Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Пайгамбарыбыздын дүнүйөгө келүүсү




Пайгамбарыбыздын дүнүйөгө келүүсү


Дүнүйөнү караңгылык басып, зулумдук каптап турган бул доордо адамдар бардык нерсенин жаратуучусу болгон Аллаху Таалага ыйман жана ибадат кылууну ташташкан эле. Жаратылыш кубулуштарын жана өз колдору менен таштан, жыгачтан жасап алган буттарды «кудай» деп таанып, ошолорго сыйынышчу.

Аалам түнөрүп, көңүлдөр муңайып, жүздөр күлүүнү унутушкан эле. Аллаху таала башка макулуктардан жогору кылып жараткан адамдардын Тозоктон кутулууларына себеп боло турчу бир каарман зат керек эле. Анын дүнүйөгө келүүсүнө өтө аз мезгил калган эле. Аалам Адам алейхиссаламдан азыркы күнгө чейин таза маңдайлардан таза маңдайларга өтүп келген нурдун ээсин тосууга даярданып жаткан эле. Адамдарга жана жиндерге түбөлүк бакыттын жолун көрсөтө турган теңдеши жок Инсан келе жаткан!.. Шапаат жана мээрим булагы, Раббисинин ахлагы менен ахлактанган улуу инсан келе жаткан!..

Макам-ы Махмуддун ээси, шапаатчылардын баш таажысы келе жаткан!.. Ааламдын устазы, барлыктардын өзү, адамдардын мырзасы келе жаткан!.. Махшар күнү жардамга келүүчү, пайгамбарлардын султаны келе жаткан! Аллаху тааланын хабиби, сүйүктүүсү, урматы үчүн жаратылган ааламдарга рахмат болгон сүйүктүү Пайгамбарыбыз келе жаткан! (Саллаллаху алейхи ва саллам)

Жети кабат жер, жети кабат асман, кыскасы, бардык аалам сүйүнүч ичинде Сеййидул-Мурсалиин, Хатамул-Энбия, Хабиб-и Худа болгон улуу мырзаны күтүп жаткан. Бардык макулуктар өз тилинде: "Кош келдиң, йа Расулаллах!” деш үчүн даярданган. Хижраттан 53 жыл мурда, пил окуясынан эки айдан кийин, Рабиул-аввал айынын он экинчи, Дүйшөмбү күнү таңга жуук Меккенин Хашим уулдары махалласында, Сафа дөбөсүнө жакын жерде бүткүл аалам чыдамсыздык менен күтүп жаткан Аллаху тааланын нуру Мухаммед Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) жарык дүйнөгө келди. Анын төрөлүүсү менен аалам жаңы жашоо тапты. Караңгылыктар дароо «Нур» менен жаркырады.

«Медарижун-нубувва» деген китепте минтип айтылат: «Эң улуу урматка ээ болгон бактылуу эне Хазрети Амина кош бойлуу кезин мындайча баяндайт: «Ал сарвар боюмда бар кезде эч кыйналбадым. Кош бойлуу экендигимди сезчү эмесмин. Алты айдан кийин гана бир күнү уйку-соонун ортосунда турганымда мага бирөө келип:

Сенин боюңдагы бала ким, билесиңби? – деп сурады.

Жок, билбеймин, – деп жооп берсем, ал:

- Андай болсо билип ал! Пайгамбарлардын акыркысы боюңа бүттү! – деген кабарды берди. Төрөт маалы жакын калган кезде баягы зат кайрадан келип мындай деди: «Эй, Амина! Бала төрөлгөндө атын Мухаммед деп кой! Башка бир риваятта: «Эй, Амина! Бала төрөлгөндө атын «Ахмед» деп кой», – делген.

Хазрети Амина энебиз төрөт убагын мындайча баяндайт: «Толгоо учурунда абдан сүрдүү үн уктум. Корко баштадым. Ошол учурда ак куш көрдүм. Ал мага жакын келип, канаты менен сылады. Ошондо менде коркуу сезими калган жок. Бирок, аябай суусап, кудум ысыкта күйүп жаткандай болуп жаттым. Жанымда сүттөй ак, бир кесе толо шербет туруптур. Аны «ичкин» деп мага сунушту. Алып ичтим, балдан таттуу, муздак эле. Ичкенден кийин суусунум канган эле. Кийин чоң нур көрдүм, үйүм ушунчалык нурдангандыктан андан башка эч нерсени көралган жокмун.

Ошол учурда мени тегеректеп кызмат кылып жаткан көптөгөн аялдарды көрдүм. Бойлору узун, жүздөрү күн сыяктуу жаркылдап турду. Булар Абду Манаф уруусунун кыздарына окшоп жатты. Булардын күтпөгөн жерден дароо пайда болууларына таңыркап жаттым. Арасынан бири: «Мен Фараондун аялы Асиямын! Башка бири: «Мен болсо Мариям бинт-и Имранмын. Булар болсо Жаннат хурилери», - деди.

Ошол эле учурда көктөн жерге карай суналып турган узун ак жибек кездеме көрдүм. «Аны адамдардын көзүнөн жашыргыла», - дешти. Ошол маалда бир бөлүк куштар пайда болду. Ооздору зумруддан, канаттары жакуттан эле. Коркконумдан тердей баштадым. Жерге тама баштаган тер тамчыларынан миск жыт айланага тарай баштады. Ошол кезде көз алдыман парданы ачышты. Бүткүл жер жүзүн чыгыштан батышка чейин көрдүм. Айланамда периштелер курчашкан эле.

Мухаммед алейхиссалам төрөлөр замат ыйык башын саждага койду, шахадат сөөмөйүн көтөрдү. Асмандан аны калкалаган ак булут түштү. Бир үн уктум: «Аны батыштан чыгышка чейин бардык жерди кездиргиле! Бүткүл аалам аны заты менен да, ысым-сыпаты менен да көрүшсүн. Анын ысымы Махи болгондугун, б.а., Аллаху таала Аны менен ширктин бардык түрүн өчүрүп жок кыла тургандыгын билишсин», - деп жатты. Ал булут дагы көздөн кайым болду жана Мухаммедди (саллаллаху алейхи ва саллам) ак жүндүү кездеме ичинде оролуу абалда көрдүм. Ошол учурда жүздөрү күн сыяктуу нур чачкан үч киши келди. Биринин колунда күмүш кумган, экинчисинин колунда зумруддан илеген, бирөөнүн колунда болсо жибек бар эле. Кумгандан миск тамчылап жаткандай болду. Мубарек уулумду илегендин ичине салып, мубарек башы менен буттарын жууп, жибекке орошту. Кийин мубарек башына жыпар жыт сүрүштү, мубарек көздөрүнө сурма тартып көздөн кайым болушту».

Мухаммед алейхиссалам төрөлгөн кезде Хазрети Амина энебиздин жанында Абдуррахман бин Авфтын энеси Шифа Хатун, Осман бин Абул-Астын энеси Фатыма Хатун жана Пайгамбарыбыздын эжеси Сафия бар эле. Алар да өздөрү көргөн нурду жана башка окуяларды дагы айтып кетишкен.

Шифа Хатун мындай дейт:

«Мен ал түнү жардамдашайын деп Аминанын жанында жүргөм. Мухаммед алейхиссалам төрөлөр замат дуба жана нияз кылгандыгын уктум. Кайыптан: «Йархамука Раббука» деп айтылды. Кийин чыгыш менен батыш даана көрүнө тургандай нур пайда болду...»

Мындан башка бир канча окуяларга күбө болгон Шифа Хатун:

«Качан Ага Пайгамбарлыгы билдирилгенде эч тайсалдабастан дароо ыйман келтиргендердин бири мен болдум», – деген.

Сафиййа Хатун дагы мындай деген:

«Мухаммед алейхиссалам төрөлгөн кезде ар тарапты бир нур каптады. Төрөлөр замат сажда кылды, мубарек башын көтөрүп ачык-айкын тил менен «Лаа илаха иллаллах, инни расулуллах», - деди. Аны жуунтайын дегенимде «Биз аны жуунган абалда жибердик» деген үн угулду. Киндиги кесилген, сүннөт кылынган абалда эле. Төрөлөр замат сажда кылды. Ошол маалда акырын добуш менен бир нерселерди сүйлөп жаткан эле, кулагымды мубарек оозуна жакындатканымда «Уммати», «Уммати! (Үммөтүм, үммөтүм)» деп жаткан экен». Сүйүктүү Пайгамбарыбыз төрөлгөн кезде чоң атасы Абдулмутталиб Каабанын жанында Аллаху таалага жалбарып дуба кылып жаткан эле. Ошол учурда ага неберелүү болгондугун сүйүнчүлөшөт. Мухаммед алейхиссалам төрөлгөн күнү бир нече окуяларды көргөн Абдулмутталиб кубанычы койнуна батпай: «Бул уулумдун мартабасы улук, кадыры жогору болот», - деди.

Абдулмутталиб Мухаммед алейхиссаламдын төрөлгөнүнө жети күн болгондо Меккеликтерге үч күн той берет. Ошону менен катар шаардын ар бир махалласына төө сойдуртуп адамдарга дагы, айбанаттарга дагы сунду. Той маалында «Атын ким койдуңар» дегендерге кубануу менен «МУХАММЕД» (саллаллаху алейхи ва саллам) ысымын койдум деди. «Эмне үчүн ата- бабаларынын ысымдарынан койгон жоксуңар?» деп сурагандарга болсо: «Аллаху тааланын жана адамдардын аны мактап-даңазалоосун каалагандыгым үчүн», - деп жооп берди.

Башка бир риваятта «Мухаммед» ысымын Амина Хатун койгондугу айтылат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш