Пайгамбарыбыз
(саллаллаху алейхи ва саллам) Курайш уруусунун Хашим уулдарынан болот. Атасы - Абдуллах.
Анын атасы болсо - Шейбе. Пайгамбарыбыздын чоң атасы болгон Шейбе Мединада туулган.
Шейбе атасы Хашим кайтыш болгондо али кичине бала болчу. Бир күнү Мединада тай
акелеринин үйүнүн алдында достору менен ок атууну үйрөнүшүп жаткан болчу. Аларды
карап турган улуулар Шейбенин маңдайында жаркырап турган нурдан улам анын
кадырлуу бир кишинин уулу экенин болжоп, таң калышты. Ок атуу кезеги Шейбеге
келгенде жаасын тартып, бутага атты. Ок анык тийгенде ал толкунданып: "Мен
Хашимдин уулумун. Албетте, ок бутасын табат!” - деди. Анын бул сөздөрүнөн
Меккелик Хашимдин уулу экендигин түшүнүштү. Ал учурда Хашим көз жумган эле. Абду
Манаф уулдарынан бири Меккеге кайтып барганда Хашимдин бир тууганы Мутталибге:
"Мединадагы жээниң Шейбе өтө акылдуу бала. Маңдайында болсо бүт элди таң калтырган бир нур жаркырап турат. Мындай
кадырлуу бир баланы жаныңыздан айырууңуз туура болобу?” - деди. Ошентип,
Мутталиб дароо Мединага барды жана жээни Шейбени Меккеге алып келди. Меккенин
көчөлөрүндө: "Бул бала ким?” - деп сурагандарга: "Кулум”, - деп жооп берчү.
Ошондон кийин Шейбенин аты Мутталибдин кулу деген маанини билдирген
Абдулмутталиб болду.
Абдулмутталиб агасы
Мутталиб кайтыш болгонго чейин анын жанында калды. Абдулмутталибдин ыйык денеси
миск жыттанчу. Маңдайында Аллаху тааланын сүйүктүүсү Мухаммед алейхиссаламдын
нуру жаркырап, тегерегине береке-жакшылык чачып турчу. Качан Меккеде жамгыр жаабай,
каатчылык болсо Меккеликтер Абдулмутталибдин колуна жармашып, өзүн Себир
тоосуна алып барышып, дуба кылуусун суранып жалбарышчу. Ал болсо эч кимди таарынтпачу.
Аллаху таалага жамгыр берүүсүн суранып, дуба кылчу. Аллаху таала да Абдулмутталибдин
маңдайындагы жаркырап турган сүйүктүү Пайгамбарыбыздын нурунун берекеси үчүн
дубасын кабыл кылып, мол жамгыр жиберчү. Мына ошентип, Абдулмутталибдин күндөн
күнгө кадыры-баркы арта берди. Меккеликтер аны өздөрүнө башчы кылып тандашты.
Ага каршы чыккан болчу эмес жана ага багынгандар ырахат, тынчтык табышчу. Ал
доордун өкүмдарлары дагы Абдулмутталибдин кадыр-баркын, абийирин жана улуулугун
тастыкташчу. Жалгыз гана Иран кисрасы ага көралбастык кылып, ага ачык жана жашыруун
душмандык кылчу.
Абдулмутталиб Ханиф
динин карманчу, б.а., мусулман эле. Бул дин аталарынан Ибрахим алейхиссаламдын дини
болчу. Ошондуктан, эч качан бутка сыйынган эмес, жада калса, аларга жакын жолободу.
Каабанын айланасында Аллаху таалага дуба кылып, ибадат кылчу.
Бир күнү
түшүндө бир киши: "Эй, Абдулмутталиб! Тур, Таййибаны каз!” - деп көздөн кайып
болду. Эртеси күнү: "Тур, Беррени каз!” - деди. Үчүнчү күнү да ошол киши: "Тур,
Меднунени каз!” - деп буйрук берди. Ошол түштү кайра-кайра көрүп жаткан болчу. Төртүнчү
күнү болсо дагы ошол киши: "Эй, Абдулмутталиб! Тур, Замзам кудугун каз!” -
дегенде, Абдулмутталиб: "Замзам эмне? Кудук кайда?” - деп сурады. Ал зат болсо:
"Замзам ушундай бир суу, эч качан азайбайт жана түбүнө жетүүгө болбойт. Дүйнөнүн
төрт тарабынан келген ажыларга жетет. Жабраил алейхиссалам- дын канаты менен урган
жерден чыккан. Аллаху тааланын Исмаил алейхиссалам үчүн жараткан суусу. Суусагандарды кандырат. Ачкаларды тойгузат.
Ооруларга шифаа болот. Жерин сага билди- рейин. Курмандык чалганда калдыктарын
бир жерге төгүшөт. Сен ошол жерде болгондо кызыл тумшуктуу карга келет. Тумшугу
ме- нен жерди казат. Карганын казган жеринде кумурсканын уюгун да көрөсүң. Мына
ошол жер - Замзамдын орду”, - деди.
Абдулмутталиб эртең
менен жанына уулу Харисти алып, Каабага барды жана толкунданып күтө баштады.
Бир учурда түшүн- дө билдирилгендей кызыл тумшуктуу карга келип, ошол жердеги
бир чуңкурга конду жана тумшугу менен жерди чаба баштады. Астынан кумурсканын
уюгу чыкты. Абдулмутталиб менен уулу Харис дароо ошол жерди каза башташты. Бир
канча убакыт казгандан кийин кудуктун оозу көрүндү. Абдулмутталиб аны көргөндө:
"Аллаху акбар, Аллаху акбар!” - деп такбир келтире баштады.
Башынан бери
кудуктун казылуусуна көңүл салып байкап турган Курайштыктар ага кайрылышып:
"Эй, Абдулмутталиб! Бул - ата-бабаларыбыздан болгон Исмаилдин кудугу. Ага
биздин да акыбыз бар. Бизди бул ишке шерик кылууң керек!” - деп айтышты. Абдулмутталиб
болсо дароо каршы чыкты жана: "Жок! Бул иш жалгыз мага гана ихсан кылынган
милдет”, - деп жооп берди. Ал эми Курайштыктар: "Сен жалгызсын. Жалгыз уулуңдан башка эч кимиң жок. Минтип бизге каршы чыгууң да мүмкүн эмес!” - деп
айтышты. Ошол учурда ичи зыркырап, муңга батты. Себеби, өзүн эч кими жок деп
айыптап жатышкан болчу. Колдорун бийик көтөрүп: "Эй, Раббым! Мага он бала ихсан
кыла көр. Эгер бул дубамды кабыл кылсаң алардын бирин Каабада курмандыкка чалам!”
- деп жалбарды.
Абдулмутталиб казуу
ишин коркунучтуу абалга айланып жатканын, натыйжада айыгышкан күрөштөргө себеп
болушу мүмкүн экенин ойлоп калды. Аягында казууну токтотуп, келишим жолун тутту.
Маселенин бир калыс тарабынан чечилүүсүн каалады. Натыйжада Шамда отурган бир
көзү ачыктын буга бир чара таба тургандыгына чечим чыгарышты. Курайштын
мартабалуу кишилеринен турган бир топ менен жолго чыгышты. Жолдо суусуздуктан
жана ысыктан айласы кеткен кербен кыймылдай албай калды. Керек болсо бир тамчы сууга
жанын берүүгө даяр болуп калышты. Жалгыз калоолорунун ушул экенине карабастан
куйкалаган чөл- дүн ортосунда суу табуу мүмкүн эмес болчу.
Бардыгы үмүтүн
үзүп турган кезде Абдулмутталиб аларга: "Келгиле, келгиле! Чогулгула! Силерге
дагы, жаныбарларга да жете турган суу таптым!” - деп кыйкырды. Маңдайында
Мухаммед алейхиссаламдын ыйык нурун алып жүргөн Абдулмутталиб суу издеп
жүргөндө төөсүнүн буту чоң бир ташка тийип, таш ордунан жылганда түбүнөн суу
чыккан болчу. Бардыгы чуркап келишти, сууга канып, кайра тирилгендей болушту.
Абдулмутталибдин
бул улуулугун көрүп, уялып калган Курайштыктар: "Эй, Абдулмутталиб! Эми сага
айта турчу сөзүбүз калбады. Замзам кудугун казууга эң ылайык адам сенсиң. Бул маселеде
мындан кийин сени менен талашып-тартышпайбыз. Ортомчу калыска да барууга кажет
калбады, артка кайтабыз”, - деп, Меккеге карай жол тартышты. Абдулмутталиб маңдайында
жаркырап турган нурдун урматына Замзам кудугун казып, суусун чыгаруу аброюна ээ
болду.
Абдуллахты
курмандыкка чалуу талабы
Абдулмутталибдин
Замзам кудугун казгандан кийин атак-даңкы андан бетер көтөрүлдү. Арадан жылдар
өттү. Аллаху таала анын көңүлүнүн тереңдиктеринен кылган дубасын кабыл кылып, Абдулмутталибге
Харистен башка он уул жана алты кыз перзент ихсан кылды. Уулдарынын ысымдары: Кусам,
Абу Лахаб, Хажл, Мукаввим, Дырар, Зубейр, Абу Талиб, Абдуллах, Хамза жана Аббас.
Кыздары: Сафиййа, Атика, Умму Хаким Бейда, Берре, Умейме жана Эрва болчу. Абдулмутталиб
балдарынын арасында эң көп Абдуллахты жакшы көрчү. Себеби, маңдайындагы нур анда
жаркырай баштаган болчу.
Абдулмутталибге
бир күнү түшүндө: "Эй, Абдулмутталиб! Убадаңды орунда!” - деп айтылды. Эртең
менен Абдулмутталиб бир кочкорду курмандыкка чалды. Түндө түшүндө: "Андан да
чоңун курмандыкка чал!” - деген буйрук берилди. Эртең менен бир уйду
курмандыкка чалганына карабастан кайра түшүндө: "Андан да чоңун курмандыкка
чал!” - деген буйруктан кийин: "Андан да чоңу эмне?” - деп сурады. Жооп катары:
"Уулдарыңан бирин курмандыкка атаган элең. Убадаңды орунда!” - деп айтылды.
Эртеси күнү Абдулмутталиб
балдарын чогултуп, бир нече жылдар мурда кылган дубасын айтып берди. Анан, уулдарына
ичиңерден бириңерди курмандыкка чалуум зарыл деп айтты. Балдарынын арасынан ага
каршы чыккан болбоду. Тескерисинче алар: "Эй, ата! Убадаңызды орундаңыз!
Каалаганыңызды жасаңыз!” - деп макул болушту. Абдулмутталиб кура тартып,
курмандыкка чала турган уулун тактап алды. Кура баарынан көп сүйгөн уулу, маңдайында
Аллаху тааланын хабиби Мухаммед алейхиссаламдын нуру жар- кырап турган Абдуллахка
чыкты. Абдулмутталиб өзүн жоготуп койду жана көзү жашка толду. Аллаху таалага
берген сөзүн орундоосу керек эле. Бир колуна бычакты, бир колуна сүйгөн уулун кармап,
Раббине берген убадасын орундоо үчүн Каабага барды. Көзү жаш менен толгон ата Абдуллахты
курмандыкка чалууга даярдана баштады.
Ал арада
Курайштын алдыңкылары таң калып, болуп жаткан окуяга көз салып турушту. Абдуллахтын
таекеси: "Эй, Абдулмутталиб! Токто! Биз сенин бул уулуңду сойууңа эч макул эмеспиз.
Эгер мындай иш кыла турган болсоң мындан кийин Курайштыктардин арасында бул нерсе
адат болуп калат. Ар ким уулун курмандыкка атап союшат. Мындай нерсеге себепчи
болбо! Сен Раббиңди башка жол менен ыраазы кыл!” - деди. Анан: "Бир кахинден сурап
көр! Сага жол көрсөтсүн” – деп сунуш айтты.
Абдулмутталиб бул
сунуштан кийин Хайберде турган Кутба (же Сежак) аттуу кахинге барды жана абалды
түшүндүрүп берди. Ка- хин: "Силерде бир адамдын куну канча?” - деп сурады. "Он
төө”, - деп жооп алгандан кийин: "Он төө жана уулуңдун арасында кура тарт. Кура
уулуңа чыкса үстүнө он төө кошуп кайрадан кура ташта. Кура төөлөргө чыкканга чейин
санын ушинтип көбөйтө бер”, - деп сунуш кылды.
Абдулмутталиб дароо
Меккеге кайтты жана кахин айткандай кылды. Он төөдөн көбөйтүп, бир нече жолу кура тартты. Ар
тарткан сайын Абдуллахка чыкты. Төөнүн саны жүзгө жеткенде гана кура төөлөргө
чыкты. Этияттуу болсун деп, эки жолу таштап көрдү. Экөөндө тең төөлөргө чыкты. Абдулмутталиб:
"Аллаху ак- бар! Аллаху акбар!” - деп, такбирлер менен төөлөрдү курмандыкка
чалды. Эттерин өзү жана уулдарынан эч бири албады. Баарын жакырларга таратып берди.
Адем
алейхиссаламдан бери мындан башка Исмаил алейхис- саламдын курман кылынуу окуясы
бар. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын теги Исмаил алейхиссаламга таянгандыктан
"Мен эки курмандыктын уулумун”, - деп айткан.