Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Туулган түнү болгон окуялар




Туулган түнү болгон окуялар


Расулуллах алейхиссалам дүйнөгө келүүсүнүн алдында жана туулганда Анын келе тургандыгын сүйүнчүлөгөн бир катар оку- ялар орун алган. Ошол кездин таанымал инсандары Пайгамбары- быз дүйнөгө келүүдөн мурда таң калаарлык түштөрдү көрүшкөн. Түштөрүн түш жоругучтар менен ошол кездин атактуу аалымдарына жорутканда алар бул түштөрдү Мухаммед алейхиссаламдын келе тургандыгына жорушкан. Пайгамбарыбыздын чоң атасы Абдулмутталиб мындай деди: "Бир жолу уктап жатып түшүмөн чочуп ойгонуп кеттим. Дароо эле бир түш жоругучка барып, жорутайын деп ойлодум. Ага барганымда жүзүмдү карап: "Эй, Курайштын башчысы! Сага эмне болду? Жүзүңөн башка нерсе көрүнүп турат. Же бир нерсе болдубу?” - деп сурады. "Ооба, түш көрдүм, муну эч кимге айта элекмин”, - деп ага айтып бердим: "Бүгүн түшүмдө өтө чоң дарак көрдүм. Бир учу асманга жетип турат, бутактары чыгыш менен батышка жайылып турат. Ал дарактан чачыраган нурдан күн анын жанында жөнөкөй нерсе болуп калат. Бир көрүнүп, бир көрүнбөй калат. Адамдар ага бет бурган эле. Барган сайын нуру арта түштү. Курайыш уруусунун айрым адамдары ошол дарактын бутактарына жармашууда, айрымдары болсо даракты кесүүгө аракет кылып жатышкан эле. Бир жаш адам ал даракты кескиси кел- гендерге тоскоол болду. Ал адамдын жүзү өтө сулуу, бүт денесинен жагымдуу жыт тарап турчу. Андай адамды мен өмүрүмдө көргөн эмесмин. Мен дагы жанагы дарактын бир бутагынан кармагым келди, бирок, колум жетпеди”, - дедим. Түшүмдү айтып бүткөндөн кийин анын өңү бозоруп: "Ал сага буюрбайт”, - деди, мен: "Кимге буюрат?” - деп сураганымда: "Ошол дарактын бутагынан кармагандарга”, - деп жооп берди. Анан: "Сенин тегиңен бир пайгамбар келет, бардык жерге үстөмдүк орнотот, адамдар Анын динине кирет”, - деди. Анан жанымда турган уулум Абу Талипти карап: "Бул анын агасы болуп калаар”, - деп айтты. Абу Талип бул окуяны пайгамбарыбызга пайгамбардыгы билдирилгенде айтып берген болчу жана "Мына ошол дарак – Абул Касым Ал-Эмин Мухаммед алейхиссалам” деген.

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам дүйнөгө келген түнү бир жылдыз чыкты. Муну көргөн яхуди аалымдары Мухаммед алейхиссаламдын туулганын түшүнүштү. Сахаба Хассан бин Сабит (радыйаллаху анх) айтат: " Мен сегиз жашта болчумун. Бир күнү эртең менен бир яхуди: "Эй, яхудилер!” - деп кыйкырып, жү- гүрүп жүрдү. Яхудилер: "Эмне болду, эмне кыйкырасың?” - деп анын жанына жыйналганда ал: "Кабарыңар болсун! Ахмеддин жылдызы ушул түнү чыкты. Ахмед ушул түнү дүйнөгө келди”, - деп жооп берди”.

Расулуллах туулган түндө Каабадагы буттардын бардыгы бети менен жерге жыгылды. Урватуб-нуз Зубейр риваят кылат: "Курайштан бир жамааттын бир буту бар болчу. Алар аны жылда бир жолу таваф кылып, төө союп, шарап ичишчү. Дагы ошондой бир күнү буттун жанына барган кезде анын жерде кулап жатканын көрүшөт. Аны тургузса, ал кайрадан кулайт. Бул жагдай үч жолу кайталанат. Анан анын бүт жерине тирек коюп, сүйөп коюшканда бир үн угу- лат: "Бир адам туулду, жер бетинде бардык нерсе кыймылга келди. Канча бут болсо бардыгы кулады. Падышалар коркунучтан тити- реди”. Бул окуя дал Мухаммед алейхиссаламдын туулган түнүнө туш келет.

Медаин шаарындагы Иран кисрасынын сарайынын он төрт му- нарасы жыгылды. Ошол түнү күрүлдөгөн добуштан чочуп ойгон- гон кисра менен эли көргөн коркунучтуу түштөрүн жорутканда мунун чоң бир нерсенин белгиси экенин түшүнүштү.

Ошондой эле, ал түнү мажусилердин (отко сыйынгандардын) миң жылдан бери жанып турган чоң оттору өчүп калды. Алар от- тун өчкөн күнүн белгилеп коюшту. Ал кисранын сарайынын мунараларынын жыгылган күнүнө туура келет.

Ошол кезде ыйык деп саналган Саве көлүнүн суусу да ошол түнү бир заматта тартылып соолуп калган.

Шам жакта миң жылдан бери суусу акпай турган жана кургап калган Самава дарыясы ошол түнү толуп ага баштады.

Мухаммед алейхиссалам туулган түндөн баштап шайтан менен жиндер эми Курайш төлгөчүлөрүнө окуяларды кабарлай албай турган болушту, төлгөчүлүк токтоду.

Пайгамбарыбыз дүйнөгө келген түнү жана андан кийинки күндөрдө ааламда ошол күнгө чейин болбогон окуялар орун алды. Алардын бардыгы соңку пайгамбар Мухаммед алейхиссаламдын туулгандыгынын белгилери болчу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш