим уулдарынан
Абдулмутталиб уулдарын тандады. Абдулмутталиб уулдарынан да мени тандады”, -
деп айткан.