Сүйүнчү кабарлар


Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын келе тургандыгы Адам алейхиссаламдан баштап бардык пайгамбарларга жана алардын үммөттөрүнө билдирилген болуп, дүйнөгө келе турган убакыты жакындаган сайын боло турган окуялар тууралуу сүйүнчү кабарлар берилген.

Муса алейхиссаламга келген, кийин өзгөртүлгөн Тооратта мындай деп жазылган: "Ал химматы бийик, жардамы көп ыйык зат. Жакырлардын сүйүктүүсү, байлардын табыбы. Ал сулуулардын сулуусу, тазалардын тазасы. Сүйлөшкөндө жумшак, бөлүштүргөндө адилеттүү, ар мамиледе чынчыл. Капырларга каршы катуу жана катаал. Улууларды урматтайт, кичүүлөргө мээримдүүлүк кылат. Азга шүгүр кылат. Туткундарга ырайым кылат. Дайыма жылуу жүздүү. Күлгөндө жылмайып, каткырып күлбөйт. Үмми, б.а., окууну, жазууну билбесе дагы Ага бардык нерсе билдирилген. Ал - Аллаху тааланын расулу. Жаман мүнөздүү, ташбоор эмес. Базарларда кыйкырып сүйлөбөйт. Анын үммөтү жакшы мүнөздүү. Алар бийик жерлерде Аллаху тааланын ысымын эстешет. Азанчылары мунараларда калкты намазга чакырышат. Даарат алып, намаз окушат. Намазда саптарды түздөшөт, бир катарда турушат. Түндөрү алардын тасбих айткан үндөрү бал аарысынын үнү сыяктуу угулат. Меккеде туулат. Мединадан Шамга чейин ар жер Анын башкаруусунда болот. Ысымы - Мухаммед, Ага мутаваккил деген ысым бердим. Бузулган диндерди жоюп, акыйкат динди жаймайынча Аны дүйнөдөн чыгарбаймын. Ал адамдарды Хакка чакырат, Анын берекеси менен сокур көздөр ачылат, көрөт, укпаган кулактар уга баштайт. Көңүлдөрдөн гафилдик кетет...”

Давуд алейхиссаламга келген, бирок, кийин бузулган Забурда: "Ал - өтө жоомарт адам. Эч качан ачууланбайт. Өтө жумшак.

Көркөм мүнөздүү,  таттуу сөздүү,  нур  жүздүү. Адамдардын табыбы. Көп ыйлап, аз күлөт. Аз уктап, көп ойлойт. Жаратылышы жагымдуу жана кооз. Сөздөрү көңүлдөрдү алат, рухтарды тартат... Эй, Хабибим! Химмат кылычын сыйырып, бардык кубатың менен каармандык майданында капырлардан өч аласың. Көркөм тил менен менин хамд жана санамды бардык жерге жайасың. Бардык капырлардын баштары сенин кереметтүү колдоруңдун астында ийилет...”, - деп жазылган.

Иса алейхиссаламга келген, бирок, кийин бузулган Инжил китебинде да:

"Ал көп жебейт, сараң эмес. Куулук кылбайт, эч кимди жаман- дабайт, эч качан шашпайт. Өзү үчүн өч албайт. Жалкоо эмес. Эч кимди ушактабайт...”, - деп билдирилүүдө.

Дагы Инжилде мындай жазылган:

"Раб тарабынан чыгып келе турган Ал Мунхаменна, Раб тарабынан чыгып келе турган Ал Руху’л-кудс келген болгондо Ал мага шахадат кылмак. Силер дагы шахадат кыласыңар. Себеби, көптөн бери мени менен биргесиңер. Мен буларды силерге шекке кабыл- багыла жана жаңылып калбагыла деп айтып жатам.” Бул жерде аталган Мунхаменна сөзү суряни тилинде Мухаммед дегенди билдирет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш