Пайгамбарыбыздын
(саллаллаху алейхи ва саллам) ыйык нуру энесине өткөн кезде айбанат-куштар бири-бирине: "Ааламдардын
Мырзасынын дүйнөгө келүүсү жакындады. Ал жер бетинин амини, мезгилдин күнү”,
- деп сүйүнүчтүү кабар беришти. Ал түнү Каабадагы бардык буттар бети менен жерге
жыгылды. Ал кездерде ыйык Мекке шаарында жут болгон эле. Көп жылдап жамгыр жаабай,
бактарда бир дагы жашыл жалбырак жок эле жана жер жемиштердин изи да жок эле.
Адамдар ушунчалык кыйналып, эмне кылаарын билбей калышкан болчу. Сүйүктүү
Пайгамбарыбыздын ыйык нуру Хазрети Абдуллахтан Хазрети Аминага өткөндөн кийин
ушунчалык мол жамгыр жаап, ушунчалык көп түшүм болгондуктан ошол жылды молчулук
жылы деп аташты.
Амина энебиз
боюнда болгон кезде күйөөсү Абдуллах соода үчүн Шамга кеткен болчу. Кайтып келе
жатканда ооруп калды. Мединага келгенде таекелери Нажжар уулдарынын жанында он
сегиз же жыйырма беш жаштагы кезинде көз жумду. Бул кабар Меккеде угулганда чоң
шаар кайгыга батты. Сахабалардан Абдуллах ибн-и Аббас (радыйаллаху анх) мындай
деп билдирген: "Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын атасы Абдуллах уулу дүйнөгө келе
электен мурда кайтыш болгондо периштелер: "Эй, Раббибиз, Расулуң жетим калды”,
- дешти. Аллаху таала: "Анын коргоочу
жана жардамчысы менмин”, - деп буюрду.”