Жахилия доору


Пайгамбарыбыздын дүйнөгө келүүсүнөн мурда бүткүл аалам руханий жактан зулумдук, өтө коркунучтуу караңгылык ичинде эле. Адамдар абдан бузулган болчу. Аллаху таала жиберген диндер унутулган болуп, илахий өкүмдөрдүн ордун адамдар өздөрү ойлоп тапкан пикирлер, ойлор алган болчу. Бардык макулуктар адамдар- дын жырткычтыгынан жана зулумдугунан улам аябай жүдөгөн болчу.

Жер бетиндеги бардык элдерде Аллаху таала унутулган болуп, бейпилдиктин, бакыттуулуктун жана сүйүнүчтүн булагы болгон Тавхид ишеними жоюлган болчу. Куфур бороону көңүлдөрдөн ыйманды жулуп таштаган, көңүлдөрдө Аллаху таалага ишенүүнүн ордуна буттарга ишенүү пикири орношкон болчу.

Муcа алейхиссалам алып келген дин унутулган, Тоорат бузулган эле. Исраил уулдары бири-бирине каршы эле. Иса алейхиссалам алып келген христиандык да толугу менен бузулган болуп, дин менен эч кандай байланышы калбаган болчу. Таслис, б.а., үч кудай пикири кабыл кылынган болчу. Инжилдин түп нускасы жоголуп, поптор аны өздөрү каалагандай бурмалап салышкан болчу. Эки ки- теп тең Аллахтын сөзү болуудан чыккан болчу.

Мысырда бузулган Тоораттын өкүмү, Византияда болсо бурмаланган христиандык бар эле. Иранда отко сыйынышчу, отко сыйынуучулардын оту миң жылдан бери өчүрүлбөй жаткан эле. Кытайда конфуцийчилик, Индияда буддизм сыяктуу ойлоп табылган диндер өкүм сүрүп жаткан эле.

Арабстандын элдери андан бетер адашкан болчу. Алар Аллаху таала ыйык кылган Каабага 360 бутту жайгаштырышкан болчу. Ыйык Кааба болсо Аршта периштелер тарабынан зыярат кылынуучу Байт-и Ма’мурдун чоңдугундагы үлгүсү эле. Ким Каабага урматсыздык кылган болсо Аллаху таала аны кыска убакытта жазаландырган.

Журхум уруусу да зина менен фухушта чектен ашкан болчу. Бул уруунун өтө жаман жоруктарын көргөн бийлөөчүлөрү аларга: "Эй, Журхумилер! Аллаху тааланын Харем-и шарифин жана Харемди (Каабаны) сыйлап, өзүңөргө келгиле. Силерден мурда келген Худ, Салих жана Шуйбдын (алейхимуссалам) үммөттөрүнөн ар биринин башына келген жагдайларды жана алардын кандай куруганын билесиңер. Бири-бириңерди жакшылыкка чакыргыла, жамандыктардан тыйгыла. Убактылуу күчүңөргө ишенип, алданып калбагыла. Меккеде Хак тааладан баш тартуудан жана зулумдан сактангыла. Себеби, зулум адамдардын куруусуна себеп болот. Аллаху таалага ант берип айтамын, бул аймакта жашаган адамдар зулумдук кылып, Хак тааладан баш тартканда Аллаху таала алардын тегин курутуп, ордуна башка элдерди алып келген эмеспи? Туура жолдон тайып, Хак тааладан баш тарткан Меккенин эли үчүн бул жерде туруктуу жашап калуу жок. Силерден мурда бул аймакта жашаган, силерге караганда узак өмүрлүү, силерден күчтүү, силерден көп жана бай болгон Тасм, Жадис жана Амаликалыктардын башына келгендерди билесиңер. Алардын Харем-и шарифти көзгө илбегендиктери, Хактан баш тартып, зулумга берилгендиги, бул ыйык жерден чыгарылууларына себеп болду. Аллаху таала алардын айрымдарына кичинекей кумурскаларды жиберип, айрымдарын жут аркылуу, айрымдарын кылыч менен чыгаргандыгын көргөнсүңөр жана уккансыңар!” - деп, аларга насаат кылышты.

Бирок, алар насаатты уккан жок. Натыйжада Аллаху таала алар- ды да ушул азгырыктарынан улам жер менен бир кылды...

Мына ушундай бир заманда жер бетинин борбору болгон ыйык Меккеде куфур сел сыяктуу агып, Байтуллахтын ичи Лат, Узза, Менат сыяктуу жүздөгөн буттар менен толтурулган болчу. Зулумдук чектен ашып, ахлаксыздык аброй болуп эсептеле турган болду. Арабстан диний, руханий, коомдук жана саясий жактан караңгылыктын, жахилдиктин, кутургандык жана бузукулуктун ичинде эле. Жахилия доору деп аталган ал кезде адамдар жалпысынан көчмөн болуп жашашчу жана урууларга бөлүнгөн болчу. Токтоосуз бири-бири менен согушуп жүргөн араб уруулары каракчылык жана талап-тоноону өздөрү үчүн күндөлүк тиричилик куралы деп эсептешчү. Зулум менен каракчылык жайылган Арабстанда саясий, коомдук тартип дагы жок болчу. Айрыкча ичкилик, кумар, зина, уурулук, зулумдук, жалган жана ахлаксыздыкка байланыштуу эмне бар болсо туш тарапка жайылган эле. Күчтүүлөр алсыздарга каршы аёосуз түрдө зулумдук кылып, аялдар колдон колго мал-оокат сыяктуу аланып-сатылчу. Айрымдары кыздуу болууну жамандык, жүзүкаралык деп эсептешчү. Бул зулумдуктары ушунчалык чектен ашкан эле, чуңкур казып, кыздарын "Атаке, атаке!” деп кыйкырып, моюндарына жабышып жалынууларына, көз жаштарына карабастан, тирүүлөй көмүп салышчу. Бул кылган иштеринен улам көңүлдөрү кымындай болсо да сыздачу эмес. Жада калса, бул иштерин эрдик деп эсептешчү. Натыйжада ал замандын адамдарынын арасында мээрим, жакшылык жана адилет- түүлүк сыяктуу жакшы мүнөздөр жок болгон сыяктуу эле.

Бирок, ал доордо Араб элдеринин арасында көңүл бурууга тете бир жагдай бар эле. Ал - адабият жана чечендиктин аброю артып, өтө жогору даражага чыгуусу эле. Акындарга жана ырларга чоң маани берип, муну сыймыктанууга себеп кылышчу. Күчтүү бир акын өзү үчүн жана уруусу үчүн дагы чоң аброй деп эсептелчү. Белгилүү убакыттарда жармаңкелер уюштурулуп, ыр менен чечендикте жарыштар өткөрүлчү. Биринчиликти жеңип алгандардын ырлары жана чечен сөздөрү Каабанын дубалына илинип коюлчу. Жахилия доорунда Каабанын дубалына илинген эң белгилүү жети ыр "ал-Муаллакату’с-Саб’а” деп аталчу.

Ал замандарда Арабстанда элдер ишеним жагынан да бир канча топторго бөлүнгөн болчу. Бир бөлүгү такыр ишенимсиз болуп, дүйнө жашоосунан башка бир нерсени моюндашчу эмес. Бир бөлүгү болсо Аллаху таалага жана акырет күнүнө ишенгендиктери менен адамдардан бир Пайгамбардын келе тургандыгына ишенишчү эмес. Дагы бир бөлүгү болсо Аллаху талага ишенсе да акыретке ишенишчү эмес. Башка чоң бөлүгү да Аллаху таалага ширк кошуп, буттарга сыйынышчу. Мушриктердин ар биринин үйүндө бир бут турчу.

Анын сыртында Хазрети Ибрахим билдирген динди карманган жана "Ханифтер” деп аталган адамдар да болгон. Алар Аллаху таалага ишенишчү жана буттардан узак болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын атасы Абдуллах, чоң атасы Абдулмутталиб, энеси жана айрым кишилер ушул динде болчу.

Ханифтерден башка бардык топтор бузуку жолдо болуп, чоң зулумдук менен караңгылыктын ичинде эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш