Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Атасы Хазрети Абдуллах




Атасы Хазрети Абдуллах


Эки дүйнө мырзасы болгон Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис- саламдын нурун маңдайында алып жүргөн Абдуллах туулганда ахли китаб (христиандар, яхудилер) бири-бирине; "Акыр заман пайгамбарынын атасы Меккеде дүйнөгө келди”, - деп кабар беришти.

Исраил уулдарынын жандарында жүндөн өрүлгөн бир чапан бар эле. Бул чапан Яхйа алейхиссаламдыкы болуп, шейит болгон кезде үстүндө эле жана ыйык каны бул чапанга жуккан болчу. Китептеринде да: "Качан гана бул кан жаңы болуп, тама баштаганда акыр заман пайгамбарынын атасы дүйнөгө келет”, - деп жазылган болчу. Мына ошондуктан ахли китаб бул белгини көрүп, Абдуллахтын туулганын түшүнүштү. Бирок, көралбастык кылып канча жолу өлтүрүүгө аракет кылышкан болсо да Аллаху таала Абдуллахты маңдайындагы нурдун берекети менен коргоду.

Абдуллах балакат жашына жеткенде көркөм ахлагы, сулуулугу менен адамдардын арасында өрнөктүү киши болду. Алыстан жакындан бардыгы ага кыздарын берүү үчүн жарыша башташты. Канчалаган бийлөөчүлөр Абдулмутталибге келип, кыздарын уулуна алуусун сунуш кылышты жана бул үчүн ар нерсеге даяр экендиктерин билдиришти. Бирок, Абдулмутталиб ар бирине ылайыктуу тил менен жооп берип, артка кайтарчу.

Абдуллах он сегиз жашка толгондо сулуулугу элдердин арасында дастан болду. Маңдайындагы нур күн сыяктуу жаркырап, көргөн кыздардын кааласа да каалабаса да көңүлү ага бөлүнчү. Сулуулугу жана атагы Мысырга чейин жетип, эки жүзгө жакын кыз аны менен үйлөнүү үчүн Меккеге чейин келип, үйлөнүүнү сунуштаган болчу. Абдулмутталиб болсо уулуна заманынын эң асылзат, эң тарбиялуу, сулуу, Ибрахим алейхиссаламдан бери карманган Ханиф динине бекем момун бир кызды издеп жаткан эле.

Китептеринде билдирилген акыр заман Пайгамбарынын өз коомунан болбой тургандыгын түшүнгөн Исраил уулдары көралбастыктан улам Абдуллахты өлтүрүүгө ант беришти. Бул иш үчүн куралдуу жетимиш кишини Меккеге жиберишти. Бир мүмкүнчүлүк таап, ошол убакытты күтө башташты. Акыры Абдуллахтын тоо этектеп чыккан бир күнүндө эчким көрбөйт деп ойлошуп, кылычтарын чыгарып, ага чабуул жасашты. Ал күнү Аллахтын хикматы менен Абдуллахтын туугандарынан Вахб бин Абди Манаф да бир канча достору менен аңга чыгышкан болчу. Алар Абдуллахка кол салайын деп турган Исраил уулдарын көрүп калышты. Туугандык кайраты менен Абдуллахты куткаруу үчүн жардам берүүгө аттанышты. Бирок, тиги тараптагылар көпчүлүк эле. Бул кагылышта жеңилип калуулары белгилүү болчу. Акыры насаат жолун тандоону ылайык көрүштү. Аларга карай жакындашканда бул дүйнөдө эч кимге окшобогон, кара аттарга минген, колдорунда кылычы менен өтө көп кишилерди кайыптан чагылган сыяктуу жетип келишкендигин, такбирлер менен Исраил уулдарына чабуул жасашканын жана баарына кылыч уруп, көздөн кайым болгонун көрүштү. Вахб бул окуяны көрүп туруп абдан таңыркады, Абдуллахтын кандайча корголгондугун жана Аллаху тааланын алдындагы баркын түшүндү. Үйгө келгенде окуяны аялына айтып берди. Экөө тең кызынын теңи болгон жигиттин Абдуллах экенин кабылдап, Аминаны ага берүүгө чечим чыгарышты.

Абдулмутталиб да Бани Зухра уруусунун чоңу Вахбдын кызы Аминаны сулуулугун, ар –намысын жана динине бекемдиги тууралуу уккан болчу. Бир жактан тууган да болчу. Бир канча атада биригишчү. Уулу Абдуллахка бул кызды алуу үчүн Вахбдын үйүнө барды. Абдулмутталиб Вахбдын кызын уулу Абдуллахка сураганда, Вахб; "Эй, тууган! Биз бул сунушту сизден мурда алдык”, - деди жана мурда күбө болгон окуяны айтып берди. Анан мына ушуну да кошумчалады: "Аминанын апасы бир түш көрүптүр. Айтып бергенине караганда үйүбүзгө бир нур кириптир, жарыгы асман менен жерди каптаган экен. Мен дагы бүгүн түшүмдө атабыз Ибрахим алейхиссаламды көрдүм. Мага: "Абдулмутталибдин уулу Абдуллах менен кызың Аминанын никесин мен кыйдым. Сен дагы аны кабыл кыл!” - деди. Бүгүн таңдан бери бул түшүмдөн таасирленип жүрөм. Качан келишет болду экен деп тынчсызданып турдум эле.” Бул сөздөрдү угуп турган Абдулмутталибдин тилинен "Аллаху акбар! Аллаху акбар!” - деген сөздөр чыккан эле. Акыры уулу Абдуллахты Вахбдын кызы Амина менен үйлөндүрдү. Амина менен Абдуллахтын үйлөнүүсү тууралуу башка риваяттар да бар.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш